п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  сахна дүйнөсү

Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту

Улуттук биринчи канал менен Жусупбек Бакиев атындагы фонд биргелешип уюштурган "Кош жылдыз" теле долбоорунун 1-этабынын 3-туру 29-октябрь күнү Филармониянын залында болуп өттү. Бул жолу кара кылды как жарган калыстар тобунун төрагасы Мелис Эшимканов болсо, калыстардын курамында Улукмырза Полотов, Түгөлбай Казаков, Замира Мавлянова, жана Жамила Муратовалар калыс бааларын беришти. Бул ирет Мелис Эшимканов калыстар тобунун төрагасы болгонуна байланыштуу, ал эми Бегалы Наргозуев тийиштүү себептер менен конкурска катышышкан жок. Алардын жуптары Жайнагүл Калчаева жана Гүлзинат Суранчиева конкурска конок катары келип ырдашты. Жыйынтыгында:


1-орунга врач Турат Касымбеков, Гүлнара Тойгонбаева

2-орунга Опера-балет театрынын директору Болот Осмонов, Юля Руцкая

3-орунга Академик Жамин Акималиев, Гүлзат Батыркановалар ээ болушту.

Турат Касымбеков, Гүлнара Тойгонбаева 157 упай

Ал эми Алтынбек Сапаралиев жана Галина Куликова, Сыймык Бейшекеев жана Чолпон Баекова, Динара Акулова жана Бакыт Төрөбаевдердин упайлары бирдей болуп калгандыктан, көрүүчүлөрдүн смс добуш берүүсүнө коюлду. Калган катышуучулар грамота, дипломдор менен сыйланышты. Гран-принин ээси 3 этаптан турган бөлүктөн утуп чыкса аныкталат. Долбоор 3-айлампадан турмак болуп, үчөөнөн тандалган бештен жуп гран-приге ат салышмакчы. Конкурстун финалдык бөлүмүн уюштуруучулар 2010-жылдын 31-августуна пландап жатышканын билдиришип, гран-принин ээси автомашина, чет-өлкөгө жолдомо алаары да алдын-ала айтылды.


Гүлнара Тойгонбаева
"15 миң сом жеңишибизди
досторго жууп
бердик"
- Долбоорго кандайча катышып калдыңыз?
- Алгач Юрий Бобков, Асель Бобковалар телефон чалып "Катышпайсыңбы?"деп сунуштаганда мен көпкө ойлондум. Ким менен ырдасам экен деп Туратка чалып жагдайды түшүндүрсөм, ал дароо макул болду. Анан катышып калдык.
- Аткарган ырларды тандоодо кимиңер лидерлик кылып жаттыңар?
- Экөөбүз бирдей эле. Үчүнчү турда патриоттук ыр болсун деп айтылган. Анан Турат экөөбүз "Кыргызстан" аттуу ырды ырдайлы деп тандап койгонбуз. Кийин уюштуруучулар "эркин тема, каалаган ырды аткара бергиле" деп калышты. А биз тандап койгон патриоттук ырыбызды эле ырдамай болдук. Анткени тарыхты чагылдырган ырдын идеясы бизге жаккан. Аркабызда биз менен кошулуп обон созгондор №26 Мектеп-гимназиясында хордо ырдаган балдар.
- Даярдык көрүүдө эмнеден кыйналдыңыздар?
- Аткаруучулук жагынан кыйналган деле жокпуз, болгону Турат жетекчи болгондуктан убактысы тар болуп жатты. Анын убактысына карап даярданып жаттык.
- Алдыга озуп, биринчиликти алабыз деп ойлодуңуз беле?
- Биздин потенциалыбыз күчтүү экенин билгем. Анан калыстар тобу кандай баалашаар экен деп ойлонуп жаткам. Биринчи турга караганда экинчисинде калыстар тобунун курамы жакшы болбодубу. Калыс баалашты деп ойлойм.
- Утуп алган 15 миң сомду эмне кылдыңыздар?
- (Күлүп)15 миң сомду концерт бүткөндөн кийин катышуучуларды, досторду ресторанга алып барып, майлап, жеңишибизди жууп бердик.




Турат Касымбеков "Кош жылдызда"
жалтырак
бут кийимдүү
болдум"
- Буга чейин чоң сахнада ырдап көрдүңүз беле?
- Жок. Мурун жөн гана достордун арасында ырдап койчумун. Долбоорго Гүлнара мени чакырып калды, ойлонбостон дароо макул болдум.
- Долбоор сизге эмнеси менен жакты?
- Кыргызстандагы биринчи шоу болгондуктан бизге абдан жакты. Мыкты ырлар ырдалып, жетекчи, саясатчылар да биз менен бирге болгондору өзгөчө маанай тартуулады.
- Өзүңүз кайсы жуптарды күчтүү деп ойлоп жаттыңыз эле?
- Өзүм концерт маалында даярданып жатып бир да жупту сахнадан көралбай калдым. Кийин телевизордон да көргөнгө жетишкен жокмун. Ошон үчүн кимиси күчтүү жуп болгонун байкаган эмесмин.
- Биринчиликти алабыз деп ишендиңиз беле?
- Гүлнара экөөбүз утабыз деп ойлогон эмесмин. Биз жөн гана өзүбүз үчүн ырдап коёлу деп чечкенбиз. Анан минтип жеңүүчү болуп калдык.
- Атайын долбоорго деп кийим сатып алдыңызбы?
- (Күлүп) Гүлнара сонун көйнөк кийип чыкпадыбы. Мен болсо долбоорго деп атайын жалтыраган туфли сатып алдым. Ошентип, жаңы туфлийлүү да болуп калдым дебейинби.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
3-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮҮСҮ ЖОК ЭЛЕ ЖЕТИ ЖЫЛ БИРГЕ ЖАШАГАНБЫЗ "
2-бет
Роза Аманова:
"Боёнгон жагынан жалкоомун"

3-бет
Такен ШАРШЕЕВ:
"Айчүрөк өзү биринчи "сизге тийем" деп сөз баштаган"

4-бет
Жылдыздар жашаган жайлар
5-бет
Ажолордун айрым сырларынан
6-бет
"Эркекче" иштеген аялдар
7-бет
Эмир Сарпашев:
"Бизнести йогага салыштырам"

8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Турат менен Гүлнара "Кош жылдыздын" алгачкы жеңүүчүлөрү болушту
10-бет
Эробизнес, сулуу кыз, импотент…
11-бет
стоп кадр
12-бет
окумал
13-бет
Билгениң оң
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??