п»ї
 Таанышуу жарыясы


 "Обон" шоу-таймс

101 даана розанын ээси Бактыгүлдүн күйөрманыбы же...
Бактыгүл Бадыеванын концертине баргандардын баары эле ырчыга берилген 101 даана роза гүлүн көрүшсө керек. Ырчы көптөн бери эле "Мага жигитим күн сайын 33 даана роза гүлүн белек кылат"деп байма-бай айтып келчү. Бул сөз жигитинеби же күйөрманынабы жага бербей калганбы, айтор Бактыгүлдүн концертинде 101 даана роза гүлүн алып баруучу Микаэлден берип жиберген. Микаэлдин айтымына караганда розаны күйөрман ыроологон. "Эгер ал чыныгы күйөрман болсо эмнеге жүзүн жашырды экен?" деп залда олтургандар таң калып жатышты. Биз да аларга кошулуп, жигити эле болсо керек деп ойлоп калдык.


Дайыр куудул болобу?
Барган сайын ырчыларыбыз эми эмне кылып жиберсем дегендей, болушунча аракет кылып, өздөрүн ар башка тармактан сынап жаткандары жакшы. Бирок "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"деген жакшы кеп бар эмеспи. Бул ырчылардын арасында жаш аткаруучу Дайыр Исмадияров да бар. Эми Дайыр бир гана ырчылык өнөрүн аркалабастан, куудулданып, концерттерде өзүнүн сатираларын аткарат экен. Элге күлкү тартуулаган ырчыбыздын бул өнөрү канчага созулаарын убакыт көрсөтөөр. Учурда Дайыр мырза
17-ноябрь студенттердин күнүнө карата "Студенттик күндөрүм" аттуу ырынын ремикс варианттын иштеп жаткан кези.

Сапар кайрадан бойдок
Ырчы мырза Сапар Эркебаев буга чейин продюсерин бетке кармап, үйбүлөсү бар экенин жашырып келсе, эми келинчегинин жок экенин жашырбай жар салып жаткан кези. Минтип айтып жатканыбыздын себеби, Сапар жубайы менен ажырашканына беш айдын жүзү болуптур. Ажырашуусунуна эмне себеп болгонун толук билбесек да, баягы эле түшүнбөстүктөн улам келип чыккан ажырашуу го деп болжодук.


Жанель темир жорголуу болду
Жаш ырчы Жанель чыгармачылыгынан сырткары шаарыбыздагы "Максимум" ресторанында башкы администратордун милдетин аткарат. Эч кимге көз каранды болбой өзүнүн ак эмгегинен чогулткан акчасына ырчы ак түстөгү Ниссан Цефиро үлгүсүндөгү темир тулпар алды. Эми ырчы жакындарын чогултуп ак жолтой дөөтүсү үчүн түлөө өткөргөнгө даярданууда.


Назик лимузин менен конокторду ташыйт
Чимирилип бийлеген Назик Исраилова 30-октябрда жыйырма жети жашка толот. Жыйырма алты жыл бою туулган күнүн тынч гана өткөрүп, беш-алты адамдын курчоосунда болуп келсе, бул жылы "Назик" бий тобунун бийчи кыздары жетекчисинин туулган күнүн өзгөчө өткөрүүнү пландап, буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кездери. Бийчи кыздардын айтууларына караганда белгилүү кафелердин биринде туулган күндүк кече өтүп, келген конокторду лимузин менен алып келип, кайра үйлөрүнө лимузин менен жеткирип коюшат экен. Ошол күнү Назиктин үлпөт салонунун ачылыш аземи болуп, концерттик программа көрсөтүлөт. Мындай жагымдуу кеченин ээси болгон Назикке биз да чыгармачылык ийгилик, жаркын келечек кааламакчыбыз.




  Жыштык жылдызы

Бегайым Абдыкадырова:
"Мирлан экөөбүз үйлөнүү тоюбузга даярданып жатабыз"

Бул жолку коногубуз "Тумар" радиосунун булбул үндүү ди-джейи Бегайым Абдыкадырова болду. Бегайым
1983-жылы 14-июнда Нарын шаарында төрөлгөн.

- Бегайым, радио тармагына кандайча келип калгансың?
- Өзүм Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөм. Студент кезимде эле эжекемдин таасиринен улам, "Кыргыз" радиосунда жаңылыктарды даярдап, сырттан кабарчы болуп иштедим. Анан теле жаатында да өзүмдү сынап көрөйүн деп, "Пирамида" телеканалында жаңылыктарды даярдап жүрдүм. Башында радионун ашканасын жакшы өздөштүрүп калгангабы, көп өтпөй эле жаңы ачылган "Тумар" радиосундагы ди-джейлерге жарыяланган кастингден өтүп кеттим. Бир жылдан бери ушул радиодо эмгектенип, күнүмдүк көңүл ачуучу программаларды алып баруудамын.
- Музыкалык билими жоктор ырчы болуп жүрүшпөйбү, а сен эмнеге ырчылык жагына ыктаган жоксуң?
- Апам "кызым музыкант, ырчы болсо экен"деп кыялданчу. Музыка факультетин аяктасам да мен теледе, радиодо иштегим келчү. Анда-санда гана ырдап койгонум болбосо көп деле ырдабайм. Бирок музыкадан сабак алганыма эч убакта өкүнбөйм. Азыркы жумушума чоң жардамы тийип жатат.
- Радиодо иштегендер шайыр деп коюшат го?
- Чындыгында мен "Кыргыз" радиосунда иштеп жүргөндө аткарган ишиме байланыштуу оор басырыктуу болчумун. Ал эми "Тумарга" келгенде өзүмчө эле ачылып, шайыр, көңүлдүү жүрүп калдым. Үйдөгүлөр да "Сен жакшы жакка өзгөрдүң, мурун кабагың ачылбай эле жүрчү"деп калышат. Чынында көңүл ачуучу радио болгондуктан өзүңдү болушунча шайыр алып жүргөнгө аракет кылып калат экенсиң.
- Бир жылдын ичинде кандай ийгиликтерге жетиштиң?
- Мен үчүн бир жылдын ичиндеги чоң ийгилигим 13-сентябрда Душамби шаарында өткөн радио журналисттери чогулган семинарга катышып келгеним болду. Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандан чогулган журналисттерге Германиядан келген белгилүү журналисттер, профессорлор сабак беришти. Радиого байланышкан бир топ тажрыйба топтоп келдим десем болот.
- Качан турмушка чыгайын деп жатасың?
- Буга чейин жеке жашоомо чекит коюп, иш деп жүрө бергенмин. "Кыздын бараар жери күйөө"дегендей, азыр сүйлөшүп жүргөн жигитим Мирлан экөөбүз 14-ноябрда Нарын шаарында боло турган үйлөнүү тоюбузга чуркап, даярданып жүргөн убагыбыз. Буюрса тоюбуз Нарын шаарында өтөт.
- Сыр болбосо жигитиң жөнүндө айтып бербейсиңби?
- Болочоктогу жолдошум чечкиндүү, чынчыл, менин ишимди түшүнгөн мырза болсо экен деп кыялданчумун. Кыялымдагы жигитке жеттим. Анткени Мирлан да "Тумарда" ди-джей болуп иштеп кеткен, азыр "Азаттык" радиосунда эмгектенет. Экөөбүздү табыштырган радио тармагы болду. Бири-бирибиздин ишибизди түшүнгөндүктөн эми тоскоолдуктарга моюн бербесек керек.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
"ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН КАБАРЛАШАМ"
2-бет
Айя Садырова:
"Жолдошум көпчүлүктүн көңүл
борборунда болууну каалабайт"

3-бет
Эрте турмуш кургандар
4-бет
Гүлмира Ашымова:
"Мелис мага кучак толтура роза гүлүн берген"

5-бет
Эгемберди Бекболиевди жубайы "чалушкам" деп эркелетет
6-бет
Базар-базар, базар багаар,
Базарда мүрөктүн суусу агаар…бы?

7-бет
Тамаша айтсак күлөсүңбү же таарынып бизди сөгөсүңбү?
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Улан Молдодосов:
"Келинчегим менен интернеттен кабарлашам"

10-бет
Табигаттын табышмактуу сырлары
11-бет
Жылдыздарга денесинин кайсы бөлүгү жакпайт?
12-бет
Аздек Намазбекова
14-15-бет
Обон почта










??.??