п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  стоп кадр

Курч окуялар, кызыктуу көз ирмемдер менен коштолгон "Абактан качуу" (Побег из тюрмы) тасмасы баардык эле көрармандардын сүйүктүү тасмасына айланганы ырас. Кинонун тартылышы, актёрлордун өмүр таржымалы, кадрдын артында калган каталар, дегеле кинодогу кызыктуу фактылар менен окурмандарды тааныштырабыз.

Тартылган жылы-
2005-жыл
Режиссер- Джейс Александер, Дуайт Литтл, Карен Гавиола, Кевин Хукс, Мэтт Эрл Бисли
Автору-Пол Шеринг
Жанры- триллер, драма
Узактыгы-бир сериясы 43-45 мүнөт
Башкы ролдордо- Военворт Миллер, Доминика Пёрселл, Сара Уэйн Кэллис, Амори Ноласко, Роберт Неппер

Абактан качуу

Мазмуну
Тасмада ага-ининин башынан өткөн окуя баяндалат. Улуусу Линкольн Барроуздун тагдыры башынан эле чиеленишкен. Баңгизаттан жаңыдан арылып баштаганда вице-президенттин агасын өлтүргөн деген жалаа менен "Фокс Ривер" абагында камалып, өлүм жазасына буйрулган. Чынында Барроуз эч кимди өлтүргөн эмес, аны билген иниси Майкл Скофилд агасын куткаруунун камын көрөт. Ал үчүн Майкл атайын банкка ууруга кирип, адвокаттан баш тартып, агасы олтурган түрмөгө түшөт. Качандыр бир кезде "Фокс Ривер" абагынын обьектисин курган фирмада эмгектенген Майкл түрмөнүн ар бир бурчун беш колундай билет. Ал эми керектүү маалымат, түрмөнүн схемасы Майклдын денесинде татуировка түрүндө тартылуу...
Майкл өз күчүнө ишенип, агасын түрмөдөн чыгаруунун аракетин көрүп жатканда анын балалык чагынан берки досу, адвокат Вероника Донован өзүнчө кылмыш ишин иликтеп, вице-президенттин агасын ким өлтүргөнүн изилдөө менен алек.

Кино кантип тартылган
Сериалды жаратуучулар Доминика Пёрселлди(Линкольн Барроуз) тасмага тартуу керекпи деген ойго такалышкан. Анткени, күнгө күйгөн, чачы ийнине түшкөн актёр Пёрселл Линкольдун ролуна ылайыксыз көрүнгөн. Сьёмка башталаарына үч күн калганда Пёрселл эч кимге айтпай чачын алдырып, имиджин өзгөртүп чыга келген. Режиссёр сүйүнгөнүнөн так секирип, Вентворт Миллер экөөнүн сырткы келбети эми чындап окшошконун көрүп сьёмканы баштаган.
Сериалдын үчүнчү сезонуна келгенде Сара фильмдин продюсери менен уруша кетип, жумушун таштап баса берген. Саранын күйөрмандары ызы-чуу чыгарышып, митингге чыкканга чейин барышкан. Сара аягында өзү күйөрмандарына чыгып, талантын баалаганына ыраазычылык билдирип, "митингди токтоткула" деген өтүнүчүнөн кийин күйөрмандары тынчыган.
Эгерде сиз да денеңизге Майклдыкындай татуировка тарттыргыңыз келсе 15 000- 20 000 миң доллар сарпташыңыз керек. Ал эми татуировканы тартууга туура 200 саат убактыңыз кетет. Башкы каарман Миллердин денесине тартылган татуировканы өчүрүү үчүн 5 саат, 45 мүнөт убакыт кеткен.
Башкы каарман Майкл Скофилд көбүнчө абактын ичинде тартылгандыктан башында күңүрт, коркунучтуу жайдан аябай чочулаптыр. Түрмөнүн ичине көнүш үчүн ал ошол жайда түнөгөнгө да өзүн зордоп көндүргөн. Сегиз ай убакыттан кийин ал түрмөнү "өз үйүмдөй болуп калды" дегени бар.
Биринчи жолу тасманы 13 серия менен эле бүтүрөбүз деп чечкен. Көрөрмандар жакшы кабыл алганын көргөн режиссёрлор уландысын тартып бир топ эле пайда көрөбүз деген ойго келет. Төрт айдын ичинде экинчи сезонду тартып бүтүп, жыйынтыгында тасма кеткен чыгымын актаган эмес.
Сукре Питиден алган мотоцикл "Урал" маркасында, 1952-жылы чыккан.
Атайын киного ылайыкташтырылып жазылган музыкалардын баары композитор Рамин Джавадиге таандык, ал эми музыкаларга франциялык, белгиялык, германиялык акындар сөз жазышкан.
Биринчи сезондун 13, 14 эпизоддорунда Линольндун өлүм жазасы май айында болмок, бирок ошол учурда аны эшикке алып чыкканда сыртта кычыраган кыш мезгили болчу.
Үчүнчү сезондо Саранын сүрөтүн гезиттен көрсөткөндө анын чачы ойду келди таралган. Бирде жүзүнүн жарымы жабык болсо, бирде жүзүнүн баары ачык көрүнүп турат.
Төртүнчү сезондун 16-эпизодунда Сара куушуп баратып кароолчуну коюп кетет, жакшылап караган кишиге ал жерде маникендердин турганын байкоого болот.

Актёрлор тууралуу
Вентворт Миллерди кемпирлер көргөндө көчөнү айланып качышат
Вентворт Миллер (Майкл Скофилд) 1972-жылы 2-июнда төрөлгөн. "Абактан качуу" тасмасына чейин "Стелс", "Динотопия", "Room" тасмаларына тартылып элге жакшы таанылган. Ал эми "Абактан качуу" киносундагы Майклдын образын жаратуу (кечке түрмөнүн ичинде тартылганын эске албаганда) ага көп деле кыйынчылык туудурган эмес. Анткени, Миллер Майклга окшоп чыныгы жашоосунда ошол учурда жумушсуз жүргөн. Кызыгы, Миллердин образынан чындап эле көпчүлүк күйөрмандар чочулап калган окшойт, аны көчөдөн көргөн кемпирлер жолдун наркы бетине өтүп, андан качып калышыптыр. Анткени менен жаш кыздар, боз уландар анын артынан сая түшүп кууп кол тамга алганга ашыгышат. Жылдыз белгиси боюнча эгиздер, көзүнүн түсү көк, ата-энеси эки карындашы менен жашайт. Ит мышыктарга аллергиясы бар. "Абактан качуу" тасмасына тартылгандан баштап Лос-Анджелестеги үйүнөн кетип, Чикагодогу "Миллениум" сейил багынын жанынан үй сатып алган. Азыр ал түрмөдө жатканда бир топ абакчылар менен таанышып, алар менен жакшы мамиледе болуп азыркыга чейин кат жазышып турушат.

Доминика Пёрселл популярдуу болгонду жактырбайт
Пёрселл (Линкольн Барроуз) 1970-жылы 17-февралда Англияда төрөлгөн. Өзү актёрлук кесипти аркалап келгени менен кинолорго тартылуу сунушу түшсө көбүнчө эпизоддорго тартылууну тандап алат. Мунусун ал "мен актёрлук кесипти аркалагым келет, бирок белгилүү болгум келбейт" деп түшүндүрөт. Түрмөдө тартылган мезгилин анын өмүрүндөгү эсте калаарлык көрүнүш катары эсептейт. Абактын ичинде тартылып туруп, сьёмканы сырттан уланткан абалды ал "караңгы бөлмөгө жарык күйгүзгөндөй" абалга салыштырган. Балдарына өзү тартылган тасманы көрсөтөөрдө өтө кооптуу, коркунучтуу, балдар көргөнгө ылайыксыз жерлерин алдырып салып көрсөтөт. Жашоодо тобокелчиликти сүйөт.

Сара Уэйн Коллиз түрмөгө киргенден ырахат алат
1977-жылы 1-июнда АКШда жарык дүйнөгө келген. Каскадёрлук кесипке кызыгат, "Абактан качуу" тасмасына тартылууга сунуш түшкөндө Саранын образын өзү түзүп авторго сунуштаган. Күнүгө эртең менен машинага отуруп, түрмөгө баргандан ырахат алганын мактануу менен айтып келет. Ал эми Миллер менен Пёрселл үчөөнүн ортосунда сүйүүнүн үч бурчтугу пайда болгонун да тана албайт. Ошентсе да "кызматтагы махабатты" үчүнчү сезон аягына чыкканга чейин чекит койгон. Себеби, режиссерлор алардын мамилелеринен кабардар болгон соң "гонорарыңарды төлөбөйбүз" деген талап коюшкан. Балким көпчүлүк ишенбестир, бирок кыска убакытка созулган сүйүүнүн үч бурчтугу үч башкы каармандын образын жараткан актёрлордун мамилесин бузбаптыр.

А.Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??