п»ї

  жылдыздар турмушунан

Аялдарын ала качып үйлөнгөн атактуулар

Акыркы убактарда кыз ала качуу боюнча эл арасында кандай гана кептер козголуп, ал тууралуу кызуу талкуулар да болуп келет. Кайсы бир жылдары эл тааныган белгилүү мырзалар да сүйлөшүп жүргөн кыздарын чыркыратып, ыйлаткан бойдон ала качып кетишиптир. Ала качууну айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө аткаруу оңой эмес. Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло дегендей, атамандык кылып кыздарын ала качкан мырзаларыбыз үйлөнгөн күндөрүн боорлору эзилгенче каткырып айтып беришти.


Ырыспай Исаков, манасчы: "Аалынын "аудиси" менен аялымды ала качып..."
- Бойдок жүрө берип ата-энемдин жүрөгүн түшүрүп 31 жашымда үйлөнгөм. Келинчегим Гүлкайыр менден 11 жаш кичүү. Экөөбүз эки жыл сүйлөштүк. Бир күнү "эмнеге дагы эле сүйлөшүп жүрөм, андан көрө үйлөнөйүн"дедим да дароо манасчы, акын досторума айттым. Анан Гүлкайырды 10-январь апамдын туулган күнүндө практикадан чыгып келаткан жеринен акын Аалы Туткучевдин машинасы менен ала качтык. Түнкү саат 12-1лер болсо керек. Күтүүсүздөн үйлөнүп калгандыктан апамдар дароо айылдан келе алышкан жок. Жаңы келинге жоолукту шаарда жашаган эжелерим салышты. (Күлүп) Кыз күлө турган жерине ыйлап барат дечү беле?.. Гүлкайыр кыз каадасы кылып көзүнө жаш алымыш этти. Эртеси ачуусу келип турган адамдардын алдына өткүр жигиттерди жеберели деп, ачуу басарга Аалыны, Мирлан Самыйкожону, Уланды жөнөткөнбүз. Ошентип, досторумдун жардамы менен үйлөнүп калдым. Азыр Гүлкайыр экөөбүздүн ортобуздагы сүйүүдөн жаралган эки жаштагы Асман, үч айлык Аздек аттуу уул-кызыбыз бар.


Токторбек Бекбоев, куудул: ""Москвич" менен ала качып жеңенерди ыйлаткам"
- Жаңыл эжеңер экөөбүз театрда чогуу иштегендиктен сүйлөшүп жүрчүбүз. Үйдөгүлөр "үйлөнбөйсүңбү?" деп калышты. Мен 23тө, Жаңыл болгону 18 жашта эле. Жаңылга үйлөнөлү деп ачыгын айтсам, азыр мага турмушка чыгууга эрте деп, тийбей коёбу деген ой менен 29-майда ала качып кеткенмин. Чыгармачыл топ менен Кочкордун Чолпон айылына концерт коюп бүткөндөн кийин кечинде досторумдун жардамы менен "москвич"машинесине салып зуулдаган бойдон ала качтык. Үйгө барганча машинадан "чуу" салды. Көшөгөгө киргенде да ыйлап, кемпир-кесектин алкышы менен отуруп калды. Азыр Бегимай, Айнура аттуу кыздарды тарбиялап, кудайга шүгүр, бактылуу жашап жатабыз.


Шайырбек Абдрахманов, журналист: "Кайын-журтумдан качам деп, келинчегим экөөбүз көчкүнүн алдында калганбыз"
- Мен 26 жашымда келинчегим Акак 21 ге чыкканда үйлөндүк. Бир жылга жакын кыз-жигит доорун сүрсөк да, "үйлөнөбүз" дегенде Акактын ата-энеси "Аксыга турмушка чыкпайсың. Жол алыс болсо кантип катташабыз?" деп каршы болушту. Анан сүйүүнүн күчү керемет экен, үйлөнүп жатканымды экөөбүз туугандарымдан башка эч кимге айтпай, "волга" машинага олтуруп, Аксыны көздөй качып кеттик. Уурунун жолу кууш дегендей, Токтогулга жеткенибизде жолго көчкү түшүп калыптыр. Апрель айы болчу, суукту сураба, курсагыбыз ачка. Эптеп ошол жердеги элдерге кошулуп, бир вагонго тыгылып тамак ичебиз. Тамактын баасы да көтөрүлгөн. Вагондун
ээси "Кеткиле, өзүбүз батпай жатабыз" деп урушат. Анын баарына чыдаганыбыз менен аркабыздан куугунчу келип калбаса экен деп жүрөгүбүз түрсүлдөйт. Эртең менен жолчулар жолду ачышыптыр. Машине да тоңуп калгандыктан от албай 2 километрге чейин түртүп барганбыз. Бир маалда бутумдагы жаңы алган туфлийим жыртылып калып, байпагымдын баары былчылдап суу болгон. Ошентип, жүдөп-какап жатып араң үйгө жеткенбиз. Кыйынчылыктын даамын сезмейинче бакыт келбейт дегендей, минтип эки баланын ата-энеси болдук. Уулубуз Темучин 1-класста окуп, Эмир төрт жашка толду. Азыр эми кайын-журтумдун баары мени жакшы көрүшөт.


Нурлан Салидинов, "Дем" театрынын актёру: "Келинчегим жоолук салдырбай "сволоч"деп сөккөн"
- Мен дагы келинчегим Алтынайды 23 жашымда ала качып алгам. Мындайда достордун жардамы жакшы тиет эмеспи. Мырза менен Уланды ортого салып, сүйлөшкөн кызым Алтынайды "Кара-Балтага концерт коёбуз, үйдөгү аппаратураны алып алалы" деп алдап барып көшөгөгө олтургузуп, апалар жоолук салып жатканда "Улан сволоч!"деп бир кыйкырып алды. Шолоктоп ыйлап жатат. Биз болсо сыртта отун жарып жүрөбүз. "Куугун келсе сен турасың!" деп Мырза досумду эшиктин алдына тургузуп койдум. Ала-Тоо жаңы конушунда өзүнчө эле шаан-шөкөт башталып, концертке деген аппаратуралар өзүбүздүн короого коюлуп үч күн той өткөргөнбүз. Ала качып алганым менен бири-бирибизди сүйчүбүз да. Азыр экөөбүздүн 10 жаштагы Азат, 9 жаштагы Жазгүл, 4 жаштагы Тахир аттуу балдарыбыз бар. Ушундай эле сценарий менен "Дем" театрындагы дагы бир досубуздун сүйлөшкөн кызын ала качканбыз.


Семетей Мырзаканов, ырчы Бекчоронун продюсери: "Айтурган өзү эле үйгө кирип барган"
- Сүйлөшкөн кызым Айтурган анда "Белес"радиосунда иштечү.
2008-жылы 10-сентябрь жума күнү эфирден чыккан маалында досум Нурсландын жаңы алган машинасын шылтоо кылып "жүрү апамдар ооз ачырганга үйгө киши чакырып жатышты эле. Нурсландын жаңы алган машинеси менен барып келели"десем, курбусу Айгүл экөө кафеге барып тамактанаарын айтты. Кудай жалгасын дедик да экөөнү тең машинеге олтургузуп, Кантты көздөй жөнөдүк. Мурда Айтурган үйгө барып ата-энем менен таанышкандыктан үйгө жеткенде сыртта жүргөн конокторго деле маани бербей, "жүр, кир үйгө"десем, өзү эле бутун чечип, кирип барды. Ызы-чуу салбаса керек деп ойлогом, жеңелерим көшөгөгө киргизгенде "Боз салкын" киносундагы Асема биякта калсын, кыйкырып-ыйлап, кетем эле кетем. Семетей сен алдамчысың"деп тополоң салса болобу. Анткени мен Айтурган экөөбүз 10-октябрда үйлөнөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Мен болсо бир ай эрте ала качып кетип калдым. Ошенткен Айтурган эми үйдөн чыкпаган ыймандуу келин болуп, атам менен апамды Сейтек аттуу неберелүү кылды.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Камчы Сарыбаев инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабады беле?
2-бет
Роза Шакирова:
"Жолдошум мурун крим чөйрөсүнө аралашып калган экен"

3-бет
Инисинин акырегин сындырып, карындашын шапалак менен сабаган Камчы
4-бет
Надырбек Абдумаликов:
"Император-Каган массажы адамга жаштыкты, сулуулукту тартуулайт"

5-бет
Бакыт Мамаев:
"Жеңишбекти элге таанытып, аягында жаманатты болуп отурам"

6-бет
Күрөөканадагы күрөктөлгөн алтындар…
7-бет
Бактыгүлдү сүйүп, ага жетпей калган канат сыдыгалиев
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет

10-бет
Таң калтырган табигат сырлары
11-бет
"Сумочулар сулуу кыздарга гана үйлөнүшөт"
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??