п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сырмаек

Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"
Кыргыз искусствосунун бий секисинде канча деген образдарды жараткан, жашы жетимишти таяп калса дагы бийсиз бир мүнөт жашабаган, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Такен Шаршеевичти ысымын маданият чөйрөсүндөгүлөр абдан жакшы билсек дагы, аны менен гезит бети аркылуу пикир алышкан жагдайлар абдан аз кездешет. Советтик тарбияданбы же табиятынанбы, өзү да публикага чыкканды көп жактырбайт деп укканбыз. Бирок, бул жолу биздин гезитке агынан жарылды. Такен агай биз менен чыгармачыл жашоосу менен бирге жеке жашоосу тууралуу да ой бөлүштү.


- Такен агай, сиздин ысым коомчулукта балетмейстер, хореограф катары жакшы тааныш. Бий дүйнөсүнө кандайча аралашып калганыңызды билгибиз келип турат?
- Мен Чүйдүн Көк-Жар айылынан болом. 1950-жыл. Согуштан кийинки катаал убак. Көп үй-бүлөлөр сыяктуу эле биздин үй-бүлө дагы жетишпеген, тартыш оокат менен күн кечирип жатканбыз. Мен ал кезде 4-класстамын. Бир күнү үч-төрт теңтуш балдарым келип, "Борбордо Музыкалык хореография институту бар экен. Жатакана, кийим, тамак -аш баары бекер. Барып окубайлыбы" деп калышты. Окууну ойлобой, жатакана, кийим, тамак-аш берилет деген сөз кулакка жакшы угулуп, үч бала ээрчишип борборго келе бердик. Институттун ичине кирсек чоң залда комиссия мүчөлөрү отурушуптур. Баары орус-еврейлер, арасында эки эле кыргыз сулуу келиндер отурат. Үчөөбүздүн кийимдерибиз кир, кычыбыз. Жаныма жанагы сулуу келиндин бирөөсү басып келип, "Ата-энең барбы, карачы мойнуңдун кирин"-деди. Борборго келээр күнү кошунам Жамила арыктагы сууга башымды ылдый эңкейтип алып, чөп менен жууп берген эле. Чөп менен кетмек беле? Көрсө менин жаныма келген эже Бүбүсара Бейшеналиева экен. Анда дал ошол эже менен "Чолпон" балетинде бирге бийлеп калаарымды кайдан билейин. Ошентип үчөөбүздү текшерип, ары-бери бастырышып, Самат деген досумду барабанга, Үсөн досумду кларнетке, мени балетке өттүңөр деп жиберишти. Барабанга го түшүнөбүз, берки эки терминге башыбыз жеткен жок. Мен айылга "Билетке өттүм" деп барганым эсимде. Ошентип багыма бий деген тагдыр жазылып, окуп калдым. Окууну 1958-жылы бүтүрдүм. Дароо эле опера-балет театрында солист кылып алып калышты. Опера-балет театрында 20 жыл эмгек кылдым.
- Алгач сахнага чыгып бийлеген чыгармаңыз кайсы болду?
- Эң биринчи чоң сахнага цыган бийин жана "Лебединое озеро" балетинен испан бийин аткарып, мамлекеттик экзаменди тапшыргам. Комиссиянын төрагасы болуп Асанкан Жумакматов отурган. Ошондо биздин башкы балетмейстерибиз Нурдин Түгөловдон "Сен Воевоткинди туурап бийледиң" деп сын укканым бар. Бирок, мен мугалимим Евгений Викторовичти туурап, анын манера, кыймыл-аракеттерин өзүмө сиңирип алганыма өкүнбөйм. Эмне үчүн жакшы нерсени өзүңө кабыл алсаң болбосун. Азыр менин окуучуларым "Агай, сиздей болуп башыбызды кыймылдата албай жатабыз" айтып калышат.
- Окуучуларыңыз көп болсо керек?
- Мен көп жерде иштедим. Жада калса кулагы керең, сүйлөбөгөн балдар менен да иштештим. Опера-балет театрында иштеп жүргөндө, 1965-жылы Крупская атындагы балдар интернатына да иште деп сунуш киргизишти. Башында кантип сүйлөшөм деп коркуп жатып , кийин кол менен жаңсап сүйлөшкөндү бат эле үйрөнүп алдым. Көрсө, биздин ар бир жаңсоолор деле ар бир тамга, сөздү билдирет экен да. Андан кийин Профтехте "Келечек" бий ансамблин түздүм. "Келечек" менен кыдырбаган шаарыбыз калган жок. Чет-мамлекетке көп чыгаар элек. Гүлнур Сатылганова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиевалар "Келечекке" бий ийримине катышышчу. Гүлнур Пензага, Айчүрөк Пермге, Алина Москвага барып бийлеп келишкен.
Учурда да үч жерде иштейм. "Сейтек" балдар үйүндө, ошондой эле Бишкек мэриясынын астында түзүлгөн "Семетей" ансамблин, Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана техникалык университетинде "Народный коллектив" ансамблин жетектейм. Жакында эле "Семетей" ансамбли менен бирге Франциядагы маданият фестивалында 54 күн жүрүп кайттык. Менин окуучуларымдын асты пенсияга чыгышып, маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алып отурушат. Мен деле 1999-жылы пенсияга чыккам, бирок иштеп жүрөм.
- Жашыңыз өтүп калганда үч жерде кантип жетишип, чарчабай иштеп жүрөсүз?
- "Хочешь жить умей вертеться" деп коет го. Ошондой эле кеп да. Анын үстүнө 17 жылдан бери жалгыз жашайм. Күндүз кечке алаксып жумушта, үйгө кечинде эле барам. Тамак жасап, чай ичип жатып эс алам дагы, эртең менен короздой болуп эрте туруп жумушка жөнөйм.
- Сиздин ысым менен ырчы Айчүрөк Иманалиеваны байланыштырган аңыз кептер ушул убакка чейин айтылып келет. Айчүрөк менен жашаганыңыз чынбы? Ортоңордо сүйүү болду беле?
- Менин биринчи жубайым Айдай кыргыздын таланттуу инсаны, сатирик Райкан Шүкүрбековдун кызы. Экөөбүз 18 жыл жашап, турмушубуз келишпей бир уулдуу болгондо ажырашып кеткениме 6 жылдын жүзү болуп калган. Үйдө жалгыз турчумун. 1985-жылы Филармониянын завучу Качкынбай деген киши "Жатакананын ремонту бүткүчө үч кызды үйүңө киргизе турчу" деп суранып калды. Мен ал учурда бир айга чукул убакытка Токмокко жаштарга бий үйрөткөнү кетип жаткам. Үйдүн ачкычын кыздарга берип кеттим. Мен келгенде берки эки кыз чыгышты, Айчүрөк унчукпай калып калды. Мен да унчуккан жокмун же мурдатан жакшы тааныбасам. Мен эртең менен кетип, кечинде келип жатып алам. Экөөбүз көп деле сүйлөшпөйбүз. Бирок мен киргенде үй таптаза, тамак даяр болуп тураар эле. Тамакты мыкты жасачу. Бир күнү баягы завуч "Сенин үйүңдө жашап жаткан кыз сабакка келбей жатат. Окуудан чыгарып салам, айтып кой" деди. Мен Айчүрөккө анын айтканын айтсам "Чыгарса эмки жылы кайра Күреңкеевге тапшырып алам" деп койду. Анда да унчуккан жокмун, "үйдөн кет" деп кантип айтам. Бир курдай үйдөн илинип турган жупжука куртка, жайкы бут кийимди көрүп боорум ооруду. Эшикте кыш. Көрсө кийими жок сабакка барбай жүргөн турбайбы деп, "Ата-энең барбы" деп сурасам, "Кемпир чалдын колунда чоңойгом. Ата-энем ажырашып кеткен. Алар мени караганга чамасы жок" деди. Менин ага жакшылык кылгым келди. Анан бир күнү күн жылуу болуп турган кезден пайдаланып, аны ээрчиттим дагы "Ак Куу" дүкөнүнө алып бардым. Үстүнө 600 рублга куртка, кайра Цумга алып барып, 124 рублга кышкы өтүк сатып бергеним азыр да эсимде. Ал кезде "120 сомго өтүк кийиптир" деген укмуш сөз болчу. Айчүрөктүн кабыгы ачылып "Сизди агамдай көрөйүн" деп калды. Экөөбүз ага-карындаштай эле болуп жүргөнбүз. Бир курдай жумуштан келсем "сизге бир нерсе айтайынбы" деп туруп эле күлүп, кайра айнып кетти. Үч-төрт күн өткөндөн кийин дагы "бир нерсе айтайынбы" дейт. Айт десем, "Мен сизге тийем" деди. Бул өзүнүн сөзү, мен оюмдан чыгарып айтып жаткан жерим жок. Мен чочуп кеттим "Мен сенден 28 жаш улуумун, Сенин бир тууган, таяке-жээндериң укса эмне дейт" десем, "А мен аларга кат жазып жибергем" дейт. Ошентип, сүйүүсү жок эле бирге жашаганга өттүк. 1986-жылы январь айында 18 жашка толгонун белгилеп, Кулипа деген курбусу, комуздан сабак берген Эсенбек Акайбаев ж.б. үч-төрт адамды чакырып, ачыкка чыктык. 1987-жылы Арген төрөлдү. Мен Айчүрөккө колдон келген жардамымды берип, ал кезде популярдуу болгон ыры "Кызыл гүлдү" автору Акматкалый Сыдыковго текстин, обонун жаздыртып дегендей, жеке концертин биринчи жолу Кыргыз Циркинде өткөрдүк. Ырдап, элге тааныла баштагандан кийин Айчүрөктүн көңүлү бузула баштады. Адамдын ниети бузулганы билинип калат экен. Мындай жашоо болбосун билип, урушпай эле эки жакка кеттик. Айчүрөк менен бирге жети жыл жашаптырмын. Экөөбүз ажырашканда Арген беш жашта болчу. Мен уулумдун сүннөт тоюн берем деп 18 үкөк алма тердиртип, 10 кой, бир уйду бактырып, арнап койгом. Аргендин өзүн тоодогу чабан досумдукуна ээрчитип барып, "мына сенин кунаажының" деп да көрсөткөм. Ошол жакшылыкка жетпей эле 1992-жылы август айында ажырашып кетпедикпи.
- Айчүрөк өзүнүн өмүр-баяны камтылган жаңы бир китеп чыгарган. Анда сиз жөнүндө жазылган цитата да кездешет. Окуган чыгаарсыз?
- Окуган эмесмин. Айчүрөк мен жөнүндө, экөөбүзгө байланышкан турмуш жөнүндө көп эле жолу гезит беттерине оң-тетири интервьюларды берип келди. Өзгөчө жаңы ажырашкандан кийин дароо эле башкача сүйлөп чыга келбедиби "Мен сүйгөнүмдөн боюма бүтүп, анын үйүнө барып төрөгөм", "Мен аныкында квартирада жашачумун", "Ал мени кыйнап алган" деп. Аргендин да фамилясын өзгөртүп "Иманалиев" кылып алды. Жашырам деп тескерисинче өзүнүн абийирин ачты. Болбосо, жашаганым чын, ажырашканым да чын деп койсо ким эмне демек эле? Мен ошого абдан капа болдум. Ошондо маданият министрлигинде иштеген тааныштарым "Сен да өз сөзүңдү айтпайсыңбы" дешкенде, мен теңелбейм дегем. Мындан 5 жыл мурун да бир журналист келин келиптир "Сиз менен Айчүрөк жөнүндө маектешейин" дедим эле дейт. "Ал ким, мен аны тааныбайм" десем, эртеси "Айчүрөк деген ким эле?" деп жазып салыптыр. Андан 15-20 күн өтпөй Айчүрөктүн маегин окудум. "Такен Шаршеевич мени тааныбайм деген эмнеси. Ал мени чыгармачылыгыма түрткү берген адам болгон" деген мааниде айтылган сөздөр бар менимче, калганы жакшы эсте жок. Эми түштөн кийин ошентип, кайра башкача сүйлөбөй эле койбойбу деп анда да бир капа болгом.
- Анан уулуңуз Арген менен таптакыр байланышыңыз жокпу?
- 1992-жылдын бери көрө элекмин. Сүрөттөрүн да бирин калтырбай апасы алып кеткен. Мындан бир 3-4жыл мурун Айчүрөк телефон чалыптыр. "Телефон номеримди кайдан алдың" деп таң калдым. "Арген тентектик кылып коюп, тергөөчүгө түшүп калды. Тыйын керек болуп жатат" дегенинен, акчаны эшикке алып чыгып бердим. Сиңдиси менен келиптир. Андан кийин дагы бир курдай чалыптыр :"Арген паспорт алып жатат. Фамилияңды берейинби, бербейинби" дегенинен, "Өзүң бил" дегем.
- Биринчи никеңизден балдарыңыз барбы?
- Айдай экөөбүз Опера-балет театрынан таанышып, 1963-жылы үйлөнгөнбүз. Анын кесиби дагы хореограф. Данияр аттуу 32 жаштагы уулубуз бар. Уулум зергерчи болуп иштейт. Колу алтын. Мени "аталап" турат. Алгачкы жубайым Айдай менен убакыт өткөнгөбү, бир туугандай эле болуп калдык. "Урушпай ажырашсаң, уялбай саламдашасың" деген туура экен. Айдай 18 жыл Араб Эмиратында бийден, андан тышкары орус тилден сабак берип иштеп жүрдү. Учурда бул жакта, кайра кеткенге уулум экөө даярданып жүрүшөт. Айдай французча, англисче, арабча эркин сүйлөйт.
- Бир туугандай болуп калсаңыз, сизге Араб Эмиратынан белек ала келип турса керек?
- Бир курдай "Мага плащ ала келчи" десем, Айдай "Ал жакта адамдар жылаңач жүрсө, каяктагы плащ" деп күлүп жатпайбы. Белекти үмүт кылбайм. Мага кылган жакшы мамилеси эле жетиштүү.

Айчүрөктүн китебинен алынган үзүндү:
- Бул окуу жайдан кийин билимимди улантып, дпломумду алдым. Эми жаш кезде кимдер жаңылышып, түркүн кадамдарга барбайт. Күреңкеевден чыгып, Филармониянын студиясында окуп калдым. Жатакана жок абдан кыйналдык. Үч кыз болуп, хореографиядан сабак Берген Такен Шаршеевдин үйүндө жашап турууга мажбур болдук. Жанымдагы кыздар өзлөрүнчө батир таап бөлүнүп кетишти. Мен акчам жок же шартым жок, Такен Шаршеевичтикине жашап, анан акыры боюмда болуп, тагдырдын туз-насибине баш ийүүгө аргасыз болдум. Арген чоңоюп аркы-беркини түшүнгөн маалда ага баардык чындыкты баян кылдым. Эркек бала деген атасын, ата-журтун таанып-билип, кыргыз болгондон кийин карым катнашта болуш керек. Кичинесинде сахнада "Иманалиев" деп чакырылып жүргөн менен өз атасынын наамында паспортун алды. Эми ал кичине эмес, эмне кылышты өзү чечет!

Э. Жумагулова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??