п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  үй-бүлөм - менин байлыгым

Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
Рубрикабыздын бул жолку каарманы көп кырдуу таланттын ээси актёр, ди-джей Камчы Сарыбаев болду. Камчынын бала кезиндеги кылык-жоруктарынан, окуяларынан бир туугандары эскеришсе, кандай кожоюн, ата, күйөө бала экенин жакындары айтып беришти.


Апасы Айнагүл:
"Мектеп директорунан балам үчүн көп эле уруш жедим"
- Жолдошум аябай жоош киши болчу, Камчынын тентектиги менден жуккан го. Чоң аталарынын колунда өстү. Мага караганда атасына жакын, ынак болду. Мектептин активдүү окуучуларынан эле. Бир күнү оң бутуна байпак кийип, сол буту жылаңач бойдон мектепке барыптыр. Директор чакырып алып: "Балаң министр болом дейт, министр боло турган бала ушинтип мектепке келеби?" деп мени уяткарып жатпайбы. Мен болсо медпункта иштейм, эртең менен кетип кечинде келем. Камчынын мектептеги кезинде мени директору көп чыкырды. Бир жолу классташ кызы менен мушташа кетип, экөө жулмалашып жатып, клубдун терезесин талкалап салыптыр. Анда да мен тил уккам. Андай учурларда Камчыны сабап, катуу тилдесем коркутуп көгөргөндү билчү эмес, дардаңдап бат эле унутуп калчу.


Карындашы Эркингүл:
"Камчы мени шапалак менен чапканда колумдун сөөгү көрүнүп калган"
- Камчы экөөбүздүн ортобуз бир жаш эле. Экөөбүз тең бирдей тентек, эрке болчубуз. Ата-энебиз алып келген оюнчук менен бир аз ойноп туруп ичинде эмне бар экенин текшергибиз келип дароо эле ачып салмай адатыбыз бар эле. Ошентип бир жашик оюнчукту керектен чыгарганбыз. Биздин айылга жаңы оорукана салынып жатканда Камчы экөөбүз уурданып барып карбит ташып келчүбүз. Карбитти жерге коюп ага суу куюп, үстүнө калай челекти көмкөрүп "тарс" этип жарылганынан ырахат алып, маашырланып жыргачубуз. Бир жолу апам көрүп калып "колу-бутуңарды алдырасыңар"деп катуу урушту, ошондон кийин ал оюнду токтоттук. Негизинен Камчы жок жерден бир нерселерди таап, тамаша уюштурганды жакшы көрчү. Өзү да андайга аябай эптүү эле. Бир күнү узун шапалак жазап алыптыр. Мага келип "сен туруп турчу, мен сени чабам. Шапалак сага оролуп калат, анан мен шапалакты өзүмө тартканда сен кинодогудай болуп айланып кетесиң" деп жатпайбы. Мен анын сунушуна макул болуп, ал мени катуу чапканда шапалак белиме шак оролуп, аны кайра тартканда оролуп калган колумдун териси сыйрылып, сөөгү көрүнүп калган. Ошол так азыр деле бар. Көргөн сайын ошол окуяны эстеп, Камчыга ачууланып алам.


Кайненеси Турсунай: "Күйөө баланын милдетин мыкты аткара билет"
- Камчы биздин тун күйөө балабыз болгондуктан, өз балабыздай көзгө ысык көрүндү. Балпалаңдап жүргөн-турганы да жөнөкөй, ачык-айрым. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, "ата, апа"деп эл сыйлап турат. Кудаларыбызды, сыйлуу конокторду чакыра турган болсок эки күн мурда Камчыны чакыртып алабыз. Бош болсо да болбосо да баш тарта албай келип кызматын көрсөтөт. Кой союп, этин бышырып келген конокторду алдырып сыйлаганды билет. Элдердин көзүнө актёрлук милдетин мыкты аткарса, биздин үйдө да күйөө балалык милдетин ошондой жакшы аткарат. Дагы бир күйөө балам менен Камчыны салыштыра берем. Ал болсо орустай, эч нерсе менен иши жок. Саат алтыга чакырсаң бир мүнөт да кечикпей келгени менен конок болуп кайра кетет. Ага караганда Камчыга көнүп алганбыз.


Иниси Каныбек:
"Сасыткы жумуртка менен башка чапканда..."
- Камчы байкемден жети жаш кичүүмүн. Ал сегизинчи классында шаарга кетти. (Күлүп). Байкемдин мага көрсөтпөгөн кордугу деле калган жок го. Мени эркелетем, тамашалайм, ойнотом деп жатып эле ыйлатып алчу. Мен үйдө кичүүсү болгондуктан аябай эрке өстүм. Бир жолу тооктун сасыткы жумурткасы менен башка чаап, апамдардан тил уккан. Дагы бир күнү үйрөтүлбөгөн тайга мени мингизип, тайды тээп жиберди эле андайга көнбөгөн жаныбар алакачып, башым менен жерге сайылгам. Ошондо ата-энемден укмуш тил укту го, чиркин. Анда да мойнуна албай "өзү минди" деп көрүнгөн шылтоону айтып кутулган. Үйдө атамдар жокто баладан башкача ойночу элек. Эжем эки бутумдан, Камчы байкем эки колумдан кармап мени терметип ойноп жатышып акырегимди чыгарып алышкан. Ошол күнү экөө тең атаман "өлөрчө" таяк жешкен. Мен болсо Камчы байкемдин оозуна жип салып, аны ат кылып ойногонду жактырчумун.
- Жумуш жасаганда бири-бириңерге атаандашчу белеңер?
- Мен апама чуркап келип "тиги эмне басып жүрөт, мен эмнеге баарын жасай берем" деп жанын койбой даттанып жатып кылдырчумун. Негизи байкем табиятынан боорукер, эч кимге жок дебеген ак көңүл, мүнөзү жумшак жан. Сырткы келбетинде эле жатпайбы... Азыр шаардан колу бошобой, анда-санда чакыртып жатып келет. Байкем менен өткөргөн балалык күндөрдү эстегенде кадимкидей жүрөгүмдө башкача сезимдер пайда болот.


Жубайы Эльнура:
"Уйкудан калган жолдошума боорум ооруйт"
- Камчы экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш жыл болду. Көчөдөн кандай жүрсө, үйдө деле ушундай шайыр күлдүрүп жүрөт. Жакшы ата, жакшы күйөө. Тойлордон түнү менен тоюп келсе да үйгө келгенде сөзсүз жок дегенде бир чыны чай ичмейинче уктабайт. Дайыма бара турган жерине кечигип барат. "Эми дегениң эки саат, азыр дегениң алты саат" деп тамашалап калам. Досторубуз үйгө келип калышканда "биздикине келсеңер шайыр жакшы отурасыңар, үйүңөргө келсек эле үңүрөйүп каласыңар" дей беришет. Сыягы күндүз ди-джей, түнкүсүн тамада болуп сүйлөгөндөн деле чарчайт окшойт. Эртең менен алтыда жумушка кетип бара жатканын көрүп кадимкидей боорум ооруйт.
- Үйдө кандай кожоюн?
- Бир үйдүн улуусу болгондуктан жоопкерчиликтин баары Камчынын мойнунда. Өзүнүн үйүндө болсо квартиранттардай эле жашап, келип-кеткенди эле билет. Эркектин да, аялдын да жумушун өзүм аткарам. Базарга азык-түлүк алганы барганда "базардын ичине кирип маймыл болгум келбей жатат" деп сыртта калып калат. Чын эле байкушту элдер таанып калып сүрөткө түшөлүчү деп жулмалап жүдөткөн учурлар көп эле болот. Кээде уруш-талаш, айтышуулар болгондо бирибиз унчукпай калбасак, үй жарылып кетиши мүмкүн. Менин ачуум келип жатканда ал сыртка чыгып кетет. Анын маанайы жок кезде мен да унчукпайм.



Камчы: "Багажникке түшүп алып
кыздарга барганда..."
- Чоң ата, чоң энемдин колунда өскөндүктөн, өз ата-энеме көп деле эркелеген жокмун. Ата-энемди сегизинчи класска чейин "байке, эже" деп айтып жүрдүм. Чындап эле бир көчөнүн тентеги болчумун. Туугандарыбыз машине менин келип калса дароо минип алып, рул менен ойночумун. Бир жолу Шамил деген байкем Сашка аттуу досун ээрчитип "Жигулиси" менен келип калышты. Эстесем ошондо байкемдер 23-24 жашта экен. Досу экөө кыздарга барабыз дегенин угуп калып, ошол замат көрүнбөй машинанын багажнигине түшүп алдым. Экөө эч нерсени байкабай айдап кетип баратышат. Бир убакта аңгыл-дөңгүл жолго түштүк. "Ии, эми үйдөн алыстап калдык кайра жеткире койбостур" деген жаман оюмда багажникти таңкылдаттым. Машинаны тык токтотушуп экөө жетип келип багажникти ачышса мен отурам... Мени көргөн байке таң калып жини менен жерге түшүрүп жамбашка тээп, өкүртүп-бакыртып ыйлатып кайра үйгө алып келип ташташкан. Кыскасы, эс тартканга чейин үйдөгүлөрдү кудайга шүгүр, жакшы эле тажаттым окшойт.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??