п»ї

Жылдыздар жашаган жайлар
"Өз үйүм-өлөң төшөгүм" деген сыңары ар бир эле адам өз үйүндө ээн-эркин бут сунуп, керилип жаткысы келет. Карапайым эл эмес, атагы чыккан жылдыздар деле бир убакта батирден батирге көчүп турмуштун түйшүгүн жакшы эле тартышса, кээ бирлери өмүрүндө батирге чыгып көрүшпөптүр. Алардын өздөрүнө суроо салып учурда кайсы жылдыз кандай жайда баш калкалап, күн кечирип келээрин, деги эле канча үйү бар экенин өз ооздорунан уктук.


Сахнада улактай так секирген ырчы Темир Назаров батирден батир алмаштырып үйдүн түйшүгүн көп деле тарткан эмес. Ырчылык карьерасы жаңыдан башталып, борборго келгенде деле өзүнчө батирге чыккан эмес. Шаарда туугандары көп болгондуктан көбүнчө эжелеринин үйүндө жашап келген. "Үй-бүлөдө жалгыз эркек болгондуктан үйлөнгөндөн кийин өзүнчө жашоону кааласам да ата-энем менен турганга туура келет" дейт Темир. Андан сырткары ырчынын Баткенде особнягы бар, ал тамды атасы салып баштаган, калганын ырчы чыгармачылыктан иштеп тапкан акчасы менен өзү бүтүргөн. Учурда Темир ата-энеси, жубайы кызы менен Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт.


Жаңы үйлөнгөндө көпчүлүк жаштар сыяктуу эле Жанета менен Денис Бобковдор деле кыйналып эки жолу батир которушкан. Андан кийин "тишинин кирин соруп" отуруп көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үй алышкан. Кошо жарышып чуркап жүрүшүп, чыгармачылыктын аркасы менен келген акчага, ата -энелеринин, өкүл атасынын жардамы менен жер тамдуу болушкан. Учурда Бобковдордун эки үйү бар, эки жылдан бери жер тамда ээн-эркин жашап келишет.


Кыргызда "катын алсаң отун ал" деген жакшы кеп бар эмеспи. Ырчы мырза Сема ошол сөздү эске алганбы, айтор үй-бүлөлүү болгонго чейин жер там салып, ичиндеги болгон шартын ойлонуштуруп койгон. Сема жаңы Бишкекке келгенде деле батирлерде баш калкалаган эмес. Азыркы үйү алты бөлмөлүү, ата-энеси моралдык жактан колдоо көрсөткөнү болбосо, калган түйшүгүнүн баарын өзү тарткан. Ырдап тапкан акчага алты бөлмөлүү үй салган Семанын тыңдыгына баа берсе болот.


Учурда балдарын мээримине бөлөп отурган Салима Балтаева Консерваторияда окуп жүргөндө он жыл жатаканада жашаган. Андан кийин жарым акчасын төлөп курбу кызы менен бирге батирде бир жылча күн өткөргөн. Андан соң өкүл энеси, үй бош тургуча деп өз үйүнө жашатып койгон. Турмушка ошол үйдөн чыккан. Турмуш курган соң жолдошу экөөлөп, туугандарынын жардамы менен "ашар жол" аркылуу үй алышкан. Салима Балтаева бул үйдө алты жылдан бери жашап келет.


Жакында Америкага аттана турган Максат Бегалиев бир да жолу батирге чыгып көргөн эмес. Ушул тапта үй-бүлөсү менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап жатат. Ырчылыктын, дагы кошумча булактардан тапкан акчасы менен дагы бир үй алганга үлгүрдү. Быйыл ал үйүн оңдоп эмдиги жылы жаңы үйгө көчүп барууга камынып жатат. Максаттын бышыктыгын ушундан билиңиз, чыгармачылыгын да аксатпай, кошумча киреше таап бир ок менен эки коёнду жайлап жаңы үйлүү болуп отурат.


Бир эмес эки жумушту аркалап келген бал тилдүү ди-джей бүгүнкү күндө деле батирде жашап келет. Азыркы жашап жаткан батири эсеп боюнча бешинчиси экен. Жолдошу Нурбек Айдаров менен бирге элине кызмат кылып келе жаткан жубайлардын азырынча өз үйү жок.



Жыла басып жумшак сүйлөгөн алып баруучу Кыял Шаршеева турмушка чыкканда эки жыл жолдошу менен батирде жашаган. Андан кийин тапкан-ташыганын чогултуп отуруп көп кабаттуу үйлөрдүн бирине ээ болушту. Үч жылдан бери Асанбай кичирайонунда менчик үйүндө жашап жүрүшөт.



Таланттуу аранжировщик Ильяз Абдразаков чыгармачылыкка аралашкандан бери беш жолу батир алмаштырыптыр. Даңкылдаган музыкага кулагы тунган коңшулар ырчыга тынчтык бербеген өңдөнөт. Орустун кемпирлери менен кайым айтышуудан качып Ильяз Абдразаков чыгармачылыгына түшкөн акчасын чогултуп былтыр жер там алган. Башында жаңы алган үйү үч бөлмөлүү болсо бара-бара ичин оңдот-түзөп, кеңейтип беш бөлмөлүү кылып чоңойткон. Буга чейин "күлү додо болбогон" ырчы эми өз үйүндө каалашынча музыканы коюп, ээн-эркин чардап жаткан кези.


А. Сабырова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??