п»ї
 Таанышуу жарыясы


  спорт

"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"

Спорттун өзгөчө түрлөрүнүн бири - сумо. Японияда жогорку деңгээлде өнүккөн сумого суктанбаган, кызыкпаган жан болбосо керек. Оюндун пайда болушу, өзгөчөлүктөрү тууралуу төмөнкү макалада.


Оюндун тарыхынан
Тарыхчылар сумонун Япониядан келгенин же башка материктерден өткөнүн так далилдей алышпаса да, япониялыктар бул оюнду өз элине менчиктештирип, Япон аралдарында 2 миң жыл мурда пайда болгонун тынбай айтып келишет. Башында бул оюн спорттун түрүнө эмес, ритуалга кирген. Күзүндө түшүм жыйнаган маалда сумо оюну уюштурулуп, ар кандай ырым-жырымдар, ыр-бий, сыйынуулар менен коштолгон. Ал "жапайы" доордо сумого катышкандар үчүн эч кандай эрежелер жок болчу. Тактап айтканда, сумочулар бири-бирин чачтан сүйрөп, башка чаап, бетке тепкен көрүнүштөр көп кайталанган. Ушунун айынан бир топ сумочулар көз жумуп, Хэян доорунда гана сумочулар үчүн атайын эрежелер ойлонуп табылып, жогоркудай "жапайычылыкка" тыюу салынган. ХVII кылымда сумочуларды жоокерлерди машыктыруу үчүн пайдалана башташат. Бул оюн башынан оор тарыхты кечирип бүгүнкү күндө япон элинин сүйүктүү спорт түрүнө айланып отурат. Японияны эске албаганда азыр сексенден ашык өлкө бул оюн менен "ооруп" келишет.

Аялзаты дохёнун ичин басса, таймаш кандуу аяктайт
Сумоистер чыга турган жайды япониялыктар "дохё" деп аташат. Бул 4,55 метрден ашпаган айлана, дохёну турнир болоордун алдында астын баткак менен шыбап үстүнө кумдан себелешет. Дохёну даярдаганга атайын үч күн, үч түн бөлүнөт. Аянтты 42 киши даярдаш керек, даярдоо учурунда бул жөрөлгө ар кандай ыр-күү, ырымдар менен коштолот. Япониялыктардын катуу кармаган ырымы - дохёнун
жээгин дегеле ичин аял кишинин буту баспаш керек. Анткени, алардын ишенминде, эгер аял киши дохёнун ичин басса - таймаш сөзсүз кандуу аяктайт.
Оюн башталаардан мурда дохё ири салтанаты өтөт. Эр азаматтар кагылган барабандын алдында бийлешип, жин-шайтандарды айдашат. Андан соң дохёнун ичине туздан сээп чыгышып сумочулар таймашка чакырылат. Япониялыктардын ишениминде, туз - тазалыктын символу. Анын үстүнө сумочунун бир денеси тытылып, канап жерге кулаган күндө да туз канга инфекция киргизбейт экен.
Сумочулар аянттын ичине киргенден кийин жаман ойлорду айдаш үчүн ооздорун суу менен чайкашып, оюн башталды деген белгини күтүшөт. Адатта бул белги ышкырык болушу керек. Ал эми ышкырган адамга 60 миң йен төлөнүп берилет.

Көп тамакты талап кылган сумочулар
"Сумочулар дайыма кыймылда жүргөн калк. Алар колуна тийген тамакты жеп семирип кетишет деген түшүнүк жөн эле жаңылыштык" дешет япониялыктардын көбү. Сумочулардын негизги тамагы - тянко. Тянко-набэни япон тилинен которгондо "сумочуларга күч берүүчү тамак" дегенди түшүндүрөт. Тянко ар кандай тамактардын кошулмасы аралашкан тамак. Тооктун эти, сыр, жер-жемиш тянконун негизин түзөт. Жогорудагы азыктардын баарын кайнатып сумочулар бир күндө тянкону эки жолу ичишет. Японияда сумочулардын тамагына кылдат көңүл бурулат. Ал эми Украинада болсо, тескерисинче, сумолордун тамагы тартыш экен. Мисалы, сегиз сумочуга тиешелүү тамакты он төрт сумочу бөлүп жешет.

Сумочулар кантип жан багышат?
Сумочулардын сэкитори деген түрү сумочулардын элиталык түрүнө кирет. Сэкиторилер бир айда тогуз миң доллар айлык алышат. Ал эми сыйлыктары жыйырма миң доллардан ашат. Андан сырткары ар кандай ток-шоуларга, жарнамаларга тартылып тиешелүү гонарарын алышат. Японияда ар бир экинчи айым сумочуга турмушка чыгууну максат кылышат. Бирок сумочулар көбүнчө республикалык деңгээлде өткөн сулуулук сынагынан ким биринчиликти алса ошолорго баш кошушат.

Карьерасы аяктаганда сумочулар ашыкча салмагынан арыла алса да болот экен. Азыр
Японияда атайын сумочуларды арыктата турган клиникалар жакшы өнүккөн. Бул өлкөдө көбүнчө табиятынан толук балдар мектептен түрдүү шылдыңдарга дуушар болушуп, сумочулардын мектебине өткөнгө бел байлашат.




Эмиль Жаналиев:
"Сумочунун күчү ички энергиясында"

Кыргызстандагы сумону сүйүүчүлөрдүн бири - Эмиль Жаналиев менен маектештик.


- Эмиль, учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Кыргыз улуттук университетинде ага окутуучусумун, грек-рим курама командасынын машыктыруучусумун, дене тарбия борборунда Мамлекеттик тил боюнча жооптумун. Азыркы күндө Кыргызстандагы сумо федерациясында шеф-инструктор болуп келем, ар кандай салтанаттарды уюштурам, өзүм да катышам.
- Сумо менен машыкканыңызга канча жыл болду?
- Алгачкы машыгууларым 1995-жылы башталган. Биздин курама команданын машыктыруучусу Сарыгул Чекиров биз менен катуу иштеген. Япониянын сумо федерациясынын алдында сумо сүйүүчүлөрдүн арасында өтө турган фестивалга чакыруу барагы келген. Алгачкы спортчулар катары мен, Сааданбек Ниязов, раматылык депутат Баяман Эркинбаев үчөөбүз барып, ал чемпионатка Токиого барып катышып келгенбиз. Кышында декабрь айы болчу, биз кырк мамлекеттин ичинен эң күчтүү он мамлекеттин катарын толуктаганбыз. Андан кийин бир нече жыл катары менен дүйнөлүк чемпионаттарга катышып жүрдүк, анын ичинен Японияга көп бардык. Ал кезде сумо сүйүүчүлөр жаңыдан өнүгө баштаган.
- Азыр Кыргызстанда сумочуларга мамлекет тарабынан кандай кам көрүлөт?
- Азыр баарын эле каражат маселеси чечет, бизде сумо сүйүүчүлөрдү машыктыра турган залыбыз да жок. Студенттердин арасынан шыктуусун тандап сумого тартайын деп жатам, чыгыш таануу факультетинде сумого ылайыктуу уландар бар. Сумодон башка спорттун толтура түрү бар, мамлекет тарабынан атайын машыкканга зал бөлүнүп берилсе, андан сырткары атайын сумочулардын килеми болот, ошону менен камсыз кылышса жакшы болот эле.
- Сумочулардын күчү тамагындабы?
- Тамакты негизи бүт спортчулардын баары эле талап кылат. Сумочунун ички энергиясы, машыктыруу методикасы өзгөчө болуш керек. Болбосо толтура эле семиз адамдар жүрбөйбү...
- Сиздин салмагыңыз канча?
- 140 килограмм болсо, боюм - 182 сантиметр.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Келинчегим Мамлекеттик тил боюнча котормочу болуп иштейт, өзүм кеч үйлөнгөндүктөн отуз бешке чыкканым менен улуу балам алтыда, кичүүсү төрт жашта. Экөө тең бала бакчага барышат. Кичине чоңойсо спорттун кайсы түрүнө жөндөмү бар экенин байкап туруп машыктырам.

Анара Дүйшөналиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??