атактуунун арзуусу

Юруслан ТОЙЧУБЕКОВ:
"ЖУБАЙЫМ КАРАҢГЫ ТҮНДҮ КАК ЖАРГАН ЖЫЛДЫЗ БОЛду"
Юруслан Жуманович Кыргыз мамлекетинин эң көрүнүктүү уулдарынын бири. Улуу адамга улуу тагдыр, улуу сүйүү жолугат деп айтышат. Бүгүнкү каарманыбыз да дал ошондой инсан. Табияттын татыктуу кулуну - биздин мекендешибиздин изги сырына шыбагалаш болуңуздар.

- Юруслан агай, көз ачып көргөн балапан махабатыңыз тууралуу баяндап бербейсизби?
- Ой… Менин оюмча, көпчүлүк балдардын окуучу кездеги сүйүүсү мугалим эжейине арналса керек. Мен да төртүнчү классымда өзүмдүн класс жетекчимди жакшы көрчүмүн. Андан кийин сегизинчиде окуп жүргөндө дагы бир эжейибизге ашык болдум. Ал бизге кантип кийиништи, өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүздөн бери үйрөтчү. Өзү ушунчалык келишкен жан эле. Биз, эркектер эжебизди үлп эткен желдин эпкининен да коргоого даяр элек. Класстан кимдир-бирөө ага каяша сүйлөп, моюн толгосо ошо баланы баса калчубуз. Көрсө, эжебизди көбүбүз жакшы көргөн экенбиз. Бирок бул сезимдерди мен чыныгы махабат деп эсептей албайм.
- Анда алыскы жаштыгыңыздан жылт этип көрүнө калган чыныгы, тунук сүйүүңүзгө кайрылып көрбөйсүзбү?
- Таластан мектепти бүтүп келип, Айыл-чарба институтунун студенти болдум. Орус классты аяктап, орус, кавказдыктарга жана башка улуттун кыздарына көңүл бурган эмесмин. Окуучу кезимде апам "кыргыз кызына гана үйлөнөсүң!" деп кулагыма куя берээр эле. Анткени биздин айылда бир да кыргыз жок болчу. Анан Бишкекке келгенде кыргыздар көзүмө ушундай жакшы көрүндү. Өз элимдин бото көз бийкечтерин сыртынан багып жүргөн кезде жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттик фестиваль өтүп калды. Карасам, мен элестетип жүргөндөй узун чачтуу, келбети келишкен кыз турат. Апама дагы бир аз окшошуп кетчү. Фестиваль бүткөндөн кийин баягы элести унута албай, институттан досторум болуп издеп жатып араң тапканбыз.Ошол кыз менин жүрөгүмө тил менен айта алгыс жагымдуу сезим жараткан.
- Ал селки сиздин мөлтүр махабатыңыздан кабардар болду беле?
- Эми… эң эле көп жыл өттү. (Күлүп) Айта берсем болот болуш керек. Институттун биология факультетинде окуган баткендик кыз эле. Мен ага бүтүндөй жан дүйнөмдү берип сүйгөм. Ойлорубуз менен сезимдерибиз бирине-бири төп келчү…Бирок ортобузга байкоосуздан бир чагылган түштү, ошо менен бирикпедик. Бир күнү айтты: "Мени кечирип кой. Талас түштүккө аябай алыс, жакшылык-жамандыкта кантип жетебиз деп, атам-апам экөө тең ай-асмандан кетип жатат. Курбуларым дагы туура көргөн жок" деп жер карады. Мен орустардын арасынан келип, кыргыздар түндүк-түштүк болуп бөлүнөт деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Менде кыргыз-орус деген гана түшүнүк бар эле. Ошол күндөрдө мен өзүмдү-өзүм жоготуп коё жаздагам. Ушунчалык кыйналып, эки-үч жыл өзүмө келе албай, эч ким менен сүйлөшпөй жүрдүм. Мен чынында ала качып кетейин деп да ойлодум. Бирок тилекке каршы, ал оюмду ишке ашырган жокмун…
- Кийин тагдыр буюруп көрүштүңүздөрбү?
- 28 жылдан кийин көрүштүк. 1995-жылы Баткенге губернатордун 1-орун басары болуп барып калдым. Бир күнү жумушта олтурсам, учурашып бирөө келди. Карап эле тааныдым. Ичте таарыныч бар да, атайын таанымаксанга салып койдум. Бир аз отургандан кийин "мени тааныдыңбы?" деди. "Тааныган жокмун" дедим. "Мен баягы…" деп атын айтып, анан ыйлады: "Мен, экөөбүз бирге жүргөн жарым жылдык убакытты өмүр бою сагындым. Күйөөмө көп бала төрөп берип, эне болдум, жар болдум… Бирок баары бир өзүмдү бактысыз сезип жашадым. Сени ойлоп ушунчалык өкүнүп жүрдүм. Менин өмүрүм өкүнүү менен өттү." Мен да биртике тултуюп, таарынымыш этип отуруп анан айттым: "Ой, бирге болууга канча аракет кылдым мен. Болбой койбодуңбу өзүң. Эң аягында Баткендик болсоң жакшы болот эле деп айттың. Мен Таластык болсом эмне кылайын?" дедим.
- Ушул аялзатына болгон сезимди жашооңуздагы чоң сүйүү деп эсептейсизби?
- Эң ишенимдүү, эң таза, чоң сүйүү болгон деп эсептейм. Бирок ал өзүнөн аттап өтө албагандан кийин мен ойлоп калдым кыялы, чечкиндүүлүгү пасыраак болсо керек деп. Ал өз күйүтү менен жүрө берди. Жашоосун өзү каалаган нукка буруп көрүүгө аракетин кылган жок. Мен Курманжан Датка жөнүндө документалдуу кино-сценарий жазып жүрдүм. Курманжан энебиз кыз эрден чыгат деген түшүнүк жок кезде күйөөсүн чанып баса берген.
"Сол көзү менен жаманды карайт. Оң көзү менен жакшыны карайт. Мага буйруган күйөө менден көп жаш улуу, бирок оң көзүн жаш кезинде эле жоготуп алыптыр. Ошондон бери көп жакшылык көргөн эмес" деп көкүрөгү тунук келин болочок жары Алымбекти жоромолдогон. Баарынан кызыгы Курманжан Алымбекти өзүнө бир көргөндө ашык кылууну максат кылган. Алымбек төрт-беш сааттык жол жүрүп, чарчап-чаалыгып бөтөн айыл болсо да өргүп, эс алуу көзүнөн учуп келаткан. Дал ошол маалда бир өргөөдөн экинчисине калтардай жылт коюп Курманжан кирип кетет… Ошондо сүйүп калган Алымбек. Адам баласы бактысына, махабатына жетүүгө аракет кылыш керек да.
- Эгерде үйлөнө элек жигит кезиңизде сизден кечирим сурап келсе жубан деп чанбай баш кошот белеңиз?
- Баш кошмокмун.
- Аял асылы башка конгон бакыт болот экен. Азыркы жубайыңызга жолуккан кезиңиз эсиңиздедир?..
- Мен Кыргызстанда биринчи миллионер болдум. Комсомолдун ишинен түшкөндө төрт жолу инфаркт болуп, банкымды, ишимди, ден соолугумду жоготтум. Жүрөгүмөн операция жасалып, айрымдар мени "аз күндүк өмүрү калды, киши болбойт" деп эсептеп калган. Дал ошол бурганактуу күндөрдө биринчи никелешим менден кол үзүп кетти…Менин тагдырыма түшкөн эң бир оор убакта ушул келинчегиме жолуккам. Караңгы түндү как жарган жылдыздай болуп сызып келип, оң жагыма күн, сол жагыма ай болуп уюп берди. Башында "эй, мен оорукчанмын, жакшылап ойлон" деп жүрдүм. Убакыт өттү, байкасам экөөбүз бири-бирибизсиз жашай албайт экенбиз. Анан "Бүттү! Мен сени алам!" деп колунан жетелеп алып кеткем. Ал кезде мен ЖКнын депутаты, 37 жашта болчумун. Мен азыр абдан бактылуумун. Себеби, менин жанымда акылы, билими, интеллектуалдык деңгээли жагынан өзүмө туура келген жарым бар. Эркектер сүйүүнү аялдагы сапаттар менен байланыштырат да. Өңүнө, басышына, жасаган мамилесине, сүйлөгөн сөзүнө карайт. Менин жолдошумда ушу касиеттердин баары бар.
- Азыркы учурда сизди бирөө сүйүп калса эмне кылат элеңиз?
- Мындай учурлар жок эмес, болгон. Ошондо ал кызга айткам: "Айланайын, сен туура түшүн. Мени кечирип кой. Биринчиден, мен өзүмдүн аялымды абдан жакшы көрөм. Сен байкап көрүп өзүңө ылайыктуу адам таап ал. Идеалдуу кишилер жашоодо көп" дегем. Турмуш деген туруктуулук менен өнүгөт да.
- Кечиресиз, ала жипти аттаган учуруңуз болду беле?
- Ала жипти аттаганга бир канча шарттар болду. Жана айтпадымбы, менин жубайыма болгон махабатым буга жол берген жок. Экинчиден, менин жеке адамдык абийирим, табиятым жанагыдай иштерге бара албайт экен. Ишенбесеңер каалаган адамдардан сурап көргүлө. Мага эч ким моралдык жактан айып коё албайт.

Афина Бакирова