п»ї

  атактуунун арзуусу

Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

Ушул убакка чейин он беш миңден ашык операцияны башынан кечирген колу жеңил хирург, элге аттын кашкасындай таанымал улуу инсан Мамбет Мамакеевди тааныбаган жан жок болсо керек. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Медицина илиминин доктору, профессор Мамбет Мамакеевдин балалык сүйүүсүнө, жаштык кезине, артта калган балалык чагына саякат жасадык.

"Бала кезимде эле орой болчумун"
- Мамбет агай, байбичеңиз менен кантип баш кошуп калдыңыз эле?
- Азыр жаштар эрте эле үйлөнүп жатышпайбы, мен болсо институтту бүткөндө үйлөнгөм. Согуштан кийинки жылда кийим -кече, тамак-аш деген тартыш. 1952-жылы август айында өзүбүздүн айылдык Сокен деген кызга үйлөндүм. Ал Университетти, мен Мединститутту бүткөндө баш коштук. Мугалим болуп иштеп жүрдү, академияда иштеп азыр пенсияда. Кудай буюрса, эмдиги жылы 80 жашка чыгат. Балдарым, неберелерим менен үйдө. "Аял үйдүн куту" деген жакшы сөз бар эмеспи, жубайым жок болсо каңгырап калабыз го. Турмуш курганыбызга 57 жыл болду, эки уулдуу болдук. Улуу балам Бакыт келинчеги менен өзүбүздө иштейт, жашы 46га жетти. Кичүү балам Канат 1969-жылы төрөлгөн, ал да өзүбүздө эмгектенет.
-Жаңы үйлөнгөн жылдарыңызды эстесеңиз?
- Ал кезде кайнагам мага карап Москвага үй-бүлөсү менен көчүп кетип, бизге үйүн таштады. Ошондон улам үй-жайдан көп кыйналган жокпуз. Кашык, табак, керебет, шейшеп деген жок болчу. "Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" дегендей, жашыбызда көп кыйналдык. Азыр минтип эмгегибиздин үзүрүн көрүп жатабыз. Кыйынчылыктардын баарына кемпирим чыдады. Карылык жакшы келип, быйыл сексен экиге чыктым. Күнүгө үч-беш операция жасайм. Эмгекти аябай жакшы көрөм. Менде карылыктын белгиси жок, алжыгандан алысмын. Көзүмдүн көргөнү, кулагымдын укканы жакшы.
- Жубайыңыз сизди кайсы сапаты менен арбап алды?
- Байбичем деле жокчулукту, жетимчиликти көрдү, турмушка бышты. Менин кыялым да оңой эмес, ошол кыялыма чыдап келди. Сокендин артыкчылыгы - ашыкча эмгекчил, тазалыкты жакшы көрөт. Үйдү мизилдетип бир жерге чаң жугузчу эмес. Азыр эми ден соолугу бир аз солгундап, оокат кылбай калды. Келиндери да бар. Мүнөзү анчейин эле жумшак эмес, чакчаңдап кетмейи,тили бар, кыялы бар. Эми 57 жыл жашагандан кийин бири-бирибиздин кыялыбызга бышып эмне дээрибизди сөз менен эмес, көз караш менен түшүнөбүз.
- Кыйналган күндөрүңүз көз алдыңызга элестейби?
- Сегизинчи классты бүткөндө, согуш убагы. Күзүндө эгин жыйнап жатабыз. Анда элдин пейили да башкача болчу, ачкадан өлгөн жатса да бир тоголок эгинге тийбей фронтко жөнөтчүбүз. Анан мени кырман башчысы кылып коюшту. Ошондон баштап "болду мектепке барбайм" дедим. Окуу башталганына он-он беш күн өткөндө тээ алыстан ат минип жээк менен бир киши келетат. Карасам директорум экен. Жаныма келип "окуунун башталганына канча күн болду? Окууга барбайсыңбы?" деди. "Он беш күндөй болуп калды го, агай, мен окубайм, бир туугандарымды багышым керек" десем, маңдайына отургузуп алып "Ай, акмак, сен эле кыйналып жатыптырсыңбы, элдин баары түйшүк тартып жатат. Окуп ал кийин башыңды муштап өкүнөсүң, жакшылап ойлон!" деди. Көшөрүп болбой койдум. Он күндөн кийин дагы келди. Ошондо эле оройлугум бар болчу: "Мага эмне жабышып калдыңыз? Барбайм дедимби, барбайм." деп кесе айттым. Беш күндөн кийин почточу повестка берип раисполком чыкырып жатканын айтты. Армияга жашым жете элек, үйдөгүлөр ыйлап жатышат. Районго барсам мага окшогон балдардан бир тобу чогулуптур. Раисполком: "Өзүңөр көргөндөй, кан төгүлүп жатат. Ошолорго жардам кылыш үчүн Кеминдин Ак-Түз деген жеринде коргошун чыгат. Ошол жерге эки жыл окуп иштейсиңер" деди. Анда "барбайм" деген баш тартуу жок. Бир убакта раисполком "Мамакеев мага кирчи"деди. Сүйлөшүп отуруп "Эмне үчүн окубай жүрөсүң?" деди эле "Агай, атам армияда, көп бир тууганмын. Карыган чоң ата, чоң энем бар, ошолорду багайын" десем, "Мен сени Кеминден калтырайын, окуйсуңбу?" деди дароо макул болдум. Көрсө, байкуш директор мени атайын дайындаптыр. Ага өмүр бою ыраазымын. Эгерде директорум болбогондо мен ушул деңгээлге жетмек белем ким билет? Менден бир нерсе чыгаарына кыраакы кишинин көзү жетсе керек.
- Эң алгачкы сүйүүңүз кимге арналган?
- Мени ушул даражага жеткирген тогузунчу класстагы сүйүүм да себеп болду десем болот. Айылдагы бир кыз экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Анын ата-энеси тоодо мал бакчу, билим деле алган жок. Кышында январь айында тизеден кар, мектепке келиптир. Ыйлайт эле ыйлайт. "Эмне болду?" десем "Ата-энем мени күйөөгө берген жатат" дейт. "Согуш маалында эркектер жок болсо сени ким алмак эле?" деп маани берген жокмун. Көрсө, илгери эжесине бир баланы кудалашкан, ал эжеси кайтыш болуп калган болчу. Ал бала армиядан манжаларын алдырып, колунун жарымысы жок келиптир. Эжеси каза болуп калганы менен ал бала армиядан келгенче сиңдиси бой жетип калып жатпайбы. Басылбай ыйлай бергенинен "Мен азыр мектепте окуп жатсам, аял алганга эрте. Эртең келчи, бир айласын табабыз" деп үйүнө жөнөттүм. Эмне кылаарымды билбейм, үйдө он чакты киши жашайбыз. Астыбызга саман салынып жатабыз, анан кантип аял алмак элем. Айылдагы жакын чоң аталарыбызга барып кеңешсем: "Үйлөн, үйлөнө бер. Боло берет, намыс үчүн ал" деди. Ал кызды чындап жакшы көрчүмүн, үйдөгүлөргө айтсам макул болушту. Эми алайын десем энеси "кудалашкан баладан башкасына тийбесиң" деп болбой жатыптыр. Кудалашкандан кийин бирдемелерин эчак эле алып койгон да. Болбой эле кыштын күнү чана менен эки жолдошумду алып эртең менен чыкканбыз, түндө жеттик. Ал кызга мен "Сага менин досторумдун бирөө барат, ошондо мени келди деп бил" деп макулдашып алып ала качмай болгонбуз. Бир убакта эле далдаңдап апасы чуркап келе жатат. Үйүнө киргизип, тамак берип "Ай бала, сага кызымды бербейм. Убара болбо. Аялды эмне кыласың, сенин үрүп чыгаар итиң да жок" деди. Унчуккан жокмун. Тиги кыз болсо өкүрүп ыйлап: "Эмне кылсам да сени менен кетем, тигиге тийбейм. Апамды таңып туруп качып кетебиз" деди. Ар жактан бир кошунасы келип калды, апасы аны менен эшиктин алдында сүйлөшүмүш болуп кызын кайтарып туруп алды. Кандай айла кылмакпыз, эртеси кетти. Өкүнүп, жаман болдум. Ал экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү айылдагылардын баары билчү, уялып бир ай айылга жолобой койдум.
- Ал кыз эмне болду?
- Он чакты күндөн кийин менден жашы улуурак бир байке шахтага көмүргө баратыптыр. Ал шахтанын аркы коктусунда тиги кыз жашайт. Аны ээрчип алдым. Үйүнө барсак энеси жок, эшигинин алдында бир аскер жүрөт. Чогуу барган байке экөөбүзгө бир бөлмөгө төшөк салып берип, сыртыбыздан кулпу менен бекитип коюптур. Тиги кыз менин кыялымды билчү да, чатак салат десе керек. Эртеси күнү чай ичип жатабыз, эки көзүм тиги аскердин колунда. Ачуум келип, мен ал кызды жаакка тартып жибердим. Бакырган бойдон сыртка жөнөдү. Аны аябай жакшы көрчүмүн, көңүлүм кала түштү. Кетип калдым. Эки күндөн кийин мектепке ошол аскер издеп келиптир, анын жашы менден бир топ эле улуу болчу. "Айланайын Мамбет, кечирип кой. Мени да ата-энем кыстаганынан аргасыздан макул болгом. Көрсө ал сенин аялың экен, мен ага экинчи жолобойм"деди. "Мен ал кызды сага бердим экинчи мен да ага жолобойм" дедим, ошону менен шаарга окуганы кетип калдым.
- Кийин жолдошу менен ажыраштыбы?
- Бир жылдан кийин карындаштарым мага "баягы кыз биздин кошунага аял болуп келди" деп кат жазышты. Үйүбүз маңдай-тескей жайгашкан. Кийин каникулга барсам жашынып эшикке чыкпай койду. Ошентсе да жолугуштук. "Айлам жок эле келдим, азыр кет десең кетем" дейт. "Эми сени кет деп алып, бул күйөөң менен мушташып жүрөйүнбү? Кийин Октябрь майрамында бир баладан кат жөнөтөм" дедим. Кийин ал бала кат берээри менен үйүнө кетип калыптыр. Үйүнө барсам энеси, таежеси бар экен. Ошолордун баары мага убагында каршы чыккан да. Апасы "Балам, кечирип кой, жаңылышыптырмын" деди. Ошол кезде кызын бербей айткан сөздөрү кулагыма сиңип калыптыр, "Мен азыр сиздин кызыңызды алганга итим жок, иттүү болгондон кийин келейин" деп чыгып кеттим.
- Ошол бойдон ал кызды көргөн жоксузбу?
- Менден эки-үч жаш кичүү болчу. Бейтапканага келди, инисинин кызы менен жашайт экен. Бул жерге жатып дарыланды, бул жерде иштеген кыздарга бүт таржымалыбызды айтып бериптир. Кыскасы, мен мектептин директоруна, анан болбой калган кайненеме аябай ыраазымын. Ошондо кызын берип койсо үйлөнүп окубай калмакмын, жашоом кандай болмок эле ким билет?..
"Апам он жети бала төрөп, үчөөбүз эле калдык"
- Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Мен дайыма эле айтып жүрөм, эрди-катын болгондон кийин бирөө тыңыраак болуш керек. Анан экөө тең ылжырап жоош болсо да болбойт. Экөө тең ажаан болсо анда да жаман. Менин атам да, апам да аябай жоош адамдар болчу. Апам 1983-жылы, атам 1993-жылы көз жумду. Бизде мал-жан деген жок болчу. Атам армияда, апам бизди карап көп кордук, түйшүк тартты. Он жети бала төрөгөн ошондон азыр үчөөбүз эле калдык. Ошол кездеги биз жашаган үйгө кийин киши эмес, кой-козулар да качып кирбей калган. Азыр ойлонуп отуруп, кедейчиликтин кедейчилигинде кантип жашаганбыз деп таң калам.
- Мүнөзүңүз катуубу?
- Бир жумушту баштадымбы, аягына чыкмайын жаным тынбайт. Мени ар дайым орой дешчү, эгемендүүлүккө жеткенден кийин эле ушул сөздөн кутулдум. Азыр бетке айткан адамдарды орой эмес "демократичный" деп коюшат. Калп айтканды, кечиккенди жаман көрөм. Калп сүйлөп баштаганда дароо эле билип коём, ошон үчүн балдарымдын бирөө да калп айтышпайт. Албетте, себеби жок эле бирөөлөргө орой айтып, катуу тийбейм.
"Жүн байпагым жыртылып, жылаңайлак окууга барып жүрдүм"
- Жокчулуктун азабын көп тартсаңыз керек?
- Мен көрбөгөн азап калган жок. 1946-жылы окууга келдим. Ошого чейин кант, таттуу деген эмне экенин билбей чоңойдум. Картошка, талкан менен чоңойдук. Фрунзеге келгенге чейин бутума бирдеме кийип көргөн эмесмин. Биринчи курска келгенде боёлгон шым, көйнөк, тапичке сатып алдым. Байкуш апам узун тизеге чейин кылып жүн байпак токуп берген. Мугалимдердин көбү башка улуттагылар болчу. Жатакананын бир бөлмөсүндө кыркка жакын студенттер жашачубуз. Сабакка киргенде эч нерсе түшүнбөйбүз, айылдан алып келген ун-талкандары түгөнгөндө, окуйм деп келген студенттердин көбү качып кетишти. Биздин максат - кандай кыйынчылыктар болбосун окуп билим алуу. Эми окуйлу десек, мугалимдердин баары орус, еврей, биз болсо орусча "да, нет" дегенди да билбейбиз. Анан Иса Ахунбаев жөнүндө угуп калып, иштеген жерине издеп бардык. Жакшы кабыл алды, келген чоо-жайыбызды түшүндүрүп "Агай, келген студенттердин баары качып кетти. Биз болсо эч нерсе түшүнбөйбүз" десек, "Кандай оюңар бар?" деди. Биз "жок дегенде бир жылча орус тилин үйрөтүп даярдасын" десек "мунуңар идея, жообун эртең берейин" деди. Ошентип,бир жыл даярдоо курсу ачылды. Бир жыл бою бизге орус тил, физика, химия сабагын гана окутушту. Бир жылдан кийин гана экзаменден өтүп, окууга тапшырдык.
"Биттен арылтабыз" деп мончого алып барышты"
- Студенттик күндөрүңүз кандай өттү?
- Бир шым, бир көйнөктөн башка эч нерсе жок. Күндүн ысыгын сураба, өмүрүмдө бутту жууп көргөн эмесмин. Тердеп-кургап, апам түйүп берген жүн байпак тапичкеден тайгаланып отуруп жыртылып бүттү. Сентябрь, октябрь айларында окууга жылаңайлак эле басып барып жүрдүм. Ошону көрүп анан кыргыз балдарды биринчи жолу мончого алып барышты. Ага чейин мончону ким көрүптүр. Жайында сууга түшкөнүбүз болбосо, айылда самынды көргөн эмесмин. Шакар капкара катуу самындар болчу, ал деле колунда барлардын үйүндө болчу. Элүү - алтымыш бала болуп мончого бардык, ошондо деле биздин биттерибизди жоготолу дешсе керек. Биринчи мончого түшкөнүм ошол болду, кийимдерибизди дезинфекциялайбыз дешиптир. Көпчүлүгүнүн шымдарынын аркасы, көчүгү булгаары менен жамалган болчу, дезинфекциялаганда булгаарылардын баары күйүп калыптыр. Эки сааттай мончодо жылаңач отурдук, аңгыча комендантыбыз келип, ак дамбал-көйнөк алып келип таратып берди. Инкубатордон чыккансып, баарыбыз аппапак болуп бир ай көйнөк-дамбалчан сабакка барып жүрдүк. Андан кийин немистердин эски кийимдери келе баштады. Ошолорду жууп-тазалап таратып бергенден кийин андай кийим кийип көрбөгөн жаныбыз жыргап эле калдык. Үчүнчү курска чейин немистердин эски кийимдерин кийип жүрдүк. Баягы толтура студенттердин арасынан кыйынчылыктарга чыдап, отуз чактыбыз эле Мединститутту бүттүк. Азыр болсо бешөөбүз эле калдык. Байланышып катташып турабыз.
Анара
Дүйшөналиева










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Мени түшүнгөн жакшы жарды таптым
2-бет
Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"

3-бет
Бека: "Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
4-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге

5-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

6-бет
"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
7-бет
Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
кызыктар дүйнөсү
11-бет
Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??