Бырс этме

- Рахман куудул чоочун айылда жүрүп, дүкөнгө кирмей болот.
Ойноп жаткан баладан:
- Ай балам, дүкөнүңөр кайда? -деп сурайт
Тиги бала: -Биздин үйдүн жанында.
Рахман: - A силердин үй кайда?
Бала камырабай: - Биздин үй дүкөндүн жанында,- деп кайрадан оюнга кирет.

Ырчы Ынак Осмоналиев атчан көчө аралап келе жатып, үйдүн жанында турган балага:
- Суу алып чыкчы, - деп сурайт.
Элпек бала үйдөн чуркап кирип банкага суу алып чыгат.
Сууну түгөтө жуткан Ынак балага тамашалап: - Aйнек идишти сындырайынбы?-деп банканы жерге таштамай болот. Анда бала:
- Сындырбаңыз, апам урушат. Алдагы бөбөгүмдүн күлтүгү,
- деп кыйкырат.

Бир күнү эле Кубик корозун кармап тырпырата сабап кирет. Ызы-чуу болгон Кубиктин үйүнө, кошуналары дароо жетип келишет.
Анда бир кошунасы: - Бул эмне кылганың.
Кубик: - Тоокторум туубай жатышат. Булар презерватив колдонуп жатса керек- деп кыйкырып, байкуш тоокту чаап салыптыр жаны кашайган куудул.

Жамбыл Камчиев баласын жетелеп бара жатса, жолдо сатылып жаткан балмуздакты көргөн баласы: - Ата, балмуздак жегим келип жатат-деп кыйнай баштайт.
Айласы кеткен Жамбыл: -Уят балам, мен сендей курагымда космоско учкум келчү, - дейт кайсактап.

Ырчы Байыш Момунов достору менен арак ичип олтурат.
Арак жуткан соң Байыш, закуска катары нандан сындырып, кайра-кайра жыттайт.
Ойноп жаткан баласы аны көрө коюп: - Ата, ата оозуң ылдыйда-деп чочуган экен.