п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Обон" шоу-таймс

Аскат Польшалыктарга ыр сунат
Мукамдуу үнү менен элдик ырларды, эстраданы жеткиликтүү ырдаган Аскат Мусабеков "Махабатым" аттуу ырына клип тарттыруу менен бирге устаты, мугалими Муратбек Бегалиев менен Польша мамлекетине учат. 12-ноябрда башталган иш чарадан соң Аскат Мусабеков Польшалыктарга кыргыз ырларын тартуулап, Кыргызстанды сагынган кыргыздарга ыр дестесин сунат.

Белектерге көмүлгөн Назгүл Насиева
Продюсер Назгүл Насиева 4-ноябрь туулган күнүнө карата арналган белектерге эрте эле көмүлүп калды. Мындан он беш күн мурда эле күйөрмандары кымбат баадагы түстүү телевизорду кооздоп орошуп, каалоо тилек жазылган куттуктоо баракчасы менен алып келип беришкен. Ал эми ырчы баласы Эрмек Маматов продюсеринин жеке жашоосуна байланышкан "Асыл эркем" аттуу жаңы ырды атайын белек кылып жаздырса, чыгармачыл достору биринен өтүп бири өзгөчө белек ыйгарганга шашылышууда.

Тайванда мактоого татыгандар
Тайван өлкөсүнө атайын чакыруу менен кетишкен кыргыздын өнөрпоздору жакшы ийгиликтер менен кайтып келишти. Саламат Садыкова баштаган бул чакан топтун кыргыз жыттанган концерттик программалары дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп, мактоолорго арзыган. Жыйынтыгында фестивалдын уюштуруучусу Каролина айым келээрки жылы Тайванда Саламат Садыкованын жеке концертин өткөрүп берүүнү максат кылган. Талыкпаган эмгегинин аркасында өзүн гана эмес, минтип жаш таланттардын жүзүн дүйнө элине көрсөтө баштаган Саламат айымга ыраазы гана болосуң.

Сыймык үстүнө сыйлык кошулду
29-октябрь 2009-жылы өлкөбүздүн президенти Курманбек Бакиевдин указы менен Каныкей Эралиева, Роза Аманова, Юрий Бобковдор Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына арзыды. Наамдарды тапшыруу аземи 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин майрам күнүндө, Улуттук Филармониянын залында тапшырылды. Ошондой эле Аман Сарбагышев Эл сүрөтчүсү, Гүлмира Турсунбаева Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болушту. Мындан сырткары ардак грамота менен бир топ өнөр адамдары сыйланды. Биз дагы наам ээлерин куттуктап, талыкпаган чыгармачылык изденүү, бекем ден-соолук кааламакчыбыз.

Анжелика неберелүү болду
Ырчы Анжелика жолдошу Урматка турмушка чыкканына үч жыл болсо, үч жылдын ичинде үч өкүл бала-кыздуу болгон. Жаш болсо да апа деген атка конгон ырчы айым эми минтип небере жыттап олтурат. "Мурда тойлорго ырдап, конок катары барчумун. Ал эми өкүл апа болуп барган чоң сыймык, жоопкерчилик экен. Өзүм жаш болсом да жолум улуу болгондуктан "апа"деп чакырып жатышса башкача сезимде болот экенсиң. Анан да неберелүү болгонумду угуп ого бетер сүйүндүм". Анжелика жыйырма жашында үч кыздын өкүл энеси болсо, кудайдын кулагы сүйүнсүн, элүү жашка чейин буюрса, беш жүз кыздын баатыр энеси болот экен да.




  Шыр маек

Калыс Жакыпов:
"Чыңгыз Мырзаевдей сүйлөгүм келет"
"Жылдын мыкты жаш ырчысы", Жаш таланттар фестивалынын лауреаты Калыс Жакыпов 1998-жылы 16-февралда Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. Өзү кичинекей болсо да бир топ ийгиликтерге жетишкен Калыска суроо узатык.


- Калыс, канча жашыңдан бери ырдайсың?
- Мен беш жашымдан баштап ырдап жүрчүмүн. Анан тогузга чыкканда атам "Сен ырчы болосуң го?"деп № 87 Келечек орто мектебимдеги ырчы Бакыт Мамаев ачкан ыр-бий ийримине катыштырды. Ага кошумча Рыскул агайымдан комуз да үйрөнө баштадым. Комуз үйрөнүш үчүн үйдө өзүңдүн комузуң болуш керек экен. Атам экөөбүз күүчү Нурак Абдырахманов агайга барып комуз чаптырдык. Ошондон кийин Нурак агайдан кеңеш алып, үйрөнүп калган күүлөрүмдү чертип берип турам.
- Конкурстарга ырдап катышасыңбы же күү чертиппи?
- Биринчи жолу он жашымда ЭлТР коомдук теле каналы уюштурган "Ырдайлы достор ырдайлы" теле долбооруна катышып, "Кыргызстан" аттуу ырды аткарып, "Жылдын мыкты жаш ырчысы" дипломун алгам. Андан кийин куудул Борончу Кудайбергеновдун жеке концертинде чоң сахнанын босогосун аттадым. Азырынча концерттерге күү чертип бара элекмин. Комузчулук менен ырчылыкты бирдей алып кетким келет. Азыр сегиз күүнү толук үйрөнүп бүттүм.
- Ырдаган ырларыңды ким тандап берет?
- Менин эл алдына чыгышыма атам Канат болгон аракетин жумшап жатат. Өзүмдүн жаш курагыма ылайык ырларды, сахнага кийген кийимдеримди тандап берет. Жайында "Чыгыштын балдары достошот"аттуу Эл аралык фестивалга катышып келдим. "Кыргызстан", "Комузум" аттуу ырларым менен фестивалды мен ачтым. Орун албасам да финалдык бөлүккө катышканга мүмкүнчүлүк алганыма сүйүндүм.
- Мектепте кандай окуйсуң?
- Жакшы эле окуйм. Күндөлүгүмдө жалаң төрт-беш деген баалар коюлган. Менин ырдашыма мектептеги мугалимдерим жакшы колдоо көрсөтүшөт. Талантым менен мектебимдин атын чыгарып жатам. Мугалим эже-агайларым мени дайыма линейкага чыгарып ийгиликтерим менен куттуктап турушат. Ошондуктан мектепте окуган балдар мага көп унчугушпайт.
- Балдарга кошулуп тентек кылып, кыздарга тийишесиңби?
- Ооба, кыздарды мектептин алдында өскөн арчанын бүчүрлөрү менен чапкылап, чачтарынан жулуп тийишебиз. Бир күнү досум экөөбүз сабакка эрте келип алыптырбыз. Мектепке кирсек залдын ичинде "дежур" балдар жок экен. Досум убакыт боло электе эле коңгуроону чырылдатып басып жиберип качып кетти. Аны туурап мен да басып жатсам завуч эжей көрүп калып мени катуу тилдеген. Ошондон кийин тентек кылбай калгам.
- Чоңойгондо да ырчы болосуңбу же башка кесипти тандап кетесиңби?
- Азыр ырдаганды, комуз черткенди үйрөнүп алып, чоңойгондо Чынгыз Мырзаевдей алпаруучу болгум келет. Анткени анын сүйлөгөнүнө аябай кызыгам. Ата-энем мага азыр кандай жардам берип жатса, чоңойгондо мен да алар каалаган нерселерин алып берем деп кыялданам. Атам менен апамды кор кылбай жакшы баксам экен деп тилейм.
- Көбүнчө кайсы оюндарга кызыгасың?
- Мага футбол ойногон жагат. Бирок футболду күн сайын ойногонго команда жок болгондуктан, сабактан кийин короонун алдына чыгып ролик тебем. Жакында эле ролик тээп жүрүп катуу жыгылып акырегимди сындырып алдым. Бир айдай эч нерсе кылбай үйдө дарыландым. Азыр кайрадан концерттерге катышып өнөрүмдү тартуулап баштадым.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??