п»ї

  классташ

Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
"Балалык чак - бактылуу убак" деп коёт эмеспи. Окуучулук күндөр, элестер ташка тамга баскандай сакталып, классташтарыңдын балдай ширин окуяларын кез келгенде эстеп алып жылмайып калабыз. Кикбокс жаатында аты аттын кашкасындай таанымал дүйнө чемпиону Канатбек Сыдыгалиевдин он бир жыл бир партада олтурган классташы Кубаныч Медетов спортсмендин мектептеги кылык-жоруктарын айтып берди.


"Сабак бүткөнчө бурчта турчу"
- 1986-жылы Канат экөөбүз Талас-тын Арал айылындагы Арал орто мектебине биринчи класска барганбыз. Сабакты жакшы окучу жана өтө уялчаак болуп, мугалимдерден сестенип турганы болбосо, тентектиги анча деле жок болчу. Эң биринчи мугалимибиз Исакова Зина эжейибиз бизге "А" тамгасын таанытты. Канаттын сабакта олтурганда жөндөн-жөн эле каткырып күлүп жибермей адаты бар эле. Күлкүчүлүгүнүн айынан доскага чыгып, бизге артын салып бурчка көп туруп калды. Бир жолу дагы доскада туруп чыдабай кетти окшойт, эки бутун кыймылдатып, биз жакты карап жиберип, эжейибизден уруш жеген. Кээде сабакты окубай барганыбызда эжейибиз бизди үйгө кетирбестен, караңгы киргенче кетирбей алып калчу. Экөөбүз андай учурларда чогуу бир класста калып калчубуз. Дептерлерин мектепке унутуп коюп, ал үчүн да токмок жеп, кыскасы, уялчаак, тартынчаактыгынын айынан көп эле азап чекти.

"Ы" тамгасын айтып бүтпөй…
Алиппе майрамынан "Ы" тамгасы болуп:
"Ырыс алды - ынтымак,
Ынтымактуу балдарбыз.
Ынтыга койбой окуган
"Ы"тамгасын жазабыз!" деп аягына чейин толук айтып бүтпөй, тигиле карап турган ата-энелердин көзүнчө күлүп жиберип, уялганынан залдан чуркап чыгып кеткен. Майрам бүткөндөн кийин Зина эжей Канатты колунан жетелеп класска алып кирип "ой-да" тилдеп, кайра досканы каратып кечке чейин тургузуп койгон.

Кыздар Канатты "негр, негр" деп ардантышчу
Өзү уялчаак, жоош болгону менен жылма тентек болду. Кыздарга тийишип чачтарын жулуп, бантиктерин чечип жиберип, Зина эжейден токмокту бизге караганда көбүрөөк жечү. Кичинекей кезинде кыздар менен урушуп кеткен учурларда Канатты алар: "негр, негр!" деп шылдыңдашып, анын жинине аябай тийишип качып кетишчү. Чычалаган Канат аларды үйлөрүнө чейин кубалап, эси оогончо үйүнө чуркап барчу. Анан ыраазы болгондой башын жерге шылкыйтып өзүнүн үйүнө келчү. Кичинекей чагында бизге караганда бир топ далылуу бала болгон. Балдар өздөрү тийишмейинче, аларга тийишчү эмес. Эгер кокус бирөө тийишип калса, анын сазайынын колуна берчү. Ошол учурда мектептин атаманы болуп, кээде жогорку класстын балдарынан бери "какус-кукус" кылып коймою бар эле. Бешинчи класстан спортко болгон кызыгуусу артып, машыга баштады. Каратэ менен кикбокско көбүрөөк басым жасачу. Дене тарбия сабагынан мектеп боюнча жакшы жыйынтыктарды көргөзүп келген.

Өтүгү катып калганча муз тепкен Канатбек
Бир жолу менин тамагым катуу ооруп, үнүм чыкпай моюнума жоолук байлап мектепке бардым. Канат экөөбүз бир партада олтурчубуз. Анан "Карачы, Канат, тамагым ооруп жатат. Эмнеге сеники оорубайт?" десем "Ооруйт, анан апам койдун майын мештин түбүнө коюп ысытып, ысык сүткө аралаштырып сапырып-сапырып берип койсо айыгып калат. Көрдүңбү, менин тамагымды деп оозун аңырайта ачып көрсөтсө, таң калып аны жалдырап калыптырмын. Үйдөн байкем, эжемдердин да тамактары ооруганда ушинтип айыктырып коёт" дегени азыр да эсимден кетпейт. Мектептин жанында муз тепкенге ылайык бир дөңчө бар болчу, кышында анын үстүнө суу куюп муз жасап ойноор элек. Анын баарын Канат баштаган. Кечке чейин сабакта болобуз, караңгы киргенде ошол музга барып ойногондуктан, кар болгон шымдарыбыз тоңуп, кичинекей беттерибиз көгөрүп, өтүктөрүбүз катып калганча ошол жакта жүрө берчүбүз. Бир жолу ошентип ойноп жатып, Канаттын өтүгү аябай эле катып, басалбай калыптыр. Үйүнө араң дегенде жеткиргенбиз. Кирээри менен эле күйүп жаткан мештин түбүнө жаткырып, үстүндөгү кийимдерин чечип жибигенче күтүп турганбыз. Кийин мугалимдер биз ойногон муздун үстүнө күл төгүп салышкан. Күлдү кетиребиз деп Канат экөөбүз бир нече жолу тоңгонбуз.

"Жакшы кыз көрсө, сүйүп калган адаты бар эле"
Канаттын сүйүүсү мектеп партасын аттаганда эле башталган. Биздин класста Бактыгүл деген сулуу кыз окучу. Биздин класстын балдарынын бардыгы ал кызды жактырып жүргөн. Канат да Бактыгүлдү жакшы көрүп калганын мага айтып, ал ары-бери басканда карай берчү. Дене тарбия сабагынан "ак терек, көк терек" оюнун көп ойночубуз. Канат аркы командадан Бактыгүлдү чакырып, же болбосо Бактыгүл турган жерге барып колун үзүп, аны биздин командага алып келип сүйүнүп калчу. Ал кезде биз азыркы жаштардай болуп кыздарга сүйүүбүздү билдире алчу эмеспиз да. Досум да Бактыгүлгө сүйүүсүн билдире албай жүрүп, экинчи жылы кайра башка кызды жакшы көрүп кетти. Жыл сайын мектепке жаңы кыз келип калса, жакшы көрүп калмай адатына айланган. Класста окуган балдардын бардыгы айдоочу болобуз дечүбүз. Бизге кошулуп Канат дагы айдоочу болууну самачу.
"Линейка дегенде мектепти айланып качып…"
Алтынчы класста атасына чөп чапканына жардам берип, чоң кишилердин жумушун жасачу. Ал убакта биз бир чака сууну араң дегенде көтөрүп келчүбүз. Балдардын чачы кичине эле өсүп кеткенде линейкага алып чыгып, окуучулардын, мугалимдердин көзүнчө кайчы менен чачын кесип, атын жазып уят кылышчу. Канатты үйдө эжелери таза жакшы карагандыктан тазалык жагынан жаманатты болуп линейкага чыккан жок. Бирок башкаларды урушуп жатканын көрүп жүрөгү түшө берчү. Ал кезде линейка дегенде бир да окуучу калбай катышкандыктан, мектепти айланып качкан күндөр да болгон.

"Диско клуб Ди-Джейи…"
Биздин айылда диско клубдар жок болгондуктан, дискотекаларды мектепте күп-күндүз эле жарыкта мугалимдердин көзөмөлү менен гана өткөрчүбүз. Анын башында да баягы эле Канат турчу да. "Романтик" деген магнитофонун көтөрүп алып, дискотекада башынан аягына чейин музыкаларды өзү коюп, ди-джей болчу. "Доктор Альбанын" жана "Биз" тобунун репертуарындагы ырларды жаңыртып биздин маанайды көтөргөнү менен өзү бийлечү эмес. Кеч курун балдар менен чогулуп калганда "Романтик" магнитафонун кыйкыртып ийинине коюп алып, көчөнү кыдырып басуу мода эле. Кыздарга барганыбыз менен алар чыкпай коюшчу. Үйгө барып жылуу ичик, тонубузду кийинип алып кайра келсек дагы чыгышчу эмес. Бизден башка балдар менен сүйлөшпөсө экен деп, кыздарды коруп кароолчу болчубуз.Отуруштарды жашыруун уюштурсак да, мугалимдер аңдып барып бизди кармап алышчу.




Мектеп шиңгилдери
Рахман Разыков: "Бактын башынан түшө албай эки саат турдум"
- Бир жолу бирге окуган классташ кызымдын үйүнө Абдырасул деген досум экөөбүз бардык. Дарбазасынын жанына жетип ким чыгат болду экен деп, улам-улам шыкаалап коёбуз. Экөөбүз "сен ышкыр, сен чакыр"деп бири-бирибизди түртүп жатсак, иттин үргөнүнөн үйдөн байкеси чыгып калды. Байкесинен жакшы сөз укпаарыбызды билип качып жөнөдүк. Алыс чуркай албарымды билип бакка тырмышып чыкканга жетиштим. Абдырасулдан дайын жок. Кыштын кыраан чилдесинде бактын башына чыгып алып кайра түшө албай эки сааттай олтургам. Тоңуп калганымдан мына түшөйүн десем, Абдырасул келип "Сен кайда жүрөсүң, кишинин баарын сарсанаа кылып. Издебеген жерим калган жок" деп урушуп анын жардамы менен бактан "күп" эле түштүм. Ошондон кийин бакка чыккыс болгонмун.
Акбар Сүйүнбаев: "Сүйгөн кызым үчүн эки жолу токмок жегенмин"
- 4-класста бир кызга ашык болуп калдым. Кичинекей болгонгобу, сүйүүмдү 7-класска чейин айталбай жүрдүм. Бир күнү атайын олтуруп алып кат жазып, каттын аягына жообун күтөм деп, классташ баламдан берип жибердим. Көрсө, ал кыз катты алып окубай туруп эле "Менин жигитим бар" деп тытып салыптыр. Бир күнү атам мага "6 мүшөк буудайды эшек арабага жүктөп кой, ун кылып келебиз" деп тапшырма берип жумушка кетти. Мен атам келгенче тиги кыздын үйүнө барып келейин деп кетип калгам. Келсем колуна чоң күрөктү кармап атам мени күтүп туруптур. Ошондо ал кыз үчүн атамдан күрөк менен токмок жегениме ызааланып, эртеси анын жигити Мику деген баланы мушташууга чакырдым. Бирок, ал балдардын атаманы болгондуктан андан да токмок жегеним эсимде.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??