п»ї

Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"
Элибиздин арасында ийгиликтүү ишкерлердин саны арбын. Алардын арасында "Градиент" фирмасынын башкы директору Эмир Сарпашев да бар. Жеке ишкердин карьерасындагы буга чейин басып өткөн жолун, ийгиликке жетишүүнүн сырларын, башынан өткөн көз ирмемдерин өз оозунан уктук.

- Бизнесиңизди эмнеден баштадыңыз эле?
- Өзүмдүн кесибим математик. НГУнуну механика-математика факультетин бүтүргөм. 1990-жылдары коммунизимден капитализимге өтүп жаткан мезгил болбодубу. Ошондо баары эле алып-сатмайга өтүшкөн. Кудай ошол кезде баардык адамдарга бизнес ачууга бирдей мүмкүнчүлүк берди десек болот. Бирок электен өтүп ыргалып калгандар бизнес менен алектенип кетишти. Орусиядан НГУну бүтүп келип КМУУга сабак берип жүрдүм, алган айлыгым 40 сом болчу. Доллар менен эсептегенде 7-8 доллар болчу болуш керек. Менин бизнес ачуума капитал эмес, билимим түрткү болду десем да болот. Мисалы, математикада жүздөгөн формулалар бар, анын баарын жаттап алган адам математик эмес, ошол формулаларды колдоно билген адам математик. Ал сыңары өз билимиңди пайдалана билсең гана ийгилик жаралат.
- 40 сомду кантип жеткирчү элеңиз?
- Ар бир адам өз ырыскысы менен төрөлөт эмеспи. Мен ошол кезде эле үй-бүлөлүү болуп калгам. Бирок ага карабастан ата-энем каралашчу, үйүбүз да менчик болгонгобу, көп кыйналган жокмун. Көп өтпөй эле айлыгыбызды 200-300 сомго чейин көтөрүшүп, мен 280 сом айлык ала баштагам. Анан ишкана ачууга туура келип, мугалимдик кесипти таштаганга аргасыз болдум. Анын үстүнө 1998-жылы иним Тайыр депутаттыкка шайланып, саясатка аралашты, ишкана менин колумда калды.
- Сиздин оюңузча ийгиликтин сыры эмнеде?
- Өзүңөн көп нерсе көз каранды болот, ошол эле учурда мамлекеттин саясый абалы дагы бул нерсеги өзүнүн таасирин берет, анан албетте эң негизгиси билим керек. Сырттан окуп диплом алыштын кереги жок, аны менен адам биринчиден өзүн, экинчиден тегеректеги адамдарын алдайт. Кандай билим болбосун канчалык кыйналып алсаң ошончолук жакшы эмеспи. Азыр университетет, факультеттен көп нерсе жок. Баары эле билимдүү, баары эле дипломдуу анан анын баары каякка кетип жатат деп да ойлойсуң. Мисалы, Билл Гейтстин деле университетти бүткөндө чөнтөгүндө 20 эле доллары болгон. Билим менен эмгектин аркасы менен азыр кандай деңгээлге жетип отурат. Анан албетте, адам эмгекти сүйсө ийгиликке сөзсүз жетет.
- Сиз карызга акча көп аласызбы же карызга көп бересизби?
- Мен ушул убакка чейин карыз алып көргөн эмесмин, тескерисинче менден карызга көп алышат, бирок көп учурда кайтарып беришпейт. Студент кезимде эле айланадагыларга көп карыз берчүмүн. Бирок ошол кезде элдин пейили башкача болчу, бир сом алышса да артыңан кууп жүрүп беришчү. Азыр болсо алышат, ошол бойдон унутуп калышабы билбейм, дайын-оту менен жок болушат.
- Бизнесте кандай эрежелер бар?
- Бизнести алып-саткан нерсе катары кабыл алган туура эмес, бизнести искусство десем да болчудай. Оозуңан чыккан сөздү кандай жол менен болсо да аткарышың зарыл, эгер аткара албайсыңбы эч кимге убада бербе. Атаандаштык деген бизнесте күчтүү өнүккөн, албетте атаандаштык болсо өспөйсүң, ага да туруштук бере билиш керек.
- Мамлекетке канча салык төлөйсүз?
- Көп эле төлөйм, бир жылда орто эсеп менен ондогон миллион сомдой салык төлөйм. Кээде андан деле ашып кетет.
- Иниңиз Тайыр азыр депутат эмес да. Учурда ишкананын ишине аралашып жатабы?
- Бизнестин негизги финансылык жоопкерчиктин баардыгы менин мойнумда. Биздин ишкана тышкы мамлекеттер менен да тыгыз кызматташат. Алардын айрымдарын атай кетсек, Кытай Туркия, Америка, Италия өлкөлөрү. Тышкы маселелер менен Тайыр алпурушат.
- Ири суммадагы акча салып күйүп калган кездер болобу?
- Бизнесте тобокелге салып акча салбасаң үзүрүн көрбөйсүң, акчаңды аяп, коркуп отура берсең анда бизнес болбойт. Мен он жылдын ичинде эки жолу банкрот болдум, ошол кырдаалдан чыгууга турмуштан алган тажрыйбам чоң жардам берди.
- Жаңы бизнеске аралашып жаткандарга кандай кеңеш берээр элеңиз?
- Бизнести йогага салыштырса болот. Жетимиш жашка чыкканда деле йога менен алектенген сыяктуу, бизнести деле каалаган убакта ачууга болот. Башкача айтканда бизнес ачуу жаш куракка көз каранды эмес.Менин берээр кеңешим: башта айткандай эч убакта окууну сырттан окубаш керек, андан көрө такыр эле окубай койгон жакшы. Бизнеске эң негизгиси терең билим керек. Адамдар менен мамиле түзүү, алар менен тил табышуу, да өзгөчө талантты талап кылат. Бизнесмен - ар тараптан өнүккөн, заманбап жашоодон артта калбаган адам болушу зарыл.




Ийгиликке жетүүгө эмне керек?

Ар бир эле адам жетишкен жашоого, ийгиликке умтулат, бирок ар бирөөбүз эле ийгиликке жетүүнүн сырларын, жолун биле бербейбиз. Төмөнкү кеңештерге көз жүгүртүп көрүп ийгиликке жетүү сиз ойлогондой деле кыйын эмес экенине өзүңүз ынаныңыз.

Чечкиндүүлүк -ийгиликке койгон алгачкы кадам. Эгерде алдыңызда олуттуу маселеңиз пайда болсо тез аранын ичинде чечкенге умтулуңуз. Азыраак ойлонуп сөздөн ишке өткөнгө шашыңыз.

Бирөөлөргө азыраак иштеп өзүңүздүн камыңызды көрүңүз. "Ак көңүлдүн аты арыбайт" деген сөздү эске алып өз көмөчүңүзгө күл тартканыңыз туура. Өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды ойлоңуз.

Дээрлик адамдардын баары акчага катуу, майдачыл адамдарды жаман көрүшөт. А чынында, дүнүйө бир тыйындан куралаарын унутпаңыз. Байыгысы келген адам ар бир кадамын эсептеп, акчаны орду менен сарамжалдуу пайдалана билет.

Сизге акча башка адамдар аркылуу келет. Өнөктөштөрүңүз менен тил табышып, алардын ишенимине кирип, анан албетте, ишеничти берген убаданы аткара билиңиз. "Жылуу сүйлөсө жылан ийинден" чыгаары эсиңиздеби?

Адатта финансылык абалы анча "өнүкпөгөн" адамдар байларды жаман көрүп, ичи тар мамиле кылышат. Сиз да аларга кошулуп ич тарлыка алдырбай, табиятынан оптимист жана ийгиликтүү адамдар менен көбүрөөк баарлашыңыз.

Колуңуздан келсе адамдарга жардам бериңиз, бирок кийин сизге пайдасы тие турган, жакшылыкты баалаган адамдарга кол сунсаңыз эртели-кеч алар да сизге көмөктөшүп оор кырдаалдан чыгууга жардам берет.

Күнүгө эртең менен эмне жумуштарды бүтүрөөрүңүздү аныктап атайын күндөлүк ачып тизмелеп алыңыз. Жетишкен ийгиликтериңиз менен бүтпөгөн жумуштарыңызды салыштырып көрүп, жылыш барбы же ошол эле ордунда турганыңызды ошол тизмеден аныктап аласыз.

Эгерде жетишкен ийгиликтериңизге канаттанып отура берсеңиз, сиз эч качан чыныгы ийгиликтерге жетише албайсыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??