п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Тентек телефон

Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?

"Обон" бул жолу жакында 4-5-ноябрда жеке концертин бере турган Бек мырзанын телефон номерин терип, ага тентек суроолорду берди. Тамаша сөз Бек Борбиевдин концерти жана ага карата сатылып жаткан билеттери жөнүндө болду. Биздин тамашага ырчы менен бирге концертти уюштуруп жаткан куудул Кабыл Бөрүбаев да илинди.


Бек Борбиев:

"Билеттер менен мен не занимаюсь"

- Бек байке, саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Кечиресиз, мен Кыргызстандагы "Локомотив" деген футбол командасынын администратору болом.
- Ах-а угуп жатам.
- Ноябрдын 4-5де концерт коёт турбайсызбы?
- Ооба.
- Биз командабыз менен концертке баралы деп жатканбыз. Бизге 20 билет керек болуп жатат.
- Мм-м.
- Биз именно 1-2 катардан билет алалы десек, кассадагылар жана сатуучулар, "1-2-катардагы билеттерди Бек өзү туугандарына берип койгон, Бектин өзүнөн сурагыла" деп жатат.
- Сенин атың ким?
- Бактыбек.
- Бактыбек, азыр телефон номерин жазып алсаң, Кабыл деген бала болот 0550...... ушул бала менен сүйлөшсөң, мен чалып айтып коём.
- 1-2-катардан башка катарды албайбыз.
- Ий, ошол балага чалсаң баарын билет. Макулбу?
Кабылдын телефон номерин алгандан беш-он мүнөт өтпөй ага байланышка чыктык.
- Алло, бул Кабыл байкеби?
- Ооба.. мен болом.
- Бек байке сизге чалып айттыбы?
- Ооба. Силерге билет качанкыга керек эле?
- Бизге 5-ноябрга 1-2-катардан 20 орун керек.
- Макул, мен "бронировать" этип коёюнбу алдыңкы 20 орунду?
- Байке мен азыр эле барып алсам болобу?
- Азыр билеттер даяр боло элек да. Даяр болоору менен мен сага чалып айтып коем.
- Макул.
Кайра ырчынын өзүнө чалып, сүйлөштүк.
- Бек байке, кайра эле мен Бактыбек. Концерттин билеттери даяр боло элек турбайбы?
- Билбейм, ошол бала өзү билет.
- Мен бүгүн Казакстанга кетип жаттым эле да. Билеттерди азыр ала кетейин дегем. Биз сиздин концертке атайын спорт формаларыбызды кийип, желектерди көтөрүп келебиз. Желектерде сиздин сүрөт жабыштырылган. Казакстандан келген футболчуларды концерттиңизге киргизели дегенбиз. Биз бешинде келсек билет түгөнүп калса кантебиз?
- Анда азыр сага даярдап беришет. Мен чалып айтып коём. Даяр, просто чыгарыша элек да.
- Анда мен сизге билеттердин акчасын таштап кетпейминби?
- Жо-ок, тиги бала менен сүйлөш дейм, билет менен мен не занимаюсь.
- Ал бала менен сүйлөшкүм келбей калды. Оройураак бала экен.
- Жок, грубый эмес. Чалып жакшыраак сура.
- Сизге жолугуп, жок дегенде желектердин экөөсүн көрсөтөйүн анда.
- Менин азыр убактым жок. Анда бештерден кийин чалчы... хорошо... Түт...түт...
Ушул сүйлөшүүдөн кийин Бек Борбиев Кабыл Бөрүбаевге чалып, билет бер деп тилдегенби, бир мүнөт өтпөй Кабыл мырза биздин номерге өзү чалып:
- Иним, сага билеттер бүгүнкүгө керек турбайбы ээ?
- Ооба. Мен азыр Казакстанга кетип жаткам.
- Билеттер Киркомстромдо эле да. Мен ошол жакка чыгып баратам. Сен азыр кайдасың?
- Мен Тунгучта.
- Ий, анда саат 4-5терде центрге ылдый түшө каласың да?
- Азыр эле алып келбейсизби?
- Мына эми билеттерге жөнөп жатпаймынбы?
- Мен Казакстанга чыгып жатам. Жолдон кеч калам...
- Блиин... анда кандай кылабыз?
- Мейлиңиз анда билеттерди алганда Тунгуч кичи районуна келип "Обон" гезитинин редакциясына таштап коюңуз. Бул "Обондун" тамашасы болчу.
- Туй, ата-а, бул тамаша беле? Мен аябай ишенип алып билеттерге жөнөп жатсам... ха-ха-ха... Бек мага чалып "Ал баланы грубить этпей билеттерди берип койчу?"десе мен качан грубить эттим эле деп ойлонуп коём дагы... Эми тамашага түшүп калганыбызды Бекке айтайын.
Бир аз убакыттан кийин Кабыл Бөрүбаев: "Ай, Бек, эч кандай 20 билеттин кереги жок экен. Жанагы бала "Обон" гезитинен тамашалап жатыптыр"десем Бек байкеңер. "Аа-ай, тамаша бекен? Тамашага мен түшпөй эле сен түштүң"деп каткырып алды" деп билдирди. Эмнеси болсо да Бек мырзаны иш ордунан козгоп жарым сааттай убактысын алып, концерт алдында тамашага салып алдык.
Андан кийин репер Тата Уланга телефон чалып, "Карындаш" аттуу ырына байланышкан суроолорду берип ары-бери калчасак да, Улан мырза сабырдуулугунан жазбай, ар бир суроого токтоо жооп берип жатты.





Тата Улан:

"Ал менин аялым да,
силер менин бетимди тытасыңарбы?"

- Саламатсызбы, бул Тата Уланбы?
- Ооба, ошол эле.
- Сиздин номериңизди "Белес" деген радиодон алдым. Биз сиздин "Карындаш" деген ырыңызды уктук. Ошол ырыңыз мен үчүн ырдалгандай экен. Ырды жазып жатып мендей болгон кыздарга "моралдык доо кетирем" деп ойлогон эмес белеңиз?
- Эмнеге сизге доо кетмек эле?
- Мисалы мендей болуп бузулуп кеткен кыздар көп.
- Түшүнүп турам. Бирок эмнеге доо кетмек эле?
- Мен ошондой кызмын деп жатпаймынбы? Бизди шылдыңдагандай жазыптырсыз?
- Андай болсо кечирип койгула.
- Менден кечирим сураганыңыз менен мендей болгон 20 кыз бар жанымда. Алардан кантип кечирим сурайсыз?
- Эмне кылайын анда?
- Бул ырды угуп алып оңолмок тургай күчөдүк.
- Күчөдүк! Койгула эми сабыр кылгыла.
- Биз азыр 15 кыздай чогулуп турабыз, сизге жолуксак болобу?
- Аа, анан бетимди тытасыңарбы?
- Бетиңизди тытабызбы, башка жериңиздиби аны өзүбүз билебиз?
- А ошондой агрессивный кыздар турбайсыңарбы?
- Сиз маскаңызга таянып кыйын болбоңузчу ээ байке, маскаңызды чечип коюш оңой эле, если что?..
- Аны түшүнүп жатам деңизчи... Мен бул ырды сиздерге арнап жазган эмесмин. Өзүмдүн карындаштарым ушундай жаман жорукту кабыл албасын деп жакшы ниетте жазгам. Силер 15 кыз болсоңор ал ырды бүткүл Кыргызстан угат. Кыргызыма мен жаман нерсени каалабайм. А силердин маселеңерди мен чындык катары жаздым. Чындыкты чындыктай кабыл алыш керек да.
- Чындыгы чындык бирок, биз андан башка жумуш таппасак эмне кылабыз? Сиз бизге жумуш таап бербейсизби анда?
- Мен эмнеге таап беришим керек. Ар бир адам өзү жумуш таап иштегенге укуктуу. Кудай өзү кечирсин, силер туура эмес жолдон чыкпасаңар болбойт. Акыретке келгенде кандай жооп бересиңер?
- Мен бул жумушка көнүп калсам эмне кылайын?
- Анда ошентип айтпайсыңбы? Сен көнүп калсаң менин кандай тиешем бар?
- Сиз мага келип акча берип кетпейсизби?
- Мен эмне спонсор белем сага?
- Ырчылар кыйын турбайсыңарбы, каалаганыңарды ырдап, каалаганыңарды жасап. Анан акча бергенди билбейсиңерби?
- Башкаларды билбейм. Мен андай сатылган нерселерге акча бербейм.
- Сиз менен жолуксам болобу?
- Эмне себептен. Мен кыздар менен жолукканды күнөө катары санайм. Ошон үчүн жолукпайм.
- Аялыңыз деле бар да?
- Ал менин аялым да. Тааныбаган кыздар менен жолугуу мен үчүн күнөө.
- Жолукпасаңыз, бизге эмне деп кеңеш бересиз?
- Адам адамды эч убакта оңдобойт. Айтканыңа караганда силер бекемделип калган экенсиңер. Туура эмес жолдон эртерээк чыгып кетсеңер жакшы болмок. Алла ыраазы болот. Мен деле убагында жаман нерселерди кылгам. Азыр туура жолго түштүм. Силер "Карындаш" деген ырдын маанисин терең ойлонсоңор жакшы эле.
- Рахмат байке. Кыргыз элиңиз үчүн мыкты ырларды жаратып жүрө бериңиз. Сиз "Обон" гезитинин тамашасына түшүп калдыңыз.
- Аа, мейли эч нерсе эмес. Рахмат сиздерге да.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??