п»ї

  сырмаек

Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"
Үй-бүлө менен сахнаны айкалыштырып чогуу алып келе жаткан ырчылардын катарын толуктаган Роза Шакированын жашоосундагы акыркы жаңылыктар менен кабардар болдук.


- Роза, жеке жашооңузда, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Балам менен алышып үйдө элемин. Декабрдын аягына жеке концертимди пландаштыруудамын. Чыгармачылыкта бир кыз, бир баланы тарбиялап жатам, буюрса, жеке концертимде алып чыгып тушоосун кесем.
- Сиздин оюңузча ырчылардын концерт берүүдөгү эң биринчи максаты акча табуубу?
- Ырчылардын көбү эң биринчи күйөрмандары үчүн берсе керек. Бирок сахнага чыгып жатканда "о, Кудай, концертим чыгымымды актаса экен" деп ар бир эле ырчы жалынат. Анткени концерт берген да чоң машакатты, чыгымды талап кылат. Бүт чыгымымды жолдошум көтөргөн. Сахнага чыгып жатканда жолдошум: "Сарсанаа болбо, эл аз келип калса маанайыңды түшүрбөй, аншлаг болуп жаткандай ырда. Калганын бүт мен мойнума алам" деген болчу. Биринчи концертим болгондуктан, тажрыйбам жок, эч кимден кеңеш сураган эмесмин. Концерт өзүн актабаса да колубузда жүз миң сом калган, аны эртеси банкет уюштуруп, Ошко барып заматта эле түгөткөнбүз.
- Жолдошуңуз каякта иштейт?
- Жумушуна кийлигишип деле сурабайм, жеке ишкер экенин билем. Алматыга барып-келип иштейт. Мурда крим чөйрөсүнө аралашып калган экен, ошондон улам гезиттерге интервью бергенди, сүрөтү менен чыкканды каалабайт. Канча айтсам деле "Роза, мени пиар кылбай эле койчу" деп кутулат.
- Кантип тааныштыңар эле?
- Токмокко Нурбек Дайырбек уулу тойго алып барган. Жолдошум да ал тойго барган экен, тойдон кийин шаарга чейин бизди машинасы менен жеткирип келди. Той ээлери акчаны жөндүү төлөбөй нааразы кылышканынан жолду катар сүйлөнүп келатып, ага көңүл деле бурбаптырмын. Ал болсо менин "Карабачы" деген ырымды жакшы көрүп угуп, "ушул кыз кандай болду экен" деп жанымдан көргүсү келип жүрчү экен. Такыр башкача элестетсе керек, мени көргөндө кандай абалда калды экен деп ойлоп калам. Ошентип жакындан таанышып, жакшы болуп кеттик. Мага жолукканга чейин төрт-беш жыл мурда ажырашып кетиптир. Алматыда иштегендиктен, ошол жерлик эле бирөөнө үйлөнөм деп жүрчү экен.
- Мүнөзү кандай?
- Көп сүйлөбөйт. Конокко барса жаккан адамы менен жакшы сүйлөшөт. Кокус бир нерсе жакпай калса "Мага жакпаса да Розага жагып жатыптыр" деп, ойлобойт, кетебиз эле кетебиз деп көшөрүп туруп алат. Менден сегиз жаш улуу болгондуктан, "силер" деп кайрылам, уруша кеткенде "сенсиреп" кирем.
- Уруш-талаш көбүнчө эмнеден чыгат?
- Тойлорго жалгыз барып калганда кээде күтүп отурганга туура келет. "Ой, Роза келиптир, ырдасын" деп мага ким кезек бермек эле? Жолдошума "киши көп экен, өз кезегимди күтүп отурдум" десем, "эмнеге күтөсүң, кетип калбайсыңбы?" дейт. Тескерисинче жолдошум менен чогуу барып калсам, кашайып: "Роза келиптир, биринчи ырдатып коё берели" дешет. Ошондо жалгыз барганда жолдошума ойноп жүргөндөй сезилет окшойм. Урушубуз ушундан улам чыгып кетет.
- Чыгармачылыгыңызды түшүнбөйбү?
- Чогуу ээрчишип жүрсөң түшүнөт, жакшы эле. Бирок кээде чакыруулар чыгып калып, барайын десең "жөн турчу" деп коёт. Алар менен тээ илгертеден бери катышып келе жатканыңды билгиси да келбейт. Анан мен жалдырап баштайм "кийин менин концертиме да келип ырдап беришет, чыкырган жерге барыш керек" деп. Бирок аягында баары бир өзү алып барып келет. Барбайсың дегенде "ии, барбай калдым" деп отуруп калсам, беш-алтыларда келип алып "даярданбайсыңбы, барып келели" дейт. Жалпы жонунан алганда чыгармачылыгымды түшүнөт деп айта алам.
- Казан-аяк кагышканда биринчи кимиңер айкөлдүккө барасыңар?
- Жолдошум мени кээде аябай катуу таарынтат. Өзү көк. Ошол күнү жан-дүйнөм жаман болгону менен эртеси кайра "кой" деп элдешкенге барам. Жашоо-турмуш ошонусу менен кызык окшойт. Биз көп деле урушпайбыз, төрт-беш айда бир айтыша кетебиз.
- Азыр үй-бүлөсү менен кандай?
- Эки баласы бар, алар менен сөзсүз байланышып турат. Биринчи аялы менен жолугуп, балдарынын маселелерин талкуулап турушат. Кээде балдарына эки-үч күнгө барып келет. Андай кездерде мен "каяктасың, качан келесиң?" деп такыр чалып сурабайм. Мен деле балдары менен жашасам дейм, бирок чоңоюп калган балдарга туура эмес сүйлөп алып түшүнбөстүктөр болуп кетеби деп коркот экенсиң.
- Кызганчааксызбы?
- Аял киши кызганганда өзүнө ашыкча оору пайда кылат экен. Жаңы төрөп үйдө отурганда көзүмө ар нерселерди элестетип, жумушуна чалып, телефонун албаса уюлдук телефонуна чалып: "Каякта жүрөсүң, сен жумушта эмессиң. Ким менен жүрөсүң?" деп жүдөтүп уруш баштап жиберчүмүн. Кызганычтан ооруп, жатып калган күндөрүм да болгон. Азыр өзүмдү колго алып, кызгангым да келбей калды.
- Кайын журтуңузга бат-баттан барып турасызбы?
- Бир айда бир жолу дебейм, көп убакыт өткөрүп бир барам. Кээде өздөрү келишет. Азыр "бала менен жүдөтпөйлүчү" дешкенби, көптөн бери келише элек. Кайындарыма барганда эчтеке оокат кылбайм. Ошол жакка барганда эле эмнеге экенин билбейм, колума тийген идишти талкалайм, баратып эле бирдемелерин төгүп алам. Анан "сен кылбай эле жөн отурчу" дешет. Бир жолу эми бир сонун кылып гүлчөтай жасайын деп жакшы эле чыгындым эле, аным ботко болуп калыптыр. Эч кимиси ооз тийген жок. Эртеси иттерине беришти окшойт.
- Негизи өзүңүз ашканада кандай кожейкесиз?
- Төрөй электе жакшы кожейке болчумун, төрөгөндөн кийин кыймылдагым келбей баламды кучактап отура берем. Эшикке чыгып сейилдейбиз, келгенден кийин кучакташып уктап калабыз. Ойгонгондо курсагын тойгузуп, жуунтуш керек. Анын үстүнө азыр тынчы кетип турган убагы, колду байлап турат. Тамактан болсо туугандарым мантымды мактап жешет. Кээде үйгө конок келгенде "Роза ашты сонун басат" дешет. Чын эле сонун кылып басып берейин десең, андай учурда былтыйган эле бирдеме болуп калат.
- Жолдошуңуз сизге кандай талаптарды коёт?
- Көчөгө чыксам кимди көргөнүмдү, кимге жолукканымды ийне-жибине чейин жашырбай айтып беришим керек. Жолдошумдун эң биринчи талабы ушул. Өзүм деле эч нерсе жашырбайм. Бирөөлөргө жолуксам жолуктум, бир жакка барсам бардым деп ачык эле айтып берем. Эч убакта мага калп айтпа деп көп айтат. Анан сөзсүз түшкү саат бир-экилерде үйдө тамак жасалуу болуш керек. Жумуштан келсе чогуу ичебиз, келбесе тура берет. Үйгө жетээрге беш мүнөт калганда "Роза, эмне тамак жасадың?" дейт. Ошон үчүн тамак даярдап турам.
- Арыкта деген талап коё элекпи?
- Ушул күнгө чейин ишенесиңерби, бир да жолу "толуксуң, арыкта" деп айта элек. Кийим сатып алганы барганда "о-ой, менин арыгым" деп тийишип калат. Эми биздин пародабыз ушундай толук болсо эмне кылмак элем? Өзүм деле арыктайын десем кайра эле артка кетип жатат окшойм. Мурдакыдан да толгонсуп жатам.
- Эне болуу бактысын кандай сүрөттөп берээр элеңиз?
- Сөз менен сүрөттөп айта албайм. "Ушул балам жок кантип мурда жашап жүрдүм экен?" деп ойлоном. Кээде эки-үч саатка сиңдиме таштап кетсем, кадимкидей баламды сагынып, кулагыма ыйлап жаткансыган үндөр угула берет. Телефон чалып бат-баттан сурап турам. Баламдын бир күлкүсү баарын жууп кетет.
- Баласаак окшойсуз?
- Кудай мага боору ооруп, отуз жашка чыкканда бала берсе көзүмө өзгөчө ысык көрүнүп жатпайбы. Чындап эле, баласаак элем, кичинеден аным калып келе жатат. Уулум негизи атасына жакын, кечинде жумушунан келгенде мойнуна асылып жанынан чыкпайт. Мени болсо унутуп калат. Тили да "ата" деп чыкты. Экөөнүн алышып ойноп жатканын көргөндө кадимкидей ырахат алып, менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилет. Аялдык бакыт деген менимче ушул окшойт.
А.Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??