п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  кумир менен баарлашуу

Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"
"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын коногу шыңга бойлуу, сүйлөсө сөзгө тапан "Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи, ырчы, алып баруучу Чыңгыз Мырзаев болду. Күйөрмандарын сыйлап, бетме-бет жолугуп, баарлашууну сагынган Чыңгыз айтылган убакыттан жарым саат эрте келип, күйөрмандарын күтүп олтурду. Эки саатка созулган маектешүү эң кызыктуу суроолор менен коштолуп, аягында ди-джей мырзабыз күйөрман кыздарды кафеге тамактанууга чакырды эле, тилекке каршы көпчүлүгүнүн убактысы тар болгондугуна байланыштуу Чыңгыз менен тамактана албай калышты.

Айканыш:
- Чыңгыз, акыркы убактарда радиого кошумча кандай иштер менен алек болуп жатасың?
- Быйыл радиодо иштегениме төрт жылдан ашып калды. Ыйык студияны мага келечек ачкан жер десем болот. Учурда "Ала-Тоо" маалымат программасына алып баруучулукка чакыруу болуп жатат. Радиону таштабастан экөөнү бирдей алып кете аламбы деп ойлонуудамын. Азырынча оюмду топтоп, бир чечимге келе элекмин. Мүмкүн, ошол жактан да көрүнүп калам.
- Сени "Эл билгиси келет" көрсөтүүсүнөн көрүп калдык эле?
- Ооба. Ал көрсөтүүнү бир-эки жолу алып бардым. Саясий программа менен шоунун айырмасы ат менен төөдөй эле да. Эртең менен радиодон көңүлдүү олтуруп, түштөн кийин галстук тагынып, кашты бириктирип алып сүйлөө чынында оор нерсе экен. Эл дагы мени ди-джей, концерттердин алып баруучусу катары кабыл алып калгангабы, "ой, бул бала эмне кылып жүрөт? Концертинде эле жүрө берсе болмок" деген сыяктуу сөздөр болбой койгон жок. Азыр эми жашпыз да. Кол жетип, тилибиз өткөн жерден күчүбүздү сынап көрсөк болот. Ошентсе да өзүм жакшы көргөн радиодон кетким келбейт.
- Чыңгыз акчага сараң деп угуп калдым эле. Кыздарды кафеге алып барып сыйлайсыңбы?
- Акчаны жакшы көргөн жаным, бул суроо мага аябай жакты. Чынында акча көп нерсени чечпейт. Адам-адам менен адам болот да. Акчаны коротчу жерде кудайга шүгүр эле коротом. Эркек кишиге жоомарттык сапат жарашат. "Бир колуңду жумсаң да, бир колуңду ачык кой" дейт го. Кээде акчаны чачпай турган жерден чачып аласың, же чачайын деп жатсаң, акчаң болбой калат. Жашоо ушундай да. Төгүлүп-чачыла бербей өзүңө-өзүң бышык болбосоң, жашооң өйдө жылбайт. Кыздарды кафеге алып баргандан мурун өзүм кафеге барып тамактанганды, көчө таптаганды жаман көрөм. Бошосом эле үйдү көздөй жөнөйм.
- Быйыл үйлөнөм деп баарыбызды күттүрдүң го?
- "Жалгыздык жалгыз эле Жаратканга жарашат" дегендей, эркекпи, аялбы, жашоодо өз ордун таап, үй-бүлө курган жакшы нерсе. "Баатырдык алга карабайт, сүйүү малга карабайт" дегендей, менин чыгып калган атымды эмес, чыныгы адамдык сапат, мүнөзүмдү сүйгөн адамды издеп калат экенсиң. Кудай буюрса, 26 жашка чыктым, быйыл үйлөнөм. Чынында акыркы убактарда көпчүлүгү "Кандай, Чыңгыз?" дебестен, "Качан үйлөнөсүң, Чыңгыз?" деп калышкандыктан, ушул суроодон чарчап, сүйлөшкөн кызым бар, быйыл үйлөнөм деген жоопту берип алып, тескерисинче, балээге калдым. Сиздер айткандай тойго жеткирсин. Азыр кандидаттар бар. Буюрса, үйлөнсөм "Обон"гезитинен кесиптештерим барып, кимге үйлөнгөнүмдү сүрөттөр менен бажырайтып гезитке жазып беришет деп ойлойм.

Райкан:
- Сүйүүсүн арнаган күйөрмандардан тажасаңыз керек?
- Кыз кишинин мырзаларга сүйүүсүн арнашы бир аз одонороок көрүнөт. "Ий, ушу жакшы кыз экен" деп ойлоп жатсаң эле сүйүүсүн биринчи айтып жиберсе ирээнжип каласың. Ошон үчүн жакшы кыздарды балдар өздөрү эле көрөт. Мен одоно мамиле кылган адамдарды акылы жок деп айткым келет. Өзүмдү акылдуумун дебейм, бирок, ар бир адам өзүн сыйлаш керек.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Атам - Мырза 50 жашта. Апам - Урнийса 44 жашка чыкты. Үйдүн улуусу менмин. Айтурган, Гүлтурган, Эркинай аттуу үч карындашым бар. Айтурган 7-класс, Гүл 5-класс, кенжебиз 1-класста окуйт. Үчөө тең жакшы окушат. Баарыбыз чогуу турабыз. Атамдын үйдө чакан чарбасы бар. Апам деле кыздар менен үйдө. Мен болсо үйдө квартирантмын. Эртең менен радиодо, түштө минтип маалымат булактарында конокто, кечкисин тамада болуп ишке тойбой турган маалым. Тойдон түшкөн акчамды батирдин акчасы деп атам менен апама берем.
- Таңкы тополоңго даярданып алып чыгасызбы?
- Түнкү бирде уктап, таңкы алтыда турсаң кайдагы даярдык? "Кыргызстанда саат жети" деп айтып алгандан кийин калганы өзүнөн-өзү кете берет. Эркек менен эркектин тамашасы өтүмдүү болгондуктан, эфир учурунда Камчы байке экөөбүз бири-бирибизди толуктап турабыз.

Санавар:
- Таңкы тополоңдо тамактардын атын айтып, "кел Чыке, куйруктан ал, кел Камчыке, кымыздан ичип, боорсоктон ал" дей бересиздер го. Чын эле эфир учурунда тамак жейсиздерби?
- Өзгөчө азыр тойлордун убагы болгондуктан, Камчы байке экөөбүз күнүгө тойго барабыз. Эртең менен үйдөн тамак ичкенге деле жетишпейсиң. "Ай, балам, биздин үйдөн деле тамак ичсең боло?"деп күлүп калат апам. Анан устукан, таттууларды студияга ала келип тамактанабыз. Бир жолу эфирден угуза алманы кырчылдатып тиштеп алсам, "алмаңар таттуу болсун" деген смс келип жатпайбы. Бардыгы жашоодогудай жасалма эмес болсо элге да жагат, бизге да жеңил болот.

Гуля:
- Көп учурда "Чыңгыз ырдабай эле ди-джей болсо" дешет. Буга кандай карайсың?
- Ырчылыкты таштасамбы деген ойлор кээде болот. Жаш өзгөчөлүгүң улам-улам жогорулаган сайын өзүңдү колго ала баштайт экенсиң. Мисалы, мен биринчи концертимди бергенде бийлетебиз деп кыйнашканда өзүмдүн бийлегенимди көрүп "аллергия" болгом. Ошондон кийин сахнага чыкканда таптакыр бийлебейм. Анын сыңарындай кыла албаган нерсени кылбай эле койгон жакшы. Учурда 20 дан ашык ырларым болсо да анын 3-өөнү гана ырдайм. Ырды таштоонун да убактысы келет. Кудай буюрса, алдыда жакшы долбоорлорум бар.

Чынара:
- Аянттагы жаңы ачылган фонтанга бардыңызбы?
- Эл көргөн нерсени мен да көргүм келет. Машинада кетип баратып түшөйүн дейсиң... Түшсөң деле болот дечи, бирок, элдин бизге болгон мамилеси башкачараак болуп жатпайбы. Фонтанды көрбөй эле айланадагы адамдар менен сүрөткө түшмөй башталат. Өзүм фонтандын майда чачыраган себелендисинде турганды жакшы көрөм.
- Атаңыз менен сырдашасызбы?
- Атам "Сүйөнөөр тоом сенсиң, балам" деп көп айтат. Атам менен сүйлөшкөндү сагынып калам. Атанын сөзүн угуп, мээримин алган кандай жакшы. Атам өзү тамашакөй киши. "Менин балам 150дөн кем киши олтурган жерге келбей калган"деп тамашалайт. Үйдүн алдында чакан дүкөнүбүз бар. Анан бир дептер толтура карыз жазылган тизмени карап олтурган апам: "Ай, буга эмнеге карыз бердиң? Тааныбай туруп эле" десе "анда-санда дүкөндүн алдынан өтүп калат" деп боорду эзет. Мен болсо үйдө көп сүйлөбөйм.

Нурзат:
- Канча тилде сүйлөй аласыз?
- Кыргыз тилин, кудайга шүгүр, жакшы билем. Жашырганда эмне, орусчаны таза, чоң деңгээлде сүйлөй албайм. Өзбек тилин сүйлөй алам, бирок, сүйлөгүм келбейт. Казакча чала билем. Мен орусчаны билбейм дегенден уялбай, эне тилин билбегенден уялышсын дейт элем. Англис тилинен "менин атым тамада" дегенди билем.
- Тойдо тамада болуп канча акча аласыз? Өзүңүз да чоң той менен үйлөнөсүзбү?
- Бардык той ээлерине бирдей бааны айтпайм. Анткени биринин акчасы көп, экинчисинде аз дегендей. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша сүйлөшөм. Ал эми өзүмдүн тоюмду жөнөкөй эле өткөргүм келет. Бирок намыс деген жаман да. Тойдо ата-энеден башкасы сынаганга келишет. Тойлордо көрүп эле жүрбөйбүзбү? Ошондуктан колумдан келишинче жакшы той бергенге аракет кылам.
Айнура Касымова











кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??