п»ї
 Таанышуу жарыясы


Махабат майданы
Байыркы Индияда 4-5-кылымда "Кама сутра" аттуу төшөк маданиятына арналган трактат чыккан. Анда өбүшкөндөн тартып дене лаззатынын түмөн-түрлүү "позасын" сунуштаган. Анын бир нече бөлүгү гана биздин күнгө чейин сакталып калган. "Кама сутрада" аял-эркектин бактылуу жашоосунун маңызы - жан кумарда экенин далилдейт. Ошондуктан уялып, кысылбастан махабат балын татып, жашооңуздарды таттуу жана жаркын кылыңыздар.


"Кама сутра" эркектерди төмөндөгүдөй түргө бөлгөн экен:
"Айгыр" аталган эркек аты айтып тургандай, аны менен канча болсоң дагы оңой менен тойдура албайсың. Ал сексуалдык темпераментинин күчтүүлүгү менен өзү да ичинен сыймыктанат. Кең көкүрөк, колу-буту шадылуу, көздөрү оттой жанып, үнү жолборстукундай күрүлдөп турат. Толук жана ден соолугу чың аял менен жыргагысы келет. Төшөктө ушунчалык шашма болгондуктан, көп учурда ургаачысынын жан жерин катуу ооруксунтуп алат. Анын эркектик мүчөсү өтө узун болгондуктан, буга принцесса эмес, күң гана түтүшү мүмкүн…
"Буйвол" чоң баш, булчуңдары буркуйган, чымыр денелүү эркек. Ал өнөгүнө дембе-дем катуу "сокку" берүү менен ыраазы кылганды жактырат. Кээде өзү сүйгөн төшөк оюнун олдоксон "ойноп" жиберет. Булардын "иничеги" чоң болгону менен айымдар көзүн сүзүп канагат алчудай катуу эмес.
"Арстандын" жүрөгү айымзаты үчүн өтө жумшак болот. Дене сүйүүсүнө батуу учурунда күч-кубаты ашып-ташып кетет. Алар аялды эсинен тандырмайынча үстүнөн түшпөйт. Ургаачы колу сылап-сыйпаласа, уяла түшкөнү менен, "мүчөсү" эң бараандуу жана капкатуу. Жатуу учурунда өнөгүнүн көзүн карап назик, жароокер болот. Махабаттуу күйөө боло алат, бирок, ойношчулукка сузураак мамиле жасайт. Өзүнө караганда аны аялдар көбүрөөк каалайт.
"Бука" олбурлуу, күчтүү, карылуу. Өзү өтө сексуалдуу болгондуктан, аял каалабаса зордоп болсо да максатына жетет. Ал кумарга батууну өтө узак убакытка созгонду сүйөт. Керек болсо түгөйү "кандым" дегенде да, ансайын айбаттана күчөп, уланта берет. Ал көзү түшкөн айымын торуна тез түшүрөт. "Бука" түрүнө кирүүчүлөр "алигисинин" кыска экенине карабай, эң темпераменттүү болушат.
"Коён"жай кыймылдаган, өтө эле жоош, арык эркек. Аны өнөгү эркелеттиби, жокпу, ага баары бир. Аялынын тынымсыз аракети менен "тигиниси" араң баш көтөрөт. Өтө дүүлүккөн абалга жеткирсе "коёндуку" опсуз узарып кетет. Кошулуу учурунда шашпай, көпкө чейин созот. Анын каалоосу айымынан көз каранды. Ал эч качан озунуп биринчи аракет жасабайт.


"Кама сутрада" аял-эркектин мүчөсү узундугу жана тереңдигине жараша бөлүнөт
Эркектин мүчөсүнүн узундугун манжа менен ченегенде эң кичинеси 9 манжага жетип-жетпей турат экен. Орточосу 12 манжага чейин болсо, эң чоңу 12ден нары кетет дейт.
Ал эми аялдын назик жери да ар кандай тереңдикке ээ болорун биле бербейбиз. Эң тайыз мүчөлүү айым "бөкөн" деген ысымга ээ болсо, орточо тереңдиктегисин "элик" деп аташкан. "Эликтен" кийинкиси "байтал", эбегейсиз терең мүчөлүүсү "пил" деген "статусту" алган.
Эркектик мүчөнүн чоң, же кичине болушу расага, салмагына, жеке организмине жараша да болот.
Эркектер "тигинисинин" көлөмүнөн эмес, сексуалдуулугу, бала жараткандыгы менен бааланат. Эң эле маанилүүсү өнөгү экөөнүн жыныстык мүчөлөрүнүн узундук-тереңдиги бири-бирине туура келеби, кеп ошондо. Эгерде эркектики узун болуп, аялдыкы тайыз болсо жыныс кындын ичинен жаракат кетиши мүмкүн. Тескерисинче, айымдыкы "байтал" же "пил" болуп, эркегиники кичинекей болсо, аялдын кумары канбай, кыжаалат болгонго себепкер болот экен. Ал эми чен-өлчөмү бап келген түгөйлөр "биригүүнүн" ар ирмеминен жыргал таап, ырахаттуу өмүр кечирет.


Кумаржан
Туулган күнүмдө кумарга батып…
- Кана жигиттер, таанышып алгыла. Бул чүрөктөр мени менен университетте чогуу окушат. Кыргызымдын кымча бел кыздары менин группамда гана бар.
- Улан, Арлен, Азамат, Нурбек, Айдар, Касым, Расул, Мирлан…
- Биздики Айжан, Нургүл, Элиза, Майрамкүл, Салтанат…
Менин туулган күнүм ушинтип эки тараптын таанышуусу менен башталды.
Тамактандык, бийледик. Бийлеп жатып эки-экиден түгөйлөр табышып, эшикти карай кетип калып жатышты. Бир маалда комнатада Зарина экөөбүз калыптырбыз. Зарина өң десе өңү бар, боюна жараша ою болгон абдан келбеттүү кыз. Сабакты да калтырбай жакшы окуп, биздин группанын старостасы. Көздөрү бакырайган, кирпиги ийилген, бою узун кыз. Ошол күнү Зарина чыныларды жууп, үстөлдүн үстүн ирээттеп жүрдү. Экөөбүз сүйлөшө кеттик:
- Башка күндөрдөн да бүгүн аябай сулуу болуп кетиптирсиң. Сенин сулуулугуңдун сыры эмнеде?
- Рахмат, Тилек. Менин сулуулугумду сен гана баалап келесиң. Сулуу болуш үчүн балмуздакты көп жеш керек. Тамаша.
- Созолонгон жигитиң кандай жүрөт?
- Ал жөнүндө сурабай эле койчу, суранам. Экөөбүздүн сүйлөшпөй калганыбызга эки айча болуп калды. Абдан начар бала экен…
- Бул винону менин туулган күнүмдүн урматы үчүн алып жибербейлиби?! Кел эми.
- Макул, бирок, кичине эле.
Тамак ичип бүткөн соң коноктор үйлөрүнө кетүүгө камданып, кийимдерин кийип калышты. Мен Заринаны акырын бөлүп калып үйүмө жатып кетүүсүн сурандым. Ал дароо эле макул болду. Мен конокторду узатып келсем чыныларды ашканадагы раковинага жууп жатыптыр. Аркасынан жамбашы томпоюп, фигурасы өзүнчө эле кишини "бери кел" деп чакырып жаткандай сезилди. Акырын кучактап, анын белинен бекем кыстым. Зарина кичине жыйрыла түшүп, кайра жазыла кетти. Жууп жаткан идиштерин таштаган бойдон уктоочу бөлмөнү карай так көтөрүп кеттим.
Зарина сабактан эле жакшы окубастан, төшөктө да жакшы экен. Анын ар бир назик кыймылынан араң эле чыдап турдум. Кийип алган көйнөгү элдикинен башкача экен, чече албай эсимдин оогонун айт. Зарина акыры мени карап күлүп, көйнөгүн өзү чечти. Денеси ак жана жылмакай экен. Ысык денелерибиз бири-бирине тийишип, мен анын үстүнө чыгып алып өзүмдүн ишимди кыла баштадым. Бир маалда көк бөрүгө түшкөнсүп, денемди тер басып чыкты. Зарина болсо мен кыймылдаган сайын, ар кайсы жеримен жумшак колдору менен кармагылап, өпкүлөп жатты. Ошол учурда тим эле лаззаттын туу чокусуна чыккандай болдум. Ишибизди бүтүп жуунуп келип, кучакташып жатып алдык. Эртеси университетке ээрчишип бардык. Ошол күндөн тарта Зарина менен төшөк кумарына батып келем. Зарина азыр андан да жакшы төшөк кумарын тартуулап, мага абдан эле жакын болуп калды. Бирок, ага үйлөнүү тууралуу оюмда жок.

Элес Турар кызы.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??