п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  обон-тамаша

Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
Ырчы менен күйөрман бири-бирине тыгыз байланышкан түшүнүктөр эмеспи. Элге кайсы ырчынын төбөсү көрүнсө, ошол ырчынын күйөрмандары күн сайын, саат сайын көбөйөөрү талашсыз. "Күйөрмандарымды сыйлайм, алардын арты менен ырчы болуп келе жатам. Кумирлер бар, мен бар" деп көп ырчылар төшүн кагып чыныгы жүзүн жашырып келишет. Бүгүн биз аларга гезиттен эмес, жөн гана катардагы күйөрманы катары байланышка чыгып, кайсы ырчы күйөрманын канчалык деңгээлде сыйлаарын текшердик.


Замир Арыкбаев:
"Мага деген
белегиңизди бирөөгө
берип коюңуз"
- Алло, Замир байке?
- Оу, ким бул?
- Мен сиздин күйөрманыңыз болом, атым Айгүл. Сизге атайын даярдап койгон белегим бар эле, жолугуп берсем болобу?
- Жолугушканга баралбайм го...
- Эмнеге?
- Зачем жолугуп?!
- Мен сиздин номериңизди араң тапсам, атайын белек камдап койсом эмнеге келе албайсыз?
- Жо-ок, рахмат, чоң рахмат!
- Атайын кастарлап белек жасасам, аны албай койсоңуз күйөрмандарды сыйлабагандыкпы бул?
- Сиздин ушинтип чалып, жакшы каалоолоруңузду айтып койгонуңуз алдагы даярдаган белектен да чоң нерсе, мен үчүн.
- Ал белекти эми эмне кылам?
- Ал белекти-и... өзүңүзгө калтырып коюңуз...
- Өзүм эмне кылмак элем? Аны сизге арнагам да?
- Бирөөгө берип коюңуз. Концерттерге көп эле белек алып келишет. Бирок жолугуп белек ала албайм. Рахмат!
(Телефонун койгончо шашты. Кайра байланышка чыгып):
-Алло, Замир байке, сүйлөп жатсам эмнеге телефонду коюп салдыңыз?
- Койгон жокмун, өзүңүз коюп салдыңыз го...
- Убактыңыз жокпу, же мендей күйөрмандар чалып тажаттыбы?
- Жо-ок, андай деле эмес...
- Мейлиңиз анда, экинчи чалып тынчыңызды албайм.
- Ии, болуптур анда, жакшы туруңуз!

Айгерим Расул кызы:
"Концертиме келиңиз, ошондо жолугабыз"
- Алло, саламатсызбы? Айгеримге мүмкүнбү?
- Саламатчылык. Угуп атам.
- Мен сиздин ырларыңызды көптөн бери угуп жүрөм. Күйөрманыңыз болом. Атайын белек даярдадым эле...
- Үчү-төртү концертим болот... Ой, экиси-үчү концертим болот, ошого келиңиздер.
- Аяктан сизге жетпей калам да. Мындай эле жолугуп берип койсом болбойбу?
- Мындай болбой калат. Мен бүгүн Ошко учуп жатам. Менин номеримди каяктан алдыңар?
- Көптөн бери издеп жүрүп араң таптым.
- Ладно, макул, рахмат. Давайте.
- Бүгүн бергенге жетише албай каламбы?
- Жок. Рахмат, давайте.
(Телефонун коюп салды эле кайра байланышка чыктык.)
- Алло...
- Түүт...түүт...түүт
Самат Дөөлөтбаков:
"Менин үй-бүлөм бар"
- Алло, Самат байке, саламатсызбы?
- Да, угуп жатам.
- Менин атым Мээрим, күйөрманыңыз болом.
- Мен азыр бошобой жатам. Бир аздан кийин чалгыла.
- Мага эки мүнөт убактыңызды бөлүп коёсузбу?! Сизге жолугайын дегем.
- Жок, болбойт. Жолуга албайм.
- Эмнеге?
- Убактым жок. Жумушум, үй-бүлөм бар.
- Сиздин жумушуңузга да, үй-бүлөңүзгө да тоскоол болбойм.
- Телефондон эле айта бериңиз. Эмне дейин дедиңиз эле?
- Айта турган сөздөрүмдү го телефондон айтам. А белегимди кантип телефондон бермек элем?
- Белекти болсо жумушка алып келип таштап коюңуз.
- Жумушуңуз каякта?
- Чүй-Белинский көчөлөрүндө. Бирок азыр эмес. Башка жумуш күндөрү келиңиз.
Урмат Усенов:
"Мен сурактарга
жооп бербейм"
- Алло, Урмат байке, кандайсыз?
- Жакшы.
- Менин атым Шарипа. Күйөрманыңыз болом. Сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Жолуксак болобу?
- Эмнеге?
- Жөн эле, сиз менен жолугуп сүрөткө түшүп, баарлашып, белегимди берсем арманым жок эле.
- Жок, болбойт. Концерттерге келиңиз, ошол жерден жолугалы.
- Концерттерге барып эле жүрөм. Башка ырчылардын баарын көрүп, сизге эле жолуга албай койдум.
- Мен деле ошол жерде жүрөм. Концертке эле келиңиз.
- Азыр каяктасыз? Сиздин убактыңызды албай өзүм эле сизге барайын?
- Жумуштарым менен жүрөм. Мындай жол менен такыр жолукпайм. Концерттен эле кийинчирээк жолугалы.
- Эмнеге?
- Мен сурактарга жооп бербейм.
- Мага окшогон күйөрман-дарыңыз тажаткан окшойт.
- Жок... андай деле эмес. Концерттерден тышкары сиз менен жолуга албайм.
Ильяз Абдразаков:
"Алдабаганга
аракет кылам"
- Алло Ильяз, кандайсың? Менин атым Асел, күйөрманың болом.
- Жакшы.
- Өткөндө эки күн катары менен концертиңе барып, белегимди бере албай жаман убара болдум. Же сен мен жакка басып келбейсиң.
- Туй, ёлки, жаман болуптур да.
- Качан жолугуп белегиңди аласың?
- Бүгүн Нарынга кетип жатам, кечинде келем. Анда эртең байланышалы...
- Азыр эле качан, канчада, кайсыл жерден жолугаарыбызды такташып албайлыбы?
- Сиз номериңизди sms менен жөнөтүп ийсеңиз, эртең өзүм байланышам. Атыңыз ким дедиңиз? Тагыраак дарегиңизди таштап койсоңуз?
- Асел деп айтпадымбы. Номеримди берсем эртең алдап койбойсузбу анан?
- Алдабаганга аракет кылам да эми...
Чыңгыз Мырзаев:
"Чоң кыз, мен
рулда баратам!"
- Алло, Чыңгыз байке, кандайсыз?
- Жакшы.
- Бул сиздин фонаткаңыз. Ырларыңызды сүйүп угам.
- Рахмат.
- Сизге жолугайын дегем.
- Болбойт.
- Белегим бар эле, жок дегенде ошону берсем болобу?
- Эмне белек?
- Аны барганда көрөсүз да. Сюрприз жасайын дегем.
- Бүгүн болбойт. Бош эмесмин.
- Анда сиз мага жолуга албасаңыз мен сизге барайын. Каяктасыз?
- Биринчи күнү эртең менен радиого келиңиз.
- Сөзсүз жолугабыз да ээ?
- Ооба, чоң кыз, мен рулда баратам.
- Мени менен сүйлөшкүңүз келбей жатабы?
- Жок, андай эмес, рулда бара жатам. Түүт...Түүт...Түүт
Нурзат Токтосунова:
"Спорт сарайынын
артына келип мага
телефон чалыңыз"
- Алло, саламатсызбы? Мен сиздин талантыңызга баа берип, сизди кумир тутам. Сизге арнаган белегим бар эле, кантип жолуксам болот?
- (Күлүп) Эгер оорчулугу жок болсо белегиңизди жөн эле койбойсузбу? Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы күндөрү белек берген күйөрмандар көбөйүп эле баратат. Өткөндө да бирөө ушинтип чалып, белек берем деп экөөбүз жолукканбыз. Анан ал мага менин сүрөтүм тартылган чоң портрет белек кылган.
- Жок, меники портрет эмес, башкача белек.
- Бүгүн кечинде "Агама" бий тобунун концертин алып барам. Эгер белегиңизди бергиңиз келсе, ошол жакка барыңыз.
- Ал жакка барганда сизди кантип табам?
- Спорт сарайынын артына келип мага телефон чалыңыз.
Эрмек Маматов:
"Мен түшкө чейин уктайм, тургандан кийин чал"
- Алло! Эрмек, кандайсың?
- Жакшы, ким бул?
- Мен сенин күйөрманың болом, атым Миргүл.
- Аа, жакшы, жакшы... Номеримди каяктан алдыңар?
- Эптеп эки айдан бери араң таптым. Сиз азыр кайдасыз? Жолугушсак болобу? Сизге белек даярдап койгом.
- Азыр мен свадьбада жүрөм дружок болуп. Кандай, эмне болгон белек экен?
- Сонун белек! Андай белекти бир да ырчы ала элек болуш керек.
- Мүмкүн болсо эртең түштөн кийин чалбайсызбы? Мен түшкө чейин уктайм, анан тургандан кийин сүйлөшөлү.
Анара Дүйшөналиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??