п»ї
 Таанышуу жарыясы


  чырмаек

Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"
Улуттук колоритти сактап калыш үчүн жан үрөп эмгек кылып, жаш таланттарды тарбиялап келаткан ырчы Бакыт Мамаевдин "Бойдоктор" аттуу ыры көпчүлүктүн көңүл борборунда эле. Ал ырдын клибине Кыргызстандын алп адамы Жеңишбек Ырайымбаев тартылганы жалпыбызга маалым. Өткөн саныбызда Жеңишбектин оорусу тууралуу маалымат бергенбиз. Жеңишбек Санаторияда дарыланып жаткандан бери Бакыт Мамаевдин дарегине ар кандай кептер айтылып жаткандыктан, ырчынын өзүнө кайрылып толук маалымат алууну туура көрдүк.


- Бакыт, учурда Жеңишбек Ырайымбаев Санаторияда дарыланып жатпайбы, мурда иштешип калган адам катары кандай жардам көрсөтүп жатасыз?
- Мен азыр Жеңишбекке барып эч кандай жардам көрсөтө элекмин. Жеңишбек ооруп жатат дегенди укканда жаман болдум. Анан жардам берейин деген оюм бар болчу. Жакында эле "Бакыт Жеңишбекти учурунда пайдаланып, ооруганда карабай кетти" деген сыяктуу туура эмес кептерди угуп түшүнбөй калдым.
- Демек, Жеңишбекке нааразы болуп жатыптырсыз да?
- Эл алдына мени жаман көрсөтүп, "пайдаланып кетти, клипке тартып акча тапты"деген сыяктуу сөздөр менен мени жаманатты кылып жатышкандарына таң калдым. Азыркы заманда клип аркылуу акча таап, байып кеткендерди көрө элекмин. Андай болсо, ырчылардын баары миллионер болушмак. Мени элге уят кылып үстүмө шагыл төгүп жатса, мен эмнеге ага барып нан беришим керек. Менде да намыс бар. Эгерде элдин алдында "биз байкабай айтып алдык"деп кечирим сурашса, азыр десе азыр жардам бергенге кудуретим жетет. Мен Жеңишти клипке тартып эч кандай пайда тапкан жерим жок. Тескерисинче, буга чейин колумдан келген жардамымды аяган эмесмин.
- Аны менен кандай максатта иштештиңиз эле?
- Мындан 14-15 жыл мурун мен "Ой-тобо" аттуу тобумду ачкам. Топтун аты айтып тургандай, биздин топ элди таң калтыра тургандай өзгөчө маанай тартууласа экен деген жакшы тилек менен ачканбыз. Айткандай эле учурунда башкалардан өзгөчөлөнгөн концерттерди берип, эл алдына, Кудайга шүгүр, таанылдык дегендей. Анан 2000-жылдары "Ой-тобо" тобум аркылуу Кыргызстандагы эң узун алп адам, өзүмдүн жердешим Жеңишбек Ырайымбаевди элге тааныштырайын дедим. Менин максатым - "бизде да кыргыздын сыймыгы боло турган ушундай алп адамыбыз бар" деп бүткүл дүйнө жүзүнө болбосо дагы, Орто Азияга таанылтайын деген ойдо аракет кыла баштагам.
- Сизге чейин Жеңишбекти кыргызстандыктар таанычу эмес беле?
- Мен Жеңишбекти клипке тартканга чейин өзүнүн айылдаштары гана таанычу. Керек болсо, Ак-Талаа районунун жашоочулары билип-билишчү эмес. Ал баланы элге көрсөтүп калайын деп, Жеңиш жөнүндө көрсөтүү тарттырайын дегем. Бирок көрсөтүүлөр эфирден бир-эки жолу көрсөтүлүшү мүмкүн. Ал эми клипке тартсаң, диск аркылуу эл арасына кенен таратылат деп "Бойдоктор" деген ырыма клипке тарттым.
- "Бакыт Мамаев Жеңишбекти клипке тартып өзү таанылды" деген кептер туура эмес экен да?
- Ал туура эмес. Анткени, мен "Бойдокторго" чейин "Сүймөнкул" аттуу ырым менен таанылгам. Клиптен жакшы байкасаңар, биринчи планга өзүмдү койбостон, Жеңишти андан кийинкиге оор салмактагы Турусбек байкени көрсөткөм. Жеңишбектин аркасы менен таанылгандай ал клипте кыйраткандай деле кыймыл жасаган эмес. Мүнөзү оор болуп айтканыңды кылбагандыктан, качып ары-бери чуркаган жерлерин өзүм аткаргам. Чынын айтканда, анын туруп эле берген карааны бар.
- Анан клиптин жыйынтыгы кандай болду?
- Ал кезде өзүбүздүн машина, камера дегенибиз жок. Бардыгын акчага жалдап, тоо-ташты аралап эмгек кылганымдын аягы "Жылаңач тартылган жерлери бар экен" деп эфирге жарабай калды. Ошондо да чуркап жүрүп, рекламанын алдында кетчү ырларга коштуруп жатып телевидениеден кетирттим. Кийин пираттык жол менен дисктерге кошулуп элге тарады. Жеңишбек клипке түшүп калганына жана пираттардын жардамы менен элге таанылганына сүйүнсө болот.
- Жеңишбекке акчалай жардам көрсөттүңүз беле?
- Башкалар кылбаган жардамды мен көрсөткөм. Шаарга үч күн концерт бергенде чоң артисттерге төлөбөгөн эки миң сомду үч күн бою төлөп бергем. Концертте да айнектин үстүнө мен жатып, болгону үстүмдөн гана басат. Андан сырткары эки мүнөттүк сатирага катышкан. Негизи бою узун адамдар эки эселеп тамак жеш керек. Жеңишке колдон-буттан алып жардам берип, тамак ашын кенен берип, кийим кечесин тиктиргенде өңүнө келип калган. Концерт бүткөндө жанындагы досуна да, акча сурап мага нааразы болгондой түр көрсөткөн. Мунун баарын айтпайын дегем, бирок айтууга туура келип жатат.
- Экөөңөрдүн иштешпей калганыңарга эмне себеп болду?
- Кыргызстанды кыдыртып концерт берип, Жеңишбекти үйлөнтөйүн деп жатканбыз. Кежирлигинин айынан көп зыян табат. Ошту көргөнчө гастролго барып кел акча табасың десем, айылдан деле карагай жүктөп акча таап алам деп көгөрүп болбой койду. Өзү акча таап жатса, мейли анда деп жөнөтүп жибергем. Кийин сураштырсам, ал иши деле болбой турган иш экен. Кийин дагы көңүлүм калбай Кытайга барууну сунуштасам, апамды сагындым деп кетип калды. Негизи Жеңиштин туруп эле унчукпастан басып кетмей жайы бар. Шаарда жүргөндө кетип калып түндөп издеген күндөрүм да болгон.
- Балким, көп сүйлөбөгөнү сизге жакпагандыр?
- Көп сүйлөбөгөнү менен сүйлөчү жерде жакшы эле сүйлөйт. Өзгөчө акчага келгенде анан милицияларды көргөндө. Бир күнү концертти уюштуруп жүрүп, Жеңиштерди Көк-Жарга таштап, өзүм жумуштар менен кетсем, жолдон милициялар кармап алышып паспортун сурап, бир топко эрмектешиптир. Анан сүйлөбөйт деген Жеңиш "Мен Бакыт Мамаев менен концерт коюп келгем" деп бир топ сөздөрдү айтып жалдыраптыр. Угуп алып өзүм таң калгам.
- Үйлөнөт, үйлөнөт болуп эмнеге токтоп калды эле?
- Мен чын жүрөгүм менен Жеңишбекти колдоп, өзүм менен чогуу алып жүрүп концерттерди тартуулап бутуна тургузуп, дачадан үй, машина алып берип, үйлөндүрөйүн деген жакшы ниеттерим болгон. Жеңишбек мен айтканды угуп жүрө берсе үзүрүн көрмөк. Башка ишимди таштап Оштон, Ноокаттан Жеңишбекке ылайыктуу эки кыз тапкам. Кыз издеш деле оңой эмес да. Анан ата-энесине келип үйлөнтөлү десем, мага керек болгонсуп, көңүл бурбай коюшту. Ата-энеси турганда мен сөйкө салмак белем деп, шаарга кетип калгам. Шаардан дагы түтпөй, Айжана аттуу жакшынакай кыз тапкам. Ал кыз жогорку билимдүү экен. Батирде жашап, тигүү цехинде иштеп жүрүптүр. Таанышып калып Жеңишбекке көрсөтүп үйлөнүп алгыла десем, Айжана: "Мага мүнөзү абдан жакты. Мен макулмун" деп ага кийим тигип көңүлдөнүп калганда Жеңишбек: "Менин апамдай болгон кыз го?" деп болбой жатпайбы. Ар ким өзүнүн алына жараша иш кылыш керек да.
- Азыр Жеңишке кылган жакшылыгыңызга өкүнүп жатасызбы?
- Адамга жакшылык кылганга эч убакта өкүнбөйм. Жеңишке жардам берем деп, жаманатты болуп жатканыма ичим ачышып жатат. Мен Жеңишбекти клипке тартып, элге таанылтып, аягында элдин сөзүнө калып, ушак таап отурам. Артисттердин эмгегин искусство адамдары, журналисттер жакшы билет. Ошондуктан пендемдин оозунда болсо, периштемдин кулагында деп коёт го. Анын сыңарындай, клип тартып эмес, ак эмгек кылып байып кететтирмин.
Р.S. Бакыт мырза ушул маектен кийин эле айкөлдүк кылып, Жеңишбек кечирим сурабаса деле барып ал-акыбалын сурап, тамак-аш жеткирип келгенин редакциябызга кабарлады. Азамат десе!..
Айнура
Касымова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??