п»ї

  билгениң оң

Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…

Учурдун талабына ылайык, рынок шартына байланыштуу бизнес өнүгүп-өсүп келет. Заманга жараша бизнес ачып жаткандардын саны көбөйүүнүн гана үстүндө болуп жатат. Кээ бирлери акчасы туруп аны кантип жана эмнеге жумшаарын билбей жатышса, сиздерге төмөндөгү кеңештерди сунуштайбыз.


1 "Менде качан ушундай нерсе болот?" деп жашооңуз өтүп бүткүчө жата бербеңиз. Пайдалуу жана идеалдуу мезгил эч качан келбейт. Андан көрө "байлар эмне кылышат?" деген суроонун үстүндө көбүрөөк ойлонушуңуз зарыл. Идея келген учурда кармап калып, ошол учурдан баштап иштей баштаңыз. Күткөндө эмне? Убакыт бул - акча.

2 Кандайдыр бир акчаны алууда коркпошуңуз керек. Кредитке алган акчаңызды пландаган гана нерсеңизге коротууңуз зарыл.

3 " Эмне үчүн акча керек?" деген суроо туулат. Коротуу үчүнбү, же көбөйтүү үчүнбү? Лотереядан көп суммадагы акчаны утуп алган болсоңуз, акчаңызды ар нерсеге жумшабастан, кийин пайда алып келе турган керектүү нерселерге жумшаңыз.

4 Өзүңүз баштай турган ишти кыялданып, элестетип алышыңыз керек. Жыйынтыгында эмнени каалаганыңыздын картинкасын даана-так билип алыңыз. Кыялыңызга жетүү максатын өнүктүрүңүз. Сиздин айлана-чөйрөңүз кандай абалда болот, жашооңуз, өзүңүздө эмнелер өзгөрөт жана бул процесске канча чыгым кетээрин эсептеп чыгыңыз. Тоскоолдуктарды да эске ала жүргөнүңүз оң. Ал тоскоолдуктардан кантип чыгып, өзүңүздүн пайдаңызга кандай жол менен пайда алып келүүнү ойлоңуз.

5 Өзүңүздүн жеке финансылык планыңызды иштеп чыгыңыз. Бизнес бул - биринчи учурда, финансылык билимди талап кылат. Актив менен пассивдин айырмасын билиңиз. Кандайдыр бир так максат коюп, анын жыйынтыгын да элестетип алыңыз. Андан соң кантип мындай байлыкка жетээриңизди жазып коюңуз. Эң жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү иш планы болсун.

6 Баштапкы капиталды түзүңүз. Бул капиталды топтоо үчүн: кредитке акча алыңыз, идеяңызды сатыңыз, жакын адам табыңыз, бир товарды сатып алып кайра сатыңыз, сизге окшогон адам менен кошулуп чогуу иштеңиз.

7 Башка адамдардын тажрыйбасын колдонуңуз. Бизнес жаатында көбүрөөк ийгиликтерди багынтып жаткан адамдардын ошол даражага кантип жеткендигине көзөмөл жүргүзүңүз жана сизге керектүү жерин алыңыз. Бул маалыматты алыш үчүн ал адамга бекер иштеп берсеңиз да болот. Анын иш тажрыйбасын үйрөнүү менен сиз анын жашыруун нерселерин билип аласыз.

8 Бизнес бул - күчтүү эмоцияны жана катуу нервди талап кылат. Бардык болуп кетүүчү жаман нерселерге өзүңүздү даярдашыңыз керек. Ички сезимиңизди жакшылап тарбиялооңуз зарыл.

9 Ийгиликке жетишүү үчүн аябагандай зор, чыдамкай болушуңуз керек. Көпчүлүгү өзүнүн күчүнө ишенбестен, койгон максатына 1 кадам калганда дистанциядан чыгып кетип, кирешесиз калышат. Эгерде койгон планыңыз болсо, ошол план менен гана иштегениңиз оң. Андан да жакшы жолун таап калсаңыз, ал планды алмаштырып койсоңуз болот.

10 Алгандан мурда берип үйрөнүңүз. Канчалык берешен болсоңуз, анын ошончолук пайдасы тиет. Досторуңузга, бир туугандарыңызга жана жакындарыңызга да убакыт бөлгөндү унутпаңыз. Мунун бардыгы сиздин ишмердүүлүгүңүздүн алдыга жылышына чоң таасирин тийгизет.

11 Акчаны өзүңүздү көтөрүү үчүн колдонбоңуз, акча түгөнгөн соң, сиздин бийлигиңиз да түгөнөт. Мындан көрө акчаны коротпостон, өзүңүздүн жеке ишиңиз менен алектениңиз.
Акчага тиешелүү ырым-жырымдар
Шейшемби күнү карызга акча бербеңиз. Анткени өмүр бою карызга акча берип жүрүп өтүшүңүз мүмкүн.
Акчаны сол кол менен алып, оң кол менен бериңиз.
Үйгө "акча дарагын" (толстянка) өстүрүү керек. Бул өсүмдүктү даяр түрдө сатып алуу сунуш кылынбайт. Анын көчөтүнөн өзүңүз өстүрүп чоңойтсоңуз гана материалдык жактан жакшы жабдылышыңызга өз таасирин тийгизет.
Чай ичүүчү үстөлдөгү дасторкондун астына дайым акча коюп коюшуңуз керек.
Акча эсепти жактырат. Бул - чындык, бирок аны түз эле акча чогултуп жаткан буюмдан (копилка) санабооңуз керек. Андай учурда сиздин акчаңыз өтө эле жай топтолот. Кошумчалай кетсек, акчаны дагы кечинде, түндө санаганга болбойт. Аны сөзсүз түрдө жерге коюп беришиңиз керек.
Чай ичүүчү үстөлдүн үстүнө ачкычты, кулпуну койбошуңуз керек. Бул акчанын берекесин учуруп, бат жок болуусуна алып келет.
Сиз алгачкы эмгек акыңызга өзүңүзгө гана керектүү буюмду, мисалы, баш кийим, сумка же болбосо таттуу азыктарды сатып алууңуз керек. Эгерде өзүңүзгө эмес башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн короткон болсоңуз, анда өмүр бою тапкан айлыгыңыз сизге жугуму жок бойдон калат.
Капчыгыңыздагы бардык майда-барат акчаларды жуманын аяк ченинде коротуп, же болбосо муктаждарга берип коюшуңуз керек. Антпесеңиз сиз ошол майда акчалар менен майда бай болосуз.
Карызыңызды эртең менен эрте беришиңиз керек. Ошондо акчалар кайра сизге келет.
Үйдөгү конокторуңуз кеткенден кийин дасторконду желпиңиз. Аны менен кошо акчалар сизге келет.
Үйдүн ичинде эч качан ышкырбаңыз, акчаларыңыздын бардыгын үйлөп саласыз.
Бирөөгө мышыктын баласын, күчүктү, же болбосо башка жаныбарды берсеңиз, акысына сөзсүз түрдө акча алыңыз.
Эгерде сизге көп суммадагы акча келип калса, андан бир купюра алып капчыгыңызга салып жүрүшүңүз керек. Ал акча сизге көп акчаларды ээрчитип келет. Ошол акчаны эч нерсеге коротпошуңуз керек.
Акчаны жана байлыкты тартууда сиздин ички дүйнөңүз чоң ролду ойнойт. Башкаларга жамандык каалабаңыз, акча карызга бербеңиз жана ар кайсы жакка жумшай бербесеңиз. Башка адамдардын байлыгына көз артпаңыз, тескерисинче, өзүңүздүн акчаңызды көбөйтүүнүн жолун ойлоңуз.
Шайыр адамдарга акча тартылып турат. Ал эми пессимист адамдардан тескерисинче качып турат.
Үйгө дайыма акча келип турсун десеңиз, кире бериштеги линолеумдун астына тыйын таштап коюшуңуз керек.
Айлык акыңыздын чып-чыргасын коротпой үйүңүзгө алып келиңиз, бардык сумма үйдө бир күн түнөш керек.
Акча сыйды жакшы көрөт. Эгер акча менен дос болгуңуз келсе, аны биричиден, сыйлашыңыз керек. Акчаны ушалап, капчыкка салбай туруп чөнтөгүңүзгө салбаңыз.
Алар эсепти жактырышат. Маал-маалы менен акчаңызды санап туруңуз.
Жумадан ишембиге караган түнү таштандыны төкпөш керек.
Бөлмөнү ар кандай шыпыргылар менен шыпырбашыңыз керек.
Капчыкты таптакыр бош калтырбашыңыз керек.
Ар кандай валютадагы акчаларды чогуу салбаш керек.
Жаңы эле алган акчаны ошол учурда коротпош керек.
Акча таап алсаңыз…
Көбүнчө көчөлөрдүн кесилишинен табылган майда-барат акчалар коркунучтуу. Анткени алар дубаланган болушу мүмкүн. Дубалар болсо, оору-сыркоо алып келет. Демек, мындай табылганы алып, чөнтөгүңүзгө салуу менен сиз өзүңүзгө оорунун бир нече түрүн тилеп алууңуз ыктымал. Мисалы, Японияда көчөгө түшүп калган капчыкты алганга эч кимисинин колу барбайт. (Полиция бөлүмүнө алып баруу үчүн дагы).
Бул өлкөнүн жашоочуларынын түшүнүгү боюнча, мындай күтүүсүз, бирок, чоң өлчөмдөгү табылга үчүн тагдыр аларды андан да кымбат, жакын нерсесинен айрып коюшу мүмкүн экен. Ал эми бизде болсо, тескерисинче, жолдон акча таап алган киши "жолум болот экен" деген ырымды кармоо менен акчаны чөнтөгүнө алып коёт.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??