п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Обон" шоу-таймс

"Жыйырманчы жазга" кызыккандар көбөйдү
"Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасы тууралуу жакшы пикирлер айтылып, мына эми Тарых музейине барып көрөлү деген күйөрмандар үчүн кинонун коюлучу мөөнөтү бүтүп калган. Тактап айтканда, кино болгону 10 күн гана көрсөтүлгөндүктөн, киносүйүүчүлөрдүн баары аталган тасманы көралбай калышкан. Режиссёр Алим Токторовго түшкөн телефон чалуулардан жана биздин редакциянын дарегине келип түшкөн каттардан улам көпчүлүктүн суроосу боюнча "Жыйырманчы жаз" фильми 23-ноябрдан баштап кайрадан "Манас" кино театрында көрсөтүлмөкчү. Ага чейин фильм Нарын, Каракол шаарларында көрсөтүлөөрү пландалып жатат.


Айнура эмнеге турмушка чыкпай калды?
Ырчы Айнура Салахидинова буга чейин жогорку окуу жайлардын биринде студенттерге комуз, темир ооз комуздан сабак берип мугалим да болуп келген. "Буудайдын бараар жери - тегирмен, кыздын бараар жери - күйөө"дегендей, бир жума мурун Айнуранын сүйлөшүп жүргөн жигити колун сурап, "Турмуш куралы" деген сунушун айткан. Тилекке каршы, ырчы кыз мындай сунуштан баш тартып, ал жигитти өз жолуна салды. Анткени. Айнурага "Мага турмушка чыгаарың менен ырчылыкты таштайсың?"деген буйрук берген сөзү жакпай калган. Ушунча эмгек кылып, чыгармачылыктын жолунда азап-тозокту көрүп, анан ырдабай калышын элестеткен ырчыга, чынында, кыйын болгон. Эми ырчы айым "Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн мырзага гана күйөөгө чыгам" деп чекит койду.


Байыш Момунов мас аялдан качып кутулду
Тойлорго бай күз мезгилинде акча таап, тамадалык кызмат көрсөткөн ырчы Байыш Момунов жакында эле кызык окуяга туш болду. Адаттагыдай өз милдетин аткарып, той жыйынтыкталып калганда 50 жаштардагы аял микрофон талашып, "Байыш, мен сени жакшы көрөм, сенин үнүң менен жашап келем"деген сыяктуу сөздөрдү айтып, ырчыны сүйөөрүн билдирген. Эч кимден уялбастан тамаданы бекем кучактап, жанынан кетпей койгон. Ошол учурда Байыш байкебиз элдин көзүнчө эмне кылаарын билбей, ыңгайсыз абалда калган. Акырында мас болуп калган аялды туугандары ары сүйрөшүп, тамада байкебиз көрүнбөй качып кеткен. Мастан кутулдубу, же чектен чыккан күйөрманынанбы өзү да байкабай калган.


Саламат Садыкова күйөө баласы менен Тайванда
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова өзүнүн жанына күйөө баласы Кубаныч Сатаевди, манасчы, акын Жылдызбек Турсунбаевди жана комузчу Сагынай Айкеримованы алып, Тайвань өлкөсүндө 20-26-октябрда өтө турган Эл аралык музыкалык фестивалга сапар тартты. Дүйнөнүн Канада, Коста-Рика, Монголия, Кытай, Кыргызстан ж.б көптөгөн өлкөлөрү катышкан фестивалда ар бир катышуучу улуттук аспаптарда ойноп, күү чертип, манас айтып, өз өлкөлөрүнүн атын чыгарат экен. Аны менен бирге бардык катышуучулар бир жума аралык ичинде ар кандай концерт, мастер класстарга да күбө болушат. Кыргыздын атын дүйнө жүзүнө чыгарган өнөр адамдарыбызды ийгиликтер коштоп, жеңиш менен келишсин деп тилемекчибиз.


Нурландын "Гүлсарасы" Таласта төрөлдү
- Жаш ырчылардын арасында "Гүлсара" аттуу ыры менен таанылган Нурлан Алдаяров "Көптөн бери" көрүнбөй кайда кетти?" деп жүрсөк, репертуарына бир топ жаңы ырларды кошуп жүргөн тура. Ошондой эле ырчы мындан үч күн мурун Талас шаарына барып, жагымдуу кабар угуп келди. Концерт маалында залда олтурган элдердин арасынан бир жигит чыгып ырчыга гүл берип жатып, "Биз сенин талантыңды баалайбыз. Жакында эле кыздуу болуп, кызыбыздын атын "Гүлсара" ырыңдын атынан койдук. Эгер уул төрөлсө - Нурлан коймокпуз"деп ырчыга жакшы тилегин айткан. Жүрөгү жарылганча сүйүнгөн ырчы кичинекей наристе Гүлсарага атайын белек ыроологон.


  Шыр маек

Бегимай Эсенгулова сахнаны биротоло таштайбы?
"Эмгегим бааланбай
жатканына ичим ачышат"
- Бегимай, сени сахнаны таштап, шоу-бизнестен кетет экен деп угуп калдык?
- Ооба, өзүм да ушундай сөздөрдү угуп жатам. Менин айланамдагы көралбаган адамдардын көз карашынан улам, сахнаны биротоло таштап, шоу-бизнестен кетейин деп ойлогом.
- Анан ал оюңду өзгөрттүңбү?
- Менин жайыма койсо алыстабайт деле болчумун. Анан апамдын, продюсерим Динара эжемдин жана жакын курбуларымдын "Ушунча кыйынчылыктарга чыдап, ачуу-таттуунун даамын сезип калгандан кийин сахнаны таштайм дегениң кандай? Битке өчөшүп, кийимиңди отко салба. Мындан жаман сөздөр айтылышы мүмкүн"деген сөздөрү мени чыйралтты. Акыркы убактарда менин эмгегимди эч ким билбей жатканына ичим ачышат.
- Өзүңө байланышкан кандай ушактан тажадың?
- Чынында, "Өзүнүн эжеси Динара Эсенгулованын аркасы менен таанылды, же болбосо мынчалык деңгээлге чыгалмак эмес"деген ушактан чарчадым. Эгерде мен ырдай албасам, Динара эже мени кыйнап ырдатмак беле? Ары жагыңда жок болсо, канчалык жардам берсе дагы чыгалбай калмаксың да. "Хит парад" теле көрсөтүүсүнүн жабылып калышын да мага байланыштырып жаткандар болуп жатыптыр. Эми эмне демек элем, эл оозунда элек жок эмеспи. Мындай сөздөрдөн мен эмес продюсерим Динара эже да тажап бүттү.
- Акыры кесибиң боюнча иштейт экенсиң да?
- Мектепти бүткөнчө юрист болом дей берчүмүн. Анан Туризм академиясынын менеджмент факультетине тапшырып, окуп жатам. Кесибим деле акыры барып чыгармачылыкка байланышып калды. Мен бала кезимден бери ырдаганды аябай жакшы көрөм. Музыка менен күн сайын даярдык көрүп, вокалка барсам, учурда шаардагы кафелердин биринде музыкант болуп ырдап жатам.
- Жеке концертиңди качанкыга пландап жатасың?
- Жеке концерттимди берип чыгармаларымды күйөрмандарыма тартуулайын деген оюм бар. Концертке келген элден жакшы стимул алып, чыгармачылыгымда көп ийгиликтерди жараткым келет. Анан мага болгон элдин ою жаман болуп жатса концерт бергенден да корком. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, менин да эмгегим бааланып, элдин сүйүктүү ырчысы болгум келет.


Акыл Карачач








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Мени түшүнгөн жакшы жарды таптым
2-бет
Элмирбек Иманалиев:
"Башымдан өткөн турмуштун айынан беш динге кирип көрдүм"

3-бет
Бека: "Шашмалыкка алдырып мен жашоомдо катуу жаңылдым"
4-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге

5-бет
Мамбет
Мамакеев:
"Ушул даражага жеткенге балалык сүйүүм түрткү болгон"

6-бет
"Теңтушун теңтуш сагынса, Тегеренет көздөн жаш..."
7-бет
Марат Башаровго турмушка чыгыш үчүн Лиза ислам динин кабыл алган
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылдыздар турмушунан
10-бет
кызыктар дүйнөсү
11-бет
Төрөттөн кийинки жыныстык жашоо
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??