п»ї
 Таанышуу жарыясы


  өйдөкүлөрдө

Ажолордун айрым сырларынан
Өлкөнү эмес бир үй-бүлөнү башкаруу канча машакатты талап кылаарын эркектер жакшы билсе керек. Бүтүндөй бир мамлекетти, калың элди башкарган ажолорду дайыма жумуш үстүндө көрүп жүргөнүбүз менен алардын жеке жашоосу баарыбызга бирдей кызык. Эмесе, журт башында турган айрым өлкө ээлеринин жашоосу менен таанышып алыңыз.

Он эки жылдан кийин баш кошушкан түгөйлөр
Үйлөнүү: Американын 44-президенти Барак Обама жубайы менен 1980-жылы Чикагодон кезиккен. Таанышкандан кийин туура 12 жыл өткөн соң 1992-жылы экөө баш кошуп, никесин мыйзамдаштырышкан. Эмне себептен мынча узак убакытка үйлөнбөгөнү эч кимге маалым эмес. Мишель Обама жолдошунун романтик экенин баса белгилеп, күнүгө бирден кучак гүл берип тураарын баса белгиледи.
Балдары: Мишель 30-жашка чыккандан кийин көз жарып, улуу кызы Малия Энн 1998-жылы жарык дүйнөгө келген. ал эми кичүүсү Саша 2001-жылы төрөлгөн. Энндин атын Обама эрте көз жумган энесинин урматына койгон. Өзү атасыз өскөндүктөн Обама аялын төрөтканадан чыгарып келе жатып дүйнө жүзүндөгү эң мыкты ата болом деген убадасын берген. Ал бүгүнкү күнгө чейин Эннге сабак окуганга жардам берет.
Хоббиси: Президент жазуучулук менен алектенет. Анын эки китеби жарыкка чыгып, үчүнчүсүн басмаканага даярдап жатат. Белгилей кетчү нерсе, жаңы чыга турган китеби кичинекей балдарга арналган жана бул китепти жазууга улуу кызы көмөктөшүптүр.
Жакшы көргөн тамагы: Барак Обама бал муздакты жек көрөт. Ал эми Чикагонун арзан ресторандарынын бирине кирип тез даярдалуучу тамактарды жегенден ырахат алат.

Баланын жытын көксөгөн канцлер
Үйлөнүү: Германиянын канцлери Ангела жолдошу менен 1984-жылы Илимдер Академиясынан таанышкан. Ал кезде Иоахим Зауэр жубайы менен жаңыдан ажырашып жүргөн кез болчу. Мурда Ангела Меркелда ойлонбой турмушка чыгып алып жашоодо жаңылгандыктан, ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп 44-жашында Зауэрге турмушка чыккан.
Балдары: Тилекке каршы түгөйлөрдүн ортосунда балдары жок. Балалуу болууга жубайлар жакшы эле аракет кылышкан, бирок алардын аракети күткөн жыйынтыкты берген жок. Ал эми Зауэранын биринчи никесинен эки уулу бар.
Хоббиси: Иоахим Зауэр-химик, Ангела Меркель-физик. Ангела футболду сүйөт, жолдошу футболду жек көрөт. Кызыкчылыктары бири-бирине карама-каршы келген түгөйлөр бир үйдө кантип ушунча жыл баш калкалап жатат деген суроо туулушу мүмкүн. Бирок экөөнүн башын бириктирип турган дачалары бар. Ал жерден жер-жемиштин түрүн өстүрүшөт. Андан сырткары саякаттаганды экөө тең бирдей сүйүшөт. Ангела Меркелдин кыялы-Россияны кыдырып чыгуу.

Биринчи класстагы сүйүүсүнө баш кошкон
Үйлөнүү: Россиянын президенти алгачкы жолу Дмитрий Медведев жубайы менен мектептин партасында таанышкан, окуучулук күндөрүнөн бери уланган арзуусуна университетте окуп жүргөндө жеткен. Экөөнүн махабатын Санкт-Петербургдагы №305 мектептин мугалимдери жатка билишет.
Баласы: 1995-жылы жубайлар Илья аттуу уулду болушкан, ажо-ата баласына чоң кишилердей мамиле жасап, кээде айрым сырлары менен бөлүшөт. Ата-эне уулуна компьютерди 2,5 жашында эле үйрөтүп коюшкан, учурда баласы 14 жашта бош убактысынын көбүн компьютердин алдында өткөрөт. Дрофей аттуу чоң,семиз мышыгын багып келет.
Хоббиси: Президенттин негизги хоббиси-спорт. Эртең менен кечинде сөзсүз бир саат сууда сүзөт, кечкисин орус классиктердин чыгармаларын окуганды жакшы көрөт экен. Дмитрий Медведевдин кыялы- өз алдынча, каалаганындай унаа айдоо. "Азырынча өзүмдүн машинам жок, кызматтагы унаа менен жүргөнгө туура келет. Менин оюма койсо өзүм рулга отуруп алып каалаган жагыма айдасам..." деп кыялданат өлкө башчы. Жубайы Светлана йога менен машыгып, үй-бүлөсү менен лыжа тээп эс алгандан ырахат алат.
Баса... Дмитрий Медведев тамактын даамдусуна, жакшы тамактанууга көп көңүл бурат. Балык азыктарынан жасалган тамактарды, табигый ширелерге басым жасайт.

Жубайына алданган Виктор Ющенко
Үйлөнүү: Украинанын президенти менен жубайы экөөнүн сүйүүсү абада башталат, АКШга учуп баратып экөө жанаша отуруп калышкан. Узун жолду кыскарткысы келген Ющенко айымды сөзгө тартып, жолдо катар сүйлөшүп барышкан. Үлпөт тою тууралуу Катерина Ющенко: "Мен үлпөт той жөнүндө баарын ай-күнүнө чейин эстеп айткым келет. Бирок экөөбүз жөн эле карапайым айылда, кичинекей чиркөөдөн эле баш кошконбуз."- деп эскерет. Виктор Ющенко табиятынан романтик болбогондуктан, экөө бир да жолу романтикалык кече өткөрүшпөптүр.
Балдары: Жубайлардын ортосунда беш бала, эки небере бар. Болбой эле ажо дагы деле балалуу болуштан баш тартпайт. Бир жолу биринчи апрелде жубайы "боюмда бар" деп тамашалаптыр. Сүйүнгөн президент эмне деп жооп беришти билбей, чындап толкунданган экен. Тамаша экенин билгенде ичинен сызып өкүнүп калганын билдирген.
Хоббиси: Жубайлар Крымда лыжа тээп эс алганды жактырышат. Үйүнө китептердин түрүн жыйнап бош убактысында четинен окуй бергенден тажабайт, бир окуган китебин кайра-кайра окугандан эринбейт дагы.
Бош убактысында: Ажо бош убактысын ашканада өткөрөт. Аялы жолдошунун бир сырын кабарчыларга ачкан: Ющенко эч убакта аялынан кеңеш сурабайт, жумушуна кийлигишкенин жаман көрөт. Жада калса Ющенко ашканада салат жасап жатса да аялын кийлигиштирбей өзү жасайт экен.

Моделге тор жайган Саркози
Үйлөнүү: Франциянын президенти кантип үйлөнгөнү узун уламышка айланып келет. Бруни президент аны чакырып таанышып, кечеге барганын баяндаса, Саркози Бруниге мурдатан эле тор жайып жүргөнүн, анын өмүр баянын беш колундай жаттаганын, көптөгөн мырзалар артынан чуркап жүргөнүн билгенден кийин "ишке" чындап киришкенин журналисттерге айтып берген. Экөө таанышкандан кийин үч айга жетпей 2008-жылы февраль айында баш кошушкан. Саркози үчүнчү жолу төшөк жаңыртып өзүнөн 16 жаш кичүү моделдин колун кармады.
Балдары: Николя Саркози менен Карла Брунинин ортосунда балдар азырынча жок. Бирок Николянын эки никесинен үч баласы бар. 22 жаштагы кичүү баласы Жан Саркози турмуш жолуна аттанып, Николя уулуну үлпөт тоюна эң кичүү аялын ээрчитип барган. Жакында эле түгөйлөр журналисттерге балалуу болууну пландап жатканын жар салышты.
Хоббиси: Саркози футбол дегенде баарын унутуп коёт, андан сырткары велосипед менен канча аралык болсо деле чарчабай жан сакчылардын коштоосунда тээп жүрө бермей адаты бар. Мүчө- келбетин бир калыпта алып жүрүш үчүн атайын машыктыруучусу бар, ал эми Бруниге баш кошкондон кийин жубайы менен кошо классикалык музыкага, живописке болгон кызыгуусу ойгонгон. Бош убактысында Франциянын түштүгүндө жайгашкан үйүндө эс алганды жактырышат.

А. Сабырова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??