п»ї

  стоп кадр

"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
Кинолордун саны канчалык көп болсо, элдин табити ошончолук жакшырат эмеспи. "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасы аркылуу режиссёр сүйүүнүн, үй-бүлөнүн, ата-эненин кадырын билип, тоскоолдуктарды сабырдуулук менен жеңүүнү көрсөткүсү келген. Эң негизгиси, азыркы жаш үй-бүлөлөрдүн жашоосун, турмушта болуп жаткан чыныгы көрүнүштөрдү жеткиликтүү чагылдырып берген. Тасма тууралуу маалымат алуу үчүн режиссёр Алим Токторовго жана кинонун каармандарына кайрылдык.

Алим Токторов:
"Өзүм жыйырма жашымда сүйүүгө кабылгам"
- "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасын кандайча тартып калдыңыз?
- Буга чейин Баткен телекөрсөтүсүндө иштеп жүргөндө областтык деңгээлдеги көйгөйлүү маселе болгон: ала качуу, сойкулук, шайлоо тууралуу документалдуу кинолорду тартканмын. Ошол учурда эл арасына мониторинг жүргүзсөк, жалаң жаштар келген. Анан менде жаштарга жакшы таасир калтыра турган фильм тартуу идеясы пайда болгон. Албетте, "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасына көптөгөн адамдар сунуштарын айтышты. Ошонун негизинде менин паспортум катары бул кино тартылып калды.
- Балким, тасмадагы башкы каарман Таланттын тагдыры өзүңүздүн башыңыздан өткөн окуядыр?
- Ошондой десек да болот. Анткени менин алоолонгон сүйүүм жыйырма жашымда башталган. "Сүйлөшүп жүргөн кызыңа үйлөнбөйсүң!" деп ата-энемдин каршы чыкканына карабай, 24 жашымда үйлөнүп алгам. Сценарий толугу менен башымдан өтпөсө да, анча-мынчасы камтылган. Ашыкча фантазияга караганда турмушта болгон окуяларды чагылдырууну туура көрдүм. "Сүйүүлөр жазда башталат" дегендей, сүйүү темасын чагылдырган кинонун аталышын "Жыйырманчы жаз" деп атадым.
- Эмнеге белгилүү актёрлорду тарткан жоксуз?
- Туура. Башында сценарийге ылайыктап белгилүү ырчы менен актёрлорду тандаганбыз. Бирок кийин ал оюмду өзгөртүүгө туура келди. Бир чети эл тааныган артисттерди тартканда көрүүчүлөр кинонун мазмунуна көңүл бурбастан, "Ий бул артист мындай ойноптур, тигиндей экен" деп ошол адам жөнүндө гана сөз кылат. Ал эми белгисиз каармандар ойногондо "эми эмне болоор экен?" деп кинонун ичине кирип кызыгуу менен көрүшөт.
- Голливудда башкы каарманды төшөк аркылуу тандашат экен. А сиздер кантип тандадыңыздар?
- (Күлүп) Андай тандоо бизде болгон жок. Биз төшөк аркылуу тандабай, кастинг аркылуу тандадык. Тандоону эки жарым ай жүргүздүк. Көрүүчүлөр "Башкы каармандар бири-бирине жарашпай калган," деп ойлошу мүмкүн. Чынында жутуп жиберчүдөй сулуу мырзалардын жубайларынын кебетеси суук болуп, же тескерисинче айымдардын жолдоштору бири-бирине ылайыксыздай көрүнүп, сүйүүнүн көзү сокур дейт эмеспи. Анын сыңарындай жасалмалуулуктан алыс болуп, чыныгы жашоону чагылдыргым келди.




Кадр артындагы көрүнүштөрдөн
Киного кеткен каражаттын баарын "Алим Токторов Продакшн" студиясы көтөргөн.
Камеранын сыйкырдуу күчүнүн жардамы менен режиссёр көп ийгиликтерге жетишкен. Бирден санап бербесек да кээ бир сырларына токтоло кетели.
Тасмадагы шатырап жааган жамгырды жасалма жол менен тартышып, кадимки шлангды пайдаланышкан.
Алимандын ата-энесинин үйүн прокатка алышкан.
Тасмага колдонулган лимузиндерди үч күнгө ижарага алышкан.
Жазгүлдүн жыйырманчы жаз туулган күнүн өзүнүн үйүнөн тартышкан. Ошол күнү суук тийип калганбы, Жазгүлдүн бети, көзүнүн асты шишип кеткен. Ал эми Алиман жасалма кирпик чаптап алып, камерага тартаарда бир көзүнүн кирпиги түшүп калган.
Таланттын ролун аткарган Эржандын жашоодогу сүйлөшкөн кызы Махабат Эржанды Жазгүлдөн кызганып, ишине аябай тоскоол болгон. Экөө төрт жылдан бери сүйлөшүп, актёрлук кесипте окушса да, кызганычтын айынан түшүнбөстүктөр болгон. Анын айынан Талант бир нече жолу съёмкага жашырынып келип турган.
Бакыт үйүнүн алдында эки жаштын үйлөнүү тоюн тартып жатканда көчөдөгү элдер "Бактылуу болуп, кармашкан колуңар үзүлбөсүн!" деп кыйкырышкан.
Талант менен Алиман камеранын алдында гана сүйүшкөн жаштар болушкан. Съёмкадан сырткары экөө бат-бат урушуп, ит менен мышыктай мамиледе болушуптур.

Эржан: "Кыздар менен өбүшсөм тартылмак эмесмин"
"Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасында башкы каарман Таланттын образын жараткан Эржан Осмонов 1988-жылы 1-январда Талас шаарында төрөлгөн. Учурда КМАДТтын алдындагы актёрлук кесипте окуйт. "Кинодо үйлөнүп жатып, чын эле бойдокчулук менен коштошуп жаткандай болдум. Алиманга үйлөнүп ошол бойдон жашап калчудай өзүмдү ыңгайсыз сездим. Ушул сюжеттен гана кыйналбасам, калганы жеңил эле тартылды. Эгерде сценарийде өбүшө турган жерлер бар болсо, тартылмак эмесмин. Анткени сүйлөшкөн кызым абдан кызганчаак" дейт болочоктогу актёр.

Элнура: "Киного тартылып кыргыз тилин үйрөндүм"
Элнура Жакыпова 1990-жылы 18-ноябрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Учурда Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунун студенти. Киного тартылуу Элнура үчүн эң оор болгон. Жашоосунда жалаң орусча сүйлөгөндүктөн, сценарийди окуй албай кыйналган. "Жыйырманчы жазга тартылып, кыргыз тилин үйрөнүп чыктым. Буга чейин кыргызча сүйлөмөк түгүл, жакшы түшүнчү да эмесмин "дейт Элнура.

Гүлмира: "Чыныгы жашоодо обу жок кыз эмесмин"
Алимандын образын жараткан Гүлмира Көчүмкулова 1989-жылы Жалал-Абад областынын Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. Учурда Медициналык академияда 4-курста окуйт. "Кинодогу образымды 100 пайыз мыкты аткара албасам да аракет кылдым. Жашоодо мен кинодогудай обу жок кыз эмесмин. Эгер чыныгы жашоомдо күйөөм кинодогудай башка кыз менен мамиле курса, мен аны кечирмекмин" деген Гүлмира кичинекей нерседен ажырашууга алып келген кинодогу үй-бүлөсүнө өкүнүп алды.

Асель: "Режиссёр ойнош болушумду сунуштап..."
Асель Акимжанова 1987-жылы 11-февралда Токтогул районунда төрөлгөн. Учурда БГУнун журналистика факультетинде 5-курста окуйт. "Жыйырманчы жаз" Асел үчүн акжолтой тасмалардын бири болуп, киного тартылып бүтө электе жеке жашоосунда темир тулпарлуу болгон. "Бир күнү белгисиз номерден "Чоң кыз сиз мага ойнош боло аласызбы?" деп чалып жатышпайбы. Мен гезитке ошентип жарыя бериптирминби десем, "Сиз туура эмес түшүнүп калдыңыз окшойт. Эмне деп уктуңуз?" деп кайра башымды айлантып Алим байкелер мени сынап жатышыптыр. Көрсө, тандоодон өтүптүрмүн"

Шайбек: "Башкы каармандын ролун ойномокмун"
Шайбек Акматов 1984-жылы 23-февралда Лейлек районунун Ак-Суу айылында төрөлгөн. Кинодо башкы каарман Жазгүлдүн жолдошу Сапардын образын ойногон. Учурда УТРКнын "Мекен чегинде" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу. "Режиссёрдун тандоосу менен башкы каармандын ролуна тандалгам. Бирок жумушумдан бошобой тартыла албай калдым. Ошентсе да бөлүнгөн ролума ыраазымын.
Режиссёр Алим Токторовдун талыкпаган эмгегинен жаралган көркөм тасманын тарбиялык мааниси бар экенин айтпасак да белгилүү. Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, сынчыларыбыз кандай гана сөз айтышпасын элдин сыноосуна койгонубуз жакшы эмеспи. "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасынын ачылыш аземинде залга батпай калган киносүйүүчүлөрдүн он мүнөт тынбай кол чабышы тасманын жогорку деңгээлде тартылганын айтып тургандай. Анда эмесе, киносүйүүчү, миң уккандан бир көргөн артык демекчи, өзүңүз барып күбө болуп кетиңиз.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??