обон-собол

Кимге канча акча карызсыз?

Заманга жараша кыргыздын макалдары да заманбапташтырылып айтылып калбадыбы. Мисалы, "Карысы бардын - ырысы бар" макалын "Карызы бардын - ырысы бар" деп которуп алышып, карыз акчалары барлар өздөрүн ырыстуу сезишет. Ал эми белгилүүлөр бересеге кандай экенин өздөрүнөн сурадык.

Айылчы:
"Бажама карыз болуп, бетим кызарчу болду"
- Менин өзүмдүн карызым жок болчу. Анан гастролго кетсем, келинчегим Кытайга каттаган бажама "Мага да идиш-аяк ала келиңизчи, Айылчы келгенде акчасын берем," деп идиш-аякка заказ берип алдыртып коюптур. Үйгө келсем эле ашканада жаңы идиштер толуп калыптыр. Ал оңой акча эмес экен, бир айдан бери карызымдан кутула албай, бажамды көргөндө бетим кызарчу болду.

Канат Кадыржан:
"500 сом карызым бар"
- Июль айынан бери Ильяз Абдыразаковдун Нияз деген инисине 500 сом карызымды бере албай жүрөм. Дайырдын ырына аранжировка жаздырганда акчам жетпей калган эле. Берейин десем, ал бошосо мен бошобой, мен бошосом ал бошобой жатып, күз да келип калды. Эми гезитке айттым, чыгынып Ниязды таап берип коёюн.

Урмат Усенов:
"Бул карызымдан өмүр бою кутула албайм го"
- Эң улуу эжекем Алисадан алган акчаларымды өмүр бою берип кутулбайм го. Себеби, мага дайыма жөлөк болуп колунан келген каражаты менен каралашат. Үйлөнүү тоюмдун чыгымын да эжекем көтөргөн.

Рустам Аташов:
"Бересени бербей жүргөндү жаман көрөм"
- Бул жашоодо аласа-бересе болбосо болбойт да. Менин да анча-мынча береселерим бар. Кино тартам деп, тааныш досторумдан 2 миң долларга жакын акча карыз алдым эле. Кинодон акча түшөөрү менен дароо берем. Анткени бересени бербей кармап жүргөндү жаман көрөм. Мойнуңда карыз болсо эң жаман да. Көп учурда менден карыз сурашат. Азыр өзүм тааныштардан 7-8 миңдей доллар акчамды ала албай жүрөм.

Динара Эсенгулова:
"Карызымдын айынан жарыгы жок калдым"
- (Күлүп) Жакшы суроо го? Кээде бирөөдөн карыз алган учурлар болот. Алган акчамды айтылган убакта берип келем. Ий, баса, бир жума мурун кызык окуя болбодубу. Үч айдан бери электр энергиянын акчасын "мына төлөйм, ана төлөйм" деп жатып унутуп жүрө бериптирмин. Үч айдыкы биригип болгону, 302 сом болуптур. Аны төлөп үйгө келсем, светим өчүп калыптыр. "Ий, бетим жаңы эле төлөбөдүм беле?" деп эсеп кагазын көтөрүп кайра барсам, кеч төлөгөн үчүн деп, айып салып кыркып кетишиптир. Айыбын төлөп, анан светимди коштурдум. Ошентип чыгынбай жүрө берип, бир күн свети жок олтуруп калсам болобу.

Жанета:
"Өкүл атама көп акча карызмын"
- Өкүл атабыздан үйгө чоң буюм алабыз деп көп суммадагы акча карызга алганбыз. Бирок, ал акчабызга кыйраткан буюм деле алган жокпуз. Акча суу да, башка иштерге керектелип кетти. Азыр ошол акчадан 500 доллар калды эле, башым катып бералбай жүрөм. Ий, бир ай болуп калыптыр, ушул жуманын ичинде бербесек болбойт.