Атактуулар ааламы

Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
Орустардын кино жылдызы, белгилүү актёр Марат Башаров тууралуу акыркы учурда ушактар көп тарап кетти. "Аялы менен ажырашып, өзү менен "Муз доору" ("Ледниковый период") проектисине катышкан Татьяна аттуу кызга үйлөнгөнү жатат," деген сөздөр эл арасына тарап кетти. Ошондон улам "Марат Башаров чын эле Татьяна Навкага үйлөнгөнү жатабы?" деген суроонун тегерегинде маалымат берүүнү туура көрдүк.


Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамдар
Орустардын белгилүү кино актёрлорунун бири - Марат Алимжанович Башаров 1974-жылы 22-августта Москвада төрөлгөн. Анын ата-энеси театр жана кино менен байланышы жок адамдар болгон. Апасы - ашпозчу, атасы - сантехник болуп иштешкен. Балачагында Марат абдан тилалчаак, элпек бала болгону менен мектепте окуп жүргөндө тентектиги башталып, сабактардан "2" деген бааларды ала баштаганынан улам, аз жерден мектептен чыгып кала жаздаган. Окуучу кезинде Наташа деген кызды жакшы көрүп калып, анын сумкасын дайыма көтөрүп алып үйүнө жеткизип турчу. Мектепти бүтүп ММУнун Юридикалык факультетине тапшырат. Бирок анын байкеси "Современник" теартындагы "Контревилдик көзгө көрүнүүчү" спектаклине бала керек болуп калып, роль ойноп көрүүсүн сунуштап калат. Ошондон улам окуган жеринен документтерин алып, Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырат. Ошол убакта ар кандай рекламаларга тартыла баштайт. Окуу жайын аяктаган соң, Маратты көптөгөн театрлар жумушка чакырышат. Бирок аягында театр актёру болуудан баш тартып, эркин актёр болууну чечет. Кайсы режиссёр менен иштесе болот, кайсы режиссёр менен иштешүүгө болбой тургандыгын өзү чечип, жыйынтыгында, ойлогон ою туура чыккан. Азыркы учурда Марат Башаров - Россиянын эң белгилүү кино жана театр актёру болуп саналат. Өзүн актёр катары гана эмес, башка жаатта да көрсөтүүнү чечет. Биринчи каналдын "Жылдыздар муз үстүндө" ("Звезды на льду")жана "Муз мезгили" проекттерине катышып келет.

Мусулман динине өткөн Елизавета
2004-жылы кыздуу болуп, атын - Амели коюшат. Аялы Елизавета Маратка тийиш үчүн Христиан дининен чыгып, ата-энеси, туугандарынын каршы болушканына карабастан, Ислам динин кабыл алган. Мусулманча атын - Лейла коюп алган. Бирок чыныгы мусулман аял катары Лиза үйдө олтуруп, үй иштерин кылып, тамак жасап, балдарын бакканга даяр болгон эмес. Тилегине жараша, Марат Лизаны жеке агенти кылып шайлап алган. Мараттын "ТриТэ" студиясынын жумуштарынын бардыгын өз моюнуна алып, жетекчилик кылып жана өндүрүштүк жумуштардын уюштуруу маселелерин өзү чече баштайт. Кош бойлуу учурунда да Лиза үйдө бош жата алган эмес. Өзүнүн кесиби боюнча Мараттын аялы экономист.

Ойноштордун сүйүүсү ачыкка чыккан
Лизанын айтуусу боюнча, бир канча убакыт мурун Марат Башаров "Муз доору" телепроектисине катышып жатып, андагы муз үстүндө бийлеген фигурист кыз Татьяна Навкага кетип калгандыгын айтат. Маратка музда ойногонду үйрөтүп жүрүп эле жакшы мамиледе болуп кетишкен. Ал мамилелери сүйүүгө айланганын билип калган аялы Лиза өзүнүн мыйзамдуу түрдө ажырашуусу тууралуу Маратка жана прессага айткан. Бирок ошого карабастан, Татьяна менен Марат мамилелерин билдирген эмес. Александр Стриженовдун "Юленька" аттуу фильминде Марат өзүнүн жаңы сүйгөн адамыТатьяна Навка менен башкы ролду ойношкон. Ошол күндөн тарта экөө бири-бирине болгон сүйүүсү ачыкка чыккан. Өзүнүн кызы менен аялын таштап, бир аялына барса, бир Татьянага барып жүрө берген. Бирок аялына байланган. Ал эми Навка менен сүйүү кумарына гана батып жүргөн. "Юленька" фильминин премьерасынан кийин журналисттерге Навка Марат экөөнүн бирге болуп калганын жарыялаган. Андан сырткары "Муз доору" проекти менен гастролго кетип жатканын айткан.
Ошол убактан тарта журналисттер Марат менен Татьянаны аңдып сүрөткө тартып жүрүштү. Бир күнү сүйүшкөндөр түндө Москва шаарындагы бир мейманканадан колтукташып чыгып келе жатышкандарын көрүп калышкан. Көрсө, экөөнүн жолугушкан жайы ошол мейманкана болчу экен. Фотожурналисттер экөөнү Москванын борбордук көчөлөрүндө өбүшүп жаткан жерлеринен сүрөткө тартып алышып, массалык маалымат каражаттарына чыгара башташат. Ал эми Марат менен Навканын жубайлары "экөө кайра эле бизге кайтып келээр" деген жакшы ойдо күтүп жатышкан.

Жубайларга окулган "Нике"дубасы
Лизанын айтканына караганда, ал эч качан Мараттын мыйзамдуу түрдөгү аялы болуп келген эмес экен. Айткан сөздөрүнө караганда, Марат экөө көп жыл жарандык никеде жашашкан. Тун кызы Амели төрөлгөндөн кийин эле официалдуу никеге тураарын пландашкан эле, тилекке каршы, ал максаттары ишке ашпай калды. Ошентсе да Марат менен Лиза Ислам дини боюнча мусулманча никеге турушкан. Башында эле молдо экөөнүн никесин кыйып, атайын "НИКЕ" дубасын окуган. Мындай дуба окулгандан кийин мусулмандарда эрди-катын болуп калышат.
Ушакчылардын акылын чарчаткан сүйүү
Сүйүү төрт бурчтугу Навка-Жулин-Башаров жана анын аялы Лиза ушакчылардын акылын чарчатпай жатат. "Айылдагы күлкүлүү окуя" сериалына тартылып жаткан мезгилинде Татьяна Навка кино тартылып жаткан аянтка жашыруун келип, айылдагы үйдө Марат Башаров менен түнкүсүн калып жүргөн. Ошону менен ал экөө өздөрүн "сүйүү тыңчысы" сезишип жүрүшкөн. Навка күйөөсү Жулин менен официалдуу түрдө ажыраша элек, ал эми Башаровду Москвада аялы Лиза күтүп жаткан эле. Бирок, алардын жашыруун махабаттарын Жулин да, Лиза да башында эле билишкени менен билмексенге салып, аларга айтпай жүрүшкөн.

Лиза Навкадан акыры өч алат
Лиза болсо Татьянадан баары бир акыры аялдык өчүн алаарын журналисттерге жарыялаган. Ошол убактан тарта Лиза кызы менен өзүнчө жашап, Марат болсо Навканын үстүнө кирген. "Муз доору" проектисин жеңген жеңүүчүлөр андан ары калп айта алышпай, ачык эле кол кармашып, эл алдына чыга башташкан. Актёрлордун арасында болсо, экөөнүн үйлөнүү тою болоору жөнүндө сөздөр болуп, Марат менен Навканы куттукташа башташкан. "Муз доору" проектисинин калыстар тобунун төрайымы Татьяна Тарасова Марат менен Татьянаны шоу болуп жаткан учурда эле эл алдында ачыктан-ачык, жакында боло турган үйлөнүү үлпөтү менен куттуктап өткөн.

Марат Башаровдун айынан ажырашкан фигуристтер
Мындан 14 жыл мурун спортсмендер Татьяна Навка менен Александр Жулин таанышышкан эле. Ал убакта Жулин Мая Усова менен никеде жашачу. Жүрүп-жүрүп Татьяна экөөнүн мамилеси жакшырып жатып, махабатка айланган. Жулин Навканын боюнда бар экендигин билип калып, аялын таштап Татьянага кетип калган. 2000-жылы эки спортсмен официалдуу түрдө никеге турушуп, жашай башташкан.
Спортсмендердин досторунун айтуусуна караганда, эки жаштын ажырашуусуна Татьянанын белгилүү актёр Марат Башаров менен болгон махабаты тууралуу ушактардын жүрүшү себепкер болгон. Аялынын алмаштыруусу тууралуу кыйыр сөздөр Жулиндин жинине катуу тийгендиктен, бир нече айдан кийин аялына кетүүнү чечет. Тааныштары "Александр мурун эле мындай ишти кылмак, бирок никесин жалгыз кызы үчүн гана кармап турган эле" дешет. Түгөйлөр азыр официалдуу түрдө ажыраша элек. Болгону экөө ар башка батирлерде жашап жатышат.
Жулин да жөн жүрбөптүр…
Жулин Навка менен жашап жүргөн кезинде эле жаш кыз менен ысык мамиледе болуп жүргөн. Муз үстүндө бийлеп жүргөн кезинде Жулин элдерге "Менин сүйгөнүм" деп жаш фигурист кыз 24 жаштагы Наталья Михайлова менен махабатын баштаганы тууралуу жарыя кылган. Ал кыз өзүнүн муз үстүндө бийлөө боюнча окуучусу. Наталья мындан бир нече ай мурун Жулиндин штаттагы жардамчысы болуп иштеп келет.
Навканын бүтпөгөн арманы
Татьяна НАВКА: "Мен Башаровго турмушка чыкпайм". Журналисттердин бере берген суроолорунан тажаган Навка, алардын чалууларына белгилүү актёр Марат Башаровго турмушка чыкпай тургандыгын айтып кетти. Анын таанышы, Татьяна ар кайсы кыздын аркасынан жүргөн актёр Маратты сүйгөндөн тажаганынын айынан ага турмушка чыгуусунан баш тартканын билдирген. Акырында Татьяна Маратка турмушка чыгыш үчүн Лизадай болуп өзүнүн туткан динин алмаштырышы керек болгон. Ал эми Навка буга тикеден-тике каршы. Өзүнүн динин алмаштырбай тургандыгын Маратка айткан.
Мараттын апасы: "Уулума өзүбүздүн эле татар кызын таап беришибиз керек" Баламдын кыздардан жолу болбой жатат. Азыркы алайын деп жаткан аялы динин өзгөртпөй жатса, мурунку ажырашып кеткен аялы Лиза эми кайрадан динин алмаштырып, Христианга өтүп алыптыр. Динди кайра-кайра эле алмаштыра бергидей көйнөк эмес да" деп уулунун келечегин ойлогон эне "Эми уулума өзүбүздүн эле татар кызын издешибиз керек" деп айтыптыр.
"Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачкадан өлөт" дегендей, аягында минтип, Марат эки жактан тең куру калып олтурат. Аялына барайын десе, динин алмаштырып алган. Навкага үйлөнөйүн десе динин алмаштырбайт. Учурда болсо, Марат "Муз доору 3" проектисинде бир аялынын бетинен өөп коюп, бир Навканы кучактап жүргөн кези. Мындан ары эмне болоорун убакыт көрсөтөт…