п»ї

  сырдуу дүйнө

Таң калтырган табигат сырлары

Ааламдагы сырдуу кубулуштардын түйүнүн чече албай, кээ бир адамдардын баштары маң болуп, ар кандай суроолорду туудуруп, аларга жооп таба албай кыжаалат болушат. Жердеги жашоодон башка да жашоо бар экенине кээ бир адамдар ишенишпесе, башкалар андай окуяларды баштарынан өткөрүп жүргөндөрү да бар. Бул жолу сиздерге таң калтырган табигат кубулуштарынын сырдуу окуяларынан чагылдырып беребиз.

Адамдын жердеги жашоосу денеден айрылган жанга окшош
Адамдын физикалык денесинен да башка дагы көзгө көрүнбөгөн алты дене бар. Алардын бири - астралдык дене деп аталат. Астралдык дене дененин экинчи катмары болуп саналат. Байыркы заманда эле адамдардын астралдык сыноолору болгон. Астралдык саякаттардын сүрөттөлүшүн Египеттин, Индиянын, Кытайдын жана Тибеттин тарых барактарынан кездештирсек болот. Тибеттин салты боюнча астралдык ишке жөндөмдүү адамдарды "делогдор" деп аташат. Бул термин "четке чыгып кетип, кайра кайрылгандар" деген маанини түшүндүрөт.
Байыркы грек философу Платон: "Адамдын жердеги жашоосу бул - денеден айрылган жанга окшош нерсе" деп айткан. Анын окуучусу Аристотель: "Жандын физикалык катмардан айрылуу жөндөмдүүлүгү бар жана астралдык дүйнөдө өзүнө окшогон жандар менен жолуга алат" деген жыйынтык чыгарган.
Жекече сыноолор жана астралдык саякаттар жөнүндө айта кетсек, Роберт Монро "Денеден сырткары саякат" деген китебинде өтө кызыктуу мисалдарды баяндаган. Бул китепте ал өзүнүн башынан өткөн кызыктуу окуяларын мисалга келтирген. Ал бир жолу өзүнүн денесинде кызыктай толкунданууларды байкаган. Ошол окуядан кийин керебетте жатып, ошол эле учурда өзүнүн бөлмөсүндө учкан учурлары бир нече жолу кайталанган. Бир жолу көчөдө сүйлөшүп турган тааныштарын көрүп, алардын сүйлөшкөндөрүн угуп турган. Бирок, алардын сөзүнө аралашып сүйлөгөндө алар аны көрмөк түгүл угушкан дагы эмес. Ушул окуядан кийин Роберт абдан коркуп, психиатр менен доктурларга көрүнгөн. Жыйынтыгында ал дени-карды соо болуп чыккан. Мындай абалдын кызыктуудай сырына кызыгып, аны изилдегенге өткөн.
Негизи мындай өнөрдүн чыныгы устаттары өзү каалаган убакта физикалык денесинен астралдык планга чыгышкан жана алар өзүнүн каалоосу менен алар өлгөн адамдардын жаны менен байланыша алышкан. Мындан сырткары ар кандай көрүнүүчүлөр, албарстылар жана дагы көптөгөн астралдык жандыктарды көргөндөрүнө кепил боло алышат. Астралдык дүйнөгө саякаттоо менен алар келечегин алдын ала көрө билишкен.

Күзгүлөр кандай сырларды катышат?..
Күзгүлөрдүн жардамы менен кээ бир адамдар башка дүйнө менен сүйлөшүшөт. Байыртадан бери эле күзгүлөр бирден-бир сырдуу жана мистикага толгон интерьердик буюм катары саналып келет. Эгер үйдө кимдир бирөө өлгөн болсо, ал адамдын арбагы күзгүнүн ичине кирип кетпеши үчүн күзгүнүн бетин чүпүрөк менен жаап коюшат. Ошол эле күзгүнүн жардамы аркылуу кээ бир адамдар башка жашоо менен сүйлөшүп, адамдардын келечегинде кандай окуялар болоорун айтып беришет. Күзгүлөр бир нече миллион кылымдар мурун пайда болгон. Аларды байыркы Шумерде, Индияда жана Египетте жасашкан. Алгач күзгүлөрдү жалтырак нерселерден, күмүштөн, колодон жана алтындан жасап келишкен. Б.з. XII кылымда гана айнек күзгүлөр пайда боло баштаган. Ар бир өлкөдө күзгүгө байланыштуу өздөрүнүн салттары бар. Мисалы, чыгыш өлкөлөрүндө күзгүнү үйгө кирип келе жаткандагы киреберишке илип коюшат. Анткени, үйгө кирип келген коноктун кандайдыр бир ички терс энергиясы үйдүн ичине кирбей, ошол күзгүгө чагылышып калыш үчүн ошол жакка илип коюшат. Европада болсо, күзгүнү терезеге каратып коюшат. Кошунасынын жаман ойлорунан же болбосо, жакынкы аралыкта жайгашкан оорукананын жана түрмөнүн имараттарынын терс таасири тийип кетпеш үчүн чагылтып турат. Ал эми байыркы Россияда аялдар айыз болуп жаткан мезгилинде күзгүгө каранышчу эмес. Күзгүгө каранган аял ал учурда кандайдыр бир ооруну жуктуруп алат деп ойлошкон.

Күзгү-өлтүрүүчү куралга айланган
Күзгү менен кээ бир мистикалык окуялардын байланышы болуп кетет. Орто кылымдарда бир бай аялынын өзүн алмаштыруусу тууралуу билип калып, аялын үйүндөгү аябагандай чоң күзгүнүн алдынан өлтүргөн экен. Ошол окуядан кийин ал үйгө көчүп келген аялдар ошол чоң күзгүнүн алдынан өзүлөрүнүн өлүп жаткан абалын көрүп турушкан. Күзгү-өлтүрүчү ошентип, бир кожоюндан экинчисине өтүп турган.

Күзгүлөрдө адамдыкындай эс тутум болот
Окумуштуулардын көпчүлүгү күзгүнү башка буюмдар сыяктуу эле көрүнбөгөн талаа менен курчалып тураарын аныкташкан. Кээ бир күзгүлөр жакшы энергияны камтып турса, башкалары эгер ал күзгүнүн алдында адам өлтүрүү, уруш, чыр-чатактар, мушташтар болсо, терс энергияны өзүнө сиңирип алышат. Ошондуктан, окумуштуулар жана экстрасенстер күзгү менен иш алып барууну, анын жардамы менен адамдардын келечегин айтууну сунуш кылышпайт. Күзгүнүн соккусу адамдардын ички энергиясына өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан тышкары, күзгүлөрдө эс тутум болот. Ошондуктан, качандыр бир убактарда күзгү сактап калган маалымат чагылышып, адамга таасир этет. Бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары мындай көрүнүштөрдү колдонуп жатышат. Күзгү менен иш алып баруу барган сайын профессионалдуу деңгээлге жетип келатат.
Жыл сайын иликтөөчүлөр жаңы-жаңы нерселерди ачып келишет. Баарыбызга белгилүү болгондой, каранган адамды чагылтып турган күзгүнү ойлоп табышкан. Бирок, бул нерсе күзгүнүн жалгыз гана касиети эмес. Күзгүлөрдүн бардык сырларын ачуу үчүн окумуштууларга дагы далай убакыт талап кылынат.

Жардан өйдөнү көздөй аккан суу элдин эсин оодарганда
Суу бардык жерде ылдый карай агаары баарыбызга белгилүү эмеспи. Бирок, Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жүргөн туристтер капысынан өйдө көздөй аккан сууга кабылышкан. Эки турист автоунаа менен саякат жасап жүрүшүп, өргө туш болушат. Мындай жарга автоунаа менен көтөрүлүшкө мүмкүн эмес экенин түшүнүшкөн туристтер машинелерин токтотуп коюшуп, жөө чыгууну ойлошот. Бирок алар ойлогондой болбой калган. Өчүрүлгөн мотор менен машина өзүнөн-өзү токтобостон, жогору карай жылып жөнөйт. Көздөгөн жерге жетип машине токтогондо, анын ылдамдыгы 30 км/саатты көрсөтүп турган. Сыртка чыккан туристтер жардан жогору көздөй агып жаткан сууну көрүшүп, өз көздөрүнө өздөрү ишене алышпай, эстери ооп туруп калышкан.

Сырдуу жерлер адамды ооруга чалдыктырат
Албетте, буга чейин окумуштуулар ойлоп чыгарган көлдүн үстүндө өзү жүргөн, бийиктикке өзү чыккан машинелер жөнүндө биздин жашообузда көп эле кездешип калып жүрөт дечи. Бирок, алар бул аномалдуу кубулуштун сырын ача албай баштарын катырып келишүүдө. Бир гана баарын ойго салган нерсе статистикада мына ушундай табышмактуу аномалдуу жерге туш болгон адамдар психикалык жактан жабыркашып, белгисиз бир ооруларга кабылышат экен.

Төлөбүбү
Касымалиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??