п»ї

  Аздек Намазбекова

К
ө
з
мончок
Сот Сурагы
"Эмне дешет?! Эмне болом?! Бүгүн үйгө чыгып кетемби?" деген ойлордон башым ооруп, эки кулагым чуулдап тунуп, бир заматта эле эч нерсе укпай калдым. Прокурордун мени айыптап айтып жаткандары угулбай, оозун ачып-жаап жатканы эле көрүнөт. Көкүрөгүмдүн сол жак тушу сайып-сайып алды. Бакырып ыйлап ийе албай, кекиртегимди каканактаган ачуу жаш муунткансыды. "Мен эмне болуп жатам?! Ушинтип эле дүлөй болуп каламбы?" деген коркунучтуу ойдон алыстаганча шашып, башымды чулгуй, силкип алдым. Менин ал кыймыл- аракетимди тикесинен тик турушкан эки конвой да, адвокатым да байкашты. Түшүнбөгөндөй мени таң кала карап коюшту. Мындай абалым канчага созулганын так айталбасам керек, балким бир мүнөт же беш, же андан да көп...
Бир маалда залдагы күжүлдөк угулуп, апабыз отурган тарап чуулдап калды. Кайнежем апабыздын көйнөгүнүн үстүңкү топчуларын чече албай калдастап, көкүрөгүн мыкчый кармаган апабыз аба жетпей жаткандай чалкалай оор онтоп калды. Бери жактан суу ала чуркашып, Алтынай "апакелеп" ыйлап кирди. "Кудагый! Кудагый! Өзүңүздү кармаңыз!" деген апамдын үнүнө удаа ордумдан ыргып туруп темир торго жабыша калдым. Жанына жетип барып жанын арачалап калгым бар. "Жараткан! Мейли, мейли мени камактан чыгарбасаң. Апабызды сактай көр, сакайта көр!" деп күбүрөнүп, күйүп турдум.
Тез жардам чакырышып, сот башка күнгө жылдырылды. Мени конвойлор алып чыгып баратышканда кайнежем албууттанып, мен тарапка жулунуп:
- Карачы,карачы, эмне кылганыңды?! Соо жүргөн адамды соолуттуң?! Бети жок бетбак! Дагы ыйлап коёт, көзүңө ак түшкүр! Сендейди өмүр бою чыккыс, күн көргүс кылып камаш керек! Карасаң, кайтаргандар да жапжаш балдар тура! Көзүңөрдү чоң ачып карабасаңар, бул куу түлкү, алдап туруп качып кетет. Отурасыңар анан... Колуна кишен салгыла! - деп айкырып калды.
Чүрөк эжемдин "Жап оозуңду!" деген жаалдаганган үнү үзүл-кесил угулду. Жанатан бери тамагымды муунтуп, сыртка чыга албай жаткан ачуу жаш арык толо акты бейм! Не бир токтоно алайын?! Дегеле бул дүйнөгө жаралып калганыма... сан эркектен багым Сүйүндүккө байланып, ушундай турмушка тушукканыма ичимден наалат айтып, жашоодон безип кетким келип бараттым. Сабырдуу болууга үйрөнө элек экенимди ошондо билдим.
- Монашка! Да не плачь ты. Что большой срок дали да? Не переживай, скоро амнистия...
- "Срок" эмне, эмеле өтөт. Канча беришти? Камактагы бир күнүң эки күнгө эсептелээрин билесиңби? Канча отурдуң сотко чейин?
- "Командир!" мобу сууну карындашка берип койбойсуңбу?- деп бирөөсү "конвойго" суу,тамеки сунуп сооротуп жатышты.
- Бул тартпайт, - деди жанымдагы аял, конвойдун кыйылып "не положено" деп жатып араң тигилерден алып берген тамекисин алып жатып.
- Анда өзүңө калтыр,- дешти тигил тарап.
Газдалган минерал суудан жутуп, көз жашымды сүрттүм. Өңгүрөп ыйлаганыма эми өкүнгөнсүй, жанымдагылардан уялып турдум. Ошол мүнөттөрдө жерден жарака кетсе деле кирип кетүүгө даяр элем. А бирок мага айтылган ачуу сөздү ачуу жаш менен жуубасам да болбойт эле. Кулагыма сиңип, жүрөгүмө кирип азап тартпайт белем. Ансыз деле эстебейин дегениме болбой кайнежемдин уу сөздөрү, апабыздын жан соогалагандай абалы, апамдын аянычтуу үнү, көз карашы элестелип, кулагыма жаңырып туруп алды. Көптө гана "Эч нерсе эмес, Аздек! Бир күн болбосо бир күнү бошонуп чыгаарсың, күнөөсүз экениңди, кара санабаганыңды акыр бир күн түшүнүшөөр...кечиришээр... кечирээрсиң" деген ой кылт этип келе калганда кадимкидей чыйралып, жакшы күндөрүмдөн күдөр үзбөй, жашоо үчүн күрөшкө өзүмдү-өзүм даярдадым. Үмүтсүз - шайтан дегендей, түрмөдө илгери үмүт менен күн кечиргендердин жашоосу жеңилирээктей. Бул күндөр да өтөөр-кетээр... Эртең менен сотко келгендердин бирөөсү гана сот залынан бошоп кетип, калгандарыбыз СИЗОго кайтып келдик.
ххх
Сотко декабрь айында төрт жолу чыктым, а бирок сотум аяктаган жок. Ал ортодо апабыздын абалы бир оорлоп, бир оңолуп, сотко келип-келбей менин ишим создуга берди да январь айына калды.
Жаңы жылдын алдында Күлкан эжени колония- поселениеге алып чыгып кетишти. "Ай, Аздек, турагой. Таттуу токоч жасап, чай кайнатып койдум. Булар уктап жатышканда акырын чай ичип алалы" деп мага мээримин төгүп, этим ысыса даары ала чуркап ким өнтөлөйт?! Мага бирөө бирдеме демек тургай, жаман көз менен карап койсо да көкүрөгүн тосо, менин таламымды талашып турчу эмес беле. Эми ким мага караан болот?" деп ойлоп жаман болдум.
- Эми эмне кыл дейсиң?! Оюма койсо чаар баштыкка кийимдеримди эмес сени салып кетким бар,-деп тамашалай кошотошконун эстеп түнкүсүн бир маал көз жаштап алам.
Бегимжан болсо беш жарым жыл менен буркурап ыйлап, "барбайм!" деп колунун кан тамырын кыйып ийгенине карашпай "зонага" алып кетишти. Дарыяга он жыл беришти эле, шаардык сотко кайра жазып, жообун күтүп отурат. Соттолгондон кийин кайненеси уулун ээрчитип алып "свиданиеге" келип кеткен. "Менин бактыма кемпирибиз аман турса экен. Күйөөм экөөбүз тең камакта жатсак, кемпирибиз ары карап кетсе аны ким көмөт? Балам талаада калабы?" деп басса-турса сүйлөнүп, ачуулуу, урушчаак болуп баратты. "Ич" дебесең күндөп-түндөп деле ачка жата берүүгө макул. Ойлоно берип жинди болуп кетпегей эле деп коркуп, эптеп алаксытымыш этем. Суук экенине карабай аба жутабыз деп "гулкага" ээрчитип чыгам. Башынан эле бөйрөгү оорукчан экен, эми өтүшүп кеткенби акыркы күндөрү баса албай врачтардын көзөмөлүндө болуп калды. Көздөрүнүн алды шишимик тартып, жүзү саргарып, арыктап кетти. Ал антип жатса эркектердин "зонасынан" "этап" келип, күйөөсүнөн кат алды. Кабагын түйүп эле окуп жаткан, бир маалда каткырып күлүп жиберсе чочуп да кеттик. "Сотко чыгып жатасыңбы? Күзгүгө каранып, боёнуп, таранбай эле чыгып жүр! Түрмөдөн бир эркек менен таанышып, кат алышканыңды уксам таарынба! Мен биякта ойлонуп, сагынып уктай албай калдым. Ооба, ооба, шылдыңдай бер. Мен сени чын эле белгисиз бирөөлөрдөн кызганып жатам" деп жазыптыр көрсө күйөөсү.
- Байкушум десе! Сыртта жүргөндө эле өз көлөкөсүнөн кызганчу эле, эми уйкудан калганына ишенем. Эркек да... Мен биякта кылаар ишим, ойлоноор оюм жок отургандай көрүп жатат да!- деп ыйлап да, күлүп да катты кайра-кайра окуп, өөп, жаздыгынын алдына жашырды.
ххх
Таң атпай сотко чыгып, кечинде калчылдап тоңуп, ызага уугуп кайра хатага кайтып, көптөгөн соттук процестерди башымдан кечирдим. Үч уктасам да түшкө кирбес сөздөр айтылды сот учурунда. Ал-жай сурашкандан башка жамандыгым жок кошуналарым мага айгак чыгышып, жаманатты кылып сүйлөштү сот алдында. Бирөөсү гана мен тарапта болуп "Эми үй бүлө ичиндеги чыр-чатакка кийлигише албайм. Мен билгенден сонун эле келин болчу" деп сөзүн бүтүрдү. "Сөзүмдү сөз дебей, каалаган убагында туруп, каалаган жагына басып кетчү. Какбаш деп катуу айткан сөзүн да балам үчүн көтөрүп, унчукпай жүргөм! Акыры тажаганда балам да тигинтип качып кетип кутулду. Анан улуу кызым айтканынан "Айланайын, Аздек, эми үйүңө барасың го, жашсың келечегиң али алдыда" деген сыяктуу сөздөрдү айтып баштасам эле...Кудай андайдын жүзүн нары кылсын, мени өлтүрүп тынам дедиби..." деген апабыздын сөздөрүн угуп, "Жалга-ан!" деп бакыра албай, темир торго колдорум карышып жалдырап туруп бердим. Баарынан да апабыз жыгылганда ваннадан мен алып нары жылдырып койгон бычакта менин бармак издерим табылганын прокурор баса белгилеп, көргөздү.
"Мен кирип келгенде дабышты угуп жеңем ваннадан атып чыкты. Кичине кечиккенимде апамдан айрылып калмакпыз. Мени көрүп тез жардам чакырымыш болуп калган" деген Алтынайдын сөзү да чоң роль ойноду. Акыры, жаңырган жылдын экинчи айынын аягында жети жылга кесилдим. Жети жыл! "Отуз бирге чыкканда чыгат турбаймынбы!" деген ойдон эсим эңги-деңги болуп, эмнегедир калтырап үшүп чыктым. Адамды каралап, ак жүзүнө көө сыйпап коюууга көп деле убакыт, күч коробойт экен. Бул бир сөз менен айтканда...
Соттолгондун эртеси эле атам "свиданкада" бооруна кысып: "Кызым, бул деген кырсык.... Көтөрө бил!" дегендей өзүмдү-өзүм сооротуп, "көтөрбөскө башка аргам барбы?" деп отуруп калдым. Мына баякы түшүмдө көтөрүп качкан туздарым. Өзүмө-өзүм шорлуу турмуш алып келээримди аян берген тура.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??