п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бырс этме

Абдылданын чочкосу кымбаттап...
Куудул Абдылданы сотко чакырышып, дачасындагы кошунасын "акмак, чочко" деп сөккөндүгүнө байланыштуу 1000 сомго штраф кылышат. Анда Абдылда соттун кулагына шыбырап:
- "Улуу урматтуу сот! Өткөн жолу 500сомго эле штраф кылдыңыз эле го?" десе, сот дагы акырын үн менен:
- "Түшүнөм, досум, бирок жардам бералбайм! Чочколор базарда бир аз кымбаттап кетти!"

Татыктуу күйөө издеген Нуриса
Нуриса Абасова адвокатка келип сурап жатат дейт:
- Күйөөсү менен ажырашса, тең байлыгы аялына калат деген чынбы?
- Эгер акыл менен калчап иш кылса, мындай кылууга болот. А сиз эмне ажырашайын деп жатасызбы?
- Жок, ай, мен эми гана татыктуу күйөөнү тапкым келип баштады.

Бактыгүлгө МАИчи ата болуп...
Жаш, сулуу ырчы Бактыгүл Бадыева рулда кетип баратса, МАИчи токтотуп калыптыр:
- Праваңыз барбы?
- Эмне?
М: - Праваңызды көргөзүп коюңуз дейм!
Б: - Права деген эмне?
М: - Ал кичинекей төрт бурчтук, ичинде сиздин сүрөтүңүз бар нерсе..
Б: - Ааа.. Азыр. (Сумкасын аңтарып, күзгүсүн алып чыгат) Мынаңыз!
М: - (Күзгүгө карап) Кечиресиз, атам МАИде иштейт деп бая эле айтпайт белеңиз.

айбек гүландага үйлөнмөй болду
"Оо, кудай, баарынан жадап кеттим, сен ушуну билсен гана! Жолугууга чакырып алып, сууктун күнүндө акыйып күткөнүм аз келгенсип, шаардын эң чекесинде жашаганыңа карабай кудайдын куттуу күнү үйүңө чейин узатканым тимеле кокого жетти! Өзүң менен кошо гамбургер жеп жатып семирип да кетмей болдум. Ал эми гүлдөргө кеткен акчаны айтпай эле коёюн" деп каңырыгы түтөгөн, Айбек Карымов тамекисин кере-кере сорду.
Өңү кубара түшкөн Гүланданын эми көздөрүнөн тегерек жаш тамчылады.
- Сөздүн кыскасы! - Айбек тамекисин ыргытып жатып кесе айтты.
- Баары бүттү, эми экөөбүз үйлөнөбүз!





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Мени түшүнгөн жакшы жарды таптым
2-бет
Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"

3-бет
Бека: "Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
4-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге

5-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

6-бет
"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
7-бет
Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
кызыктар дүйнөсү
11-бет
Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??