п»ї

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
(Башталышы
өткөн сандарда)

Сот Сурагы
Күндөр көзгө илээшпей өтүп, кирип келген кыш өз өкүмүн сүрө баштады. Балпактатып жаап жаткан аппак карды кызыга карап " решкада" бир аз турдум. Үйдөгүлөргө, сырттагы жашоомо болгон сагынычым жүрөгүмдү эзет. Хата ичи суук. Башынан эле үшүкчөөл жаным каттап кийинсем деле жылый албай, өзгөчө бутум муздап, тоңгон таштай. Үрпөйүшүп, ар кимибиз өз оюбуз менен алек болуп, мындай күндөрү хатанын ичин өлүү жымжырттык ээлеп калат. Түрмөнүн эски боз одеялын жамынып алып, кечке керебетимден түшпөй байпак токуп эрмектейм. Курсагым ачып, улам-улам күйпөлөктөп, тамак бышыруу менен алектенген Күлкан эжени карап коём. Тамак-ашыбыздын түгөнгөнүнө эки күн болгон. Түрмөнүн тамагына күнүбүз түшүп калган эле. Күлкан эже түштө "баланда" куйдуруп алып, ачуу борщтун арасынан картошкасын терип, акыркы бир баш пияз менен суюк сорпо жасап жаткан эле.
- Иий, көк муштум болуп көгөргөн байкушум десе! Үшүп жатасыңбы? Бир бороондук алың жок турбайбы. Мына азыр беш-он мүнөт чыдасаң, ысык тамак ичебиз, жылыйсың. Наның да жок,эми бул нанды жей аласыңбы? Ортосу тишиңе жабышып жей албайсың, мына чекелерин кесип койдум, эки кесим же. Эптеп чыдай турсаң, бирөөбүзгө сырттан тамак-аш киргизип калышат чыгаар. Мындан кийин үйүңдөн киргизген нанды үнөмдөп, бизге көп бербей эле өзүң сактап жечи. Биз го түрмөнүн бул нанын жей беребиз, сен эле кыйналып калат экенсиң, -- деп боор тарта мени күлмүңдөй карап койду.
Өткөндө да наныбыз жок калып, түрмөнүн берген нанын жейм деп, эки күн зарына болуп, ашказаным өйкөп ооруп кыйналгам. Ошондо минтип кыйналгыча ачка эле олтурганым жакшы дегенимди угуп калып, азыр кейип аткандагысы.
- Бизди ойлобо, өзүңдүн ден соолугуңду ойло деп, мен деле айткам. "Ошо кантип болсун!" деп эле баарын ортого коё салат. Бизге эмне, берсе жей беребиз да. Мындан кийин үйдөн кирген нанды кургатып алып, чекесинен өзүң же. Сага ден соолук керек, биз түшүнөбүз, - деп Дарыя да коштоп кетти. Экөөнө жылмайып коюп кутулдум. "Силер түшүнгөн менен, башкалар түшүнбөй койсочу?! Анан да тең бөлгөндү теңирим сүйүптүр дегендей, бар болсо барын, жокто жогун көрүп эл катары эле олтурайын. Эптеп күн өтөөр" деген оюмду сыртка чыгарган жокмун.
***
Түнкүсүн өзүмдү канча кыйнасам да уктай албай убара тарттым. Үшүгөнүмдө үч бүктөлүп, бүрүшүп жатам. Ага кошул- ташыл болуп… Эки күн мурун жаңы "этап" келип биздин хатага да жаш кызды жабышкан. Кийим-кече, төшөнчүсү менен кошо ала келгенби белгисиз, айтор, бизди бүргө талай баштады. Көзгө көрүнбөй туруп эле чагып кете берчү мите тура.
- Тырмаба, денеңдин баары так болуп калат, - деп Дарыя урушат.
- Кантип чыдайм?
- Жылуу сууга туздан чылап туруп, чаккан жерлериңе сыйпап койсоң кычышканы басылат. Анан калса өзүңдүн каның таттуу окшойт да, мени анча деле чаккан жок, -- деген сөздөрдү угуп жаткан тигил кыз өзүн күнөөлүү сезгендей:
- Эртең кийимдеримди силкип, "сушкага" жайып келейинби? Тоңуп өлүп калышаар. Болбосо өлтүрөйүн десем эле секирип кетишет, - деп күлдүрдү.
Арыктыгынан кабыргалары саналчудай болуп илмийген, он беш жаштагы жетим кызда эмне айып?! Кыштын кыраан чилдесинде бутунда кийгени эски туфли, анысы да бир өлчөмгө чоң. Карап туруп зээниң кейийт. Жаштайынан бери уурулук менен жан багып, түрмөгө экинчи жолу түшүшү экен.
- Эртең эптеп бир айласын табарбыз. Ойлонбой эле уктай бер, - деп көңүлүн жубатымыш эткен болдум.
***
Кечке маал эртең - 13-декабрда сотко чыкчулардын фамилиялары окулуп, арасында мен да бар экенмин. Менин биринчи сотум! Таң атпай туруп жуунуп, чачымды тарап (чач деген эле аты болбосо, ойлонгондон түшө берип түйдөктөй эле бирдеме калды) кийинип алдым. Бир маалда Күлкан эже ордунан туруп чай коюп, даярдап калды.
- Жата бериңиз убара болбой. Таң атпай жүрөгүмө эч нерсе баспайт, иче деле албайм, - дегениме көнбөдү.
- Эрте мененки ырыскы эмеспи, чай болсо да ичип кет. Болбосо ачкарын тигил суукта тоңуп, куурап каласың го. Жүн байпак менен өтүгүң батпайт ээ? Үшүбөсөң эле болду. Сотуңдун учурунда ооруп калбай… Ылайым эле сот залынан бошоп кетип, кечинде келбей калгың бардыр, -- деген сөздөрүн угуп, жүрөгүм алып учуп адвокатымдын айткан сөзү эсиме түштү. "Биринчи соттук процессиңде эле баш коргоо чарасын өзгөртүп бериңиз деп суранам" деген эле. Чын эле кайра кайрылып келбечүдөй хатанын ичин, уктап жаткандарды айландыра карап алдым. Биздин шыбырашып сүйлөшкөнүбүздү уктубу, Дарыя тура келди. Ич көйнөкчөн басып келип, мени аянычтуу көз караш менен кучактай:
- Алтышка, кайра келбе! Мен кечке сен үчүн тиленип, суранып турам! Бул жер сен үчүн эмес! Эртерээк эле эне-атаңдын кашына барып, эркелеп олтуруп кал. Акылың болсо эриң менен кайра жарашпа. Эми мен го кесилип кетээрим турган иш. Кийин эстеп бир издеп келээрсиң. Келбесең деле таарынбайм. Деги багың ачылсынчы! - ал бышактаса, экинчи кайра көрүшпөчүдөй көзүбүзгө жаш алдык.
"Продолдо" эркектин үнү угулуп, каалгалар калдырап ачыла баштаганда Бегимжан ордунан ыргып туруп:
- Сотко алып чыкканы келишти. Даярсыңбы? Жакшы бар, кайра келбе! - деп бетимен өөп калды.
Монастырь боюнча бүгүн сотко чыкчу жети аял экенбиз. Жетинин бири - кыдыр дешкендей, бүгүн бошоп чыгып кеткей элем. Жараткан, ак жолумду ача көр деп күбүрөнүп, формачандардын жетегинде алдыга түштүм. Сыртка чыга бергенде экинчи бул эшикти аттабайын деген тилек менен таңкы ызгаарга жүзүмдү тосо, муздак абадан кере-кере дем алдым. Ичиркенип чыйрыкканыма карабай, таза абага көңүлүм ачыла түштү. Ээрчишкен жетөөбүз СИЗОнун алдындагы темир тосмодо он-он беш мүнөттөй туруп калдык. Кезек келгенде аты-жөнүбүз, статьябыз такталып, "автозек" деп аталчу түрмөнүн чүмбөттөлгөн машинесине бирден салып алып жөнөштү. Биздин райондук сотко чыкчулар - жаш карысы аралаш үч аял, он бир эркек экенбиз.
Бир…эки…деп санап түшүрүшүп, соттун имаратына киргизишти. Үчөөбүздү өзүнчө, эркектерди өзүнчө темир торго бекитишип, беш-алты "конвой" кайтарууга алып карап турушту. Көп өтпөй чекесинен фамилияларыбыз аталып, сотко алып кете башташты. Кээси көпкө кечиксе, кээ бирөөсүн "конвойлор" тез эле алып келип жатышты. "ДОС" (кайра ишин тергөөгө жөнөтүү) берип койду…" "Прокурор он беш жыл сурады эле, сотум он бир берди…" "Адвокатым ооруп келбей калыптыр, он жетисине жылдырышты…" деп жатышты. Алардын сөзүн уккан сайын жүрөгүм ооруп, өзүмдү коёрго жер таппай чебелектейм. Түштөн кийин " Намазбекова!" деген өктөм чыккан үндөн чочуп калтаарып алдым.
Башымды төмөн салып, колумду артыма алып, эки "конвойдун" коштоосунда баратам. Коридордо жабалактап таң кала караган көздөрдөн уялып, кысынам. Сот залына жеткенде эшиктин оозунда эки жаат болуп, бөлүнүп турушкан үйдөгүлөр менен кайын журтумду көрдүм. Апамдын "балакетиңди алайыным" деп жалбарган сөзү кулагыма угулду. Токтоп учурашканга мүмкүн эмес. Эки "конвой" сот залындагы темир тордун ичине киргизишип сыртынан кулпулап коюшту. Узун тактайдын чекесине коомай олтурдум. Көп өтпөй сырттагылар кирип, олтургучтарга олтура башташты. Апамды колтугунан сүйөй Чүрөк эжем кирди. Анан … колуна таяк таянып, арыктап, өңү кубарган апабыз, кайнежем, кайынсиңдим, кошуна жашашкан үч аял ээрчише киришти. Олтуруп-олтурбай жатып баарынын көздөрү менде. Мен болсо ал көздөрдөн ырайым издедим. Жок! Сурданган, заар чачкан көз караштардан жакшылык күтүп болбойт эле….
Сот башталды. Сотум - жашы элүүлөр чамасындагы, арык чырай, калың көз айнекчен киши экен. "Сот чечет" деген үлбүрөк үмүтүм менен эки көзүм сотто.





"Обон" эскертет: 18 жашка чейинкилерге окуганга болбойт!
Көл жээгинде

Жайдын ысык түнүндө эртең менен көтөрүңкү маанайда турдум. Тураарым менен эле "бүгүн сөзсүз түрдө бир нерсе болот" деген сезим пайда болду. Күн абдан чайыттай тийип, ысыгы денени куйкалап жиберчүдөй болуп турду. Туруп жеңил көйнөгүмдү кийип, муздаткычты ачып апельсиндин ширесинин муздагы башыма чыкканча жутуп-жутуп алдым. Жай таманымды, башыма көлөкө кылуучу баш кийимди кийип алып көлдүн жээгин көздөй чуркап жөнөдүм. Үйүм көлдүн четирээк жагында жайгашкандыктан, жанындагы кичинекей жээк менин сүйүктүү жериме айланган. Ичке жол менен баргандыктан жана ал жолду бак-дарактар, узун чөптөр жаап тургандыктан көлмөдө чечинип алып, жылаңач бойдон кимдир бирөө көрүп калат деген ойдон алыс болуп, эч коркпостон кирине берээр элем.

Бейтааныш баланын кыпкызыл эриндери делебемди козгоп…
Көлдүн жээгине чейин чуркап барып, жанындагы ташка көйнөктөрүмдү ыргытып, көйнөгүм кумга түшүп калганын көрбөстөн сууга кирип кеттим. Ысык күндө мага ушундай муздак суу эле керек болуп турган. Ар кандай сүзүү ыкмалары менен каалашымча сүзүп, көлмөнүн аркы жээгине чейин сүзүп барып, кайра келдим. Сууга абдан берилип жатып, мен келген жанагы жолдон кимдир бирөөнүн көл тарапка түшүп келе жаткандыгын капысынан көрүп калдым. Кандай кылышты билбей, көйнөгүм турган жээкти карай сүзө баштадым. Ал баланын жүзүн көрүп алып, эмнегедир жакындагым келди. Анын кырдач келген муруну, кыпкызыл эрини, кара көзү, менин делебемди андан бетер козгоп кирсе болобу?.. Мени ал бала жанагыдан да күчтүү тарта баштады.

Өзүмө карай тартып, оозунан өөп кирдим
Так гана менин көйнөгүм турган таштын жанына келип чечинип туруп алыптыр. Экөөбүздүн көздөрүбүз бири-бирибиздики менен чагылышып, бир мүнөтчө карашып туруп калдык. Экөөбүздүн бир канча сантиметр гана аралыкта турганыбыздан, "кимибиз биринчи болуп озунуп, ишти баштайбыз?" деп карашып тура бердик. Мен чыдамсыздык калып, аны өзүмдү көздөй тартып, ысып турган эриндеринен чопулдатып соро баштадым. Баланын колдору менин жылмышкан денемди акырын кармап, улам өбүшкөн сайын ылдыйды карай жылып, эмчектеримди катуу кармагылап, мага жакындап кирди. Экөөбүз бир нече убакка чейин тилибизди беришип, кайра алышып өбүшүп жатып, мен чыдабай анын жан мүчөсүнүн учун назик колдорум менен кармап кирдим. Мен кармаган сайын анын зыңкыйып катып калган мүчөсү менин ичимди сайгылап, тырсыйып калган эмчектеримдин үрптөрү аны ого бетер дүүлүктүрүп турду. Анын эриндери менен моюнумдан, денемден ылдый карай өөп, барган сайын ылдыйлап жатты. Канчалык ылдыйлаган сайын өзүмдү жоготуп жибере жаздап араң эле карманып турдум. Кош алмаларымдын учтарын катуу өөп, калдайып калган мүчөсүн акырын менин жан жериме алып барып, каршы-терши кыймылдаганы менен, тигинисин толук киргизген жок. Мени таштын жанындагы кийимдериме алып барып, дагы деле мени көздөй чечкинсиз кыймылдарын улантып, кишинин жинин келтирди. Бир маалда анын далысынан кармап туруп, болгон күчүм менен өзүмө карай тарттым. Менин кыймылыма бейтааныш бала да жардам берип, "арстанын" мен жакка ургулап, бирдей кыймылда иштеп баштады. Бир учурда өбүшүп, жан кумарга да батып жаттык.

Алигисин жан жериме терең киргизип алып, иштеп жатты
Андай ыкмадан тажады окшойт, мени таштын үстүнө отургузуп, колдорун менин жан жериме алып барып акырын кармагылап, туруп турган жерин төшүмө тийгизип, отуруп алып төшүмөн өөп, ылдыйлап барып жан жериме тилин салып жалап жиберди. Менин кыңкыстаганыман улам өзү үстүмө чыгып алып, алигисин менин жан жериме жанагыдан да терең киргизип, мен онтоп, кыйкырган сайын жанагыдан да катуу жана баттан иштей берди. Ошол учурда асман менен жер дагы биз менен чогуу кумарга батып жаткандай сезилип кетти. Кумардын туу чокусун багынткандан кийин бейтааныш баланын алигисинен ысык суюктук атып кетип, экөөбүз эки жерге шалдайган боюнча жатып калдык. Бул менин жашоомдогу эң мыкты оргазм алган учур болдуп калды. Азыр көлдүн жээгине келген сайын ошол окуяны эстеп алып бир жыргап алам. Тиги бейтааныш баланы ошол боюнча кезиктиргеним жок.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Мени түшүнгөн жакшы жарды таптым
2-бет
Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"

3-бет
Бека: "Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
4-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге

5-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

6-бет
"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
7-бет
Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
кызыктар дүйнөсү
11-бет
Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??