п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Махабат майданы

Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
Учурдун талабына ылайык адамдар ар кандай бизнестерди ойлоп чыгарып жаткан мезгили. Ал бизнестердин катарын интернет беттериндеги сулуу, жылаңач кыздардын сүрөттөрү да толуктап келет. Бүгүнкү саныбызда интернеттин сулуу кыздары кумарга берилген эркектерди кантип алдап жатканы тууралуу жана ошондой эле эркектер айткандан уялган же чыгынып дарыланбаган "импотенция" дарты туурасында кызыктуу маалыматтарды берүүнү туура көрдүк.


Интернеттеги жыныстык катнаш
Интернет беттерин барактап олтуруп, компьютердин монитору толо жылаңач кыздардын денесин көрөсүң. Андан дагы "мени каалайсыңбы?" ("хочешь меня?"), "мени менен баарлашкың келсе хххх кыска номерине СМС жөнөт" деген жана башка ушуга окшогон сөздөр жылаңач кыздардын сүрөттөрүнүн астына коюлуп, карап турган эркек эмес аялды да кызыктырбай койбойт. Ар кандай эросайттар да өз иштерин улантып, күндө башкача сайттар ачыла берип башың айланат. Эросайттардын өнүгүп келе жаткандары: "Одноклассники.ru: Однотрахники, Однолюбовники, Сексклассники, Эроклассники" акчаны чаап жаткан кездери.

ЭРОбизнес - ИРИ бизнес
Секс - ар дайым адамдын жашоосундагы керектүү азык десек жаңылышпайбыз. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө чоң бизнесмендер өзүнүн товарларын сатыш үчүн интимге чакырышат. Мисалы: "Бир көйнөк алсаң секс да болот", "Сагыз алып сексти күт" деген рекламалар менен өз товарларын сатышат. Эросайттар Кыргызстанда анча өнүкпөгөнү менен башка мамлекеттерде чоң бизнес болуп саналат. Анткени ар бир окурман жазган СМСи үчүн кандайдыр бир суммадагы акча алынат. Эгерде сайтка кирем десең биринчи ирээт ал сайтка 0,09 доллардан 0,30 долларга чейин акча төлөп кошулсаң болот.

Сулуу кыздарга сулуу акчалар…
Андан кийин "сулуу кыздар" менен сүйлөшүү үчүн да акча талап кылат. Башында аз эле акча сурап кишини тарта баштайт. Кумарга кирип кеткен эркектер акчасын аябай туруп СМС жөнөтөт. Кичине убакыт өткөндөн кийин эле ага "Сиздин билдирүүңүз өткөн жок, кайрадан жөнөтүңүз" деген билдирүү келет. Ошентип үч жолу жөнөткөндөн кийин аны күтүп отуруп чарчаганда бирдигин текшерсе балансында бирдик калбай калган болот.
Мындай сайттарды ачуу да арзан. Мисалы аталган сайтка катталыш үчүн биздин акча менен 555 сом кетээри аныкталды. Ал эми эросайттарды бир күндө канча деген эркек ачып окуйт дейсиң. Ал эми жогоруда аталган сайттардын ээлеринин капчыктарына канчалаган миллион акчалар түшүп жаткандыгын өзүңүз калчап алаарсыз.

"Импотенция" же "Эректилдик дисфункция"
Биздин жашообузда аялдар жыныстык жактан ооруган жерин ачык айтып, дарыланып келишсе, эркектер ачык айткандан уялышат же жөн гана чыгынышпайт.
Ден соолугу таза, чың эркектин мүчөсү дүүлүккөн учурда туруп туруш керек. Мындай учурда анын жашоосу толук кандуу болот. Эгерде ал жактан анча-мынча маселелер боло турган болсо сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу абзел.
Мындан бир топ жыл мурун эле эркектин төшөк маселелерин "импотенция", ал эми бул оору менен ооруган эркекти "импотент" деп келишкен. Азыркы медицина боюнча бул термин - эректилдик (жыныстык) дисфункция деп аташат. Мындай көрүнүштөр эркектерде дайыма эле болуп келет.

Импотенция Библияда да кездешкен
Жыныстык жактан толук кандуу эмес көрүнүштү Библиядан да табууга болот. Муну менен легендарлуу Давид падыша ооруган экен. Падыша Вирсавия аттуу кызды сүйүп калып үйлөнүүгө бел байлаган учурда анын күйөөсү бар болуп чыгат. Кийин падыша анын күйөөсүн өлтүртүп, сулууга үйлөнүп алат. Бирок кудайдын каргышы тийгенби же күйөөсүнүн каргышы тийгенби, айтор падыша жыныстык жактан ооруп "импотент" болуп калат.




  Кумаржан

Аялым менен душта эзилишип…
Эшикте караңгы түн. Командировкадан келе жатып, "аялым эми мени кечирет болду бекен" деген ой мени курчап алды. Кетип жатканда таарынтып алган элем. Анча-мынча керексиз нерселерди айтып башты ооруткандыгы эле болбосо, мен аны аябай жакшы көрөм. Айрыкча төшөк жаатында менин аялым эч кандай маселе чыгарбастан, мага жакшы кумар тартуулай алат. Бул жаатта жакшы адис десем жаңылышпайм. Бир жолу досумдун туулган күнүнөнбү, же кечеденби айтор, бир жактан үйгө түндө келгенбиз. Жайдын саратан убагы эле. Коноктон чыккандан кийин билесиңер да, ичибизде анча-мынча градус бар болгондуктан, көңүлүбүз жайдары үйгө кирдик. Жогоруда айтпадымбы, жайдын ысыгынан терлер агып жаткандыктан, үйгө кирээрибиз менен эле экөөбүз тең кийип жүргөн кийимдерибизди ыргытып жиберип, душту көздөй чуркадык.

фигурасын карап алып эле жыргап кирдим
Жылымык сууга денемди чайкап алган соң, көзүмдү ачып аялымдын эркектерди тартып турган фигурасын карап алып эле жыргап кирдим. Анын ичке бели, тырсыйган чоң эмчектери, жамбашы тим эле кишинин сугун арттырып турду. Анан калса, менин аялымдын ичи башкалардыкындай чыкчу эмес, буту дагы орус кыздарыныкы биякта калсын түптүз анан узун. Ошондуктан кыска юбкаларды гана кийип жүргөндүктөн эркектердин шилекейи куюлган бойдон карап, орундарында катып калышат. Мен болсо аялымдын бул кылыгын жактырам. Кээ бир эркектер мындай аялга эмес, мындай ойношко да жетпей жүрүшпөйбү.
Каяктагы нерсени айта бербей, жанагы "душ" жөнүндө кебимди улантайын. Денелерибизди ошентип чайкап бүттүк. Тагыраак айтканда аялым мени толук бойдон киринтип, башымды шампунь менен жууп, денемди самындап жышып берди. Бир маалда өзү чыдабай кетти окшойт, менин жылмакай денемди өпкүлөй баштады. Алгач душтун наркы бурчуна мени алып барып, моюнуман, жүндүү төшүмөн өөп жатып, ылдыйлай баштады. Ылдыйлаган сайын менин денемди кичинекей калтырак басып, "алигим" зыңкыйып туруп алды. душтун дубалына такап, ысык эриндеринен чопулдатып өөп ...
Үстүбүздөгү аккан сууда туруп алып, эриндерибиз менен өбүшүп жаттык. Аялым менин денемди өпкөндү жакшы көргөндүктөн, денемди кайрадан өпкүлөп кирди. Акыры менин мүчөмдү кармап, колун акырын кыймылдатып кирди. Менин талуу жеримди кантип өздөштүрүп алганын билбейм, иши кылып мага жакшы маанай тартуулай турган кыймылдарды жасайт. Мен кабыланымды жанымдын жан жерине алып бардым. Аялым мени менен тең жарыша иштеп кирди. Суунун ичинде кумарга батуу менен абдан ырахат алат экенсиң. Мен өз ишимди ошол эле жерден бүтүрдүм. Денелерибизди кайра бир жолудан чайкап алып, сууну өчүрдүк. Сүлгүнү алып аялымдын денесин кургатып, назик далысынан сыйпалап жибердим. Аялым болсо көзүн жуумп алып, жылмайып менин маңдайымда турат. Аны карап туруп кыңкыстаган үнүн уккум келип, душтун дубалына такап, ысык эриндеринен чопулдатып өөп, жамбашынан кармап алигимди жан жерине алып барып иштеп кирдим. Канчалык катуу иштеген сайын, аялым кыйкырып, жуунган бөлмөнү жаңыртты го чиркин! Мага ушул эле жетишпей турган эле, өз ишимди токтобостон кыла бердим. Ошентип жатып душтун ичинен кумардын туу чокусун эки жолу багынтканбыз. Мындай темада көптөгөн эскерүүлөр бар. Мен аялымды туура тандагам деп ойлойм.
Үйдү өзүмдүн ачкычым менен ачып кирдим. Душ жактан суунун шарылдаган үнү чыгып жатканынан жакыныраак барсам, аялым душта жуунуп жатыптыр…








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??