п»ї

 "Обон" шоу-таймс

"Учур" театры Гран-приге татыды
Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү театрлардын арасындагы фестивалда "Учур" театры Гран-приге татыды. Бул фестиваль Жалал-Абадда СССРдин артисти Муратбек Рыскуловдун жүз жылдыгына арналып, өлкөдөгү болгон театрлар катышкан. Театрга беш миң сом акчалай сыйлык, андан сырткары кызыктыруучу сыйлыктарды мол беришиптир. Эми театр Алматыга гастролдорго чакырылды, театрдын болгон чыгымын казакстандыктар көтөрөт.

Эрнист Абдыжапаров жаңы сериал тартууда
Казакстандагы "Алдангар Продакшн" компаниясы менен Казакстандын Улуттук каналы биргеликте биринчи жолу казакча сериал тартууга киришишти. Ал сериалды тартууга боордоштор кыргыздын белгилүү кинорежиссёру Эрнист Абдыжапаровду чакырышкан. "Кыялдагы шаар" ("Город мечты") деген аталыштагы сериал - сүйүү темасын камтыйт. Өз ишин дайыма жогорку деңгээлде аткарган режиссёрдун бул эмгегине казакстандыктар эмдиги жылы күбө болушат.

Бакыт бактысын тапты
Белгилүү тамада, шоумен Бакыт Букаевдин буга чейин намысына тийген далай эле сөздөр айтылып келген. Көпчүлүктүн күмөн санаган ойлорун шоумен жокко чыгарайын деген окшойт, кырктын кырына чыкканда үйлөндү. Жубайынын аты - Жылдыз, Көлдүн кызы. Жарым жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүп, Бакыт сүйүктүүсүн ата-энесинин колунан кыргыздын салты менен сөйкө салып алып келди.

Аалынын тою "Азия Ордодо"
Төкмө акын Аалы Туткучев менен "Азаттык" радиосунун кабарчысы, жаш акын Жазгүл Жамангулова кол кармашып турмуш жолуна аттанышкан. 18-августта Аалынын кичи мекенинде кыргызча тою өтсө, 1-октябрда "Азия Ордо" кафесинде 300 кишиге той берип, эки жаш бата алышты. Аалы менен Жазгүлдү он төкмө акын, сахналаш достору, ырчылар куттуктап келишкен. Учурда мойнуна каамытты илген төкмө акын баш-аягын жыйнап, келген конокторун узатуу менен алек.

Гүлзинат күмүшкө ыраазы эмес
Ырчы айым Гүлзинат Суранчиева декабрда боло турган туулган күнүнө эмитеден катуу даярдык көрүп жатат. Эң жакын досторунун курчоосунда өздүк майрамын белгилей турган болду. Кымбат-баалуу зергер буюмдарга кызыкпаган аялзаты жок болсо керек, Гүлзинат да кымбат таштары менен алтын жасалга алгысы келип жатканын жолдошуна азыртадан эле чекесин кыйытып чыгарып койгон.

Айдин Шер жыйырма жашын белгиледи
2-октябрь күнү Айдин Шер жыйырма жашка чыкканын белгиледи. Концерттен чыгып келе жатканда кайдан-жайдан алдынан күйөрман кызы чыгып, туулган күнү менен куттуктап чоң жүрөк формасындагы шар белек кылган. Күйөрман кыз "оюңа келген каалоңду айтып шарды күйгүз" деп көздөн кайым болот. Достору, жакын санаалаштары менен ырчы кафеге келгенде шарга байланган жипке ширеңке чакса, жүрөк кыпкызыл болуп ысып чыккан. Мындай өзгөчө белекти өмүрүндө албаган Айдин Шердин кубанычы койнуна батпай турган кези.

Сапар сыркоолоп калды
Көптөн бери дайыны чыкпай күйөрмандарын сагындырган Сапар Эркебаев сыркоолоп калыптыр. Бир жума мурда суук тийгизип алып азыр үйүндө "мусулманча" даарыланып жатат. Өзү ооруп жатса да, чыгармачылыгын таштабай бир эмес төрт ыр жаздырып бүтүп, жакында радиолорго берээрин билдирди. Ырларынын сөздөрүн сахналаш достору жазып берсе, төрт ырга тең обонун өзү чыгарган. Сапардын эртерээк сакайып, мурдагыдай чыгармачылыгына белсинип киришине биз да тилектешпиз.

Бека бешик той берди
Ырчы жигит Бекназар экинчи кыздуу болду. Кызына Аниса деген ысымды ыйгарып, туугандарынын башын бириктирип бешик той берди. Келинчегинин боюнда бар экенин, кыздуу болоорун Бека ырым кылып, алдын-ала эч кимге жарыя кылган эмес. Эми жубайы аман-эсен көз жарып, түгөйлөрдүн кубанычы койнуна батпай турат. Ырчы жигит айтмакчы, күндө майрам, күндө той болуп жатып эми араң эки жагын жыйнап коноктордун аягын узатып бүтүптүр.

Ажо Жеңишбек Ысмановго 40 миң евро берди
Опера ырчысы Жеңишбек Ысманов октябрдын ортосунда Италияга бир жылдык окууга аттанат. Ырчыны колдоп өлкө башчысы Курманбек Бакиев өз колу менен Жеңишке 40 миң евро тапшырган. Ал Италиянын белгилүү тенору Николо Мартинуччинин өнөрканасынан билим алат. Жыйырма беш жаштагы ырчы Италиядан билим алып, өз мекенине кайтып келип кызмат кылаарын баса белгиледи.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??