п»ї

  окумал

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Түрмөдөгү түрмөк каттар
"Салам, Аздек! Кандайсың, ден соолук жакшыбы? Эгер сенде баары жакшы болсо, анда мен чоң кубанычта болом, - деп баштаптыр тамгаларын чоң-чоң кылып, сулуу кол жазма менен жазган кат ээси.
- Билем, сен "м" ны айландыра карап, "бул ким?" деп таң калып жатканыңды. Анда өзүмдү тааныштыра кетсем - атым Дастан. Бул кораблдын ичинде олтурганыма эки жарым жылга карады. Азыр "крыткадамын". Түшүнбөй калсаң керек ээ? "Срок" алып "зонада" жүргөндө "тентек" кылып жибергеним үчүн "крытый системага"- түрмөгө, белгилүү бир убакытка алып келишкен. "Зонага" кайра кетээр күнүмдү санап тынч жүргөндө жан дүйнөмө дүрбөлөң салып кездешип калганың үчүн ойлонуп-ойлонуп бул кат жазылып жатат. Адвокатың келген күнү "продолдон" сени көрүп ээси ооп карап калган жигит менмин. (жылмайып жатам)
Эми Аздек, чынын айтсам, эмне деп жазаарымды да билбей турам. Представляешь, внутри всё бурлит, ажна кипит. Наверное волнуюсь да? А самое главное-такое чувство у меня впервые. Поверь! И ещё я не из тех кто своё любит навязывать. Ошон үчүн көңүлүң каалап, туура тапсаң-жооп күтөм. Болбосо түшүнөм. Эми мен бара турайын, жаныңдагыларга салам айт. Өзүңдү жакшы кара!
с/ ув. Дастан"
Алгач катты аягына чыккыча шашып окусам, экинчи жолкусунда шашылбастан кайра кайталап окуп чыктым. Адвокатым келген күндү эстедим. Биз сүйлөшүп чыккан кабинеттин оозунда колун артына алып, мени теше тиктеп карап калган көк спорттук костюмчан, бойлуу, жүзү кубакай, кой көз жигит көз алдыма тартылды. Ал мени тиктеп карап калганда жаныдагы формачан ага бир нерсе дегендей болгон, экөө күлүп калышкан. Ошол күндү элестетип, дымым чыкпай олтуруп калсам керек. Баятан бери мен жакка улам-улам көз кырын салып ары-бери басып жүргөн Бегимжан кашын кага:
- Ии, "көрбөй-этпей, бири-бириңди тааныбай эле кантип кат аркылуу сүйлөшө бересиңер?" деп калчу элең, эми өзүң алышып баштадыңбы? - деди.
- Жо-ок, мен чын эле тааныбайм. Өткөндө адвокатка чыкканда көргөм дептир го? - актанып айттым.
- Түшүнөм-түшүнөм… Эми жакында сотко чыксаң анда да көрүшөт, хатаңды сурашат, кат жазып туралы дешет. Сен айтпасаң деле дарек- дайыныңды башкалардан сурап билип алышат. Түрмөнүн "общенье-печенье" дегендери башталат, - деп кытылдап күлүп калды.
Өзүмдү ыңгайсыз абалда сезип, бул бейтааныш жигитке жооп жазаарымды, же жазбай коёрумду билбей турганымда Күлкан эже жардамга келди:
- Эгер дароо эле "сүйөм-күйөм" десе, анда түшүнүгү тайкы, жеңил ойлуу бирөө. Ага убактыңды коротуп, колуңду жоорутуп жазбай, сүйлөшпөй эле кой. Баш терисин байкап көр, эгер түшүнүктүү, акыл-эстүү жигит болсо, албетте, сүйлөшүп алаксы. Балким, анын да ичмекейи ичинде болуп, тажап, кимдир бирөө менен сүйлөшүп, моралдык колдоо алып же тескерисинче, көрсөткүсү келип жүргөндүр. Эми өзүң бил, бирок атайын жазса биринчи катына көңүлүн калтырбай жооп жазып кой, күттүрбөй, - деп. Ак баракты кайра-кайра карап "эркектин да ушундай сулуу жазгандары болот экен ээ?" деп таң калып, ойлонуп олтуруп калдым. Түштөн кийин Бегимжандан барак, ручка сурап алып кыскача жооп жазып жибердим. Жакшы сөздөрүнө рахмат айтып, мындан кийин мага кат жазбай эле коюусун өтүнүп жазгам. А бирок ошол эле түнү эки барак толтура жазылган жооп келди. Ошону менен байкалбай биздин кат аркылуу сүйлөшүүлөр, түрмөнүн экинчи кабатындагы бир хатада "общенецим" пайда болду. Андан кат күтчү болдум. Менде эмне жаңылык, ишим эмне болуп жатканын сурап келип аягында күлдүрүп жазат. Анын катын жөн эле окуп коюу мүмкүн эмес. Кадимкидей көңүлүң көтөрүлүп калат. Сотум болгонго чейинки эки ай аралыгында түйшүктүү күндөрүмдү жеңилдетип, мага ийгилик, эркиндик каалап жазган Дастанды жакын бир адамымдай кабыл алып калдым.

"Салам, салам!
Кандайсың Аздек?! Шашып билгим келген ден соолук, ал-акыбалың жакшыбы? Как настроение на сегодняшний день? Надеюсь, у тебя всё в ёлочку да, чему я буду только рад за тебя. А менде баары ойдогудай эле. Ден соолук гана анча-мынча болбой, азыр "гемодез" алып жатам. А сен оорубай элесиңби, если что мага айт, макулбу?! Я та за тебя переживаю, душою. Ты та моя подруга. Сен эртерээк эле эркиндикке чыгып бул күндөрдү бир көргөн жаман түштөй унутуп калышыңды каалар элем. А бирок мени унутуп койбо, ээ??? Я тебе скажу одно, "не открывай всякому человеку своего сердца, чтобы он дурно не отблогадарил тебя". Понимаешь?!. Даже друга надо уметь находить. Говорять же, если хочешь приобрести друга, приобретай его по испытании, и не скоро вверяйся ему. Короче, ты поняла да, о чём я? Если нет, то интересуйся, ладно.
Ишенсең, сенден кат алган сайын өзүнчө эле майрам болуп калды. Кадимкидей күтчү болдум. Эгерде кийинки жумаларда "этап" болуп калса "зонага" кетип калышым мүмкүн. Бараарым менен сага жазып жиберем сөзсүз. Сен айткандай экинчи "тентек" кылбайм. Сен дагы өзүңдү жакшы карап, чыгып кет. Эгер кокус "срок" алып калсаң капаланба, коркпой жаша. От судьбы не убежишь, родная. Ар кайсы шайтандарга кошулбай, өзүңдүн душаңа жаккан кыз менен "хлебка" болуп жашап эртерээк бошоп кетишиңди каалайм. Укту! А баса, мен сенден сурайын дебедим беле… Аз-д-е-ек, сен жаман нерсе употреблять кылбай элесиңби? Ыя?! Ийне-пийне дегендей?.. Смотри, у меня получишь, урушам анан!
Ой-ой-ой, и откуда ты вообще свалилась! Ойдо жокто орун алып жүрөктөн дегендей… Билбейм-билбейм… и почему так судьбе угодна было да, лучще бы мы с тобой на свободе встретились бы, тогда всё было бы иначе. Же балким, сырттан кезигишпейт белек, ким билет ээ?! Мурун камактан тажап кеткиче шашсам, эми сенден кетким дагы келбей калды. Аябай сагынаарымды эми эле сезип турам. Чын! Жөн эле сөз деп жазып душамды оорута бергенде эмне. Түрмөдө олтуруп сендей дос күткөнүмө бактылуумун. Оюмда кыялданып коём, сенден биринчи бошоп кетсем сага свиданиеге барсам кандай сюрприз болот эле, ээ деп…
…Запомни, какое будет у тебя общество такой и будешь ты. Чөйрөңө карап жакшы жүр. Өзүңдү кара, деп саламым менен баягы эле Мен."




  Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Экөө сүйлөшүп жатышат:
- Жакында сенин алтын тоюң да, аялыңа кандай белек кылуу тууралуу ойлондуңбу?
- Жакшы эстеттиң, күмүш тоюбузда аны апасыныкына алып барып койгон элем, барып алып келет окшойм…

- "Поле Чудеске" резина чыгарган фабрикадан бирөө-жарым качан келет деп чыдамсыздык менен күтүп жүрөм.
- Якубовичке презерватив берет деппи?
- Жок, аны кийгени кызык болуп жатат.

Машыктыруучусу боксчуну сооротуп жатат:
- Бирок үчүнчү раундда сен атаандашыңды жаман коркуттуң.
- Кантип?
- Ал сени өлүп калды деп ойлоду.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??