п»ї

 "Обон" шоу-таймс

Кенжеге үч мырза сүйүүсүн арнады
Даңазалуу "Кыз-Бурак" тобу жыл айланып кайрадан күйөрмандары үчүн чоң программадагы үч күндүк концертин тартуулашты. Кымча белдүү кыздарды бийчи топтор менен ырчы Мерген Турган куттуктап барды. Жаңы костюм, жаңы ырлар менен коштолгон концертте Гүлшайыр Садыбакасованын неберелери да обон созуп ырдашты. Андан кийин кайра эле Кенже эжебиз кыска көйнөк кийип жаркылдаган маанайы менен эл алдына чыкты эле, артынан Чыңгыз, Айжигит, Тима аттуу жаш ырчы балдар Кенже айымга коёндой окшош аппак гүлдөрдү таартуулашып, "Кенже эже, мен сизди сүйөм"деп биринен өтүп экинчиси сүйүүлөрүн арнашып, ырчы айымды талашып, оозун ачырышты. Кызыгы ал жигиттер Кенже айымдан бири 9, экинчиси 12, үчүнчүсү 19 жаш кичүү болгон. Сахнада эми эмне болуп кетээр экен деп турганыбызда ырчылар Мамажан Козубаевдин "Тогуз жаш" аттуу ырын клиптештирип ырдап киришти. Көрсө, Кенже Дүйшеева колун сураган улуу, кичүү мырза күйөрмандарга ыр менен жооп бериптир.


Ак таңдайлар ата-бала болушту
Ак таңдай акындар бири-бирин өкүл ата кылып шайлаганды салт катары кармашкандай. Айтор, Азамат Болгонбаев өкүл ата кылып сахналашы Элмирбек Иманалиевди шайлады эле, эми Аалы Туткучев "Өкүл атам өз атам" деп автомат акын Жеңишбек Жумакадырды өкүл аталык милдетке койду. Мурун эле "сиз, биз" болуп сыйлашып келген мырзаларыбыздын мамилеси бир туугандай жакын катышка айланды. Ошондой эле Жеңишбек акын тойлорго алыпбаруучулук кызмат көрсөтүп, элдин батасын алып жаткан кези.


Бек Борбиев Бабур менен
Ханботонун тоюн өткөрөт
Обончу, аткаруучу, көпчүлүк элдин сүйүктүү ырчысы, сүйүүнүн "рыцары" Бек Борбиев кайрадан күйөрмандары үчүн 4-5-ноябрда чоң программадагы концертин тартуулайт. Элдин алкышын алгандан кийин 6-ноябрда шаарыбыздагы белгилүү ресторандардын биринде жубайы Фарида экөө ата-энелик парызынан кутулушуп, уулдары Бабур менен Ханботого уул той өткөрүшөт. Тойго азыртадан камданып жаткан Бек мырза тойго чакырылган коноктордун жана сахналаш досторунун тизмесин түзүүдө.


Ома жаңы үйдүн ачкычын алды
Ырчы Ома Кыргызстандын атын бүткүл дүйнөгө таанытып, Лос-Анджелесте болгон искусство сынагына катышып, өз үнү менен 12 номинация боюнча 4 сыйлуу орунга ээ болуп, 3 алтын жана 1 күмүш медаль алып келген эле. 7-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Султан Раев журналисттердин катышуусунда Омага квартиранын ачкычын тапшырды. Сынакта Америка жана Канаданын ырчылары менен бир тепкичте музыканын коштоосу жок "Сары ой" ырын ырдап, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толгон.


Назира сүйүнчү менен көрүндүктөн 30 миң сом чогултту
Эне болуп аялзатына тиешелүү болгон бакыттын даамын сезген теле алыпбаруучу Назира Айтбекова уулу Ариэттин жытына мас болуп жаткан кези. Балалуу үй - базар дегендей, Искендер менен Назиранын уулун көрөбүз деп келген жакындардын, тааныш-билиш достордун аягы үзүлбөй, күндө майрам, күндө той уланып, сүйүнчү менен көрүндүктү чогулткан жаш үй-бүлөнүн акчасы 30миң сомду түзгөн. Ырым-жырымга жакын Назира айым "Уулумдун бешик тоюна керектейм" деп ал акчаларды атайын акча сакталуучу "копилкага" катып койду.

"Жыйырманчы жаздын" көркүн ачкандар

Өткөн санда "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасына катышкан башкы каармандар тууралуу маалымат бердик эле. Бул жолу кайнененин образын мыкты ойногон Чынара Чолпонкулованы, башкы ролдогу Таланттын досу Нургаазыны жана тасманын башкы оператору Махмуд Суворовду маекке тарттык.


Чынара Чолпонкулова 1956-жылы 17-августа Талас областынын Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылында төрөлгөн. Учурда үй кожейкеси.
Чынара: "Киного тартылышыма жолдошум түрткү болду"
- Кандайча киного тартылып калдыңыз?
- Өзүмдүн мүнөзүмдү чагылдырган эненин образын жараткым келчү. Анан бир күнү жолдошум үйгө "Обон" гезитин көтөрүп келиптир. Киного кастинг болуп жатканын окуп телефон чалсак, тандоо бүтүп калыптыр. Менин киного тартылсам деген жакшы тилегимди мыкты билген жолдошум режиссёрго кайра чалып, "Тандооңор бүтүп калса деле менин кемпиримди бир көрүп кетпейсиңерби? Балким, жарап калат" деп режиссёрду үйгө чакырды. Буйруктан болуп кайнененин ролуна жарап, жашоодогу жолдошум да кинодогу күйөөнүн ролун аткарып калды. Киного тартылып жатканда кыйналган жокмун. Анткени турмушта колдонгон сөздөрдү айтып, жасалмалуулук болгон жок. Менин киного тартылып калышыма түрткү болгон жолдошума ыраазычылык билдирип кетким келет.
Нургаазы Калдаров 1987-жылы 21-январда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында төрөлгөн. Учурда КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайынын 4-курсунун студенти.

Нургаазы:
"Аяшымды алаксытам деп киного тартылып калдым"
- Тартылып жатканда аткара албай калган эпизоддор болдубу?
- Мен киного кокусунан эле кошулуп калгам. Эржан экөөбүз бир группада окуйбуз. Анын сүйлөшкөн кызы абдан кызганчаак болгондуктан, "Жыйырманчы жазга"тартылаарына башында эле каршы болгон. Анан Эржан киного тартылганга кеткенде мен аяшымды алаксытып турчумун. Ошентип жүрүп мен да киного тандалып калдым. Ал эми сьёмка учурунда немец менен сүйлөшкөндө "Биз чечиштик. Германияга Талант барат"деген сөздү орусча айта албай эки саат кыйналгам.
"Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасынын башкы оператору жана фотографы,

Махмуд Суворов:
"Түн ичинде муздак сууга чыдаган кыздарга ыраазы болдум"
- Оператор катары башкы каармандардын аткаргандарына канаттандыңызбы?
- Менимче, профессионал актёрлорго караганда эл арасындагы таланттар менен иштөө оңой. Алар айтканыңды аткарып, убагынан кечикпей келет дегендей. Анан бул киного катышкан каармандардын баарын 100 пайызга укмуш ойноду дегенден алысмын. Өзгөчө башкы каарман Жазгүл менен Таланттын жана Аселдин жамгырда тартылган эпизодун 4-5 сааттай тартып, аларга шланг менен муздак суу чачтык. Байкуш кыздарыбыз түнкү сууктан да муздак сууга чыдагандарына ыраазы болдум. Негизи башкы каармандардан сырткары жалпы эле катышуучулар берилген ролдорун мыкты ойногонго аракет кылышты.
Акыл Карачач





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??