п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Аздек Намазбекова

К
ө
з
мончок
Түрмөдөгү түрмөк каттар
Поездде же самолётто жаныңдагы сапарлашыңа жан сырыңды айтып, чечиле сүйлөшүп жол кыскарткан учурлар көп эле кездешээрин билем. Жакыныңа, дос-курбуңа, кошуна, тууганыңа да айта албаган көкүрөк бугуңду бейтааныш эле бир көргөн адамга эмне себептен анчалык ачылып төгүлөсүң деген суроо туулбай койбойт. Анткени, ал адам менен кайрадан жолубуз кездешпээрин билебиз да.
Ошон үчүн талкууга алат деп тартынбастан, уялбастан, жарыялап жиберет деп жашырып коркпой-үркпөй эле жан дүйнөңдөгүнү бүт бөлүшүп,тазарып, жеңилденип да аласың.
Түрмөдөгү кат алышууну да ушуга салыштырат элем. Себеби, "общенециң" менен кайрадан жолуңар кайчылашып калаары күмөн. Ошондуктан күндүзү күндү, түнкүсүн айды көрбөй, эртеңки күндөн эмне күтөөрүңдү билбей, эшикте эмне турмуш кайнап жатканынан кабарың жок күн кечирип отурганда кат жазышат экенсиң. Болгон кайгы күйүтүңдү, кыял үмүтүңдү бөлүшөсүң. Экинчи тарап сени эч качан шылдыңга албайт же басмырлабайт (...деп ойлойсуң, анткени көрбөйсүң да) тескерисинче, жылуу сөзүн окуп ичиң жылыйт. Баары сени каралап, сен тарапка суук көздөр, сөздөр атылып, айтылып турганда сага эртерээк эле эркиндиктин эшиги ачылышын каалап, моралдык колдоо көрсөткөн адамга ыраазы болбой койбойсуң.
Беш кол тең эмес сыңары, бирөө менен эмес бир нечеси менен кат алышкандар кандай максат, ой мүдөө менен жазышаарын айта албайм. Менде болсо Дастандын каттары бир топ эле чогулуп, кайра -кайра кайталап окуудан тажабадым. "Мен эми жашагандан...жашоодон корком" деп көп жазчумун."Коркпой жаша! Жашоо бир келет. Кайсы жерде болбосун ар күнүңдү жакшынакай, күлүп жайнап өткөр. Бүгүнкү күнүң эртең жок! Түрмөгө түшүп калдым, эми мен чыкканда элдер колу менен сайып көрсөтүшөт, күбүрөшүп-шыбырашып сөзгө алышат деп коркпо. Андай акылсыздарга теңелбе, көңүл бурба. Сени түшүнчү да адамдар кездешет. Көрөсүң го, сенде баары жакшы болот. Бактылуу болосуң! Кайгырба , кыялданганыңдай кызың да, уулуң да болот. Ошондогу сенин бактылуу көздөрүңдү көрүп, жүзүңө үңүлө тиктесем анда менде арман жок! Чын !" деген жооп алгам. Бир жазганда беш-алты баракты толтуруп акыл айткан, көз жашымды аяр сөздөрү менен аарчыган, тамашакөй, оюңду илгиртпей түшүнгөн жаш жигитттин кайсы кылмышы үчүн камакта олтураары табышмак болуп, сурай албай жүрдүм. Акыры чыгынып "кайсы статья менен эмне үчүн олтураарыңды билсем болобу?" деген суроомо, "Аа-ай, Аздек, сен сураба, мен айтпайын...Бандит менен байланышып алдымбы, деп кат жазбай коёруңду билип корком, корком" деп күлдүрүп, жооп жазып жибериптир. Ошо менен мага белгисиз болуп кала берди. Өзү айткандай, ноябрда "зонага "кайра кетти да ,биздин жолдор айрылды. Кош деп кол булгалай албаганыма ичим ачышып, жаман болдум. "Мейли, мейли, сырттагы дарегиңди жаз деп жаздыра албай койдум. Бирок бил, мен сени бошосом да, бошобосом да таап алам! Күйөөңө керегиң жок болсо, мага керексиң! Ишенсең, менин жүрөгүм тандаган кызды апам сөзсүз жактырат. А сени жактырбай коюу мүмкүн эмес" деп жазыптыр акыркы катында. "Досум" деп эле жүрчү, эч качан минтип жакшы көрөөрүн ачык жазчу эмес, эң биринчи катын эсепке албаганда. Менин уйкусуз түндөрүмдү кыскартышып, көп нерсеге үйрөткөн бейтааныш жигитке бакыт-таалай, ак жол каалап кала бердим. Ким билет, балким, биздин жолдор биригип калгысы бардыр?..
ХХХ
Күн суук тартып калган ноябрь айынын ортосунда менин тергөө ишим аяктап, РИИБде "Айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндө токтомду" тергөөчү алдыма таштады. Окуп чыгып колумду коюушум керек экен. Ал жерде жазылгандарды жөн гана көз жүгүртүп окуп коюу мүмкүн эмес эле. Анткени мен болушунча караланып, кыянаттык менен адам өмүрүнө кол салган кылмышкер катары каралыптырмын. Кайненемдин оор абалы, ооруканада даарыланып жатканына көп убакыт болгондугу тууралуу врачынынын жазып берген кагазы да бар экен. Көзүмдүн чарасына ысык жаш толуп, акыркы беттеги тамгалар көрүнбөй да калды. Эртерээк эле колумдагы кара кагаздан (ак баракка жазылган "кара" сөздөр кагазды кара көргөзөт экен) кутулууга шашып, кол коюп бердим.
"Кайнежең эле карарат, анчалык ортоңорду кайсы кара мышык аралады эле?! Апаңдарды да кабыл албай, үйүнө кирейин дешсе итин агытып жибериптир. Эми баары сотто чечилмей болуп калды. Карман! Сотто ойлонуп сүйлө. Ачууга алдырба. Болгонун болгондой айт. Кызыңдын чарчап калганы тууралуу да врачың менен сүйлөшүп, кагаз алып коёюн деп барсам ишинен бошонуп кетиптир. Аракет кылып жатам" деп калды адвокатым.
"Күйөөң да кабарсыз. "Өкүл атасы жакшы кишилер деп жүрчү эле" деп Чүрөк эжең айтканынан күбө катары барып, сотуна катышып бергиле деп адвокатыңа кеңешип алып барсам, "биз бир айылдык кишилербиз. Араздашып калбайлы, андай ишке аралаштырбай эле койгулачы, эч нерсе айта албайбыз"деп коюшту. Карачы, жакын санаган адамдарың, дос тууугандын кимиси ким экени ушундай башыңа кыйынчылык күн түшкөндө билинет тура. Өткөндө курбуң Кундуз үйгө келип кетти. Кантип барсам болот деп келиптир. Азыр киргизбейт дедим. Сени сүйлөшүп бир сыйра ыйлап алдык. Таттуу, чай-чемек көтөрүп келген экен, эртең сага тамак-аш киргизгенде кошо салып коём. Атаң да салам айт деген. Келем дегениңен, жүрөгү жаман неме ооруп калбасын деп болбой койдум. Ырыстуу тамак ичсек эле тамагыбыздан өтпөй сени ойлойбуз, "ушуну жесе болбойт беле" деп. Эмне керек болсо тартынбай айт, кара жаным. Сен дегенде баарына кайылмын. Түрмөнүн нанын жей албайсың деп, айтышкандарын угуп нан көп киргизип жатам, жетип жатабы? Эмне арыктап алгансың? Көздөрүңдүн ичи саргарып кеткен го?" деп өпкө-жүрөгүн чаап, өнтөлөп, "конвойдун" артынан кошо чуркап калган апамды өпкүлөп, энелик жытын искей, эркелей албай калганыма жаным кейиди. Күчүмдү баягы эле көз жашымдан чыгардым. Кийинки күндөрү жашык болуп кеттим. Өзгөрөт экенсиң түрмөдө. Айла жоктон, жашоо үчүн күрөшүп жүрүп жан дүйнөң... ой сезимиң... кулк мүнөзүң... Баары, баары башкача ...алмашат экен.
ХХХ
Хатадагылар да алмашкан. Апал менен Үпөлдүн шаардык сотко кайрылган арыздары каралып, алган жылдары азайтылбай, райондук соттун чечими өз күчүндө калтырылсын деген жооп келип, тогуз жыл менен абакка кетишти. Калп айткан менен болобу, урушуп-талашып, кайра жарашып бир нанды төрт-бешөөбүз бөлүшүп жеп калган күндөр бизди кадимкидей жакындатып койгон экен. Алар кетээрде ар бирибиз самын, майда-чүйдө керектүүлөрүн, ортодогу тамак-аштан чай, кумшекер салып берип жөнөттүк. Ыйлап, ыйлатып кетишти.
Дарыянын да иши сотко кетти. Сотко чыгаар күнүн күтүп отурат. Күлкан эже болсо "спецчасттан" олтурган ай-күнүн санап келишип, дагы өтөлө элек беш ай убактысы бар экени дайын болгон соң, колония-поселениеге чыгаарын айтышты. Камакта олтурганча "колонкага" чыкканым жакшы эмеспи. "Барып -келип кыздарымдын дайынын билип, жаным тынат экен" деп чыгаар күнүн күтүп даярданып калды. Бегимжан болсо сотко чыга баштады. Күн алыс сотко чыкканда "Экинчи кайрылып келбе! Сот залынан бошоп кет!" деп айткан тилегибиз таш каап кайра эле кечинде "продолдо" соттон кайтып келишкен аялдардын нааразы үндөрү, дабыштары угулуп, биздин темир каалга да шарактап ачылып Бегимжандын муңайым жүзү көрүнөт. "Срок берип коюшат окшойт" деп ыйдан көзү-мурду кызарып, өзү көгөрүп үшүп келет. Үйүнөн да киши каттабагандыктан, үстүндө жылуу кийими жок. Биз бергендерди кийип, сыр бербей жүргөнү менен кыйналып жатканын сезип-туюп эле турам. Айла жок... Көңүлүн көтөрүмүш этип келээр замат берээрге тамагыбызды дайындап, ысык чай менен тосуп алабыз. Дагы жакшы кат жазышып жүргөнү Азамат "ракетка" кылып ороп, чай, конфет "түртүп" турат. Аз болсо да көңүл да! Ал бала өзү он эки жыл алган экен. Жакында зонага кетээрин жазса ансыз да араң жүргөн Бегимжан "көнүп калган болчумун" деп эки күн кечке ыйлады. Биздин хатага жаңы жабылган эки аял Бегимди жактырышпай, улам баштарын чайкашат. Эртеси Бегимжан хатада калып биз "гулкага" чыкканда экөө тең ошол тууралуу кеп козгоп, "Эми зонага кетсе бир эркек кетип жатыптыр, анын үстүнө киши өлтүрүп түшкөн неме дейби... Кооз сөздөрдү жазып тигил кыздын башын айлантып койсо керек, болбосо ага эмне ыйлайм. Азыр өзүнүн иши эмне болоору белгисиз болуп, таразага салынып турганда өзүн ойлобой, түрмөдөн таанышкан эле бирөөнүн тагдырына күйүп-бышканы эси жоктук. Эркектерге эмне? Жакшы сөздөрдү жаза беришет да, иш жүзүндө такыр башка... Эркекке ишенгиче... Анын үстүнө аялы бар неме турбайбы ээ? Никелешкен аялы "түрмөдөн чыкканча күтмөк белем?!" деп басып кетип жатканына караганда начар эле күйөө болсо керек да. Болбосо аялы күймөк, күтмөк. Аялын жыргатпаган анан Бегимжанды жыргатмак беле? Деги эле ушул жерде кат жазышкан аялдарды түшүнбөйм?! Энеси менен баласы олтуруп калыптыр, макул алар кат жазышып сүйлөшүшсүн. Күйөөсү "подвалда, өзү бул жерде олтурган "подельник"-эрди-катындар сүйлөшүшсүн. А силер эмнени, эмнеге сүйлөшөсүңөр? Же аларды таанып-билбесеңер, эч түшүнбөйм!" деп бежиреп олтурушту. А бирок эки күн өтпөй бирөөсү адвокатына чыгып келип, "Ий, биздин кошунанын жап-жаш баласы олтуруп калыптыр. Ал да адвокатына чыккан экен. Тим эле мени көрүп көздөрү жалдырайт. Куураган окшойт байкуш бала. "Эжекелеп" кайсы хатада олтурасыз, малява чийип жиберем" деп калды. Ата-энеси тим эле алтын кишилер да. Алты кыздан кийинки эркек деп ушул баласын эрке өстүрүп алышты өздөрү. Деги үйдөгүлөрүн шорлотуп сайынып, же жанагы жаман чөптөн чегип бузулуп кетпесе эле болду, жаш өмүрүн жайратып. "Ата- энеңди ойло, алар сени күтүп жатышат, ая" деп кантип айтсам экен ыя? Кат жазып жиберсем окшойт" деп калыптыр. Мына... Эмнеге, эмне деп жазышасыңар деген өз суроосуна өзү жооп таап, бул жерде олтурган адамдардын сүйлөшүүсүнүн бирден-бир жолу - кат жазышуу экенин түшүндү окшойт.
Деги эле түрмөнүн айтылбас, жазылбас түркүн сыры көп.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??