Сырмаек

Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"
Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунан чыккан ай-чырайлуу Айжамал Кабылованы күйөрмандары сагынып, сахнага чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жүрүшөөрү анык. Ырчы айымдын ар бир сөзүндө жерине, элине болгон кусалыгы байкалып турду. Ушул убакытта мекенинен алыс жүргөн күндөрүн кенен баяндап берди


- Күйөрмандарды сагындырып эки жыл эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
- Мурда турмушка чыга электе "балалуу болгондо аны эч кимге бербейм, өзүм багып тарбиялайм" дечүмүн да. Ошол тилегим орундалып кызым бир жаш, бир айга чыкканча үйдө отурдум. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу Москвада жашап жатканымды көпчүлүк эле билсе керек. Май айында жакында боло турган концертке даярданайын деп кызым менен келген болчумун. Ошондон бери кайындарым менен чогуу Оштомун.
- Жолдошуңуз Москвада калдыбы?
- Азамат өзү башынан чет мамлекеттерде билим алып, ошол жактарда көп жүрүп калгангабы, чет жактарда иштегенге көбүрөөк кызыгат. Кыргызстанга келели десем азыр эмнегедир көңүлдөнбөй жатат. Жаңы үйлөнгөндө Түркияга барып жашайбыз дегенинен мен көнбөй койгом. А Москвага жашоого макул болдум, себеби, мага Москва Түркияга караганда алда канча жакын сезилген. Азамат август айында эс алууга чыгып, Ошто жүрүп кетти.
- Концертиңерге да катышпайбы?
- Жок, тилекке каршы келе албайт. Өзү жакында эле кетсе... Телефондон эле сүйлөшүп чыгармачылыгымдагы акыркы жаңылыктардан кабардар болуп жатат. Бир күндө эки жолу чалып "даярдыктар кандай?" деп сурап турат. Жаңы ыр жаздырсам, "ырдап бер" дейт. Айтор, чыгармачылыгыма кайдыгер карабайт. Башында сүйлөшүп жүргөндө "Мен ырсыз жашай албайм. Менин жан дүйнөм - ыр, ушундай жолду тандагам. Турмушка чыккандан кийин да ырдашым керек. Ырдатасыңбы?" десем "ооба" деп да, "жок" деп да айтпай "убакыт көргөзөт" деп кутулчу. Ушундан улам "кийин ырдатпай коёбу?" деп чындап коркуп жүрдүм. Үйлөнөөрдө да туугандарынын арасынан "Эмнеге ырчыны алып жатасыңар?" дегендер болгон экен. Кудайга шүгүр, азыр баары жайында. Жолдошум ырдаганыма каршы эмес.
- Кайын-журтуңузчу?
- Мен буга чейин "чыгармачылыгымды түшүнгөн, колдогон кайын-журтума ыраазымын" деп айтып келгем. Кайненем заманбап, түшүнүктүү адам. Жогоруда айтпадымбы, Азаматтын ырчыга үйлөнгөнүнө каршы болгон туугандар чыкканда кайын энем: "эмне, ырчы адам эмес бекен? Мен уулдарым жактырган кыздарды гана алып берем" деген экен. Азыр да жолго чыгып жатсам кайнене-кайнатам "концертиңди жакшы өткөрүп ал, кызыңа сарсанаа болбо" дешип батасын берип узатышты.
- Кызыңызды кайненеңизге калтырдыңызбы?
- Жок, кайненем мугалим болуп иштегендиктен, кечке чейин караганга мүмкүнчүлүгү жок. Ошон үчүн өз апама таштап келдим. Алтынчы, дем алыш күндөрү кайненем алып кетип турат. Баласаак жаным кызымды сагынып бир аз жаман болуп турам. Бул жакка келээриме бир-эки жума калганда өзүмөн бир аз да болсо алыстатайын деп аны туугандарыма таштап көндүрүп жаттым.
- Кызыңыздын кылык-жорук-тарынан айтып берсеңиз?
- Жыпаранын күндөн-күнгө эле укмуштай кылык-жоруктары чыгып бара жатат. Боюмда жети ай болгонго чейин сахнада ырдап жүрдүм да, ошондонбу, кызым аябай музыкага жакын. Кино көрүп жатканда жакшы музыкалар чыгып калса уктап жаткан жеринен көзүн ачып тыңшайт. Тээ бөлмөнүн бир башында жүрсө да өзүнө жаккан музыка болуп калса, телевизордун маңдайына чалынып-чулунуп жетип келет. Анан туруп алып жамбаштарын кыймылдатып бийлейт. Ушундан улам кызым ырчы болот го, деп ойлойм. Бирок Азамат "ырчы кылбайм" деп жүрөт. Атасы кызынын муз үстүндө бийлеген фигуристка болушун каалайт. "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дегендей, кызыбыз ырчы болобу, же фигуристка болобу аны убакыт көргөзөт го. Эң негизгиси- аман-эсен чоңойсунчу.
- Кимиңиздерге жакын?
- Керээлди кечке мени менен болгон үчүнбү, мага жакын. Өткөндө атасы келгенде бир аз чочуркаганы менен баары бир атанын жыты бар да, тез эле үйүр алышып кетти. Бирибизден-бирибиз өтүп баласаакпыз. Азамат Москвада жүрсө да телефондон кайра-кайра чалып "кызыбыз кандай, эмне ичип-жеп жатат, кандай кылыктары чыкты? Сөзсүз видеого, сүрөткө тартып кой" дейт. Мен болсо "менин сага окшоп видеого тартып отурганга убактым жок" дейм. Ошондо деле моюн бербей " Бүгүнкү кылыктары эртең чыкпайт. Бүгүн көргөзгөн өнөрлөрүн эртең көргөзбөйт. Сөзсүз тарт!" деп мени менен кадимкидей урушат. Эми "кызыбызды Ошко таштап келдим" десем, "бат-баттан чалып кабар алып тур" деп сарсанаа болуп жатат.
- Үйдө отуруп тажаган күндөр болдубу?
- Бала менен эч нерсе билинбей калат экен. Өзүң да бала кыял болуп калат экенсиң. Башында чындап эле чочулаган болчумун "ата-энемен, туулган жерден алыс жүрүп кантип баламды чоңойтом" деп. Мен төрөгөндөн корккон жокмун, төрөгөндөн кийин кантип багам деп коркком. Азамат аял затына керектүү китептерди алып келип берип, өзүм да интернеттен, гезит-журналдардан пайдалуу кеңештерди окуп практика жүзүндө колдонуп жаттым. Ошол да бир топ жардам берет экен. Жолдошум да бала ыйласа, менден биринчи тура калып колуна алып карап жатты. Айтор, зээриккен жокмун. Тескерисинче, Жыпара менен алышып жатып кантип кеч киргенин да байкабай калып жаттым.
- Күйөрмандарыңызга кандай мамиле жасайт?
- Менин талантымды баалаган күйөрмандарым көп. Жөн гана ырдаганымды жактырышат. Жолдошум алардан мени кызганат. Азыр деле дарты ичинде болуп отурса керек. Бирок ал кызганганын билдирбегенге аракет жасайт, айтпайт дагы. Мен болсо анын жүзү өзгөрүлө түшкөндө эле дароо байкайм. Бир кашы өйдө бир кашы ылдый болуп, көздөрү башкача боло түшөт. Түшүнгөнгө жакшы эле аракет кылат, бирок баары бир сахнага күйөрманым гүл алып келе жатса, ар кандай сөздөрдү сүйлөп жатса кызганып жатканын дароо сезем.
- Чоң сахнаны сагындыңызбы?
- Азыр эсептесем акыркы жолу чоң сахнага отуз жылдык концертте чыгыптырмын. Ошондон бери канча убакыт өттү, сахнаны аябай сагындым. Байланган итти коё бергенде ээлигип кетет го, мен да сахнаны ошондой болуп эңсеп турам. Албетте, бир аз толкундоолор да бар.
- Элдин арасында "Канат Култаев Айжамал Кабылованы сүйөт" деген сөздөр тарап жүрөт. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Иий аны билбейм...Мен Канат байкени сыйлайм. "Айта бар арманымды" деген ырыма клипти Канат байке тарткан. Балким, ошондон кийин жактырып калган чыгаар...Мен ошондой сөздөрдү уксам дагы баары бир "Канат байке, мен сизди байке катары, чыгармачылык жактан аябай сыйлайм" деп айтчумун.
- Сүйүүсүн билдирди беле?
- Эми билдиргенде кандай...Канат байке өзү көп деле сүйлөбөйт да. Көбүнчө Кенже эже менен сырдашат. Мени көргөндө качып кетет.

Анара Дүйшөналиева