п»ї

  жылдыздар деле сиздей жан

Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."
Сахнада жайнаган ырчылардан назик үнү, жоош мүнөзү менен айырмаланган Мирлан Жетигеновду кимдер гана тааныбайт. Мирлан мырзанын үйлөнбөй жүргөнүнүн өзүнчө бир сыры катары анын үй оокатын мыкты өздөштүрүп, анча-мынча айымдардан өйдө оокат кылганы менен байланыштырдык. Демек, сиздерге Мирлан Жетигеновдун үйдө кандай кызмат кылаарын тааныштырабыз.

- Мирлан, сиз бойдокчулук жашоого абдан көнүп калсаңыз керек?
- Чындыгында көнүп калдым десем болот. Анткени бойдоктун убактысы көп болуп, каалаган жагында жүрө берет эмеспи. Көбүнчө Сапар, Элмара, Камчылар менен бат-баттан жолугуп, чер жазышып турабыз. Үйгө кеч келем. Азыр тойдун учуру болуп тургандыктан, күнүбүз менен түнүбүз алмашып калбадыбы. Жакшы ырдап, жакшы иштеш үчүн - жакшы укташ керек да. Ошондуктан диванга кулап телевизор көрүмүш болом да көзүм илинип кетет.
- Бойдокчулукка салып, үйдөн тамак жасап жебейт экенсиз да?
- Өзүм тамактардын баарын жасаганды билем. Болгону камыр жууруп, аны жайып, кескен жагынан аксайм. Үйдө өзүмдөн башка киши жок болсо оюмдан чыгарып, жоктон бар кылып тамак жасай берем. Ал тамактарыма азырынча ат коё элекмин.
- Азыр да үйдө жалгыз жашайсызбы?
- Буга чейин жалгыз эле жашап жүргөм. Жакында эле Германиядан таякемдин кызы келип мага караан болуп калды эле, "кайра кетем" деп жатат. Үйдү карындашым жыйнап, тамак жасаса, чаңдарды сүртүп, 6 жылдан бери өстүрүп келаткан кытай роза гүлүмө суу куюп, тазалоо менин милдетим. Бул гүлдүн мүнөзү мага окшош. Менин маанайым жок болуп, кээде ооруп калсам, жалбырактары кадимкидей саргарып түшө баштайт. Өзүм карап, көңүл буруп турсам жылына кып-кызыл роза ачып үйүмдүн көркүн чыгарат. Гастролдорго кеткен учурумда он күн болсо да үйүмдү тааныштарга батирге берип коём. "Обойлорума чийбегиле, оокаттарга тийбегиле" дебестен, дароо "гүлүмдү жакшы карагыла!" деп буйрук берем.
- Жалгыз жашап жүрүп, сизде өзүмчүл сапат пайда болгондур?
- Анча деле өзүмчүл эмесмин. Бирок үйүмдүн чачылбай турганын жакшы көрөм. Тазалыкка бекеммин. Эмнегедир залда илинип турган аркарлардын мүйүзү чаңдап турса жиним келе берет. Мурда мындай мүйүздөр үйдө көп болчу. Айылдан апам келгенде "Ай, балам, ушул мүйүздөрүңдү алып эле койсоң боло. Адамдын жүрөгүн түшүрбөй"десе,"булар менин үйүмдө илинип турат. Тийишпеңизчи!"деп экөөбүз мүйүздөрдүн айынан уруша кетчүбүз. (Күлүп) Эки мүйүздү илип алып, өзүмө мүйүз чыкчудай күтүп олтурам.
- "Таза болсоң суудай бол" дегендей, анда суудан чыкпайт турбайсызбы?
- Сууну жакшы көрөм. Ошон үчүн бассейни бар чо-оң жер үй алам деп жүрбөдүм беле. Өзгөчө тойдо ырдап-бийлей берип, тердейсиң. Үйгө келээрим менен душка түшөм. Душка түшөөрдүн алдында ваннаны өзүм жууп-тазалап, суу толтуруп алып бир сааттай суунун ичинде жатам. Менин таза болушума ак кийимдерди көп кийгеним таасир этсе керек. Өзгөчө бут кийимимди бат-баттан тазалап турам. Анткени бут кийим канчалык таза көрүнсө, адамдын кандай экени билинет деп коюшат го.
- Бош убактыңыз таптакыр болбойбу?
- Канча тил билсең ошончо адамсың дейт го. Анын сыңарындай азыр англис тилин үйрөнүп жаткандыктан, уктаардын алдында жарым саат болсо да китеп окуп жатам. Эртең менен турсам эле койнумда китеп жүргөн болот. "Бош убактыңда уктап жата бербей, буларды жасаганды үйрөн"деп Нурлан Намазбеков мага жылтырак шуурулардан узун люстраларды жасаганды үйрөткөн. Сахнага кийген костюмдарымдан ашкан шуруларды улам-улам кошуп турам. Айылдагы жүн тыткан кемпирлердей болуп, узун кылып шуру узартмай адатым бар.
- Сизди элдин баары косметика колдонот болуш керек деп ойлошот. Ушул чынбы?
- Анчалык деле көп колдонбойм. Болгону кремдердин түрүнөн алып коём. Бетке бырыш түшүрбөгөнгө аракет кылам. Чынында жүзүмө, чачыма көңүлдү жакшы бургандыктан, элдин көбү мени боёнот деп ойлошот.




Айсулуу:
"Мирлан байкем жөн да тамак жедиртпейт"
Мирлан менен чогуу жашаган карындашы Айсулууга да суроо узаттым.
- Айсулуу, Мирлан байкенин сага кылган мамилеси кандай?
- Мирлан байкем абдан шайыр, боорду эзген адам. Аны менен бир саат сүйлөшкөн адамдын ичи эзилип калат. Тойдо болгон кызыктуу окуялардан айтып берип, же болбосо бирөөлөрдү туурап жөн да тамак ичирбейт. Кээ бир адамдар жини келгенде кыйкырып мүнөзүн көрсөтүп калат го. Мирлан байкемдин айткан тапшырмасын аткарбай койсом, унчукпай жатып алат. Кыскасы, оройлук жагы жок, оңой менен жини келбейт. Маанайы жакшы болгондо ошол кылбай койгонуңду тамаша менен жеткирип, өзүңдү уят кылат.




Тата Улан
Карындаш
Сөзү, обону: Тата Уландыкы
Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тып-тынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги,
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
"Өзүм түзөм өз жашоомду"-деп,
Кыйкырып качты.
Мен түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
Оозду чүйрүп жебейм дейсиң,
Сунса балды кашык таш.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
"Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин" -деп,
Айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
Билем, билем дедиң сен.
Кайырма:
Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан.
Сүйөм, сүйөм, сүйөм дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
Күйөм, күйөм, күйөм дедиң,
Күйүп кеттиң кор болдуң.

Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
Не болду деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Денем, боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы бечара.
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы тап-таза.
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң, күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик ишенчээксиң,
Не көздөйсүң бул жолду.
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдү.
Не кыл дейсиң азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алып барган.
Төштү ачып суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо шайтанды карачы,
Чаташтырган ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Сактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??