атактуу адаштар

Розалар качан ачылган?
Биз бүгүн эстраданын гүлзар багынан "гүлдөрдүн ханышасы" аталган Розаларды атайын үзүп алдык. Болгондо да көзгө көрүнүктүү жерде өсүп жаткан Розаларды. Анткени алар качан жана кайсы маалда ачылгандыгын билгибиз келди.


Роза Шакирова

Булбулдардын арасына кокусунан кабылып калган эмес. Алгач "Тунгуч" театрында солист болуп белгилүү актёрлор менен иштешип, чыгармачылыгына тажрыйба топтой алган.
Розанын театрдан биротоло чыгып кетишине анын турмуш жолуна аттанганы себеп болуптур. Атасынын "кызым ырчы болсо экен" деген тилегин орундатып, 26 жашында Нурбек Дайырбек уулу менен "Карабачы" аттуу дуэт жаздырып, элдин баарын өзүнө каратканын билебиз. Кантсе да Розанын өзгөчө тембри, бийик үнү кыргыз эстрадасынын гүлзар багында тамыры кенен жайылган эң кымбат роза болооруна ишенебиз. Учурда Роза айым жолдошунун сүйүктүү жары, уулу Рустамдын роза жыттанган мээримдүү апасы болуп, үчөө бир букет болуп бири-бирин толуктап турган кездери.


РозаТаберикова
Мындан 16-17 жыл мурун жарк этип чыккан жылдыздардын арасында Роза Таберикова эжекебиз да роза гүлүндөй ачылган эле. Ошол кездерде жаңы долбоорлордун бири болгон "Жаштык ыры" телеконкурсуна катышып, эл алдына "Сулуулардын түшүнө нелер кирет?", "Жаз элеси" "Бийге чакыруу" аттуу ырлары менен көзгө көрүнүктүү розалардын катарына кирген. Бирок бажырайып ачылган роза гүлүнө көз тийдиби, айтор, Роза эжекебиз акыркы убактарда соолуп калгандай. Убагында эженин ырларын ыр дептерлерге көчүрүп алып, отуруштарда созолонто ырдагандар чекеден чыкчу. Учурда эжебиз сахнанын топурагына өскөн розалардан алыстап, тойлордо, кечелерде ачылып өзүнүн "Таберик" аттуу эстрадалык группасын тамада борборуна айландырып алыптыр. Андан сырткары "Чоро Кожомжаров" атындагы кыргыз эстрада фондунда эмгектенип жаткан кези.


Роза Ибраимова

Эртеден кечке "Алмаз" радиосунда булбулдай сайраган Розаны жакындан эч ким таанычу эмес эле. Назира Айтбекованын декреттик эс алууга чыгышы менен Розага күн тийгендей эле болду. Анткени 1-курс кезинен баштап чыгармачылыгына тырмышып канча аракет кылса да оңой менен Розанын сабагына жалбырак чыккан эмес. "Сенден бир нерсе чыгат. Теле, радио тармагына барып талантыңды сынап көр"деген акын эжекеси Жыпара Арыкованын сөзү Розанын тамырына суу куйгандай таасир калтырган. Ошондон кийин тамыры кеңейип телевидениенин ашканасы менен таанышып, "Кыргыз" радиосунда балдарга арналган беш мүнөттүк уктурууларды даярдай баштаган. Ал үчүн беш килограмм салмактагы чо-оң диктофонду көтөрүп алып көчөдө жүргөн элдерге суроо салганда өзүн жылдыз сезип калчу тура. Жыпара эжекеси андан ары Роза сиңдисинин тамырына бат-бат суу куюп турганбы, радионун музыкалык редактору болгонго чейин көтөрүлөт. Аракет кылсаң берекет дегендей, эми минтип саналуу алпаруучулардын катарын толуктаган Роза азырынча бутон болуп турган кези. Жаш Розага көңүл буруп, сабагын сындырбасак бажырайып ачылаарына шек жок.


Роза Азимбаева

Роза Азимбаева деген ысымды "Жан" киностудиясы тартуулаган "Министрдин кызынын махабаты" көркөм тасмасы аркылуу тааныйбыз. Бала кезинен актриса, ырчы болом деп тамыр байлап келаткан Розанын кыялын атасы түп-тамырынан бери жулуп салгандай. Атасынын каршылыгы менен башка кесипти тандаса да, акыры болбой эле аталган тасмада, болгондо да терс каарман Зинанын образын жаратат. Ошондон бери киносүйүүчүлөрдүн эсинде өз аты Роза эмес, кинодогу Зина деген аты менен таанылып калды. Актриса кечээ жакында эле "Жылдыздар манежде" теледолбооруна катышып, цирк дүйнөсүндө да өзүнүн талантын көрсөтө алды. Бирок Розанын таланты байкалганы менен эмнегедир жакшы ачыла албай келет.


Роза Аманова

Аманованын үнү 1990-жылдары калың журттун катмарына бирдей жагып, ырлары жүрөктүн тереңинен орун алганы жалпыбызга маалым. Андагы 16 жаштагы секелек кыз капкара коюу узун чачын өрүп алып, комузун колуна кармап, "Өрүк комуз" аттуу дастанды ырдап чыкканы азыр да улуу-кичүү муундун эсинен кетпеген чыгаар. Ошол жылы "Өрүк комуз" дастаны менен "Биз элдик таланттарды издейбиз"аттуу конкурста Гран-прини багындырып алган.
Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган "Өрүк комуз" чындыгында Роза айымдын бажырайып ачылышына себеп болгон. Анткени Роза Амановада болуп көрбөгөндөй стимул пайда болуп, өнөргө кызмат кылуу үчүн баш-оту менен киришкен. "Быссымылда" деп сахнанын босогосун аттаганда эле эжекебизди коштогон ийгиликтер азыркы күнгө чейин уланып келет. Өзү жаш болсо да өнөрдүн артынан түшүп, салттык музыканын сакталышына зор эмгек жумшап изилдеп келүүдө. "Роза Амановадай ырчы, дастанчы, комузчу болом"деген улан-кыздар анын сабагына, жалбырагына, терең жайылган тамырына суктанып фанат күйөрмандарга айланып келишсе, канчалары анын тикенине тең келе албай жүрүшөт. Кубаныч агабыздын кубанычы, балдарынын мээримдүү энеси, кыргыз элинин сыймыгы, шакирттердин устаты Роза Аманова чындыгында гүлдөрдүн ханышасы роза гүлү болсо, ошол розалардын ханышасы экенинде талаш жок.

Айнура Касымова