п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Обон" шоу-таймс

Нурзат эми ырдап чыгат
Мына сага! "Манастан Чубак кем бекен!"дегендей, "жайнаган ырчылардан эмнем кем?" деген теле алпаруучу Нурзат Токтосунова Жеңишбек Шамшиевдин сөзү, обонуна жазылган "Угузчу бир сөз" аттуу ырдын жаңы вариантын кубулжута ырдап чыгат. Болгондо да жакында боло турчу концерттердин биринде. Ага чейин Нурзаттын үнүн радио толкундарынан уга алат экенбиз.


Добрду итке теңештиби?
Акыркы убактарда репер ырчы Добрду туурап ырдаган жаш балдардын саны көбөйгөн. Анан да Добрдун атынан иттерине ат коё башташыптыр. Өткөн жумада реперге бейтааныш бирөөлөр "Менин алты жаштагы балам бар. Ал сенин ырларыңды дал өзүңдөй кылып туурап ырдайт. Жакында эле үйгө бакканга ит алып келсек, атын Добр деп коюп алыптыр. Кой десек болбой ыйлайт. Адамдын атын итке коюп алды деп, таарынба. Биз сенин талантыңды баалайбыз" деген катты берип кеткен. "Ырчылардын аттарын эми иттерге коё баштаган күйөрмандар алардын талантын баалагандарыбы, же итке теңей баштагандарыбы?" деген суроолор туулбай койбойт экен.


Бата алам деп баткакта калган Назира
Анча-мынча жаш ырчыларды артка таштап, бийик үнү менен созолонто ырдаган Назира Токонова өзгөчө окуяга туш болду. Репертуарын жаңылап алган ырчы кичи мекени Суусамыр өрөөнүнө концерт коюп бата алам деп, баткакта калган тура. Клубду тегерете каптаган Назиранын күйөрмандары анын келишинен үмүт үзүшкөн эмес. 18-сентябрда кечки саат алтыда боло турган концерт жолдо баратып бузулган машинанын айынан түнкү саат 11де башталып, 3кө чейин созулган. "Эми эл мени кандай кабыл алышат?" деген ырчыны күйөрмандары кыйкырык-сүрөөн, шаңдуу маанай менен тосуп алышкан.


Бегимай кыздарды күйөөгө сатып...
Күркүрөгөн күздө концерт койгон ырчылардын арасында Бегимай Эсенгулова да болду. Нарын шаарына койгон концертинин акыркы күнү залда олтурган көрүүчү кыздардын бирин топтошкон балдар чыркыраткан бойдон ала качып кетишкен. Мындай көрүнүш Бегимайдын концертинде экинчи жолу кайталанып жаткандыктан, "үчүнчүсүндө ырчынын өзүн алып качышпаса болду" деп продюсери тынчсызданса, "Бегимайдын концерти болбосо ала качмак эмес деп, мени күнөөлөшпөй, бактылуу жашап кетишсе экен"деп ырчы алигече өзүн ыңгайсыз сезип турган кези.


Ассоль эми радиодо
Белгилүү теледива Ассоль Молдокматова өзүн кайсы гана тармакта сынаган жок: кинодо, теледе, мода дүйнөсүндө… Эми "Хит FM" радиосунда өзүнүн күн сайын эфирге чыгуучу жаңы радиодолбоорун ачып жатат. Шоу-бизнес багытындагы бул берүүдөн радио угармандар ата-мекендик гана эмес, Россиянын жана Европанын эстрада, кино, искусство жылдыздарынын жапжаңы жаңылыктарын угуп тура алышат.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??