п»ї

  Адабият айдыңы

"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
"Адабият айдыңында кандай кептер бар?"- деп гезиттин иши үчүн акын-жазуучу ага-эжелер менен маектешип калган учурлар көп болот. Анан эмнегедир акыркы кездерде кайсы маектешим болбосун "Ар кимибиз өз арбайыбызды согуп, чыгармачыл чөйрөдөгүлөр көп деле көрүшпөй калдык. Кимдин кайда экенинен кабарым жок" деп калышкандарын көп эшитип келем. Бул жолу, "Жерден жарака кетсе - акындын жүрөгү аркылуу өтөт" дегендей, жан дүйнөсү таза, көңүлү назик, кийимдин арзанын, сөздүн кымбатын тандап жашашкан акындарга ортомчу болгонубузда, алар бири-бирине суроо узатып, ал-жай сурашып, кызыктуу маек куруп беришти.
Алгач, гезитибиздин ардактуу окурманы, КРнын Баатыры, Эл акыны Сооронбай Жусуевге коңгуроо кылдык:

- "Агай, ал-акыбалыңыз жакшыбы? Чыгармачыл жан дүйнөңүздө кандай ойлор болуп, кандай ырлар жазылып жатат? Акын-жазуучулардын арасынан "көрүшүп сүйлөшсөм" деп көксөгөн адамыңыз барбы?


Сооронбай Жусуев:
- Бутум ооруп, дарыланып чыктым. Ошого карабай, саламат болуп тургандан кийин иштеш керек деп эмгектенип, жаңы ырларды жазып жатам. "Арашанда" эс алган учурумда турмуштан алынган ар кыл темадагы жазган ырларым гезит беттерине жарык көрүп жатат. Кечээ жакында эле Улуттук жазуучулар үйүндө көрүнүктүү жазуучу Мелис Абакировдун тандалган чыгармаларынын эки томдугунун бет ачаарына чакырышты. Барып куттуктап, мындай чыгармачыл кечелерди уюштуруп, бирин-бири көрбөй калышкан жазуучулардын башын бириктирип жатышкан жаңы жетекчиликке ыраазы болуп, сүйүнүп кайттым. Менин суроом көптөн бери көрүшпөй калган акын Кыялбек Урманбетовго берилет.
- Кыялбек! Деги дайының чыкпай, көрүнбөй кеттиң? Жазып, китептериң чыгып жатабы?


Гүлсайра Момунова:
- Сүйүүнү бүттү дегем, а сүйүү бүтпөйт экен.
Сүйүүдөн жаралыптыр дүйнө, өмүр,
Кудайдын өз аты да сүйүү экен.
Калбаптыр эч бир нерсе көңүлдөн сырт,
Баардыгын жаратыптыр сүйүү менен.
Күн чыгыш сүйүүгө бай байыртадан,
Сүйөбүз аталардын салтын сактап.
Акындар ашыктыктан өрттөнүшкөн,
Жүрөбүз жалынына жанды кактап.
- Иий, эми мен кимге суроо берсем экен?.. Акын болгон соң акындардын ичинен теңтушубуз Эрнис Турсуновго "Мен жөнүндө бир куплет ыр окуп берчи?"деп суроо берейин.

Эрнис Турсунов:
- Жайкы таңдай келбети бар келишкен,
Жаралгандай сүйүү деген деңизден.
Опсуз шайыр, омогунан от чачат,
Отуз жылы оп тартышып өбүшкөм.
Акын десең, акын келин Гүлсайра,
А чынында, Гүлсайрадай гүл кайда?!
- Меңди, Жолон Мамытовдун 70 жылдыгына карата кандай даярдык көрүп, эмне кылып жатасың? Көрүнбөй да кеттиң, "Ысык-Көлгө"(дача) келип турбайсыңбы?


Мариям Буларкиева:
- Азыркы оош-кыйыш турмушта көп нерсе өзгөргөнү менен элимдин улуу адамгерчилиги өзгөрбөстөн, мурдагы калыбында калганын байкадым. Кандай турмуш кайраса да чыдап көтөрүп, адамдардын бири-бирине болгон сый мамилеси сакталып калды. Ушул теманын тегерегинде быйыл бир топ ырларды жаздым.
Жерим сулуу, дүйнө сулуу тазарып,
Көңүл куунак, көңүл эргийт жашарып.
Куттуу күндө ушул куттуу заманда,
Бактыбызга сыймыктанып басалык.
- Акын-жазуучулардын арасынан Асан Жакшылыковду акын катары да, адам катары да абдан баалайм. Өзүнүн ички дүйнөсү кенен, сабырдуу адам. Башына кандай кыйынчылык түшпөсүн көтөрө билет. Азыркы учурда эмне иш менен алпурушуп жатканын билгим келет. Асан, сенден кандай китеп күтөйүн?

Меңди Мамазаирова:
- Жолондун 70 жылдыгы эмдиги жылы болот. Даярдыктарды көрүп китебин чыгарган жатабыз. Жолондун "Сепил" деген операсы бар эле, көптөн бери коюлбай калган. Композитор Сатылган Осмонов "20 жылдан ашуун убакыттан бери коюлбай унутта калган улуттук операны кайрадан эл алдына алып чыгалы" деген сунуш менен Маданият министрлигине кат жолдогон. 70 жылдыгына карата Опера жана балет театрында койсок деп жообун күтүп жатабыз.
"Ысык-Көлгө" болсо - агай чакырса эле барганга даярбыз.
- Мен Мариям Буларкиевага "2009-жылы кандай ырларды жаздыңыз?" деген суроону бергим келет.


Кыялбек Урманбетов:
- Агай менен ой-пикир алмашып, жолугушуп турчу элек. Мени ойлоп, "Кайдасың?" дегенине жетине албай, жерге батпай турам. Көрүшпөй кеткеним үчүн көптөн-көп кечирим сурайм. Быйыл өзүмдүн элүү, атам Совет Урманбетовдун 75 жылдыгына карата баарын таштап салып, баш көтөрбөй иштеп жатам. Буюрса, жакында жарык көрүүчү китептеримди көтөрүп алып алдыңызга барсам, кайда жүргөнүмдү китептеримден, эмгегимден билээрсиз.
- Мен Дүйшөн Жапаровдун ыр саптарын сагындым. Жер үстүндө бар экениңди, эл ичинде да бар экениңди билем. Бирок кайда экениңди биле албадым. Жашырынып жатып алып эле эмне кылып жатасың?" дайыныңды бир билдирсең болбойбу?


Дүйшөн Жапаров:
- Ыр саптарым эми сандыкта да...Биз карыбадыкпы, ырлар деле аз жазылып калды. Кыялбек карыбайт экен. Менден тапшырма: менин ордума да Кыялбек жазсын. Мен жашырынбай эле бутумду сындырып алып, сыртка чыга албай жаттым.
- Гүлсайра эжеде азыркы тапта сүйүү сезими жашайбы?


Асан Жакшылыков:
- Мени эстеп, жакшы сөзүн арнаган Мариям эжеге рахмат. Чындыгында эле чыгармачыл адамдар ар ким өзү менен өзү болуп, көп кезигише албай калдык. Мариям эже менен мурдатан сүйлөшүп, сыр чечишип калганга көнүп калып, эми көптөн бери жолугушпай калганга сагынышып да калсак керек.
"Махабатка кезигүү" деген романстар түрмөгүнүн үстүндө КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сатылган Осмонов менен биргеликте иштеп, китеп кылып элге тартууладык.
Быйылкы 60 жылдыгыма карата "Эс тутум", "Кыргыз жолу", "Кыргызчылык" деген үч китептен турган илимий эсселеримди жарыкка чыгардым. Буюрса, жолугушуп ушул китептеримди тартуулайм, эже.
- Аз жазса да, саз жазган, өзү абдан таланттуу акын Карбалас Бакиров журналисттик иш менен алектенип келет. Гезит эскирип, ошо менен жазгандар да унутулуп эстен чыгат. Ал эми адабият түбөлүктүү эмеспи. Үй-бүлөсүн багам деген журналисттик өнөрү, акындык өнөрүн аксатып жаткан жокпу? Поэзияга чындап көңүл буруп жатты болду бекен?


Карбалас Бакиров:
- Журналисттик чындап эле акындыкка тескери таасир этет экен. Боёкторунун баарын алып, ырлар бозомтук болуп калаарын байкадым. Ырлар да аз жазылып калды. Бирок азыр көбүнчө котормолорго басым жасап жатам. Журналисттик ишимде жазуучу, сынчы, саясатчылар менен болгон маектеримди топтоп, арасынан тандап алып китеп чыгарууга даярдап жүрөм.




Адабий жаңылыктар
Баатырга Баатыр үчүн алтын медаль
КРнын Баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековду Шабдан Баатырдын 170 жылдыгына карата алган алтын медалы менен куттуктап байланышсак, агай шахмат ойногону кеткен экен. Куттуктоо сөзүбүздү жубайы Эльмира Касымбековага айтып, жаңылыктарын уктук.
- Рахмат! Эмгеги бааланып жатканына көңүлү кубанып турат. Кудайым кут кылсын, "80 жылдык белесим" деп өзү айткандай маарекесине карата куттуктоолорду кабыл алып, даярдык көрүп жатабыз. Чыгармачылыгын токтотпой жазып жатат. "Өлсөм колумдан калемимди акырын сууруп алып койгула" деп тамашалап калат.
Маданият министрлигине ыраазыбыз, өздөрү сунуш киргизип, 80 жылдыгына карата иш-чараларды өзүнүн туулуп өскөн жери Жалал-Абад облусунан баштайлы дешти. 22-октябрда эли, окурмандары менен жолугушуу кечесине жөнөгөнү жатабыз. Чыгармаларынын сегиз томдук китеби даяр болду.

"Жаңы Ала-Тоо" окурманын күтөт
"Жаңы Ала-Тоо" журналынын №4 - №5 сандары жарыкка чыкты. Адабият сүйүүчүлөрү журналдын бул санында Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда", (Кызкайып) романынын уландысын окуй аласыздар. Андан сырткары Курманбек Өгөбай, Фатима Абдалова, Абдылдажан Акматалиев, Замирбек Иманалиев, Мырзаян Төлөмүшөв, Мундузбек Тентимишев, Талантаалы Бакчиев жана башкалардын чыгармалары, жаңы ырлары, ой-толгоолору менен тааныш болосуздар. Бардык окурмандар үчүн журналдын эшиги ачык.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Мени түшүнгөн жакшы жарды таптым
2-бет
Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"

3-бет
Бека: "Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
4-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге

5-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

6-бет
"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
7-бет
Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
кызыктар дүйнөсү
11-бет
Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??