п»ї

  окумал

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

абак азабы
Түрмөдөн ооруп калдым. Этим ысып, от менен жалын. Ичимден өрттөнүп, күйүп бараткансып чабалактайм. Колу-буттарым сыздап ооруйт. Шайым кетип, жадагалса үстүмдөгү жууркан да оордук кылып жаткансып, ачынсам, кайра чыйрыгам. Араң ачкан төшөнчүмдү кайра жамынууга дарманым жок, колум көтөрүлбөйт.Кеберсиген ээрдимди жаланып, сүйлөйүн десем үнүм чыкпайт. Көздөрүмдү жашылдантып, жалдырап, плитканын жанында кабагын карыш түйүп алып өзүнчө эле күймөнүп жүргөн Дарыяны тиктейм. Ал түшүнө коюп, келип төшөнчүмдү кымтылап жаап, алаканы менен чекемди басып көрүп, башын чайкап нары басты. Эки көзүм анда. Бетаарчысын алып, крандагы муздак сууга суулап келип, чекеме басты. Сүйө түштүм.
- А-ай, илмейген байкушум ай! Кыштын кыраан чилдесинде сотко чыгып жүрүп, суук жеп калдың да. Мына, ошол күндөрдүн запкысын эми тартып жатасың. Азыр чыдай тур, санчастты чакырттым. Дары берип, же укол сайса эс алып калгың бардыр. Өзүңдүкүлөр алып келген эттен биртике калган экен, кайнатып сорпо жасап жатам. Ысык-ысык ичсең ичтейиң ачылып, жакшы бир тердесең, сакайып кетесиң. Өзүң да тамакты жакшы ичпей жатпайсыңбы?! Анан мындай жерде оору алсыз организмге бат жугат, - деген жылуу сөздөрүнө эрээркедимби, ыйлап жибердим. Жанатан бери араң эле карманып жаткам.
- Апе-ей кокуй, кой бырылдабай! Сен ыйласаң мен кошо ыйлайм! Ансыз деле сени көрүп алып, "леп" эткен жел жүрсө чүчкүрүп калчу уулум бул кышта эмне күндү көрүп жатты болду экен, ооруп калса карыган кемпир кыйналды го? Отун-суусун камдап берген киши жок кантишти экен?" деп ойлой берип жүрөгүм да ооруп бүттү. Кой алтын кыз, ыйлаба. Сен экөөбүзгө деле бир күнү күн тиет, ушуну унутпай алдыга умтулуп жаша!-деп карегине жылт-жулт эте кылгыра түшкөн жашын сүртүп туруп кетти.
Мен болсо… ооруп калсам түн уйкусун бузуп, туруп келип улам мени карап, колумду ушалап, даарысын ала чуркап, айланып-кагылып жатып айыктырып алчу апамды эстеп ыйладым.
"Ай, курган кыз, жана сексеңдеп жалаңкат сыртка кирип-чыгып жүргөнүнөн айткам!.. Үшүп калбасын, үстүнө менин ичигимди жаап койсоңчу? Эмне кылайын ыя? Атты токуп, доктур алып келе калайынбы?" деп бөлмөмө беш мүнөт сайын баш багып, апамды карап жооп күтүп, "ооба" десе эле түн ортосу экенине карабай наркы өйүздөгү доктурга чаптырып кеткенге даяр турчу атамды ойлоп ыйладым.
Келин болуп келген жылы да кышта сасык тумоо болуп, төшөктөн турбай эки күн жатып калдым. Кашымдан жылбай, кайтарып отуруп кадимкидей шапайып арыктай түшкөн күйөөм "Алтышка, сен бир оорусаң жаман ооруйт турбайсыңбы? Кой мындан кийин сен ооругуча мен ооруюн. Кебетеңди көрүп алып жүрөгүм да түшүп калды" деп эрдимден сүйүп, муңайым жылмайып отурган Сүйүндүктү жоктоп ыйладым.
"Азыр сен кайдасың да, мен кайдамын?! Өлүүсүңбү, тирүүсүңбү?! Сотто же күйөөсү бар келин эмес, же жок келин эмес болуп бозоруп, элтең-элтең этип эшик жактан көзүм өтүп күтпөдүмбү. Адатыңча шартылдай кирип келип "Апа, Аздек, ушу кантип болсун?! Кеттик үйгө, үй-бүлөөлүк ишти өзүбүз эле чечип алабыз, бары жакшы бүтөт" деп соттон арачалап алып чыгарып кетчүдөй күттүм. Келген жоксуң! Билбейм…Эгер жер үстүндө басып жүрүп ушундай кайдыгерлик мамиле кылган болсоң мен сени эки дүйнө кечирбейм!" деген оюмду калдыратып эшик ачып кирип келген ак халатчан бузду. Ийне сайды. Дары таштады. Кыйнап жатып Дарыя сорпосун ичирди. Ошондон кийин гана жаным жай алып, уйкуга кеттим. Каалаган даарыңды алып иче албай, жаныңда имерчиктеп туруп ысык чай сунчу жакын адамың жок болуп, жалдырап камакта жаткан адамдардын оорусун каалабайт элем???
ххх
Көңүлүмдө "зонага"баргым келбей, "жети жылымды көнө түшкөн ушул түрмөдө, дал ушул хатада эле өтөсөм болмок?!" деп коркуп жүргөм. "Койчу, "зонанын" эмнесинен коркосуң? Ал жерде деле ушул аялдар. Бул жердегидей төрт дубалга камалбай, өзүңдү эркин сезип сыртта жүрөсүң, иштеп алаксып, ары-бери караганча "срогуң" да өтүп кетет. Бул жерден жинди болуп кетпейсиңби?" деп бир "многоходочница" айтса, дагы бирөө "Иий, абактын жүзүн көрбөй эле койсоң болмок…" деп үрөйүмдү учуруп жүрдү. Мен каалаймбы, каалабаймбы ага карашмак беле? Март айында "этап" деп, соттору бүтүп, алчу жаза мөөнөтүн алып, олтуруп калган он экибизди алып жөнөштү. Менин сүйүнгөнүм, жанымда, шаардык сот он жылын күчүндө калтырып койгон Дарыя да бар. Баштыктарыбызды көтөрүнүп, чурулдап "монастырдагылар" менен кыйкырышып коштоштук. "Автозек" менен баягыдай эле конвойлордун кайтаруусунда келе жатабыз. "Зона" (эмгек түзөтүү колониясы)! Кулакка кандай жагымсыз угулат! Ушул жерге кирсем экинчи чыкпай калчудай коркунуч сезим бийлеп, жүрөгүм зыркырап турду. Чубалып баштык-үштүктөрүбүздү көтөрүнүп, машинеден бирден түшкөн бизди формачан аялдар тосуп алышты. Аңырайып эки жагыбызды карайбыз. Он экибиздин аты-жөнүбүздү, кылмыш статьябыз, жаза мөөнөтүбүздү такташып, "этапка" деп аталчу жерге ээрчитип келишти да, тинтүүгө алышты. Мындай "шмонду" түрмөдөн деле далай жолу көрдүк. Хатага беш-алты формачан кирип келет да, бизди "продолдо" тизип коюшуп тыюу салынган нерселерди (баңги зат, акча, бычак ж.б.) бар-жогун текшерип, кийим-кечеңдин арасынан бери аңтарып карап кетишет. Эми да төрт формачан бизди тизип алышып, болгон дүнүйөбүздү чачып киришти. "Ата, албайм, "шмондо" бары бир алып коюшат" дегениме карабай, "Тигил жагыңа барсаң кем карчыңа керектейсиң. Жок болсо кор болуп калбай акырын катып ал" деп атам берген 200 сомумду көрүп коюшпаса экен деп кыпылдап тынчсызданып баштадым. Атамдын көңүлүн кыйбай, өзүм да кызыгып алып алганыма азыр аябай өкүнүп турдум.
- Катындар, "капуста", "мулькаңар" болсо бекем каткыла!-деп машинеден айтып келатышкан.
- Акчаны го макул алып коюшсун, а каттарды эмнеге алышат? Ал жөн эле кат да?- деп таңыркай суроо салган мага окшогон бир "первоходочница". - Менде деген хатадагылар "тигил "хлепкама" ала барчы" деп беришкен беш "малява" бар. Ал-ахыбалын сурашып эле жазышты, жашыруун сыр деле жок ал каттарда.
- Жок, түрмөдөн зонага алып барган болбойт! Көрсө дароо алып коюшат. Ал эми зонадан сырттагылар менен кат жазышууга уруксат. Жазган катыңды конвертке салып, бирок оозун бекитпей тапшырасың. Алар окуп көрүшүп, анан үйүңө жөнөтүшөт. Сага келген каттарды деле алар окугандан кийин колуңа аласың. Ал эми акча деген о-оо! Акча үчүн зонада эмнелер гана болгон жок! Бара көрсөң угасың да, көрөсүң. Бар болсо бекем бекит. Таппаса - бактың, тапса - шоруң,-деди жашы кырктарга барып калган, колунун баары татуировкаланган аял. Түрүнө караганда далай эле жолу түшкөн окшойт деп ойлоп койгом.
Азыр болсо ошол жолдогуларды эстеп эки алаканым чыпылдап тердеп чыкты. Баштыктарыбызды аңтарып бүткөн соң өзүбүздү бирден текшеришти. Ошондон кийин гана "уф" деп оор үшкүрүнүп алганымды өзүм да байкабай калдым. 200 сом үчүн канча нервим короду болду экен? Баягы айтылган беш "маляваны", дагы бирөөбүздөн 50 сом таап, экөө чырылдаган бойдон калышты. Баары бүткөн соң:
- Он экиңердин жетөөңөр аялдар колониясына биринчи жолу келишиңер экен. Биринчи жана акыркы болушун биз каалайбыз. Азыр силерге кыскача түшүндүрмө берсек: он күн ушул "этапкада" болосуңар. Отряддарга бөлгүчөктү колония менен акырындап таанышып, үйүр алыша бергиле. "Сизодо же ИВСте чогуу олтургам, "хлебкам" менен учурашайын дедим эле" деп колониянын ичине кирип кеткенге уруксаат эмес. Ушул мүнөттөрдөн баштап колониянын тартибин бузбай жүрсөңөр кийин мунун баары эске алынат, бошошуңарга жеңилдиктер болот. Ал эми биздин жол-жобону бузсаңар албетте, бул сыртка эрте чыгаарыңарга кедергисин тийгизет. Ошон үчүн ойлонуп иш кылгыла. Азыр "каптёркадан" барып төшөнчү ордуңарды аласыңар,- деген сөздөрдү айтышты да кетишти.




  тагдыр

"Акылбек Жапаров менен Нариман Түлеев дайым жардам берет"

"Беш кол тең эмес" дегендей жараткан баардык пенделерди бирдей эле жарата бербейт тура. Татаал турмуш кечирип жашап жаткан майып замандашыбыз Айылчиев Максат бир кадам басууну эңсеп, эл катары көздөгөн жерине жетүүнү кыялданып келет. Максат байке төрөлгөндө эле тубаса майып төрөлгөн. Байке менен Жогорку Кеңештин жанынан таанышып, сүйлөшүп калдык.

- Маанайыңыз кандай?
- Жакшы, дарыланып жатам. Ушунтип бош убакытымда шаар кыдырам.
- Кайсы жердин кулунусуз?
- Мен Жалал-Абад областынын Ноокен районунда 1981-жылы 4- ноябрда туулгам.
Үй-бүлөдө үч бир тууганмын. Менден кийин эки карындашым бар. Алар мамлекеттик кызматтарда иштешет. Менин балалык күндөрүм айылда өттү. Эс таркандан бери, баладай болуп ойнобосом да бактылуу көз ирмемдерди жашап келе жатам. Убакыт өткөн сайын балалыкта болуп өткөн окуялар унутула берет экен.
- Сизге айыл жагабы же шаарбы?
- Айыл жакшы тынч, таза, ызы-чуусу жок. Шаар мага жакпай жатат.
- Шаарга келгениңизге канча жыл болду?
- Быйыл төрт жыл болот. Төрт жыл кантип өткөнүн да байкабай калат экенсиң.
- Телефон колдонот экенсиз, мектепте окудуңуз беле?
- Мурда билчү эмесмин, атайын курстарга барып үйрөнүп жатам. SMS келсе окуганды жакшы билем.
- Досторуңуз барбы?
- Дос балдар бар, алардын баары айылда жашашат.
- Бул жакта кимдер менен турасыз?
- Шаарда туугандарымдын үйүндө бирге турабыз. Мага жардам берген байкелер бар.
- Кимдер сизге жардам көрсөтөт?
- Мага Акылбек Жапаров көп жылдан бери жардам берип келет. Телефон чалып, ден соолугумду сурап турат. Бишкек шаарынын мери Нариман Ташболотович көп жардам берет. Кандай жардам сурасам, муктаждыктарымды чечип берет. Көбүнчө дарыларыма жардам беришет. Мага эгер жараткан Алла экинчи өмүр бере турган болсо, бардык мен ойлогон нерселеримди аткарууга умтулмакмын. "Өткөн ишке өкүнбө" дегендей мен азыркы күндө деле эч нерсеге өкүнбөйм. Ушундай майып болуп төрөлгөнүмө да ыраазымын. Бирок кээде ойлонуп, "эмне үчүн? деген суроонун жандырмагын чече албай келем. Эгер мен айланадагы адамдардай болуп жаралсам, мамлекетти көтөрүүгө аракет кылмакмын. Биринчи мамлекет өнүксө элибиз да бай жашамак.
- Ай сайын канча сом пенсия аласыз?
- Айына миң он сом пенсия колума тиет.
- Кыргыз элине эмне каалоо айтат элеңиз.
- Кыргыз элине тынчтык, токчулук, ынтымак ырыс каалайм. Биз баарыбыз ынтымакта жашасак, ошондо биз бактылуу мамлекет болобуз. Жаштарга айтаарым, көрүнгөн жерге таштанды таштай бербегиле. Өз шаарыңарды сүйгүлө.
Ар дайым кубануу менен өмүр сүргүлө, силер бактылуусуңар. Бул жашоодо ар бир инсан бактылуу болуусу керек. Эч качан өткөн ишке өкүнбөгүлө, бул жашоо адам баласы үчүн эң кымбат.
Расул Рахманалиев




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??