п»ї

  Күнсүрөт

"Фүү, сасык! Кантип ушул жерде олтурушат? Ушул да жумушпу?" дешет дааратканада иштегендер жөнүндө. Көрсө, кирешенин баары ушул сасык жерден табылат экен. Чындыгында, даараткана менен бизнес ачуу тууралуу ким ойлоптур?! Кээ бирөөлөр бизнес ачмак турсун, анын ичине араң кирип чыгышат да. Ал эми акча табуунун эч кандай уяты жок дегендей, ким эмнеге жөндөмдүү болсо, ким кайсы тармакты аркалап кете ала турган болсо, ошол кесипти көздөй өзү эле агылат. Кесип эмей эмне дейбиз анан? Акча таап жатса, муну да бир кесип кылып, көп кесиптин катарын толуктайлы. Ооба, ар бир кесип ардактуу эмеспи, үйүңө нан таап келип жаткандан кийин аны ардакташ керек.
Жыргал жашоо элдин чордону болгон базарларда даараткана ачып алгандардыкы окшойт. "Аламедин" базарындагы дааратканалардын биринде олтурган Айбарчын эженин ушул жерде иштеп жатканына беш жылдын жүзү болуптур.

Даараткана - чоң кирешенин булагы…
Айбарчын:
"Кудай ушул тапкан акчамды кут кылсын..."
- Бул даараткана өзүңүздүн менчигиңизби?
- Менчигим эмес, өкмөттүкү. Менчикке чыгарууга акча каражатым жетпейт.
- Ушул кесипти аркалайм деген оюңузда болду беле?
- Кайдан, кызым! Кайсы адам өзүн мындай сасык ишке ыраа көрүп, кимдин эле ушундай жерде олтургусу келсин? Мен жогорку окуу жайын, азыркы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөм. Мамлекеттик жумуштарда иштеп жүрдүм. Анан жумушумдун акчасы бүгүнкү күндүн чыгымдарын актабай жатканынан ушундай кесипти аркалап жатам. Мындай жумушка иштеп баштаганыма көп болду. Бала-чаканы багыш керек да. Алар окушат, мектепте окуса деле азыр көп акча керек болуп калбадыбы.
- Бул жерде олтурганда кызыктуу, же болбосо адамды ирээнжиткен учурлар болобу?
- Ооба, андайы да, мындайы да болот дегендей. Кээ бирөлөр "дааратканага ушундай эле акча болот" деп тытык акчаны ыргытып кетишет. Кээде болсо, ар кандай нерселерди олтурган жерлерине (унитазга) тыгып кетишет. Көбүнчө соткалар, кыздардын чүпүрөктөрү тыгылып калып чыкпай калат. Ошондо сантехникти чакырабыз. Кээ бир учурларда мастар киришип, жуунган жерди (раковина) сындырып кетишет. Өздөрү мас болушса, бизге ким акысын төлөп бермек эле? Андай учурлада бир топ эле чыгымга учурап калабыз. Бир жолу бир мас абалындагы эркек киши даараткананын кыздар жагына кирип кетиптир. Ал жакта бир ажаан аял олтурган экен, аны колундагы сумкасы менен ургулап жатпайбы. Мас дагы унчукпай калбай аларды шатыратып сөгүп… Аялдар жинденген бойдон эле калышты.
- Күнүнө түшкөн кирешеңиз канча сомду түзөт?
- Ар кандай болот. Бир күнү 2 миң-3 миң сом болсо, бир күнү 4 миң-5 миң сомго чейин таап кетем. Орточо эсеп менен күнүнө 2-3 миң болот.
- Ар бир кесип ардактуу болот эмеспи, анын сыңарындай сиз кесибиңизди ардактайсызбы?
- Ардактайм. Акча таап, нан-чайга жетип жаткандан кийин кантип анан ардактабайсың? Кудай ушул тапкан акчамды эле кут кылсын. Жашым өтүп калгандан кийин мени мындан башка кайсыл жумушка алмак эле, андан көрө бул жумушум тынч, олтура берем.
- Ушунча жылдан бери иштеп тапкан акчаларыңызды эмнеге короттуңуз? Үй салдырдыңызбы, же мындан да башка бизнес ачтыңызбы?
- Кайдагы үй? Аны салдырмак турсун башкасына акчам жетпейт. Менин жети балам бар, аларды кийинтем, окутам, тамак ичиш керек, элдердей жашаш керек дегендей. Жети балаңдын бир айлык ичип-жеп, кийгенин эсептеп көр. Бир кызым Америкада окуйт.
- Кышкысын кандай болот?
- Ал мезгилде бир топ эле оор болуп калат. Анткени суулар тоңуп, жарылып кетет. Сантехникти бир жолу чакырсаң 2000 сом алат. Кышкысын анча деле актабай калат. Кээде кышында электр жарыгы өчүп калган күндөр болот. Ошол учурда чырак менен олтуруп калабыз. Ар бир кабинага бирден чырак коюп коём.
Айбарчын эжеден чыгып, андан ары сапарыбызды улантып кетип олтуруп "Дордой" базарына бардык. Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын катарына кирген бул базарда элдин көптүгүнөн баш айланат. Канчалык элдин агымы көп болсо, дааратканалардын саны да ага жараша болот экен. "Дордой" базарынын кийим саткан жеринде эле он бештен ашык даараткана орун алыптыр. Анын үстүнө бул жерге адамдар көп киришет экен. Ал жерде олтургандардын айтуусуна караганда, бул бизнестин түрү кандайдыр бир мезгилге баш ийбейт экен. Анткени адамдар кышында, же болбосо жаз мезгилинде көбүрөөк дааратканага барышып, ал эми жайында барбай койбойт да. Ал эми "Дордой" базарындагы дааратканада кирешенин суммасы "Аламедин" базарына караганда дээрлик эки-үч эсеге көптүк кылат. Бул жактан өзүбүзгө керектүү болгон маалыматтарды алган соң, дагы бир ири базарлардын бири, борборубуздун ортосунан орун алган "Ош" базарынын дааратканалары тууралуу жаза кетели деп, ал жакты көздөй бет алдык.

"Сасыктыгы гана болбосо..."
"Ош" базарында болсо, дааратканалардын саны "Дордой" базарына салыштырмалуу азыраак болуп чыкты. Бул жакта даараткана мезгилге байланыштуу экен. Анткени адамдар жай мезгилинде көбүрөөк соода-сатык кылышса, кышында базарга чыкпай коюшуп алардын бизнесине кичине тоскоол болушат. Канчалык адам көп болуп, соода кылгандар да көп чыгып турса, ошончо көп акча таап кетишет. "Ош" базарындагы дааратканалардын күнүнө түшкөн кирешеси эки жарым-үч миңге чейин жетет. Кээ бир жерлеринде күнүнө үч миң- төрт миңге чейин барып турат. Жумуштары болсо, базар канчада ачылса, ошончодо башталып, кайра базардын жабылышы менен кечки саат алты-жетилерде бүтөт. Ал жактагы дааратканалардын биринде иштеген Анипа эженин айтуусу боюнча: "бул жумуштун сасыктыгы гана болбосо, жанга тынч, башка жумуштардай болуп эки жакка чуркап иштегенди билбейбиз, акчасы да жакшы" дейт. Аракетке - берекет дегендей, аракет кылсаң анан берекесин Кудай берип турат.
Бирок биз ойлогондой ушул түшүп жаткан сумманын баары эле ал жакта иштегендердин чөнтөгүнө түшүп турбайт экен. Чыгаша чыкмайынча киреше кирбейт. Ошол сыяктуу алардын да тапкан акчаларына жараша чыгымдары чыгып турат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??