п»ї
 Таанышуу жарыясы


Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
Аялдын кош бойлуу учурунда, төрөгөндөн кийин да жыныстык жашоо эч убакта эсинен чыкпайт. Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо тууралуу жаш энелердин көбүнүн маалыматы жок. Балаңыз менен алектенип жатып, өзүңүздүн жеке каалоолоруңузду арткы орунга жылдыруунун кажети деле жок.


Эгерде аялдын төрөтү жайында, орду менен өтсө, анда жатын зыяндуу микробдор толгон кандардан 4-6 жумада тазаланып бүтөт. Ушул учурда жатын төрөт учурундагы өзгөрүүлөрдөн кийин кадимкидей калыбына келет. Мындай мезгилдерде түгөйлөргө жыныстык жакындыкка барууну сунушташбайт.

Аял төрөгөндөн кийин жыныстык жашоого даярбы, же даяр эмеспи өзү чечиши керек. Эгерде эки анжы ойдо болуп турган болсоңуз - генекологдун кеңешине кайрылып, тиешелүү кеңештерди алыңыз.

Балалуу болгондон кийин балага көп убакыт бөлүп, күйөөңүзгө аз көңүл бөлгөндүктөн ал өзүн керексиз сезип, жалгызсырай түшөт. Көпчүлүк эркектер ушундай мезгилде аялдарынан оолактап, башка жерден "жылуулук" издей баштайт. Бала багып чарчап жатканыңызды бетиңизге кармабай, жолдошуңузду да "бала багуу процессине" аралаштырып, жаныңызга жакын кармаңыз.

Айымдын көкүрөгү анын эң эрогендүү жери болуп саналат. Бирок төрөттөн кийин көпчүлүк аялдар көкүрөгүнүн формасын жактырбай, стресске туш болушу мүмкүн. Мисалы, сүткө толгон көкүрөгүн түгөйү кармаса ыңгайсыздык жаратат, аялдын өзүнө жагымсыз сезим тартуулашы мүмкүн.

Өзү төрөгөн аялдарга караганда операция жолу менен төрөгөндөрдүн жыныстык жашоосунда кыйынчылыктар жокко эсе. Биринчиден, алардын жатыны чоюлбайт, экинчиден, жыныс кынында эч кандай деле өзгөрүүлөр болбойт. Бир жагынан алганда операция жолу менен төрөгөндөр жыныстык катнашка баргандан кийин көпкө чейин анын "даамын" сезишпейт экен.

Айрым эркектер төрөгөндөн кийин аялы төшөктөгү милдетин так аткарбаганына нааразы болуп, кабак-кашы өзгөрүлө баштайт. Кандай аял болбосун төрөгөндөн кийин секске болгон кызыгуусу мурдакыга караганда 20%га төмөндөйт. Ар бир эки саат сайын баланы эмизүү, түнкү уйкудан кур калуу да аялдын жыныстык жашоого болгон мамилесин салкындатат.

Жаңы төрөп, ымыркайын бооруна кыскан аялга күйөөсүнүн колдоосу чоң. Төрөттөн кийин жубайыңыздын дене мүчөсү өзгөрүп толуп кетиши, төшөктө мурункуга караганда салкын тартышы мүмкүн. Кекетип кыялыңызды көрсөтпөй, сабырдуу болуңуз.




Интимдик жашооңуз жайындабы?
Ушул суроого төмөнкү тесттен өтүп, интимдик жашооңуз канчалык деңгээлде жакшы өрчүгөнүн билүүгө болот.

1) Бир адамды алгачкы жолу көргөндө эң биринчи кандай ойду ойлойсуз?
а) жакындан таанышып, жылуу мамиле түзсөм...
б) төшөктөгү бедели кандай болду экен?
в) жакын мамиле түзсөм, кийин пайдасы тиеби?
2) Сүйгөн адамыңыз белек берсе ачпай туруп ичинде:
а) сырткы келбетиме керектүү нерсе болсо деп ойлосуз...
б) интимдик жашоого керектүү болсо...
в) экөөбүзгө тең бирдей кереги тийсе
3) Колуңузга секс тууралуу журнал тийип калса:
а) уялып четке ыргытасыз.
б) окуп чыгып, жазылган окуяга кошо аралашып чындап дүүлүгөсүз.
в) жөн гана бир сыйра көз жүгүртүп коёсуз.
4) Жыныстык жашоо сиз үчүн:
а) сүйүүнү чыңдап турчу "курал"
б) катардагы көрүнүш.
в) оюн.
5) Түгөйүңүз менен жыныстык жашооңузга канаттанбасаңыз:
а) ажырашууга барасыз.
б) адистерден кеңеш аласыз.
в) көңүлдөш күтөсүз.
6) Түгөйүңүз менен төшөккө жатаарда:
а) тымызын корко бересиз.
б) чыдамсыздык менен күтүп, төшөк оюндарынан ырахат аласыз.
в) жаңы ыкмаларды ойлоп түгөйүңүзгө ырахат тартуулаганга аракет жасайсыз.
7) Кийим сатып алаарда:
а) жарашыктуулугуна карайсыз.
б) мүчө-келбетиңиздин мыктылыгын баса көрсөтө тургандарынан карайсыз.
в) акыркы модадагысын аласыз.
8) Төшөк оюндарына:
а) караңгы жайда батканды каалайсыз.
б) каалаган убакта жыныстык катнашка баргыңыз келет.
в) жаратылыштын кучагында, машинанын ичинде жыныстык жакындыкты каалайсыз.
9) Сууга түшкөндө:
а) жаныңызда сүйгөнүңүз болуусун каалайсыз.
б) жалгыз түшкөндү каалайсыз.
в) көбүктөргө аралашып, түгөйүңүз менен ойногуңуз келет.
10) Сүйгөнүңүз менен урушуп кеткенде:
а) жини тарап кеткиче сүйлөшпөйсүңөр.
б ) төшөк оюндарынын жардамы менен элдешесиңер.
в) экөөңөрдүн бирөөңөр эшикке чыгып кетесиңер.
.



Жообу:
80-60 балл топтогондор:
Интимдик жашооңуз жайында болгону менен кээде аша чаап, секстен башка нерселер бар экенин эстен чыгарып коёсуз. Түгөйүңүз менен кокус жыныстык жашоодо кайчы пикирлер жаралса, бири-бириңерди туура түшүнүүнүн жолун оңой эле табасыз. Өз билген ыкмаларыңыз менен эле чектеле бербей, анда-санда адистердин кеңешине кулак түрүп, интимдик жашооңузду мындан да жакшыртсаңыз болот.
60- 40 балл топтогондор:
Жыныстык жашооңузга "орто" деген баа берүүгө болот. Ар бир нерсени өз убагында, орду менен жасаганды жактырасыз. Сүйүктүүңүзгө кандай ырахат тартууласаңыз андан да ошондой жоопту талап кылуу - сиздин адатыңыз. Жалпы жонунан интим тууралуу түшүнүгүңүз, төшөктөгү маданиятыңыз жакшы.
40-30 балл топтогондор:
Ашыкча уялчактыгыңыздын кесепети жашооңузга залакасын тийгизиши мүмкүн. Төшөктөгү милдетиңизди аткарып гана тим болбостон, түгөйүңүздүн ар бир кыймылынан, сизге жасаган мамилесинен ырахат алууну үйрөнүңүз. Эгер жыныстык жашоодо тажрыйбаңыз жок болсо, тиешелүү адамдардан уялбай сурап, үйрөнгөндү өөн көрбөңүз. Анткени, сиздикиндей жыныстык жашоодогу деңгээл түгөйүңүздүн көңүлүн чөгөрүшү мүмкүн.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Мени түшүнгөн жакшы жарды таптым
2-бет
Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"

3-бет
Бека: "Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
4-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге

5-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

6-бет
"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
7-бет
Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
кызыктар дүйнөсү
11-бет
Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??