п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жылдыздар турмушунан


Жашоонун кызыгы сүйгөнүңдүн колун кармап, турмуш кургандан кийин башталат эмеспи. Биз бул жолу белгилүүлөрдүн арасынан он алты жаштан жыйырма жашка чейин үй-бүлө курган жаш жубайларды тандап алдык. Демек, бойдокчулук менен эрте коштошкон жылдыздар кимдер экенин билгиңиз келсе...

Эрте турмуш кургандар
"Дискотекага барыш үчүн күйөөгө тийген Назира"
Боорду эзген сатиралары менен элдин купулуна толгон Назира Жетигенова турмушка чыкканда канчада эле дебейсизби? Болгону он алты жаштагы секелек кыз экен. Ал кезде эжекебиз "Ак марал" бий тобунда бийлеп жүрүп, практикага келген сүрөтчү менен таанышып калат. Болочоктогу жолдошу Назиранын эркектей өткүр, жаркылдаган мүнөзүн жактырып, "Товарың жакшы экен" деп толуктугуна карабай Ош шаарын көздөй ала качкан тура. Назира эжекебиз апасынын дискотекага жибербей койгону көкүрөгүнө көк таштай тийгенби, айтор, күйөөгө тийээрде жолдошунан "Сен мени дискотекага жибересиңби?"деп сураган. "Макул, жиберем"деген жоопту алганда, жаштыгына салып сүйбөсө деле аны менен кетип калганын куудул эжекебиз айтып калат.


Он сегизинде ойнобой, турмушка чыккан ойлонбой...
Суйкайган Саламат эжекебиз тоодогу тунук булактай он сегиз жаш курагында, Таластын Кара-Буура районундагы Суулу-Маймак айылына келин болуптур. Жети кыздын арасынан Саламат Садыкованы бир көрүп сүйгөн Тургунбек ага жыйырма үч жашында ырчынын колун кармап, турмуш жолуна аттанганын карабайсызбы?.. Болгондо да Тажикстандын Канибадам шаарынан поэздге олтургузуп, Маймак станциясына чейин ала качып кетиптир. Он сегизинде ойноп-күлбөй, эрте турмушка чыккан эжекебиз, эми минтип эки кыздын энеси, бир неберенин бактылуу таенеси.


Назгүл туулган күнүндө ак жоолук салынып...
Продюсер Назгүл Насиева он тогуз жашка толоору менен Лейлек районунун Ак-Суу айылына ак жолтой келин болуптур. Таланттуу жигит Кубанычбек мырза Назгүл айым менен болгону бир ай сүйлөшүп анан той өткөргөн. "Сүйлөшкөн жигитимден 4-ноябрь туулган күнүмдө кайын энемдин ак жоолугун башыма салынып, жаңы келин, сүйгөнүмө жубай болгом"деп, эжекебиз көшөгөнүн босогосун аттаган күнүн эстеп берди. Турмуштун ысык-суугуна чыдап кол кармашып келаткан жубайлар, башкаларга үлгүлүү үй-бүлө болгонго аракет жасап келишет.


Жыйырма жаштагы жентельмен Кабыл Бөрүбаев
Куудул Кабыл Бөрүбаев жыйырма жашында үйлөнгөн жылдыздардын арасына кошулат. Толгон күндөн кычап, 5-ноябрь өзүнүн туулган күнүндө үйүнө жаңы келин алып келип, өзүн жентельмен сезген тура. Сүйгөн кызы Тамара эжекебиз менен эки жылдай сүйлөшүп жүрүп анан Жумгалдын эрке күйөө баласы болгон экен. Азыр эми таланттуу балдардын камкор атасы, жубайынын сүйүктүү жолдошу жана кыргыз элинин куудул баласы болуп олтурат.


Сыймык кенже күйөө бала болгондо...
Сыймык мырза да жыйырма жашка чыкканда өзүн эр азамат ойлоп, тогуз айдан бери сүйлөшүп жүргөн он жети жаштагы Нурзада айымга үйлөнүүгө бел байлаган. Сыймык байкебиз 15-октябрь күнү эки жеңин түрүп, Бишкекте жашаган болочоктогу кайын эжесинин үйүнөн Нурзада айымды Раф микро автобусу менен досторун чогултуп аккордеон, комуз чертип, жандуу музыканын коштоосунда Токтогулду көздөй алып кеткен. Ырчынын ата-энеси келиндин алыс жерден эмес, өзүнүн айылынан экенине сүйүнүп, кадырлуу жерден куда күткөндөрүнө кубанышкан.


Бала бойдон күйөө болгон Элмирбек
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев эпчилдигине салып, он алты жашында эле эликтей сымбаттуу Гүлбүбүгө күйөө болгон экен. Өзү бала болгону менен бир үйбүлөнүн президенти аталып, бийликти колго алган. Ошентсе да жаш жубайлар учурунда бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөндөрүн жашырбай келет. Учурда кош жылдыздар турмуштун эки жолуна түшсө да, кыргыздын сыймыктуу талант ээлеринин катарын толуктап келишет.


Окууну бүтпөй, күйөөгө шашып...
Эрте турмуш кургандардын катарын ырчы Анжелика да толуктаган. Мектепти бүтө элек жатып, элдин оозун ачырып, Айчүрөк эжекесине сюрприз жасап, гезит беттерине сенсациялуу макала жаратып, өзүнөн бир топ жаш улуу Урмат аттуу мырзанын колун кармаганын билебиз. Учурунда эл арасында ар кандай кептер жүрүп, бир топко чейин уу-дуу болду эле, эми минтип убакыттын өтүшү менен Анжелика жолдошунун сүйүктүү жары, кичинекей Айымдын мээримдүү энеси болуп олтурат.


Мындан сырткары ырчылар: Алина Жетигенова, Гүлнара Кахарова, Ырыскелди Осмонкулов, продюсер Динара Эсенгулова жана башка бир топ белгилүүлөр жыйырма жашка жетпей турмуш курган жаш үй-бүлөлөр болушкан.

Акыл Карачач





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??