п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Билгениң оң

жаңсоолордун
жандырмагы
Адамдар кээде бири-бири менен пикир алмашууда сөзү жок эле кол жаңсоолорду ар кандай мааниде колдонуп келишет. Баш ийкегенде адамдын макул, башты ары-бери чайкоо анын макул эмес экендигин билүүгө болот. Байыркы убакта тиштерин арсайта ачуу каршылашына болгон жаман мамилени билдирсе, азыркы убакта кубанычыбыз койунга батпай турганда оозубузду арсайта ачып алабыз.


"Коза"

Алгач Ронни Жеймс Дио 80-жылдардын башталышында "Black Sabbath" тобунун солисти болгондон баштап эле колдоно баштаган. Дионун концерттерин көрүп олтуруп артисттин бул жаңсоо менен мурунтан эле тааныштыгы бар экенин билесиз. Анткени ал ар бир жаңсоосунда кандайдыр бир башкача кыймылдар менен коштоп турат. Диого бул жаңсоону чоң апасы кичине кезинде үйрөтүптүр. Чоң апасы өзүнө жакпаган адамдарга "коза" көрсөтүп, аркасынан ар нерселерди сүйлөчү экен. Апасынын бул кылыгына таң калган Дио андан сураганда, жаман кишилердин бизге каршы жаман оюн кууп жаткандыгын айткан.
Ал эми Италияда рок тобу да ар кандай жаман адамдардын көзү тийип калбашы үчүн колдонушат. АКШда болсо "коза" "топтун күйөрмандары менен топ дайым бирге" дегенди билдирет.
Негизи эле рок тобунун солисттери жана рок фонаттарынын колдорун өйдөнү карай "коза" кылып көтөрүп алышы алар үчүн кадимкидей эле көрүнүш.

"Манжаларды кайчылаштыруу"

Чиркөөдөгү сыйынуучу символ. Мындай кол жаңсоолор чиркөөдөн чыгып келе жатканда, сыйынып жаткан мезгилге чейин, же болбосо сыйынгандан кийин колдонушат. Орустарда үч манжаны бириктиришсе, арабдарда беш манжаны бириктирген кол жаңсоону колдонушат. "Тынч отур", "Мени ук!", "Сүйлөбө!" деген түшүнүккө ээ. Ал эми кыргыздарда башкача мааниге ээ. Эгерде бирөө менен урушуп жаткан болсо, мындай жаңсоону колдонуу менен ал адамдын оозун жап кылса болот.

"Кукиш"
Кукиштин символикасы аял менен эркектин мүчөлөрүнүн жабышып турганын сүрөттөйт. Адамдарга мындай уят нерсени көргөзүүнүн өзү аны кемсинтип, моралдык жактан шек келитрүүгө барабар, этикага туура келбеген шилтеме болуп саналат.
Ал эми кээ бир адамдар бул жаңсоону чөнтөктүн ичинде катып алышат. Бул бир нерсеге макул эместигин, ички сезимдери менен келишпей жаткандыгын билдирет. Кээ бир өлкөлөрдүн музейлеринде колдун мындай көрүнүшүн таштан катытып сактап коюшкан. Орустар муну "таза эмес, кир күчтөрдөн колдоп, сактап турат" деген ишеним менен колдонушат. Орустун, Славяндын көчө көпөлөктөрү "Дуля", "Кукиш" жана "Шиш" жаңсоолорун көп колдонушат.

"V"
"V" жансоосу Улуу Британияда өтө популярдуу болгон болсо, Австралияда адамды кемсинтип, басынтуу менен барабар. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Уинстон Черчилль "V" белгисин жеңиштин белгиси катары манжаларын жумуп, сөөмөй менен ортонду өйдө каратып туруп адамарга көргөзгөн. Мындай шилтеме эки түшүнүккө ээ. Биринчиси англис тилинен алынган "жеңиш" ("Victoria") деген сөздү билдирсе, экинчиси "оозуңду жап" деген тескери маанини билдирет. Эгер Англичан "V" деген шилтемени көргөзө турган болсо кайсынсы экендигин билбей калышыңыз мүмкүн. Ал эми көп өлкөлөрдө "V" эки санын билдирет.


"Баш бармак"

Көбүнчө жаңсоолор чыр-чатактарды түшүндүрө турган болсо, бул ыкма "эң жакшы" деген түшүнүктү билдирет. Көптөгөн мамлекеттерде "эң жакшы, бардыгы жайында" деген түшүнүктү берсе, түрктөрдө, арабдарда тескери мааниге ээ. Ал эми АКШда болсо таксини бармактын жардамы менен тосушат. Ошол эле калыбында ылдый каратуу "абдан начар" деген маанини берет.


"Шпиль"
Колдун манжаларынын баштары биригип өйдөнү карай жана ылдыйды карай адам өзүнүн маектеши менен кандайдыр бир кызыктуу, ойго салган маселе боюнча сүйлөшүп жаткандыгын билдирет. Тийгизген манжаларын маектеши менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин гана түшүрүп, ал адамга карап анын оюн угат. Мындай кол жаңсоо адамдын өзүнө-өзү абдан ишенгендигин далилдейт.

"О'Кей!"

Бармак менен сөөмөй шакекче сыяктуу бириккен жаңдоосу "бардыгы жайында" деген түшүнүктү берет. Бул жаңсоо, башкача айтканда кыскартылган сөз алгач XIX кылымдын башында АКШда жаралган. Ошол учурда прессада ар кандай фраза сөздөрүн кыскартып, баш тамгаларын жаза башташкан. Англис тилинде сүйлөгөн көпчүлүк өлкөлөрдө мындай жаңсооор жакшы тараган. Ал эми кээ бир мамлекеттерде "ОКей" сөзү башкача мааниге ээ экен. Мисалы: Францияда "нөл", "эч нерсе" дегенди, ал эми Японияда "акча" дегенди билдирет. Жер ортолук Деңиздин жанындагы өлкөлөрдө бул кыскартылган сөз "гомосексуалдуу эркек" экендигин билдирет. "ОКей" алгач Американын алгачкы президенти Мартин Ван Бюрдун өзү туулган Киндерхуук (Kinderhook) деген штатынан болгондуктан, Карыган Киндерхууд (Old Kinderhook) деген псевдоним коюп алгандан кийин бул кол жаңсоо кыскартылып О'Кей болуп калган. Андан сырткары О'Кейди АКШнын дагы бир президенти Эндрю Джексон кандайдыр бир административдик чечимдерди кабыл алууда колдонгон.


"Фига" же "Фиг"

Бул дагы этикага туура келбеген жаңсоолордун бирине кирет. Башкача айтканда адамды ары жакты көздөй, шыпырылтып сөккөн сөз деп түшүнсө болот. Башкача мааниде ал эркектин мүчөсүн сүрөттөйт.
Колдун жардамынан тышкары "Фига" жана "Фиг" деп сөзүн кошо айтышат. Ал эми бул сөз немис тилинин "фик-фик-махен" ("fick-fick machen") деген сөзүнөн келип чыккан. Толук түшүнүгүндө "кумарга батуу" түшүнүгүн берет. Кытайда абдан жаман уят сөз, урушууну билдирет. Японияда болсо "түнкү көпөлөктөрдүн" кардарына даяр экендигин далилдейт. Англис тилинде сүйлөгөн мамлекеттерде катуу урушууну "Мени жайыма койчу" деген сөздү билдирет. Өспүрүм балдар ич ара урушуп кетишкенде бул жаңсоону көп колдонушат.

"Шака"

Ортодогу үч манжа бүгүлүп, бармак менен чыпалак ачылат. Мындай кол жаңсоону күнүмдүк турмушта дайыма колдонуп, же болбосо көрүп келебиз. Көптөгөн чөйрөлөрдө колдонууга болот. Америкада "Y" тамгасын, Испанияда алкоголдук ичимдикти, Кытайда болсо "6" санын ал эми Гавай аралдарында кол жаңсоонун мындай ыкмасы жергиликтүү жашоочуларынын популярдуу учурашуусу болуп саналат. Андан башка дагы имитациясы "Телефон чал!" - деген жаңсоо болуп эсептелет.

Төлөбүбү Касымалиева




  Жетинин бири - кыдыр

Кандай кол жаңсоолорду көп колдоносуз?
Мээрим, дарыгер
- Адам капаланып турганда, ар кандай мимика менен мамиле жасашы мүмкүн.
Сүйүнүчтүн учурунда билдирүү үчүн, мен көбүнчө күлөм. Кыймыл аракетим менен капаланып турганда гана бирөөгө бир ыкманы көргөзөм. Мен колумду кармалап тырсылдаткан адатым бар.
Керимгүл, тигүүчү
- Мен көбүнчө көз кысып жана баш ийкеген ыкмаларды көп колдоном. Ачуум келгенде бетимди тырыштырып мамиле жасайм. Кээ бирде инилерим шоктук кылгында муштум көрсөтүп коркутам. Ойлонуп отурсам эки колумду бириктирип алам.
Элнура, студент
- Студенттер арасында андай түшүнүк көп. Мисалы эки кашты бириктирип, сөөмөй менен сүйлөшөбүз. Уйкудан калган студенттер эки колу менен "мен уйкудамын" ойготпогула деп, колдору менен түшүндүргөн күндөр болот. Тоголок кол кыймылын көп колдоном.
Айзада, студент.
- Кээде жакындарың жаныңда болгондо, айта турган сөзүмдү айтаарга мүмкүн болбой калат. Ал учурда кандай нерсени айтууга туура келсе, ошону түшүндүрүүгө аракеттенем. Көз да адамдын көп көз карашын билдире алат.
Айдана
- Кыймыл аракет менен көбүнчө сүйлөшүүнү майрамдарда колдоном. Айланаңда адам көп болгондо, бирөөгө айта турган сөзүңдү айта албай каласың. Ошондо кол булгалап же баш ийкеп гана түшүндүрүүгө аракет кылам.
Сагынбек, электрик
- Досторумдун ичинде эч кандай ыкма колдонбойм. Жакшы эле маанайда сүйлөшүүгө аракет кылам. Өзүмө көп билинбесе керек. Дос балдарыма көбүнчө кол булгалап белги берем.
элдияр,
оператор
- Ар кандай кыймылдарды колдонуп айтаар сөзүңдү түшүндүрүүгө аракет кылсаң болот. Чет өлкөнүн кылык жоруктары бизге да жетип келүүдө десем болот. Мен көбүнчө сөөмөй менен көрсөтүп сүйлөмөй адатым бар.
Расул Рахманалиев






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??