таш тагдыр

Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан

Айланабызга көз жүгүртсөк, турмуштун кыйынчылыгын тарткан адамдар күн санап көбөйүүдө. Айрыкча борбор шаарыбыздын элдер көп жүргөн жерлеринде кайыр сураган адамдардын саны арбып барат. Кундузкан эже да ошол кайырчылардын катарын толуктап, балдарынын курсагы үчүн борборубуздагы ири базарлардын бири "Ош базарында" кайыр сурап жан багып келет.

- Кундузкан эже, мындай тагдырга кандайча туш болуп калдыңыз?
- Менин мындай жолго барганыма бир жарым жылдай болуп калды. Өзүм Токтогул районунун Токтогул шаарчасында 1975-жылы төрөлгөм. Ошол жактан мектепти аяктап, иштейм деп шаарга келгем. Бул жактан мени Кумарбек деген өзүмдөн жашы бир топко улуу, таластык киши ала качып кеткен. Ошентип 17 жашка чыкканда күйөөгө тийгем. Кумарбектен Алтынай деген кызым бар. Экөөбүз көп жашабай эле ажырашып кеткенбиз. Андан кийин жашоодон жолум болбой жүрүп, Казакстандын Чу шаарынан Болот деген кишиге жолугуп, аны менен жашап калдым. Ал ууру эле, күндө кошуналардын тоокторун уурдап келип мени бакчу. Андан да бир балалуу болгондо жашай албай, аны менен да ажырашып тындым. Ошентип, жүрүп, Сабыраалыга тийдим. Ал болсо эки баламды өгөйлөп, өзүнөн алты айлык боюмда бар экенине карабай таштап кеткен. Ал учурда мени бир киши багып жүрдү. Ал мага тамак-аш алып берип, кээде кийим-кече сатып берчү. Мен болсо анын аялы сыяктуу болуп жүрдүм. Акыры андан деле тажап кеттим. Анан да балдарымды андай жол менен баккым келбеди. Эми минтип көрүп жатпайсыңбы, бул жерде кайыр сурап отурам. Эртең менен кетем, кечинде бутумду араң сүйрөп келем. Башым уюп, буттарым ооруйт, ага карабай күнүгө ушул жерге келем. Бир жолу апамдардыкына барганда, үйгө түнкү саат он бирлерде бирөөлөр орусча акча сурап келишип, башыма катуу нерсе менен чаап кетишкен. Ошондон бери башым катуу ооруйт. Дарыланганга акчам жок. Бир күнү өлүп калам го деп корком.
- Төркүнүңүз каякта? Алар сизге жардам беришпейби?
- Каяктагы жардам?! Алар биринчи өзүлөрүн тыңыраак багып алышсынчы. Петровкадан арзанына карап өтө эле начар, жепирейген бир үй сатып алышып, азыр ошондо жашашат. Ата-энем өздөрү кайыр сурап күн көрүшөт. Азыркы учурда кайсыл жерде кайыр сурап жүрүшкөндөрүн билбейм. Бир эле сиңдим бар, ал да мени менен катташкысы келбейт.
- Милиция кызматкерлери же башка бирөөлөр тарабынан кандайдыр бир кысымдар көрсөтүлбөйбү?
- Кээде милициянын кызматкерлери тарабынан кысым болсо, кээде дүкөнчүлөр тарабынан кысым болот. "Дүкөндөн алыс баргыла!" деп урушушат. Бир жолу баламды сабап, акчасынын бардыгын белгисиз бирөөлөр алып кетишиптир. Менимче, ушул жакта жүргөн балдар эле алышкан окшойт.
- Балдарыңыздын улуусу канчага чыгып калды? Алар мектепке барышабы?
- Улуу кызым Алтынай 15 жашта. Андан кийинкиси Эрболот 12 жашта. Эң кенжем Арман бир жарым жашка эми чыкты. Алтынай менен Эрболот Фучик паркынын жанындагы
№10-мектепте окушат. Кызым мектепке кеч кирип калгандыктан 5-класста, балам болсо 6-класста окуйт.
- Балдарыңыздын окуусуна акчаны ким төлөйт?
- Балдарымдын окуусуна акча төлөбөйм, биздин кайырчы экенибизди мектептегилер деле билишет, ошондуктан бизден эч ким акча сурабайт. Бирок кийим-кечесин эптеп алып берем.
- Ижарада турсаңыздар керек? Ижара акысына канча төлөйсүздөр?
- Ош базарынын жанындагы Павлов көчөсүндө жашайбыз. Ижара акысына болсо айына 2300 сом төлөйбүз. Кайырчылап тапкан акчамды, кызымдын элдерди таразага тартып тапкан анча-мынча акчасын, баламдын араба түртүп тапкан акчасын чогултуп,үйдүн ээсине беребиз.
-Балдарыңыздын аталары азыр кайда?
- Армандын атасы азыр түрмөдө жатат. Ат уурдап кесилип кеткен. Эми болсо, "менин баламды зонага алып келип, мага көрсөтүп кетчи!?" дейт. Алтынайдын атасы азыр башка аял алып, ошону менен жашап жатат. Мага эч кандай жардам бербейт, унутуп деле калган болуш керек. Эрболоттун атасы болсо Казакстанда. Ал биз жакка келбей калды го… Келсе деле мени тааныбай калды болуш керек. Эркектерге ишенбей калдым. Биринчи күйөөм "мага кыз төрөйсүң! Эмнеге элдин катындарындай болуп эркек төрөп бербейсиң?!" деп кызымдын атын шылдыңдап Мундузкан деп коюп койгон эле. Менин атым Кундузкан да, ошого окшоштуруп коюп жатпайбы. Анан өзүм Алтынай деп коюп алгам.
- Эң көп дегенде бир адам канча акча таштайт? Бир күндө канча табасыз?
- Бир эле жолу жашы өтүп калган бир киши 100 сом таштап кеткен. Көбүнчө 1 сом, 5 сомдон ташташат. Бир күндө 200-300 сом акча табам. Кээ бир учурларда эртеден кечке отуруп 100 сом табам.
- Жамгыр жааган учурларда эмне кыласыздар? Кышкысын да кайыр сурайсыздарбы?
- Жаан жааганда деле отура беребиз. Аябай куюп ийгенде гана үйгө кетебиз. Кышкысын да отурабыз. Сызда отура берип бутум ооруган адатка айланган. Башым да ооруп кууратат. Кышкысын Арман чыдабай кетип ыйлайт, ыйласа деле ушул сыз жерде отура берем, акча табышым керек да.

Эрболот:
"Араба түрткөндө жакшы эле…"
- Мектепте бирге окуган классташтарың кайыр сурап отурганыңды көрүп шылдыңдашпайбы?
- Менин классташтарым менин бул жерде олтураарымды билишпейт да. Мен бул жерге апам бош болбой калганда эле чыгам. Биз 3 күн окууга барбайбыз. Ошол убакта апама жардам берем. Окуу башталгычакты араба сүйрөп иштечүмүн. Азыр 3 күн эле бошмун да. Ошон үчүн мага арабасын эч ким бербейт. Араба түрткөндө жакшы эле, күнүнө 200-300 сом таап, апама берчүмүн.
- Чоңойгондо ким болгуң келет?
- Билбейм, эже, ал жөнүндө ойлонбоптурмун.
Алтынай:
Классташтарым
таразада отурганымды көрүшкөн"
- Алтынай, чоңойгондо ким болгуң келет? Кайсы сабакты жакшы окуйсуң?
- Мугалим болгум келет. Балдарга сабак берген мага абдан жагат. Бардык сабакты эле жакшы окуганга тырышам.
- Таразадан бир күндө канча сом табасың? Тараза өзүңдүкүбү?
- Тараза өзүмдүкү. Атайын апама саттырып алгам. Бир күндө таразадан 50 сомдон 150 сомго чейин түшөт. Аябай жакшы болуп калса 200 сомго чейин табам.
- Чогуу окуган классташтарың сенин таразада олтурганыңды билишеби?
- Классташтарымдын бардыгы эле апамдын кайырчы экенин билишет. Менин таразада отурганымды деле көрүшкөн, бирок, эч нерсе дешпейт.
- Атаңды сагынасыңбы?
- Сагынбайм. Жада калса аны көргүм келбейт. Ал мени таштап кеткен да, анан кантип сагынам? Атамды мен көргөн да эмесмин.
Төлөбүбү Касымалиева