п»ї

  билгениң оң

Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
Күз мезгили менен бирге тойлор башталган кез. Үлпөт той болобу, маараке той болобу, "элден өзгөчө, эч жерде кездешпеген тост айтсам" деп тойго барган ар бир эле конок ниет кылат. Ошол эле учурда мурда көп жерде кайталанган оюндардан да көпчүлүк коноктор оолактап тамадалардан жаңы көңүл ачууларды күтүшөт. Төмөндөгү жазылган тосттор, оюндар ар бир окурманга пайдасы тиет деген ойдобуз.

Тойдогу оюндар
"Каптан кач"
Оюнга катышкандар тегерек болуп турушат. Алып баруучунун колунда мүшөк бар, ал мүшөктүн ичинде эмне бар экенин бир гана алып баруучу билиши керек. Анын ичине чоң өлчөмдөгү, же болбосо айрык кийимдерди салып койсо болот. Эң негизгиси, ал буюмдар адамдардын күлкүсүн келтирээрлик болушу керек. Музыка башталганда баары тегерекчеде турган бойдон бийлеп башташат. Алып баруучу музыка токтоордо мүшөктү каалаган катышуучуга бере салат. Иши кылып мүшөктөн кутулуш керек. Ичине түрдүү кийимдер салынган мүшөк кимдин колуна тийсе ошол утулат. Андан кийин утулган адам жаза алыш керек. Алып баруучу мүшөктүн ичин ачып, колуна биринчи кандай кийим тийсе ошону утулган адамга кийгизет. Ал кийимди кийип алып бийлеп, же ырдап бериши керек. Жазасын алган соң кайрадан музыка башталып, биринчи утулган адам мүшөктү музыка токтоору менен башкаларга бергендин аракетин көрөт.

"Бийкечти өбүү"
Тамада сахнага бир нече мырзаларды чогултуп, бир бийкечти чакырат. Кезекке турган мырзалар бирден чыгып кыздын каалаган жеринен өбөт да: "мен колунан өптүм" дейт. Демек, кийинки чыккан жигит ал кыздын колунан өпкөнгө акысы жок. Кийинкиси чыгып, кайсы жеринен өпкөнүн элге сөзсүз жар салып айтат. Ошентип отуруп ,аягында кыздын өбө турган жери жок калат, кайсы эркек аягында калса ошол утулуп бийкечтин каалаган каалоосун аткарат.

"Шамдагай мырза"
Бул оюнга бойдок жигиттер чыгат. Жигиттердин бирине кызыл түстөгү, экинчисине сары түстөгү, үчүнчүсүнө кара резиналарды карматкан соң музыка коюлат. Музыка токтогуча жигиттер залды аралап каалаган бийкечтердин колуна резинканы тагып чыгышы керек. Кимиси көбүрөөк кыздардын колуна резина такса, ошол жеңүүчү болуп аныкталат. Ага "Эң Ыкчам Мырза" деген наам ыйгарылып, колуктуга каалоо айтканга мүмкүнчүлүк алат.

"Таанышуунун уландысы"
Бул оюнда конокко ар кандай тармактан чакырылган меймандар бири-бири менен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк ала алышат. Ал үчүн тамада залда отурган түгөйлөрдөн төртөөнү чакырып, маңдай-тескей отургузат. Тандалган түгөйлөр үн-сөзсүз, жаңдоолор менен болобу, мимикалар менен болобу, айтор, өздөрү жөнүндө кенен маалымат бериши керек. Жыйынтыгында, кайсы түгөйлөр өздөрү жөнүндө канчалык жакшы айтып бергенин калыстар тобу аныктайт да, тиешелүү байгесин тапшырышат.

"Колуктунун сырын ач"
Алдын ала даярдалган 10-12 шарга суроолорду жазып, той учурунда аукцион уюштурса болот. Мисалы,ал үчүн шарлардын ичине күйөө менен колуктунун дарегине арналган суроолорду жазып салып коюш керек. Коноктор шарларды ырымдап көп эмес өлчөмдөгү акчага сатып алышат да шарды жарып, кагазга жазылган суроону колуктуга, же жолдошуна узатышат. Оюн кызыктуу болуш үчүн суроолорду жакшы түзүү зарыл, колдон келишинче суроолор тамашалуу болгону оң.


Тосттор

Бир акылмандын кызы болуптур. Кызынын колун бай жана кедей жигиттер сурап келишет. Акылман ойлонбой туруп, кызын кедейге турмушка узатат. Акылмандын бул жоругуна айланадагылар таңданып сурашса, акылман: "Бай жигиттин акылы жок экен, ал бат эле жарды болот. Кедей жигит акылга бай экен ал тез эле байыырына көзүм жетет" дептир. Эгерде ошол акылман азыр жаныбызда болгондо, күйөө тандаганда анын капчыгына кызыккандар үчүн эмес, акылын баалангандар үчүн ушул тостту көтөрмөк. Биз да ушул тостту ушундай күйөө бала үчүн көтөрөлү!


Акылмандан "аялы менен күйөөсүнүн ортосунда жакшы мамиле кандай болуш керек?" деп сурашса ал: "Эгерде күйөөсү аялынын эмне деп жатканын укмаксанга салса, аялы күйөөсүнүн эмне кылып жүргөнүн көрмөксөнгө салып койсо, жакшы жашоо көпкө чейин уланат" дептир. Демек, бири-бирин түшүнгөн, ынтымактуу үй-бүлө үчүн!


Кудай баткактан адамды жасап, колунда калган кичинекей баткакты эмне кылаарын билбей адамдан "баткактан эмне жасап берсем?" деп сурайт. Адам ал баткактан бакыт жасап берүүсүн өтүнөт. Кудай көпкө чейин аракет кылып бакыт жасай албай коюп, баткакты адамдын өз колуна карматып жатып: "Өз бактыңды өз колуң менен жасап ал" дептир. Бул тостту өз бактысына өзү устат болгон адамдар үчүн колуңардагы бокалдарды көтөргүлө!


Адамдын жашоосу кыска болгону менен кыялдарына чек жок. Жолдо кетип бара жатып үйдө жатканыңды кыялданасың, сүйүктүүң менен жолугушканы жатып, анын кучагында болгонуңду элестетесиң. Өзүң бүгүнкү күндө жашаганың менен кыялдарың алда канча алдыга озуп кеткен. Биздин жашообузга үмүт берген, бизди алдыга жетелеген кыялдар үчүн!


Козу энесине чуркап келип:
- Апа, койчу мени "шашлыкка жарайсың" деди.
- Ага эмне анча сүйүндүң?
- Жок дегенде бир нерсеге пайдаң тийип, жараган жакшы да, - дептир козу.
Ар бирибиз жашоодо ошол козудай болуп бирөөлөргө пайдабыз тийип жүрсүн!


Бай менен окумуштуу бир кемеде сүзүп бара жатышыптыр. Байдын жанында толтура алтын, ал эми окумуштуунун эч нерсеси жок. Кеме чөгүп кетип экөө жээкке араң сүзүп чыгышат. Окумуштуунун маанайы чөгүп отурганын байкаган бай:
- Эмне маанайың чөгүп калды? Мен го, болгон байлыгыман айрылдым. Ал эми сенин байлыгың дайыма сенин жаныңда - дептир. Оңой менен айрылбай турган байлык үчүн алалы.




Тамадаларга пайдалуу кеңеш

Эгер сиз өз ишиңизди мыкты билген тамада болсоңуз, той ээлери менен той болоорго аз калганда алардын өмүр таржымалын жакшылап билип алышы зарыл. Жаңы үйлөнгөн жубайлар болсо, алардын кантип таанышканы, үйлөнгөнгө чейин башынан кандай күндөрдү кечиргенин беш колундай билип алганы туура.



Тамад а алгач мыкты психолог болушу зарыл. Бир тойго ар түрдүү чөйрөдөн адамдар чогулушу мүмкүн. Алардын баарынын башын бириктирип, маанайын көтөрүш үчүн сизге чоң күч-кубат талап кылынат.



Эгер той жеңил өтсүн десеңиз, келген коноктордун тизмесин, кызматын, табиятынан мүнөзү кандай адам экени тууралуу өзүңүзгө кыскача жазып алганыңыз оң. Бул тизме сизге конокторду тост сүйлөгөндө чакырганга чоң жардам берет. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларды бир сыйра тамашага салып койсоңуз да болот.

А.Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??