п»ї

  жылдыздар турмушунан

Балдарын бапестеп баккан айымдар

Балалуу үй - базар дегендей, үйдө үлгүлүү кожейке, сахнада кубулжута обон созуп ырдаган айымдар балдарына кандай тамак берип багышаарын, ошондой эле кайсы тамактарды жегенге тыюу салышаарын анализдеп чыктык.

Жылдыздын кызы куруттан башка тамак жебейт
Сакадай бою сары алтын, арык чырай эжекебиз Жылдыз Тутуеванын
8 жаштагы, Ранеля аттуу өзүнө окшогон арык кызы бар. Кызынын сабагына көңүл буруп, бий ийримине катыштырып эл катары жакшы багат. Кыз энесин тартат дегендей, бала кезинде Жылдыз эжебиз оңой менен тамак жебей, апасын азапка салчу экен. Кыйноо менен жедирген тамагын ыйлап жатып жерге түкүрчү тура. Азыр ошол адат өзүнүн кызында бар экени өкүнүчтүү. Анткени Ранеля тамакты аз жегендиктен, сегиз жашка чыкканына карабай кашык менен кыйнап тамак берет. Чыгармачыл үй-бүлө таттууну эмес, кычкыл тамактарга көбүрөөк басым жасагандыктан, Ранеля курутту көргөндө баса калат. Куруттан башканы жебеген кызынын сырын жакшы билген Жылдыз кандай жол менен болбосун курсагын тойгузуунун айласын кылат.

Элмиранын кызы апасындай толук болууну каалабайт
Жапжаш кыздай кулпурган ырчы Элмира Кайып кызынын 17 жаштагы Финансы техникумунда окуган кызы бар экенине көпчүлүгү ишенбесе керек. Беназир жусай менен жасалган мантыдан такыр тажабайт. "Үйдө кызыма карап бат-бат манты жасап берсем да, кафелерге барганда түркүн-түркүн тамактар турса "манты жейм!" дейт да турат. Бирок чоңойгон сайын фигураны сакташ керек экенин түшүнүп калды окшойт. Апамдай болуп толуп кетпейин дейби, тамакты бир аз ылгап калды. Нан такыр жебейт, бирок, балмуздактан баш тартпайт. Үйгө килограммдап алып келип койгон балмуздак муздаткычта көпкө сакталбайт" дейт Элмира айым.

Баласына фанта, кола, спрайт ичирбеген Гүлнур Сатылганова
Булбул үндүү эжебиз Гүлнур Сатылганованын уулу Арнас быйыл 14 жашка чыгып, чоңоюп калыптыр. Эне баласы үчүн эмнелерди гана кылбайт? Жарашыктуу кийинтип, окуусуна жакшы көңүл буруп, татыктуу тарбия берип, бапестеп багып келет. Бирок табитти ачкан тамакка келгенде кээ бир азык-түлүктөрдү жедирбей тыюу салат экен. Мисалы, көпчүлүгүбүз жакшы көрүп ичкен кока-кола, фанта, спрайт деген суусундуктарды таптакыр ичирбесе, америкалыктардын ылдам даярдалуучу гамбургер, чизбургер сыяктуу тамактарын да жедирбегени кызык экен. Ал эле эмес таттуу шоколадды Арнас апасынан суранып жатып кичине эле жейт. Көрсө, эжекебиз бул тамактарга тыюу салганы менен уулун жалаң гана сүт азыктарынан даярдалган тамактар менен багат тура.

Гүлнара балдарына бирден ашык жумуртка бербейт
Ырчылардын эң бактылуу баатыр энеси Гүлнара Кахарованын 20 жаштагы Гүлдана, 15 жаштагы Сезим, 10 жаштагы Теңизбай,
5 жаштагы Жаханбий, 4 жаштагы Аруужан, 3 жаштагы Угузкан аттуу алты баласы бар. Гүлнара эжебиз балдарына ысым ыйгараарда ойлонуп-толгонуп, анан эң мыктысын тандап алганы байкалып турат. Адам канчалык жакшы тамактанса, ошончолук ден соолугу чың болоору бышык эмеспи. Гүлнара эжекебиз дал ушундай ыкма менен дайыма үй-бүлөсүнө өз колу менен даамдуу тамактарды жасап берээрин айтты. Тамакты витаминдүүлүгүнө карап сатып алса, консерваланган даяр тамактарды сатып алганды жаман көрөт. Анан да балдарына бир күндө 1ден гана жумуртка берип, андан ашык жедиртпейт экен. Бул да болсо Гүлнара эженин ашкананын сырын эң мыкты өздөштүргөнүн айгинелеп турат.


Динара Акулова:
"Балмуздакпы?! Семичкеби?! Каршы эмесмин!"
Жаркылдаган кабагынан жазбаган ырчы Динара Акулова кенже кызы Малика үчүн талыкпай иштеп келээрин билебиз. Эч нерседен кем болбосун деп күнүмдүк жол кире, мектепке керектелүүчү каражаттардан сырткары колуна кенен акча берет экен. Маликада тубаса үн бар болгондуктан, апасы муздак суу, семичке, балмуздак бергенден коркпойт. Анткени үндү ашыкча бапестебей, бардык шартка көндүрүүнү туура көрөт. Бирок бала деген бала да. Азыр Малика болгону 14 жашта. Көргөн нерсесин алам деп кызыкканда "көчөдө майда-чүйдө саткан жерлерден момпосуй, сагыздарды сатып алба!" деп кызына көп айтат экен. Эртең менен айран, сүт берип окуусуна узатат.


Кытай витаминдери үчүн урушкан эне-бала
Кыргыз эстрадасында өзгөчө орду бар Салима Балтаеванын учурда Сайкал, Сумая аттуу татынакай эки кызы бар. Салима эже энелик мээримин төгүп, күн-түн дебей, кыздарынын жанында. Анткени улуу кызы Сайкал беш жашта болсо, кичинекей Сумаянын он айлык кези. Кыздары боюнда бар кезинде туздалган бадыраң, помидор, капустага талгак болгондуктан, кызы Сайкал да ушул тамактарды жакшы көрүп жейт. Сумая азырынча эмчек эмип, буламык гана жесе, жаны тынбай тыпылдаган Сайкал апасынан акча сурап, дүкөндү көздөй чуркайт. Салима эже кызына жер-жемиш, балмуздак жедиргени менен 1-2 сомдук кытай витаминдерин, сагыздарын таптакыр алдыртпайт тура. Ушунун айынан дүкөндүн ичинде "аны алба, муну ал!" деп кызы экөө көп урушат экен.

Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
7-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жыйырманчы жазга" Алим Токторов кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?
2-бет
Чыңгыз Мырзаев:
"Быйыл үйлөнөм" деп балээге калдым"

3-бет
Кимге канча акча карызсыз?
4-бет
"Мен сулуу кыз- келиндерди жакшы көрөм"
5-бет
Кыргызстандын эң узун адамы бир ажалдан калды
6-бет
Тойдун көркү тосттордо, оюндун көркү достордо
7-бет
"Жыйырманчы жазга" алим токторов
кыздарды төшөк аркылуу тандаганбы?

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Күнсүрөт
12-бет
окумал
14-15-бет
Обон почта










??.??