п»ї

  Обон почта

ОП-86-01. Бишкекте Ала-Арча базарындагы СТОдо иштеген байкем Уланга салам. Улан байке, ишиңизге ийгилик, ден соолук жана бакыт каалайм. Иниңиз Мирлан.
ОП-86-02. Атыраудагы кыргыздарга салам жолдойм. Аман болгула, бар болгула. Мирлан.
ОП-86-03. Т.Адыранов атындагы орто мектебинин мугалими Мамбетакунова Нурзада эжеге салам. Мека.
ОП-86-04. Ноокат районунун Борко айылынын 90-жылкы балдарына салам жолдойм. Аман болгула. Атыраудан Мирлан.
ОП-86-05. Жеңеме менден жалындуу салам. Мека.
ОП-86-06. Мээримка, садагасы, сага супер салам. Ийгилик коштоп турсун. Бар бол. Жеңең Айжан.
ОП-86-07. Чыңгыз Мырзаев, дайыма күлүп турчу,/ Жадырап сүйүп турчу./ Ар качан радиодо,/ Таң атпай сайрап турчу. 07007068ХХ.
ОП-86-08. Кыргызча тактык -5 мүнөт эрте, супер кыргызча тактык - 10 мүнөт эрте, убагында келүү - немисче тактык.
ОП-86-09. Онтоосу жок ооруган,/ Дартка билбей кабылдым./ Түнү бейпил уктасам,/ Эми уйкумдан айрылдым./ Кыла албай бир айла,/ Өзүңөргө кайрылдым./ Көтөрө алаар бекенмин,/ Көңүлүмдө кайгымды,/ Барктай алчу жанмынбы,/ Сүйүү деген асылды. 07734954ХХ.
ОП-86-10. Салам Алматы! Улан, жаным, өтүп кеткен туулган күнүң менен! Мен сени дагы деле сүйөм. Д...
ОП-86-11. Чыңгыз ага, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар дайым бар болуп, жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Чыңгыз ага, менин талантым бар, ырчы болсом деп тилеп келем. Сизден суранаарым, мага жардам бере аласызбы? Назик.
ОП-86-12. "Обондун смсчилери, келгиле, достошобуз. 0773860344 номерине смс жазгыла. Назик.
ОП-86-13. "Обондун" смсчилери жана окурмандары менен таанышам. 0777303464 номерине смс жазгыла. Маяк бермей жок. Замана93.
ОП-86-14. "Обондон" таанышкан досторум Ангел Асем, Азамат, Ислан, Канияр, Мухит, ай чырайлуу кыз Айзирек жана сүйүктүү эжелерим казак кызы Амангүл, Нуриса, силерге чексиз бакыт тилейм. Жаным менен Замана93.
ОП-86-15. "Обондун" окурмандары, келгиле, оюңарды ортого салгыла: Кайсы ырчынын эмнеси жакпайт? Эмнеге? деген суроолорго өз пикириңерди жазгыла. Мүмкүн алар ошол кемчиликтерин жойгонго аракет кылышаар. Динара.
ОП-86-16. Досум Нурзаттын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым бар бол. Жаным менен Замана93.
ОП-86-17. Алматылык Амангүл эже жана Ислан, кандайсыңар? Ден соолугуңар жакшыбы? Ылайым Кудайым соодаңарды берсин. Силерди терең сыйлаган жаным менен Замана93.
ОП-86-18. Сүйкүм жүзүң сүйдүрдү го адамды,/ Кадалдым да көздөрүңө ошол бойдон калдымбы./ Сени сүйгөн жалгыз жүрөк толкундайт,/Жакын келип назик өпсөң эрдимди. Фея.
ОП-86-19. Өзгөн районундагы Курманжан Датка мектебинин 10-"б" классынын окуучусу жана сулуусу досум Нурзатты 30-сентябрь туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Кыргыздын бактылуу кыздарынын бири бол. Сени менен сыймыктанам. Жаным менен досуң Замана93.
ОП-86-20. Сүйүүнү сүйө бербей шартын билгин,/ Сүйгөн соң сүйгөнүңдүн баркын билгин./ Кызыкпа сырт көрүнүш сымбатына,/ Адамдын жан дүйнөсүн кошо билгин. Фея.
ОП-86-21. Урматтуу "Обон", Арстанбек Абдыманов тууралуу макала жазыңыздарчы! Ал супер ди-джей болчу, радиодон сүйлөбөй калды го. Акылбек.
ОП-86-22. Менин саламым көп жылдан бери көрө элек досум Саматова Чынарага жолдонот. Чынара, ушул смсти окуп калсаң газетага номериңди жазчы?! Сенин дайыныңды көптөн бери издеп таппай келем. Сени сагындым, канча балалуу болдуң? Жашоо кандай? Алматыдан классташың Роза.
ОП-86-23. Назгүл Насиевага: Ардактайм сизди эжем деп,/ Ар дайым ден соолукта болсун деп./ Дайым каалап келемин,/ Бул өмүрдө бактылуу өмүр сүрсүн деп. Көз уялткан сулуулугуңузга эч качан көз тийбесин. Арзыш92.
ОП-86-24. Жаным Болотту 27-сентябрь өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Жаным, ар дайым бар бол, бактылуу бол. 8702965292 номерине чалып тур. Мен сени дагы деле сүйөм. Сүйгөнүң.
ОП-86-25. Чыңгыз Мырзаев, жасаган эмгегиңдин үзүрүн көрүп, бакытка балкып өмүр сүр. Кани.
ОП-86-26. Чыңгыз байке, дениңизге сактык, дилиңизге актык, көңүлүңүзгө шаттык, өмүрүңүзгө жаштык, жарык маанай жана "Алтын комуз" конкурсунан "Эң мыкты ди-джей" аталышыңызга тилектешмин. Фанаткаңыз Гүлзина.
ОП-86-27. Ассалому алейкум, кыргыз калкым жана супер смсчилер, келгиле, таанышабыз. Атым Жазгүл.
ОП-86-28. Салам "Обондун" супер смсчилери Фея, Ангел Асем, Билал козу, Мухит, Арзыгүл, Таир, Анара, Замана93, Совет, Кушу Сынчы, баарыңарга кааларым бир колуңардан байлык, бир колуңардан бакыт кетпесин. Жаным.
ОП-86-29. Айя, сенин ырларың аябай маанилүү экен. Чыгармачылыгың өркүндөй берсин. Жаным.
ОП-86-30. Элнура, Гүлзинат, Жибек, Чынара, Элзада, силер суперсиңер!
ОП-86-31. "Обондун" смсчиси Жан Ябин, эмнеге телефон чалбай калдың? Ангелина.
ОП-86-32. Жаратканым жалпыбызга жар болсун. Ар бирибиздин кетирген күнөөлөрүбүздү кечире көр, Кудай! Жаным.
ОП-86-33. Назгүл Насиева эжеке, ар дайым бар болуңуз. Азыркыдай жаш, тайманбас болуп жүрө бериңиз. Талантыңызга таазим этемин. Чыгармачылык ишиңиз өркүндөй берсин. Сизди урматтаган, сыйлаган жана жанындай жакшы көргөн күйөрманыңыз.
ОП-86-34. Урматтуу атам Алимбайды 27-сентябрь, апам Мээрканды 25-сентябрь туулган күндөрү менен куттуктайм. Такыр оорубаңыздар. Уулуңуздар Ильгиз.
ОП-86-35. Кара-Дөбө айылындагы Өмүрбек 91ге салам. Окууларыңа ийгилик, ден соолук каалайм. Бактылуу болуң. Ар дайым мага "Обондун" жаңы санын ала келиңиз. Карындашыңыз Арзыш92.
ОП-86-36. Гуля, Бекуля, мен силерди жакшы көрөм. Мен Шайырбек Араповду аябай сыйлайт болчумун. Бирок кастинг жарыялап үйлөнүп жатканын укканда аябай жиним келип, болгон сый-урматым өчтү. Шайырбектин кылган иши кыргыздын менталитетине туура келбейт. Сиздер эмне дейсиздер, окурмандар? Элка.
ОП-86-37. Биздин саламыбыз апабызга. Апа, сизге кааларыбыз чың ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт, Ар дайым балдарыңыздын төрүндө сый-урматын көрүп жүрө бериңиз. Кыздарыңыз Эльвира, Нуркыз, балдарыңыз Нурбек, Айбек.
ОП-86-38. Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылына, өзгөчө 1986-жылкы досторго салам. Эрмек.
ОП-86-39. "Болашактын" 7-катарынын 107-контейнеринде иштеп жаткан жаныма сагынычтуу салам. Куса болом, жаным сени сагынып,/ Ак сүйүүгө чексиз калдым багынып./ Көргүм келет Айдай тунук жүзүңдү,/ Ар убакта жан эркем деп кайрылып./ Жа-аным, сени аябай сагындым. Оштон Аселиң.
ОП-86-40. Миша, жүрөсүң кайда алыстап,/ Таппаймын издеп аныктап./ Айтпасаң дайыныңды анык, так,/ Аселиң баратат абдан арыктап. Асел.
ОП-86-41. "Обондун" супер окурманы Совет агатайыма супер жалындаган ысык саламымды жолдойм. Совет байке, ар дайым ата-энеңиздин, жакындарыңыздын бешенесинде күлүп-жайнап аман жүрүңүз. Сизди агам катары сыйлайм. Терең ыраазычылыгым менен карындашыңыз Ангел Асем.
ОП-86-42. Сүйүктүүм Миша, сени менен таанышкан күн дале болсо эсимде. Сага кантип арбалып калганымды түшүнбөйм. Сенин атыңды укканда өзүмдү коёрго жай таппай калам. Оштон Аселиң.
ОП-86-43. Казакстанда иштеп жаткан ала-букалык досум Манапты издейм. Манап, эгер ушул смсти окуп калсаң 0556781208 номерине байланыш. Досуң.
ОП-86-44. Супер смсчилер, баарыңарга салам. Өзгөчө казак кызы Амангүл, бар бол, ушунуңдан жазба. Молодец, таш менен урганды аш менен ур. Леди Гуличкага теңелбе. Нурка.
ОП-86-45. Жылдыз менен күйөрмандын ортосундагы көпүрө, алысты жакын, ачканы ток кылган эң сүйүктүү гезитибиз "Обондун" жалпы жамаатына, окурмандарына жана смсчилерине ысык салам. Менин сүйүктүү курбу-досторум Барби, Табигат сырдуу Алтынай, Адилет, Бакай байке жана башка смсчилерге да салам. Макуся.
ОП-86-46. Мен Ильяз Абдыразаковду бир тууган агамдай жакшы көрөм жана ырларын сүйүп угам. Ильяз байке, булбулдай үнүңүз эч качан өчпөсүн. Талантыңызга таазим! Оштон күйөрманыңыз.
ОП-86-47. Салам Эляр, сенден сураныч, экинчи мага звонок кылбачы?! Сенден тажаган кыз.
ОП-86-48. Россияда иштеп жаткан ноокаттык досум Нурикти жана анын укаси Эрмекти издейм. Нурик, ушул смсти окуп калсаң, мага байланыш. Сени аябай сагындым. Оштон досуң Асел.
ОП-86-49. Жаным Миша, билесиңби, мен азыр каяктамын? Жок, ал жакта эмес! Эмне үчүн мени уюлдук телефонуңдан издеп жатасың? Мен дайыма сенин жүрөгүңдөмүн. Оштон жаның Асел.
ОП-86-50. Жаным Миша, эгер сен 100 жыл жашасаң, мен 99 жыл жашагым келет. Анткени сенсиз таптакыр жашай албайм. Оштон Аселиң.
ОП-86-51. "Делмар" тобу жок болуп кетти го. Мен аларды сагындым. Качан жаңы ырлары менен чыгышат экен? Күтөм. Нурпери92.
ОП-86-53. Тайгараевдеги досторум Феру, Жаку, Наку, Ули, Айкаларга салам жолдойм. Студенттик күндөр ойдогудай өтүп жатабы? Нурпери92.
ОП-86-54. Нурзия, мен сени сүйөм, жаным. Жакында барам. Руслан kz.
ОП-86-55. Менин Азаматигиме салам. Бултускам, мен сени сүйөм. Мадинка.
ОП-86-56. Бай болсом кана эми Кудайым,/ Кудай сенден кичине байлык сурайын./ Балдарым менин ачка калды го,/ Ырыскың берчи, балдарымды багайын./ Э.Дима.
ОП-86-57. Сулуу кыз Фея, татына кыз Красотка, жаным деп сыздаган Ангелина, бар болгула ар дайым ай ааламда. Кукла.
ОП-86-58. Амангүлгө салам айтам. Сени менен тааныша электе "мынча бекерчи кыз? Кыларга иши жок эле отуруп алып смс жаза берет" деп ойлоптурмун. Жаңылышыпмын. Сага таң бердим. Үйдүн улуусу болуп бардык түцшүк моюнуңда болсо да баарына жетишет экенсиң. Сен келечекте кыздарга үлгү болуп жүр. Терең урматтап Айгөлөк.
ОП-86-55. Салам Жаным! Сага да бардык жакшылыктарды каалайм. Ушунуңдан жазба. Амангүл.
ОП-86-56. Урматтуу Мурдалиев Дилшат, сиз суроого толук жана туура жооп бердиңиз. Куттуктайм! 99 бирдик сиздики! Урматым менен Амангүл.
ОП-86-57. Зуля, рахмат! Бар бол, бай бол. Амангүл.
ОП-86-58. Казакстандык "актив" абоненттерге суроо: "Конфигурация" сөзүндөгү тамгалардан ар түрдүү, эң көп сөздөрдү тапкан абонентти 99 бирдик күтүп турат. Жоопту 077016256321 номерине жазгыла. Амангүл.
ОП-86-59. Э.Дима, мен капа болбойм го. Чындап сен акылдуу, ыймандуу жигитсиң. Сени менен таанышканыма кубанычтамын. Амангүл.
ОП-86-60. Урматтуу "Обондун" коногу Сема, сизге ден соолук, бакыт, чексиз сүйүү, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Сиздин Кундуз менен дуэт аткарган "90-60-90" ырыңыз абдан жагат. Бирок ырды түркчөдөн которбой, өзүңөр жазсаңар болмок. Күйөрманыңыз Амангүл.
ОП-86-61. Ааламда эмне кенен, суу кенен,/ Суулар терең, өмүр кенен, жашоо деген./ Жаштыкты өткөрөлү, барктайлы,/ Өтөт өмүр биздин көз ирмемибиз менен. Айгөлөк.
ОП-86-62. Таалай, тамашалап айтсаң да оюңдагыны айткан окшойсуң, а? "Жакшы көрөм" дебей анан "жаман көрөм" деп жазалыбы? Балдар аз жазат дейсиң, силер да жазгыла. Же жазсаңар бирөө капа болобу? "Обондун" смсчи кыздары супер кыздар, аларга сөз тийгизбе. Аман бол, бар бол. Амангүл.
ОП-86-63. Легенда2, Армада братишкаларга, Мадра досторума, Шаман, Легенда, Пантера братандарга салам. "Өлсөң бирге өл" дегенди унутпагыла. Э.Дима.
ОП-86-64. Фея, сиздин ырларыңыз мага аябай жагат. Жагымдуу жана кызыктуу жазасыз. Эч качан талыкпаңыз, сиз суперсиз! Андижан.Д.
ОП-86-65. Амангүлгө жооп: Сүйүү деген ой жеткис ыйык, кол жеткис бийик жана өтө назик болот. Сүйгөнүңдү көргөндө ушунчалык сүрдөйсүң, бетине караштан да уяласың. Ооба, жашоодо чын сүйүү бар, ал бир гана жолу келет. Андижан.Д.
ОП-86-66. Айпери, мен сени сүйүп калдым. Сен үчүн кышында да роза гүлүн таап берем. Сүйөм деш оңой эмес. Мен сага түбөлүктүү жигит болсом дейм. Сырдуу жигит.
ОП-86-67. Менин саламым Ала-Тоо совхозунун бардык тургундарына жолдонот. Өзгөчө Бүркүтбаевдердин тукумуна жана Раатбекке. Мен бардыгыңарды сагындым. Макуся.
ОП-86-68. Жетимдин арманы: Ыйлаймын апа, мен сизди эстеп,/ Айткылачы, апам качан келет?/ Таштап салып кетип калдың,/ Айтчы, апа, эмне себеп?/ Ыйлай берип көзүм кургап,/ Бир күн барам сизди сурап./ Мени таштап кетип калдың,/ Мен да кетем сизди туурап./ Неге кеттиң мага айтпай,/ Эми сенсиз ырлар жазбайм./ Алып кетсең болбойт беле?/ Бул жашоодо мен да калбайм. Э.Дима.
ОП-86-69. "Обондун" супер смсчилери, ырыс алды ынтымак! Мая.
ОП-86-70. Бактыгүл Бадыева, сиз суперсиз, сизге эч ким жетпейт. Талантыңыз өркүндөй берсин. Күйөрманың.
ОП-86-71. Азамат, сени сүйбөйм, жабышпачы, суранам! 07706547ХХ.
ОП-86-72. Ош шаарындагы Бирлешкен айылына чоң салам. Мая.
ОП-86-73. Мен эч жакка жоголгон жокмун, маймулум! Мен да сени сагындым. Арзуу90.
ОП-86-74. Сүйүктүү сиңдимди келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм жана Токтогулда жашаган атам Рахматулла, апам Зульфияга жана сиңдилериме ысык салам. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Токтогулдан кызыңар Исраилова Хамида.
ОП-86-75. Токтогул районундагы Токтогул мектебине жана сүйүктүү 8-"в" классына салам жолдойм. Жакшы окугула. Силерди урматтаган классташыңар Исраилова Хамида.
ОП-86-76. Менин сүйүктүү жана терең урматтаган кумирим Мирбек Иманбеков, сизге ысык салам. Ишиңизге ийгилик каалайм жана эч качан оорубай, аман-эсен жүрүңүз. Токтогулдан күйөрманыңыз Аиза.
ОП-86-77. Супер саламым "Обондон" тапкан досторум Макуся, Меришка, Гүлшан, Барби, Кербен Куба, Канжар, Хан-Шай, Абда, Айдана Анту, Айдеми-Айка, Ангел Асем, Жака Жазгүл, аты көптөн бери аталбай калган адеми кыз Кунчуайпери, Назика, Фирдаус, Табигат сырдуу Алтынай, Аку, Сасионага жолдонот. Достор, кайда жоголдуңар? Айгөлөк.
ОП-86-78. Менин сүйүктүү ырчым Султан Садыралиев байкеге салам. Кааларым чың ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик, арчадай жаштык, музыкадай шаттык жана кыргыздын атактуу жигиттеринен болуп жүрө беришине тилектешмин. Зыйнат.
ОП-86-79. Супер смсчи айым Феяга жалындуу ысык салам. Бар бол, алтышкам! Гуля Жалал-Абад.
ОП-86-80. Көлдөгү Саруу айылына, өзгөчө кайындарыма ысык салам жолдойм. Баарыңарга ден соолук каалайм. Биби.
ОП-86-81. Бактыгүл Бадыева, алга! Мая.
ОП-86-82. Нургиза, Мирбек, ден соолугуңар жакшыбы? Кызыңар чоңоюп калдыбы?
ОП-86-83. Кең-Арал айылына салам. Атам Чотон, апам Акинге, бир туугандарыма салам. Буюрса, жакында барам. Жакшы тургула. Биби.
ОП-86-84. Өзүмдөн улуу кишини жактырып калдым. Эмне кылайын, айткылачы? Аны көргөндө башкача боло берем. Кеңеш бергилечи?! Сырдуу кыз.
ОП-86-85. Ала-Бука районундагы Н.Орозалиев мектебин 2006-жылы бүтүргөн 1988-жылкы классташтарыма жана класс жетекчим Гүлназ эжейге салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Кайда жүрсөңөр да ден соолугуңар чың болуп, бактылуу болгула. Оштон классташыңар Бакытжамал.
ОП-86-86. Жаным Марат, сени сагындым. Унутам деп унута албадым. Мени кечир! Зарина.
ОП-86-87. Ай сымал сулуу, атагы ааламга аталган, жүрөгү таза, патриотка, күчтүү, тайманбас... Бул ким? Бул албетте, продюсер Назгүл Насиева. Күйөрманы.
ОП-86-88. Назгүл Насиевага арналат: Мен сизди асман сымал бийик тутам,/ Сиз жөнүндө көп сүйлөймүн, ырлар жазам.Чыгармачылык ишиңизге ийгилик. Күйөрманыңыз.
ОП-86-89. Менин эң акылдуу, ыймандуу, боорукер укам Дастандын 1-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Алтыным укам, ылайым өмүрүң узун болсун, башыңа балбылдаган бакыт консун! Келечекте кыргыздын чыгаан уулдарынан бол. Сен басуучу жолдор ар дайым ачык болсун. Алла Таала ырыскысынан куру калтырбасын. Сени жакшы көргөн эжең Айзирек.
ОП-86-90. Астана шаарында иштеген бардык жигиттерге салам. Астанадан Нурила.
ОП-86-91. Астанадагы "Андижан" базарында иштегендерге жана мамам Айнурага, папам Курбанга ошондой эле мени тааныгандарга чоң салам. Астанадан Нурила.
ОП-86-92. Бибинур, мен сени чексиз сүйөм. Бактыма бар бол, жаным! Талас.
ОП-86-93. Турмуш - бул театр. Бирде оң, бирде терс каармандын ролун ойнойбуз. Кызыгы, анын жазуучусу да, куруучусу да өзүбүз. Алина-Ош.
ОП-86-94. Назгүл Насиева эже, Жараткан жашооңузга жакшылыгын жазгандан жадабасын! Жарыкчылыкта жадырап-жайнап жанып жүрүңүз! Күйөрманыңыз.
ОП-86-95. Бетке айткан сөздүн зары жок эмеспи, мен айткан сөздөр кимге катуу тийсе, кечирип коюңуздар: каным, жаным, алтыным, сасыгым, күчүгүм, маймылым.. сыяктуу сөздөрдүн кимге, качан туура колдонуунун эрежесин билбейбиз. Айрыкча жаным деген сөздү ар бир экинчиси колдонот. Качан кыздар бири-бирин жаным дешчү эле? Кыргызым деп күйгөн, кыргыз тилим деп жүргөн кыпкыргыз кыз Гуля88.
ОП-86-96. Урматтуу "Обон" гезитинин жалпы жамааты, сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен бирге ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап кетем. "Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын авторунун дарегине да жылуу сөздөр болсун! "Обондун" супер смсчиси Гуля88.
ОП-86-97. Мугалимдер майрамы менен ардактуу мугалимибиз, сүйүктүү класс жетекчибиз Оморкулова Урият эжейди чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сизге эң биринчи өмүрдүн гүлү ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалайм. Талыкпай иштеп жүрө бериңиз. Ошондой эле жалпы Мамбеталиев мектебинин мугалимдерин, бизге талыкпай билим берген бүткүл Кыргызстандагы мугалимдерди куттуктап, иштерине ийгилик каалайм. Зуля.
ОП-86-98. Эң эле шайыр ди-джей Чыңгыз Мырзаев, 30-октябрь күнү болгон "Кумир менен баарлашуу" рубрикасында өзүңүздүн жөнөкөйлүгүңүздү, адамгерчилигиңизди, туруктуулугуңузду дагы бир жолу далилдедиңиз окшойт. Ар дайым ушунуңуздан жазбаңыз. Радиодо ар дайым тунук эфир, өзүңүзгө эки дүйнө бактылуулукту каалайм. Фан-угарманыңыз Гуля88.
ОП-86-99. "ДДЭ" - Алина+Лиза+Айка+Геша+Таны=жандай жакын достор. Силерди ушунчалык жакшы көрөм! А...
ОП-86-100. Э.Димага азыраак тийишкиле. Э.Дима, сен аларга тең эмессиң, тийишпей эле койчу?! Амангүлдү билбейм, Леди Гуличкага анча-мынча жетишпейт экен. Астанадан бейтааныш эгиз кыздар.
ОП-86-101. Алматынын "Ялян", "Жетисуу" базарында иштегендердин баарына салам. Мунара.
ОП-86-102. Азыркы заман кошоматчылардын заманыбы, же биз, кыргыздар комплиментке бай болуп кеткенбизби? Кары-жашы, кызы-баласы дебей "жаным" деген сөзгө өтө эле бай дейсиң! Гуля88.
ОП-86-103. Төөлөс айыл өтмөтүндөгү Салиева айылынын жалпы тургундарына салам.Айылымды аябай сагындым го...07773046ХХ.
ОП-86-104. Кабак бүркөп капаланба,/Бул күндөр да өтөт-кетет,/ Ишене бер эртең эле,/ Сен күткөн бактылуу күндөр келет. Акылкүрөңчач.
ОП-86-105. Жамалы жаркып тийген күн сымал, суктанткан айыл жигиттерин бир сулуу бар. Жылмайса беттен нур чачыраган, дени сак, жүрөгүнүн согушу өз нугунда. А бирок ал сулуу ажыраган эс-акылынан. Ар бир таңдын атышы, күндүн батышы ал үчүн маанисиз, башкалардай жашоонун ал үчүн кызыгы жок. Үзүлбөгөн үмүттүн шооласынан, тынымы жок жүрөктүн урушунан кол үзө албай жашап келет. Айткылачы, туугандар, бири кем дүйнө деген ушул беле? Гуля88.
ОП-86-106. Алтындай апам Диларамды аябай сагындым. Апа, атам экөөңөрдүн мага болгон ишеничиңерди актаганга аракет жасайм деп сөз берем. Махмуд, Гулин экөөңөр апамдын айтканын кылгыла, жакшы окугула. Силерди сагынып Алина.
ОП-86-107. Ылдыйда жөлөк, Өйдөдө өбөк болгон менин эң жакын курбум Нурзат90го: Ата-эненин акылдуу кызы болгун,/Сенин ийгилигиң ата-энеңе кубаныч болуп койнуна толсун./ Досторуң сени баалашсын,/ Сен тарапка болгон жылуу сөздөр ашып-ташсын./ Кыргыз элим сени менен сыймыктансын,/ Бир туугандарың сени менен мактанышсын./ Жүзүңдөн эч качан жылмаюу кетпесин,/ Жамандык эч кууп жетпесин./ Бар бол, бактылуу бол деп досяң Гуля88.
ОП-86-108. У.Салиева мектебинде окуп жаткан, Карагечитте жашаган, жанымдан да артык көргөн досум Феяга cагынычтуу саламымды жолдойм. Сени менен сыймыктанам. Бактыма бар бол. Сени аябай сагындым. Оштон Алина.
ОП-86-109. Алматыда иштеген кыргыздардын баарына салам. Силерди сыйлаган Айпери92.
ОП-86-110. Казак кызы Амангүл, кыргыз кыздардан дос күтөм дейсиң, а эмнеге сен бизди кемсинтип сүйлөйсүң, казаныбызга аш, баштыгыбызга тыйын салып бергенсип?Биз өзүбүздүн мээнетибиз менен жүрөбүз. Ойлонуп жаз. Афоня.
ОП-86-111. Кыргыздын периси, сырдаш досум, ширин сиңдим Зуляга салют! Сени менен таанышканыма аябай кубанычтамын. Сени ажайып дүйнөгө алып келген ата-энеңе рахмат. Сенин жакшы көздөрүң жүрөгүмдү жылытты. Эх, кандай бактылуу адаммын ээ? Мени сыйлап, мага ысык мамиледе болгон бардык кыргыз элиме ыраазычылык! М-махх! Казак кызы Амангүл.
ОП-86-112. Жашоого жаралабыз бир жолу,/ Узун жолдо адашабыз канча жолу?/ Адашпай туура жолдо кетсек болмок,/ Эх, чиркин, адаштык биз канча жолу? Айгөлөк.
ОП-86-113. Жаным Даир, сени менен түбөлүк бирге болгум келет. Дайыма сени сыйлаган алтының.
ОП-86-114. Кенжегүл дося, маймылым, мени кечир. Сени таарынтып алганыма өкүнөм. Сени сагындым, асылым. Ишенген жалгыз досумдан айрылгым жок. Сенсиз көңүлүм аябай ооруп жатат. Кечир, маймылым! Досяң Амангүл.
ОП-86-115. Кубулжуп күндөр өтөт билинбестен,/ Эсте калат кулпуруп күлгөн кездер./ Жашоого бир келип кеткен үчүн,/ Кубаналы ар бир көргөн күнүбүзгө. Окурмандар, смсчилер, баарыңардын жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Айгөлөк.
ОП-86-116. "Бекжан" базарында иштеген кошунам Гүлзинага салам жолдойм. Гүлзина, иштериңе ийгилик каалайм. Мен сени дос катары жакшы көрөм деп Жыргалбек.
ОП-86-117. Жаңыдан таанышкан ыймандуу кыздар Фея, Гузелге салам жолдойм. Силер келечектин кыздарысыңар. Эч артка кылчайбай, дайыма алга! Терең урматтоо менен Айгөлөк.
ОП-86-118. Сүйүктүү байкем Семага салам жолдойм. Сема, биз айылдашыбыз, жердешибиз деп сиз менен сыймыктанабыз. Сизге каалоолорубуз түгөнгүс. Иниңиз Жандос.
ОП-86-119. Саламым эжем Арапат, жанында иштеген Кундуз сулуу менен Айдана кайсарга жана менин жанымда иштеген Марат красавчикке жолдонот. Бар болгула, бай болгула. Сүйүүдө эч кор болбогула. Айгөлөк.
ОП-86-120. Салам Алмагүл! Ишиңе ийгилик. Таанышканыма кубанычтамын. Ар дайым шайыр-шамдагай болуп, жашоонун балын татып, ачуусуна кол тийгизе көрбө. Айгөлөк.
ОП-86-121. "Обонду" окуп тажабагандарга, смсчилерди сынагандарга супер салам. Айгөлөк.
ОП-86-122. Луизага: бир нерсени өз башыңдан өткөрмөйүн ал нерсени түшүнүү кыйын деп коёт го. Гуля88.
ОП-86-123. Менин саламым "Обон" аркылуу мага салам жолдоп жаткан курбу-досторума, сүйүктүү сиңдилериме жана замандаштарыма жолдонот. Кайсыл жерде болбосун аман болгула. Терең урматтап Гуля88.
ОП-86-124. "Болашак" базарынын 11-12-катарында иштеген менин сүйүктүү эжелерим Калыс эжеге, Дарыгүлгө салам. Соодаңар болсун. Жаку.
ОП-86-125. Чымкентте иштеген сиңдим Замира, Кара-Кулжадагы атам Кубат, апам Чолпон, силерди октябрь айындагы туулган күнүңөр менен куттуктайбыз. Узун өмүр, ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайбыз деп Барс.
ОП-86-126. Урматтуу Эламан, сизге эми кандай түшүндүрсөм болот? Сизди сүйбөйм, анан жөн эле сүйөм деп жазалбайм. Мен эч кимди сүйбөйм, анткени, сүйүүгө ишенбейм. Мен ата-энемди сүйөм. Сиз капа болбоңуз. Урматым менен Амангүл.
ОП-86-127. Салам Эмил! Мени кечир, сага айта берип чарчадым. Мен сен ойлогондой кыз эмесмин, акча, машина, мансап десе кете бергидей. Мен бир гана жигитимди жакшы көрөм жана ага ишенем. Сен ойлойт окшойсуң, акчага баарын сатып алса болот деп. Адашасың. Акчага сатып алса болот, бирок, мени эмес. Түшүнөсүң деген үмүттөмүн. Элка.
ОП-86-128. Жанусь Роза, Гуля88, Нурзат90, салам! Кайда жүрөсүңөр көрүнбөй? Айгөлөк.
ОП-86-129. Сема байке, ушул күндү кабыл алган укукту,/ Бул сиз үчүн кандай дейсиз, укукпу?/ Далай адам өз тилдерин унутуп,/ Эми гана таап алышты учукту. Жубайыңыздын, кызыңыздын, уулуңуздун бактыларына бар болуңуз. 05567478ХХ.
ОП-86-130. Оштогу ДДЭ колледжинде окуган Жаным Айканы 1-октябрь ушул жарык дүйнөгө келиши менен куттуктайбыз. Сага кең келечек, ачык асман каалайбыз. Ата-энеңдин кубанычы, жакындарыңдын сүйүнүчү болуп жүрө бер. Алин, Эли, Г., Т.
ОП-86-131. Асан кайгы, туура айтасың, жөнөкөйлүк бул адамдагы эң жакшы сапаттардын бири эмеспи! Гуля88.
ОП-86-132. Ойлон жаным, жан ойлоого жаралган,/ Сени ойлоо кан-жаныма таралган./ Эстебейт деп ойлобогун жан эркем,/ Эгер билсең мен сен үчүн жаралгам, жаным! Фея.
ОП-86-133. Жүзүңөрдөн күлкү кетпесин,/ Жылдызыңар жанып өчпөсүн./ Жадырап-жайнап жүрө бергиле,/ Кыргыз элимдин майңдайында "ЗАМ" аталып. "ЗАМ" командасынын жалпы мүчөлөрү, бар болгула. Зайка.
ОП-86-134. Сүйүктүү командам ЗАМ командасына: Оңой эмес жалпы журтка таанылыш,/ Оттой күйүп алоолонуп жалындап./ Айтылып кал кылымдардан кылымга,/ Ала-Тоонун сууларындай шарпылдап. "ЗАМ", дайыма алга! Зайка.
ОП-86-135. Папандыктар менен жапалактыктарга салам жолдойм. Ар дайым бар болгула. Гүлбурак.
ОП-86-136. Винсавхоз айылында жашаган апам Шахзадага жана бир туугандарыма чоң салам. Силерди сагындым. Алматыдан эжеңер Айпери92.
ОП-86-137. Мис Икс, сага башка ат табылбадыбы? Буйругуң аткарылат, мен эч кимге жамандык тилегим келбейт. Жакшы болушсун дейм. Э.Дима.
ОП-86-138. Аяш укам Тайиге, Зырт-зыртка, жакын досум Умарга, спортко жакын Талантка, кулагы сынык Шайлообекке жана досум Сыргакка жаман чо-оң салам жолдоймун да. Аман болуп, шоктонбой жүргүлө. Силерди сыйлап зырт зырт досуңар Э.Дима.
ОП-86-139. А.П.Гайдар атындагы орто мектебинде иштеген атам Төлөшов Акматбек, эжем Болотова Гүлнарага чоң салам. Ишиңерге ийгилик. Оорубай жакшы жүргүлө. Силерди сагынган кызыңар Алматыдан Айпери.
ОП-86-140. Эмнеге адамга адам ашык болот?/ Ажырашса эки көзү жашка толот./ Жооп айтып оюңарды билдиргиле,/ Эмне үчүн сүйүү жолу татаал болот? Жаным.
ОП-86-141. Арман байкеге чоң салам. Ишиңизге ийгилик! Амангүл.
ОП-86-142. Деңизсиңби, кемесиңби?/ Жээкте күтөм келесиңби?/ Аруулукка, арзууга чайып туруп,/ Жүрөгүңдү белекке бересиңби? Амангүл.
ОП-86-143. "Бекжан" базарында 2-кабатта иштеген Залкар менен Айсулуу, бактылуу болгула. Кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун деп досуң Наргиза.
ОП-86-144. Эң сүйүктүү жеңемди келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Жеңе, ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Тагам менен бактылуу болуңуз. "Бекжан" базарынан кайынсиңдиңиз Наргиза.
ОП-86-145. Мени жамандап, көрө албагандарга кеңеш: силердин жаман сөздөрүңөр менен мен эч качан жаман болуп калбайм. Аллахым сиздердин башыңыздарга акыл, жүрөгүңүздөргө ыйман берсин. Бизге, мусулмандарга ушак айткан жарашпайт. Ушак айткан акыретте жазаланат. Амангүл.
ОП-86-146. Нурлис ака, Бишкекке кетип калыпсыз го? Мен сагындым десем келем дедиңиз а? Ооба, сагындым. Келиңизчи Алматыга. Амангүл.
ОП-86-147. Жаңы тапкан сиңдилерим Гүлбурак, Назгүл, Зуля, Айгөлөк, Меришка жана Мис Икске урмат! Алланын нуру жаасын силерге! "Обон" гезити болбосо кантип таанышмакпыз а? "Обон" - №1-гезит. Амангүл.
ОП-86-148. Сүйүктүү ырчым Ильяз Абдыразаковго салам. Сенин талантыңды баалайм. Сенин ырларыңды сүйөм. Сага чыгармачылык ийгилик деп чыныгы фанаткаң Пери.
ОП-86-149. Ай жүздүү, кара көздүү, мүнөзү назик курбум Аселяны 15-октябрь туулган күнү менен куттуктайм.
ОП-86-150. Жигит сүйсө, чын сүйсүн,/ Жүрөгүндө от күйсүн./ Эгер чын сүйбөсө,/ Кысып эле жөн жүрсүн. Гүлфина.
ОП-86-151. "Самал" жана "Бекжан" базарында иштеген бардык 93төргө жалындуу салам жолдойм. Гүлбурак.
ОП-86-152. Жыргал, менин сиңдим Гүлбуракты эмнеге капа кылып жүрөсүң? Кичине жакшына болсоң. Сени күйөө балам деп жүрөм. Гүлбурактан кечирим сурап кой. Эми андай кылба, а? Амангүл.
ОП-86-153. Өзгөндөгү Д.Шопоков атындагы орто мектебин 2001-жылы бүткөн классташтарыма салам. Чымкенттен Зарина.
ОП-86-154. Менин саламым жандай көргөн досум Айтурганга жолдонот. Айтурган, жаңы кадам таштап жаткан жашооңдон өз ордуңду табышыңды каалайм. 07727950ХХ.
ОП-86-155. Оо, Элдияр, сен мени ойлойсуңбу? Ойлосоң смс жазып койбойсуңбу? Эжең Асел.
ОП-86-156. Менин саламым жандай көргөн досум Нуржамалга жолдонот. Нури, бул жашоодо дайым бактылуу бол. 07727950ХХ.
ОП-86-157. Сүйүү - бул оорубу, жүрөктү жаралаган? Смсчилер, силерден жооп күтөм. Оштон Асел.
ОП-86-158. Салам смсчилер! Мени дагы араңарга кошуп алгылачы?! Силерди терең урматтап Оштон Асел.
ОП-86-159. Казак кызы Амангүл, сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Сиз тууралуу тааныбасам да жакшы ойдо элем, ал оюмдун туура экендигине ынандым. Сиздин жөнөкөй мүнөзүңүз баарынан да жакты. Ушунуңуздан жазбаңыз. Асылым, сизди сыйлайм, бар болуңуз. Терең урматым менен Зуля.
ОП-86-160. Намаз окуган кыздар менен таанышам. Бектурсун.
ОП-86-161. Досум Урматты туулган күнү менен куттуктайм. Аман бол деп Гуля.
ОП-86-162. Биз тууралуу билбей туруп, кимдигибизди, кандай адам экенибизди сезбей туруп жаман сөз адамдарга капа болбош керек. Себеби алар өз мүнөзүн өзгөлөрдөн издешип, өз ойлорунда көрө албаган адамын кыялындагы кара көлөкөдөй элестетишет.Мындай адамдарга көңүл бурбай алга гана умтулуп, келечекти көздөй кадам таштайлы. Зуля.
ОП-86-163. Жүрөккө дары таптым, Кытайдан алып келдим. Бема.
ОП-86-164. Достор, максатыңар бийик, өмүрүңөр узак, махабатыңар тунук болсун. Салта.
ОП-86-165. Фея, сенин ырларың абдан маанилүү экен. Ийгилик каалайм. Марселя.
ОП-86-166. Сүйгөн жигитим Жакыпты 6-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Жакып, жаным, мен сени Динарага бербейм деп Токол эчки.
ОП-86-167. Менин эң жакын досторум Гуля, Эля, Жийде, Фея, Ангел Асем жана башкалар, силер суперсиңер! 07705651ХХ.
ОП-86-168. Салам достор! Ден соолугуңар, окууларыңар, иштериңер кандай? Мага салам жолдогондор, менин атыман смс жазган окурмандар, мага таарынгандарга ысык салам жолдойм. Өзгөчө Амангүлгө. Жануся, сага чоң рахмат. Жакшылыгыңды эч качан унутпайм. Мен силерди жакшы көрөм. Жанусь Роза.
ОП-86-169. Жамиге толугу менен кошулам. Жака Жазгүл, мурдагыдай Ильязды жана "Обонду" коштоп жүрчү, күтөбүз. Тумар кыз.
ОП-86-170. Эң күчтүү ырчы Ильяз Абыдразаковго жана анын эң күчтүү күйөрманы Жака Жазгүлгө салам жолдойм. Тумар кыз.
ОП-86-171. "Тумар" радиосунда Жака Жазгүл ысымын уурдап алган урматтуу селки, "Жака менмин" деп неге баарын алдайсың? Эң биринчи чыккан Жака экөөңөр асман менен жердейсиңер. Антпей жүрсөң болмок, же башка ат таппай калдыңбы? Жаканын чыкпай калганынан пайдаланып, анын атагы менен жүрөсүң. Уялсаң боло, калпычы! Тумар кыз.
ОП-86-172. Жетпесем мейли ага өкүнбөймүн,/ Тагдырыма наалат айтпайм, жекирбеймин./ Соңку дем чыккычакты сени эстеп,/ Атыңды жүрөгүмдөн өчүрбөймүн. Зуля.
ОП-86-173. Өмүрдө бир келет дейт бакыт деген,/ Ал бакыттан үмүттөнүп жашап келем./ Мендеги ак сүйүүнү сезбесең да,/ Өзүңдү өмүр бою эстеп келем. Зуля.
ОП-86-174. Урматтуу Жанусь Роза, мага досуңуз Мухит байкенин номерин бере аласызбы? Менде бар болчу, жоготуп алдым. 05522700ХХ.
ОП-86-175. Леди Гуличка менен Амангүл өздөрүнчө эле супер-пуперлер. Кыздар, келгиле, пейилибизди оңдойлу. Пайгамдарыбыз Мухаммед хадисинде айтылгандай, эки адам урушуп кетип, ошолордон биринчи болуп кечирим сураганы акылдуусу болуп эсептелинет экен. Кимиңердин акылдуу экениңерди, Кудай буюрса, көрө жатаарбыз. Кыздар, силерге айтаар кеңешим - Алла ыраазычылыгы үчүн элдешип алгыла. Асан кайгы.
ОП-86-176. Досум Амангүл, эки Айзирек таанышты. Мага сиңдимди таап бергендей эле болдуң, чоң рахмат!
ОП-86-177. Амангүл, сен "издейм сени" же "Давай, поженимсья" деген программа аччы! Элдерди бири-бири менен табыштырып, тааныштырыш үчүн жаралгандайсың. Конжык.
ОП-86-178. Нурзат, жашоого жаралгандын өзү кызык. Эртең менен күндүн чыкканы, ата-энең, бир туугандарыңдын күлүп жүргөнү... Жашоого кызыкпай калганың - сыноого баш ийгениң. Сен Алла Тааланын сөзүн укпай, шайтандын сөзүн угуп калганыңа эмне себеп? Бобон.
ОП-86-179. ОП-85-080 абоненти Нурзат, калп айтпасам, канча убактан бери сүйүү тууралуу лирикаларыңды гезит бетинен окуп келем. Кайгыңа ортоктошмун. Өзүңдү ой көлүнөн сууруп чык демекчимин. Мен убагында бир апта ордуман турбай, өлгөндөн айырмасы жок жаткан күндөр болгон. Азыр менде баары жакшы, сенде да жакшы болуп кетет, ишен. Конжык.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??