п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  кумир менен баарлашуу

Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"
Искусство таануу илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин консерваториясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова "Кумир менен баарлашуу" рубрикасында конок болду. Бул жолугушууга атайын Алматы шаарынан Роза аттуу айым, мектеп окуучулары, студенттер келишти. Эки саатка созулган баарлашууда Роза Аманова жандуу үнү менен "Энекем" аттуу ырын ырдап, ыр жыйнактарын белекке тапшырып, эстеликке сүрөткө түшүп, окурмандардын суроолоруна кызыктуу жоопторду берип чер жазды.


Нуржан:
- Роза эже, алгач акыркы жаңылыктарыңыздан айтып берсеңиз?
- Жакында эле 20-24-октябрда Сузак районунун 90, Барпы акындын 125 жылдыгына арналган дастанчылардын конкурсу болуп өттү. 14 жашымда шаарга келип, өнөрдүн өрөөнүнө багыт алган убагымда дал ушундай кароо-сынактардын элегинен өтүп, Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы абаларыма окшогон залкар таланттардын батасын алып чоңойдум деп ойлойм. Кызыгы, 20 жыл өткөндөн кийин жаш өнөрпоздордун арасынан өрдү көздөй талпынган, өнөрдү "кесип" тутууга бел байлаган таланттуу жаштарды өзүм сынап олтурганым.
- Бала кезиңизде эле дастан айтчу белеңиз?
- Атам алты жашымда каза болуп, апам экөөбүз калдык. Кемпирдин колунда өскөндүктөн эмгекке бышып, көп нерсени үйрөндүм. Бала кезиңде алган тарбияң кийинки жашооңо фундамент болот экен. Ошол учурда өзүмдүн өнөрүмө көңүл бөлбөптүрмүн. Апам үйгө кемпир-кесектерди чогултуп, куймак куюп, дасторкон жайып калганда сабактан келип ырдайт элем. 6-класс кезимде Курманбек эпосун жаттап айтып калганмын. Мен ырдаганда угуп олтурган кемпирлер көздөрүнө жаш алып ыйлашса, "Аа, жакшы ырдап жаткан экенмин" деп өзүмдү шер ойлоп сүйүнчүмүн. Көрсө менин ырдаганыма эмес, эпостун мазмунуна ыйлашчу тура. Ошондо да "Сен жакшы ырдайсың, азамат" дешип мени алкашчу. Ошол жөнөкөй, жан дили аруу менин биринчи угармандарым болбогондо, мүмкүн мен башка бир кесипти аркалап калуум толук мүмкүн эле.
- Студенттерге сабак берип жатып, өзүңүздүн студент кезиңиз эсиңизге түшөбү?
- Албетте. Өзүм эмгекчил болуп өскөндүктөн училищага келгенде он эсе эмгекчилдик талап кылынды. Эртеден кечке чейин окуу менен алпурушмай. Студент кезимде бир дагы жолу дискотекага барып, башкалардай болуп ойноп-күлгөн эмесмин. Адамдын өзүнөн эле болсо керек, андай нерселерге кызыккан жокмун. Жатаканада жашайт элек, Курмангазы Азыкбаев саксафонун чертип, таңкы саат 5.30 да будильник болуп бизди ойготоор эле. Ал убакта азыркыдай сотка, будильник деген ар бирибизде жок эле да. Эми биздин убак менен азыркы студенттердин жашоосун салыштырып болбойт да...
Роза:
- Түйшүктүн баары аялзатында болот эмеспи. Бардык ишке кантип жетишесиз?
- Чындыгында аялзатынын вазийпасы абдан оор. Жолдошуңа жакшы жар, балдарыңа мээримдүү эне, жумушта да мыкты кадр боло билүү өтө кыйын. Анын баарын өз деңгээлинде аткарыш үчүн убакыт керек. Ошентсе да тырышып, милдетибизди аткарганга аракет кылабыз. Убакыттын жетишпегенин айтсаңыз. Мен да бир кезде "Убактым жок" деп айткандарга "Ой, ушинтип эле койбойбу?" дечүмүн. Көрсө "койбойбу?" деп колунан эч нерсе келбеген киши айтат экен да. Башкалар айткандай үйдө дос-тууган күткөн жагынан кудайга шүгүрмүн. Кызым чоңоюп балдарым кол арага жарап калганы менен баарыбир жетишпейт экенсиң. Убакыт деген мен үчүн дефицит.
- Үйбүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Улуу кызым Алтынай студент, Дастан 9-класста, Арстан 4-класста, кенжебиз Барсбек 2-класста окуп жатат. "Аялзаты-очоктун ээси" болгондон кийин колуңдан келишинче үй-оокатка байланыштуу күнүмдүк майда нерселерге байкеңерди аралаштырбоого аракет кылам. Жолдошум мамлекеттик деңгээлдеги кызматына жарай турган маселелерге, туугандар, үй-бүлө арасындагы олуттуу иштерге көзөмөл кылганы туура деп ойлойм.
- Өзүңүзгө жакпаган кандай адатыңыз бар?
- Дайыма алдымдан чыккан адам менен эски тааныштай болуп учураша берген адатым бар. Үйгө барганда "Ким эле?" деп эстесем, ал учурашкан адамым тааныбаган эле бирөө болуп чыгат. Көбүнчө эл арасында жүргөндүктөн кыргыз жүздүү адамдардын баары эле менин таанышымдай сезиле берет. Анан бетке айтмай сапатымдын айынан көп адамдар мени жаман көрүшү мүмкүн. Бирок, башка адамдардын дагы өз абийиринин алдында таза болуусу үчүн бетке айтылган сөз туура го.
- Чачыңызга, жүзүңүзгө кандай кам көрөсүз?
- Ой, өзгөчө деле кам көрбөйм. Аял киши төрөгөндө, бала талпынганда, чач түшө берип аягында чачым жукарып эч нерсеси калбай калды.Кээде сүрөттөрүмдү карап олтуруп, "Ушунчалык калың чачым бар беле?" деп таң калам. Аябай сулууланганда учтарын кыркып, анан эринимди боёп коём. Бетимди болсо карабайм, эмнегедир мага ушундай жагат. Башкача айтканда боёнгон жагынан жалкоомун.
- Кайсы майрамды жакшы көрөсүз? Кышкыга даярданып кышкы салаттарды жасайсызбы?
- Үй-бүлөлүк майрам болгон Жаңы жылды жакшы көрөм. Бул майрамда жакшы тилектерди күтөсүң. Жаш кезде туулган күн кызык көрүнүп туугандарыңдан белек күтүп, өзүнчө эле чоң майрамдай сезчүбүз. Кийинчерээк өзүңдүн туулган күнүң унутулуп, балдарыңдын туулган күнү жакшы көрүнүп калат экен. Ал эми кышка даярдануу өтө кызуу жүрүп жатат. Ар жыл сайын туздалган капуста, түрлүү салаттарды жасайм. Бизге капустадан жасалган салаттардын даамы жагат. Кышкыга деп биз дагы мүшөктөп пияз, сабиз, картошка алып койдук.
- Балдарыңыз да чыгармачылыкка жакын болсо керек?
- Баарынын тең музыкага жөндөмдүүлүгү жакшы. Бирок мен өзүм каршымын. Өнөр деген азап. Өнөрдүн өтөөсүнө чыгыш үчүн көп кыйынчылыктарды басып өтүш керек. Чыгармачыл адам болбосо да кыргыздын керегине жараган уул-кыздардан болсо экен деп тилейм.
Элиза:
- Роза эже апаңызды сагынасызбы?
- Мен өзүмдүн апамды эже деп айтам. Кудайга шүгүр ал киши азыр биз менен. Мени болсо таенем баккан. Апам (мени баккан таенем) 1997-жылы каза болду. Жерден боорумду алгандан баштап бешинчи класска чейин апам Маржанкүл менен өстүм. Он эки баласын жерге берген аял. Ушул кишинин көңүлүн оорутпаганыма ыраазы болом. "Дүйнөдө эмнеге ыраазы болосуң?"десе мен ушинтип айтат элем. Эстелигин койгондо да көпкө ойлондум. "Уулуң болуп, ууз сүтүң эмгенмин, Кызың болуп кымыз сүтүң эмгенмин. Эл алдында комуз кармап ырдаткан, Апакебай жалгыз сиздин эмгегиң"деп төрт сап арнадым. Өкүнүчүм өмүрүнүн кыска болгону. Өзү жетпей калган ийгиликтерге аз да болсо менин жетип жатканымды көрсө болбойт беле. Азыр апамдын мени менен чогуу машинемде кетип бара жатканын элестетем. Барар-барганча өмүрүмдү тилеп, алкоо сөздөрүн айтмак. Апамдын ар бир айткан асыл сөздөрү жадымда.
Мээрим:
- Досторуңуз көп болсо керек?
- Досторду мезгил сынайт экен. Бала кезде коюн колтук алышып барын эле дос дейсиң го. Дос убактылуу, түбөлүктүү, деген сыяктуу ар кандай бөлүнүп калат тура. Акыл деңгээли, билими сени менен тең келе тургандай дос күтсөң, бири-бириңди түшүнгөнгө, колдогонго жеңилирээк болот дегенден алыс эмесмин. Мисалы, мен бизнес деген эмне экенин түшүнбөйм, мени башка тармактагылар түшүнбөйт. Анткени ага кызыксыз. Өзүмдүн кесибим аркылуу тапкан досторум кудайга шүгүр.
- Азыркы жаш ырчыларга оюңуз кандай?
- Музыкалык билим алыш үчүн канча деген убакыт керек. Азыр эми комерциялык жол менен "жылдыз" болуп калышты. "Жаш ырчылар лампочка" деген куудулдардын сатирасы мага аябай жакты. Чынында ошондой болуп, компьютердин жардамы менен үндөрүн бийиктетип, кошчу жерлерин кошуп ырдап жатышпайбы. Биздин убактагыдай комиссия болсо, балким мындай болмок эмес.
Бирок жаш ырчыларыбыз "Өнөр"деген татаал жолду тандап алгандарына ыраазы болуу менен бирге аларга ийгилик каалайм. Убакыт баарын ордуна коёт эмеспи.
Бактыгүл:
- Эмнеге сиз жеке концертиңизди көп бербейсиз?
- Концерт берем дегениме үч жыл болду. Концерттик программам даяр болгону менен убактым жок болуп жатат. Учурда Кыргыз-Түрк Манас Университетинде жаңы ачылган консерваторияны жетектөөдөмүн. Бешене деген улуу сөз бар. Алыкул акындын "Мен ар бир күнүмдү жөн эле өткөрүп коюптурмун" деп айтканы бар. Пландарым боюнча аткара турган башка иштерим да абдан көп. Жеке концертимди кандай колум бошосо кудай буюрса тартуулайм. Жараткан ден-соолук берсе алдыда жакшы ийгиликтерди жаратам деген ниеттемин.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??